п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Телефондогу сырдашуу

Адам көңүлүндө эч бир адамга батынып айта албаган түпөйүл ой жашашы мүмкүн. Бирок, жүрөк өйүп жүргөн ал оюн кимдир-бирөөгө айтып, жеңилдеп алгысы келгени менен бетме-бет жолугуу мүшкүл иштей туюлат. Балким, телефондо сүйлөшүү жеңилирээктир...
Андай болсо сизге ушундай мүмкүнчүлүк беребиз. Бизге телефон чалыңыз да, дартыңыздын баарын ортого төгүп, бугуңузду чыгарып алыңыз. Телефонубуз 44-98-21.
Ал эми алгачкы коңгуроо мынакей...

Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
- Кыздарым жаш кезинде эле жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Жалгыз бой эне үчүн эки кызды тарбиялаш оңой эмес экен. Айыл элинен анча-мынча заказ ала коюп кийим тиккенден тапкам акчам үчөөбүзгө өп-чап жетчү. Ушундай тартыштыктын айынан улуу кызымды мектепти жакшы бүткөнү менен чоң окуу жайга окута алган жокмун. Экинчи кызым бүтүрүүчү класста окучу. Аны да окута албай калаарымды ойлогондо жүрөгүм кадимкидей кысылып чыкчу.
Бир күнү көйнөк тиктиргени алысыраак кошунамдын келини кирип калды. Сөздөн сөз чыгып отуруп кыздарымдын мектепте жакшы окуганын, улуу кызымды окута албай калганым аз келгенсип эми кичүү кызымды окутууга да мүмкүнчүлүгүмдүн жоктугун, кыскасы, жетишпеген жашоону наалып божурап кирдим. Келин арыз-арманымды угуп отуруп, сөзүмдүн аягында:
- Сиз жакшы тикмечисиз, Россияда тикмечилер бааланат экен, ошого жараша акчасы да көп экен. Кызыңыз мектепти бүткөнчө ошол жакка барып иштеп келбейсизби?!-деди шыпылдап.
- Ал жакта же таанышым жок болсо, же тил билбесем... эмне бар? Барып алып кайсы орустун көзүн карамак элем?-дедим көңүлдөнбөй.
- Ой, эже, тил билиш шарт эмес. Агылып барып иштеп жүргөн кыргыздардын баары эле орус тилинде түш жоруйт дейсизби? Менин эжем деле орусча бир ооз сөз билбей кетип эле күйөөсү менен балдарына акчаны салып жатат. Кааласаңыз эжеме телефон чалып коём, сизди тосуп алып, иш тапканга жардамдашат.
Ушул жерден мен да жандана түштүм. Менин бул түрүмдү байкаган келин эжесин жерге-сууга тийгизбей мактап кирди. Айтуусунда, анысы айына миң доллардан акча салып турат имиш.
Кыскасы, арадан күндөр өтүп, ошол келиндин азгыруусу менен мен дагы Россияга аттанмак болдум. Анча-мынча топтогон акчамдын жарымын жол кире кылып, жарымын кыздарыма карматып, "азырынча ушул акчаны иштетип тургула, бул түгөнгүчө мен силерге көп акча салам" деп жолго чыктым.
Келиндин эжеси вокзалдан тосуп алып, өзү жашаган квартирага алып барды. Эки бөлмөлүү квартирада аял-эркеги аралашып отуздай адам жашайт экен. Чынын айтканда, мага ал жерде орун жок болчу. Мени тосуп алган аял экөөбүз тар керебетте кысылышып эки күн жаттык. Бул күндөр аралыгында ал мага жумуш караштырымыш болуп жатты. Эки күндөн кийин:
- Эже, такыр сизге ылайык жумуш таппай койдум. Өзүңүз эле издебесеңиз...-деп көчөгө чыгарып койду. Бөтөн эл, бөтөн жерде кантип жумуш тапмак элем? Эртеден кечке чейин көп кабаттуу бир үйдү айланып басып жүрө бергенимди скамейкада отурган орус кемпир байкап калыптыр. Өзүнө чакырып ал-жайымды сураганда бир сөзүмдү орусча, эки сөзүмдү кыргызчалап, калгандарын жаңсап жатып кайсы тагдыр бул жакка айдап келгенин араң түшүндүрдүм. Вера апа аябай боорукер экен, мени үйүнө алып кирип, чай берип, жумуш тапкыча үйүндө жашап турарымды айтып сүйүндүрдү. Өзү жалгыз жашайт экен. Ашка жүк, башка жүк болуп Вера апанын үйүндө үч ай жашап коюптурмун.
- Үч ай ичинде кыздарыңыз менен кабарлашып жаттыңызбы?
- Кайдан? Телефон чалайын десем сокур тыйыным жок болсо... Эл ичи эмеспи деп көңүлүм ток болду. Анын үстүнө кошуна айылда сиңдим жашайт, такыр эле болбой калганда ошондон жардам сурашаар дедим.
- А жумуш издеген жоксузбу?
- Издеп жаттым, албетте. Бирок, табылган жок. Үй жумуштарын бүт жасасам да, бир тыйын акча таппай эле анын тамагын жеп жатканыма аябай кыжаалат болчу элем. Бир күнү базарга кеткен Вера апа "тигүүчүлөр керек" деген жарыя жазылган кичинекей баракты көтөрө келиптир. Телефон чалып, жазылган дарек боюнча мени ээрчитип барып жумушка киргизип койду. Көңүлүм ордуна келип, иштей баштадым. Жумушум чындыгында эле жакшы болчу, бирок, алгачкы айларда тапкандарым документтерди тууралаганга эле кетип жатты.
Иш оор эле. Эртең менен эрте барып, түнкү саат он-он экиге чейин иштечүбүз. Көбүрөөк акча алайын деп дем алчу да эмесмин. Баарына чыдап жүрүп акыры анча-мынча акча чогултканга да жетишип калдым. Бирок, кыздарымдан дагы деле кабар ала албадым. Ичимден ойлоп гана койгонум болбосо, телефон чалып кабарлашып, акча жибергенге мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ошентип, билинбей эле келгениме бир жыл болуп калыптыр. Тапканыма каниет кылып келе берсем деле болот эле. Бирок, көзүм тойбоду. "Эми акча таба баштаганымда кетип калмак белем? Дагы бир аз иштейин" дедим. Дагы бир ай, эми бир ай деп отуруп дагы жарым жыл өтүп кетти. Бул убакыт аралыгында кыздарым менен эки гана жолу сүйлөштүм.
- Акча котордуңузбу? Сиз окутмакчы болгон кызыңыз сиз ал жакта жүргөндө мектепти бүтүп калгандыр?
- Чынын айтсам, акча жиберген жокмун. Ал кезде банк аркылуу беш мүнөттүн ичинде которуп коюу мүмкүнчүлүгү азыркыдай эмес эле. Анын үстүнө ана барам, мына барам деп отуруп убакыттын кантип өткөнүн билбей калдым. А кызым чын эле мектепти бүтүп калды. "Эми болоору болду, бул жылы жетишпей калдым, келерки жылы сөзсүз окутам" деп ойлодум.
- Ошентип, баш-аягы канча убакытта үйүңүзгө кайттыңыз?
- Бир жыл жети ай дегенде кайттым. Кыздарыма белек-бечкек алып, калган акчамдын бир тыйынын коротпой түйүп алып жолго чыктым.
Кыздарым тосуп алышты. Экөөнүн тең бир топ өзгөрүп калганын байкаганым менен муну жаштарына жаш кошулуп, чоңойгондоруна жоруп тим болдум. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп, кеч да кирди. Төшөк салып, жатууга камынып жатсак эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Түн оокумда келген ким болду экен деген кыязда ийнимди куушуруп эшикти ачсам, эки жигит мени жөөлөп эле үйгө кирип келишти. Маспы десем, соодой эле. Эч нерсеге түшүнбөй эле туруп калдым. Анан калтыраган боюмду араң кармап:
- Кандай тартипсиз немесиңер? Бирөөнүн үйүнө уруксатсыз киргенге кандай акыңар бар?-деп артымды карасам, экөө эки кызымды кучактап турушат. Атып барып тун кызымды жаактан ары чаап алдым.
- Акмактар!!!
- Эмне чабасыз? Бизди таштап кетип тагдырыбызга балта чапкан өзүңүз, анан чабасыз! Мына, билгиңиз келеби? Биз ушинтип денебизди сатып акча таап жатабыз. Ушунча убакыт ичинде бир кабар албасаңыз, кыздарым эмне жеп, эмне ичип жатат экен деп ойлонбосоңуз, биз эмне кылышыбыз керек эле?-деп кайра мага атырылды.
Иштин баарын эми түшүндүм.
- Бетбактар, мен силер деп канчалаган кыйынчылыктар менен акча таап келсем...-деп башымды койгулап ыйлай бердим. Таң атканча ыйладым, өзүмдү-өзүм муштагыладым, жетишпеген турмушума наалат айттым, мени азгырган келинди каргадым... Ошол түнү тынымсыз дарбазанын коңгуроосу шыңгырап, келгендердин аягы таң атканча үзүлгөн жок. Ордумдан туруп, же келгендерге, же кыздарыма бир нерсе дегенге жарабадым.
- Анан сиз келгенден кийинки кыздарыңыздын тагдыры эмне болду?
- Ошол күндөн баштап менин жүрөгүм ооруп, ооруканага жатып калдым. Кичүү кызым ооруканага келип турду. Улуу кызым шаарга кетип калыптыр. Ооруканадан чыгып, кичүүм экөөбүз үйдө жашап калдык. Ал эми улуу кызымдан ошондон бери дайын жок болуп кеткендиктен, азыр ошону издеп Бишкекке келдим эле. Сойкулар турат деген жердин баарын кыдырып издедим, тапкан жокмун. Издебей коёюн дейм, баары бир эне жүрөгү чыдабайт экен. Кичүү кызым оңолуп калган. Жакында Кудай жолуна түшсөм деген ою бар. Анымды чоң окуу жайынан окутсам дейм...
Калбүбү




Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
- Ия, эмне дейт?!-апамдын чочуганы ушунчалык болду белем, тизелери титирей түштү. Мен башымды шарт көтөрүп, жоошутмакка сөз таппай шашып калдым.
- Андай деле эчтеке деген жок. "Чыгып алдыңбы?" деп эле сураган,-дей салсам, эжем кайра чарт жарылды.
- Ай, кыз, эмне эки сүйлөйсүң? Кайнежем автобустагыларды көзүнө илбей тилдеп, "түрмөдөн туберкулёз болуп чыкты да деди" дебедиң беле? Же жалганбы?
- Ошол күнү кызың жумуш издейм деп таң азанда кетип каш карайганда келген жанагинтип. Кайда жүргөнүн ким билсин? Кайдан-жайдан күйөөсү да кечээ келе калганына караганда ошол күнү кайнежесине автобустан кезикпей эле өзү издеп барса керек да? Болбосо ошончо жүрүп мен көрбөгөн кайнежесин бул көрүп, күйөөсү мунун чыкканын кайдан билсин? Мурда ойлобогонумду карасаң… Апа, чын эле мунуң аларга өзү барды. Анан мага калп эле артисгүл болуп жомокту айтып, ыйлап койду да.
Эжемди токтотууга мүмкүн эмес эле. Көбүртүп-жабыртып оюндагысынын баарын айтып актанып, даттанып кирди. Апам унчукпай, башын жерге салып ойлуу отуруп, мени бооруна кысып эркелете, чачтарымдан сылай жай үн катты:
- Издесе издеп баргандыр. "Эр менен эттен көңүл калбайт" деп бекер айтылбайт. Ага эмне эле мынча күйүп-бышасың?
- Ой, апа, оң айтат десе кайра тетири сүйлөйсүз да! "Сүйөм-күйөм, Аздекти албасам өлөм" деп жүрүп алакачып алып, анан жыл айланбай муну энеси менен эжесине талоонго таштап коюп, өзү талаалап кеткен эринин эмнесин издейт?! Сенин эжеңдин айынан минтип өлбөй олтуруп чыктым, эми кайра күң болоюн деп келдим деппи?
- Мен аны издеген-эткен жокмун, экинчиден, ал талаалап мени таштап кеткен эмес, иштеп кеткен,-деп чыдабай кетип сөзүн бөлдүм. Болгон жок. От алып алган эжем токтобой кайра күчөдү.
- Талаалаганы ошол эмей эмне, жездең менен кошо иштесин десем болбой Россияга кетти го. "Ме, Сүйүндүк, мына жумуш, мына акча" деп аны эле бирөө күтүп тургансып. И-и, ага да макул, көз каранды болгусу келбей, өз алдынча иштеп кетсин. Жок дегенде сени жанына алып албайбы? Ээрчишип чогуу басып, чогуу туруп, эл көргөндү көрүп, бирдеме тапсаңар чогуу таап келет элеңер да. Энесин бактырып, үйүнө бекер кароолчу кылып таштап кетпей. Башка неме болсо учуп келбейт беле?! Ал эле эмес, үч айдан кийин болгон сотуңа деле келген жок. "Таптакыр дарек-дайыны жок, эмне болгонун билбейбиз" деп коюшту кайын-журтуң да сотто. Ошондон бери бир издеп барып, абалыңды сурап койбойт, анан… Эми эмнеге, кайсы бети менен келет дейм да. Же эмне, сен ошону түшүнбөйсүңбү? Кайра жашайм деген оюң барбы? Апа, айланайын, ач кулактан тынч кулак, жана айткандай кызыңарды аман-соосунда мына, өзүңөр карагыла. Мен мойнума милдеттеме ала албайм. Ансыз да үч жылдай күйөөмө айтып да, жашырып да тамак-ашымды ташыдым. Мунун баштыктарын көтөртүп барам деп балдарыма канча жаман көрүндүм. Кана, менден башка бирөөсү басып барып койдубу? Жок. Дагы деле мен түттүм.
Акыры бир күнү ушинтип айтаарын күтүп жүргөм. Бирок, көңүлүмдү ушунча оорутарын билген эмес элем. "Эми мени өмүр бою ушинтип айтышып, жууса да кетпес так болуп калат турбайбы" деп ойлоно түшкөнүмдү кыраакы апам түшүнө койду окшойт, көзүн ымдап эжемди "токто" дегендей, жүзү сустая түштү. Ортону оор жымжырттык аралап, бир саамга буйдала түшкөн апам оор үшкүрүп алып сүйлөп баштады:
- Астыңа кетейиним десе, бир эсептен эжеңдин айтканы деле туура. Эмнеси болсо да этияттап иш кыл. Ажылдаса жанына адам чыдап тура алгыс албуут кайненең бар экенин сотто байкагам. Тимеле оозунан ак көбүгү атылып, сени жамандап отурду жанындагы аялга. Билсем, ал сиңдиси экен. Кийин базардан кезигип калсак, кечирим сурап, сени сураган. Экөөбүз сүйлөшүп калдык. Түшүнүктүү, эстүү аял экен. "Мага жакшылык кылбаган, Аздекке кылат беле? Анын ошондой мүнөзү бар. Кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей, эжемди жакшы билем" деп кайненеңди айтып бир топко турганбыз. Кайнежең болсо сенин жети жылга кесилгениңди укканда инисине өзү тийчүдөн бетер кубанганын көрүп, жанымдан түңүлдүм. Каяктан да киши сыягы жок немелерге тушугуп калганыңды билбейм… Бирок, күйөөңдө айып жок. Жакшы эле кыйналды ал бала деле. Бирок, эми сүйлөшсө сүйлөшүп, жай түшүндүрүп кой, жолубуз эки башка болсун деп. Түшүнөт. Болбосо… Деги ал бүлөдөн алыс эле болчу. Бассам-турсам сенин бактың ачылса экен деп тиленем. Атаң менден бешбетер сени оозунан түшүрбөйт. Казый байкең бир жылкысын байлап жүрөт, күздө сатып, сени кийинтем деп. Анысына рахмат. Эми өткөн иш өттү. Бешенеңе ошону жазса, көтөрбөскө аргаң жок. Өкүнүп өзүңдү-өзүң жей бербей кайра чыйрак бол. Баштагыңдай күлмүңдөп жүрө бер. Жашоо улана берет. Келгениңе жетине албай жатабыз баарыбыз тең,-деди да эжеме карап:
- "Жаман айтпай жакшы жок" дейт, жазып-тайып атаң экөөбүздүн көзүбүз ары карап кетсе, бириңди-бириң карабай чилдей тарайсыңар го бу кебетеңер менен. "Кызыңды бага албайм" дейсиң да сага эле бирөө таңуулап жаткансып. Кенедей кезинен каникул сайын сага жөнөтүп, кызыңды багып, үйүңдү жыйнап, тамагыңды белендеп жүрүп чоңойду го. Тимеле оозуңду чоюп үч жыл тамак ташыдым дейсиң. Атаң пенсиясын үзбөй берип, коюн союп берип жиберип жатты. Атаң экөөбүз аман турганда сага күн түшкүлүк кылбасын, кокуй!-дегиче эле оозуна сала бергендей атам кирип келди:
- Сен кыздарыңды эс алдырбай эле эмне деп бежиреп жатасың, ыя, байбиче? Эртең деле күн бар, жол жүрүп келишти, чарчашты да. Тургула, энеңерге теңелбей барып уктагыла. Ушак десе жантыгынан жата калган апаңар таң атканча деле сүйлөй берет,-деп тамашалай, жаныбызга отура кетти. Баарыбыз жылмайымыш эттик.
- Биз го биз, ушакташып отурабыз. Өзүң эмне уктабай аялдардын сөзүн аңдып жүрөсүң?-деди апам күлө бага, сыр бербей. Он мүнөттөй аркы-беркини сүйлөшүп, анан жатууга кам урдук. Карегиме жаш тегеренип, көкүрөгүм ызага толуп, ыйлай албай… "Мен болбосом апамдын эжеме тили тийбейт эле. Баары менин айымдан…" деп өзүмө-өзүм нааразы болуп, жашагым да келбей кеткен бузук ойлор келе түштү. Кайра өзүмдүн алсыздык кылып жеңил ойлорго алдырып атканыма жиним келип, "жок" деп башымды чулгуй, бөлмөмө жеттим. Кирип келип эле күтүүсүздөн көздөрүм күлүмсүрөп, көңүлүм ачыла түштү. Кыз курагымдагы менин бөлмөм. Мен турмушка чыгып кеткенден кийин бул үйдү өзгөртүп коюшканын билем. Эми болсо…
Төрдө мен тогузунчу классты бүткөндө атам сатып берген диванда көк-ала гүлдүү чыт шейшептер капталган менин жууркан-жаздыгым салынып турат. Чоң энемден калган оймо-чиймелүү сыр сандыкта апам өз колу менен каптап, менин себиме берем деп жүргөн кыжым жууркандар тирелип жыйылып турат, шырдак, кийиздерим менен кошо. Терезенин тушундагы дубалда өзүм сайган туш кийиз тартылып, жерге жеңемдин себине келип, мага берген килем төшөлүү. Ар бир буюм-тайым мага башкача таасир этип, көзгө сүйкүм көрүндү. Көрсө, мен өзүм өсүп-чоңойгон үйүмдү сагынып, куса болуп жүргөн турбаймынбы. Алтын апакем, ошону туйганын карачы! Мен үчүн атам экөөңөрдүн төккөн көз жаш, агарган саамайыңар, тарткан убайымыңарды төлөп бере албасам керек…

(Уландысы бар)






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??