п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-68-01. Менин баткендик жан досум Ханзаадага окууларына ийгилик жана ден соолук каалайм. Зухра.

ОП-68-02. Достор кыздарды сыйлайлы, алар болочоктогу эң кымбат энелер. Алардын эне деген эле аты эң кымбат, эң ыйык, эң таза. Билал козу.

ОП-68-03. "Обон" аркылуу таанышкан досторума салам жолдойм. Баардыгыңарга ден соолук берсин, ишиңерге ийгилик. Амангүл.

ОП-68-04. Салам Таир аябагандай өкүнүчтүү жазыпсың, жашоодо ушундайсыңбы? Жүрөгүмдү оорутуп жибердиң. Акку-Малика.

ОП-68-05. Саламым Екатеринбургда иштеп жаткан кыргыз туугандардын иштерине ийгилик, аман болгула. Екатеринбургдан Ильяз.

ОП-68-06. Достор, арак ичип өлгөн акыретте оозунан арак агып, уксус ичип өлгөн оозунан ириң агып, асынып өлгөн кылым бою асылып турат экен. Ушул нерселерден алыс бололу кыргызым. Билал козу.

ОП-68-07. Кыргыз кыздары баарынан кымбат. Ак көңүл, ыймандуу, кичи пейил, жөнөкөй. Бирок, чегинен чыккан кыздарыбыз да жок эмес. Ошолорго ыйман берсин кудайым. 0700823111.

ОП-68-08. Саламым Алматынын "Болашак" базарында 7-8-катарда иштеп жүргөн, жандай жакшы көргөн досторум Кенже, Арзыгүл, Асел, Жазгүл, Диля, Евага салам. Амангүл.

ОП-68-09. Сени сүйдүм чын жүрөктөн сүйдүм деп, жаш жүрөктү жараладым сени деп. Сен да айттың чын жүрөктөн сүйөм деп, түбөлүккө айрылбай жүрөлү деп. Елена.

ОП-68-10. А.Садырбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө салам. Алдыдагы экзамениңерди эң жакшы баалар менен аяктагыла. Ди-джей сага ак жол. Элнура-92.

ОП-68-11. Адам сулуу болбойт көркү менен, жарды сүйсөң тандай бил эркиң менен. Эгерде чын сүйгөнүң болсо өмүрдө, өмүрдү бошко өткөрбө ар ким менен. Чымкенттен Елена.

ОП-68-12. Абдаш-Али аябай сонун жазасың го, ким болду экен ошол пери? Мира.

ОП-68-13. Рахмат Бактыгүл-92 туура айтасың, сага терең ыраазычылыгымды билдирем. Сага ыйман берсин, бактылуу бол. Билал козу.

ОП-68-14. Салам кыздар, Lonely@mail.ru дарегине кат жөнөткүлө достошобуз. Силерди күтөм. Чымкенттен Синди.

ОП-68-15. Саламатсыздарбы Чымкенттин сүйүктүү жаштары. 10.06.09 С.Садыралиев, Урмат Усенов, Неля жана башкалар концерт коймокчу. "Азия" кафесине келип конок болуп кетиңиздер. Наргиза.

ОП-68-16. Салам СМСчилер, окурмандар. Сокур кишиге өзүңүздү кантип сүрөттөп берет элеңиз 0703099009 номерине жооп жазгыла күтөм. Нурзат.

ОП-68-17. Адам пенде накыл болбо ашыкча, акмак болуп адалдыкка таш урба. Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп, ажал деген кылыч турат башыңда. Чымкенттен Елена.

ОП-68-18. Кыргыз Агрардык университетинин технология факультети бар болгула, бай болгула. Жүргүлө капаланбай күлүп дайым, сессияңарга жардам берсин кудайым. Курдаштарга: Назданып күлгөн Назгүл, жаздагы гүлдөй жазгүл. Жаркылдап күлгөн Махабат. Бул ыр силерге арналат. Мальва.

ОП-68-19. Кара-Кулжа районунунун Баки Эшмамбетов атындагы мектептин 1992-жылкы классташтарыма ысык салам. Дөөлөтбай уулу Бектур, Нурбек, Сымбат, Акмарал ушул СМСти окусаңар кабарлашкыла. J/Lo_7575@mail.ru

ОП-68-20. Достор капа болмой жок, туура жазып жүргүлөчү. Мисалы, апче деген кыргызда сөз жок. Эже, сиңди, байке, ини, ака, үка жана башкалар таза кыргыздын сөздөрү. Нурбек.

ОП-68-21. Нурзаттын теледеги алып баруу сапатына ар дайым суктанамын. Адашыма ден соолук каалайм. Нурзат.

ОП-68-22. Саламым досторум Спорт фитнес, Алымбек, Азат, Улан, Макс, Мээрман ж.б. Достор баарыңарга салам, дайыма чемпион болгула. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-68-23. Ээ достор, өзүм жалгыз Көк-Жарда "ботсадда" олтурам, канткенде бактылуу жашайм. Билал козу.

ОП-68-24. Саламым Москва шаарында иштеп жаткан досторум Гүлзат жана Гүлназга жолдонот. Ишиңерге ийгилик, эч качан оорубагыла. Мен силерди сагындым. Казакстандан Нурайка.

ОП-68-25. Бир убакта Хан-Шай деген курбум бар эле. Ал азыр кайда жүрдү экен? Дарегин ким билет? Кандай жүрөсүң, иштер, ден соолук бешпи? Жака-Жазгүл.

ОП-68-26. Биз Аллахтын кулу, Мухаммед(с.а.в.)дын үмөттөрү, улуу ислам дининде экенибизди унутпайлы. Жибек.

ОП-68-27. Менин Ильязыма эч ким жетпейт, ал супер! Жаным го. Мега-Мери.

ОП-68-28. Салам Билал, Айзи, Жанусь, Димонь, Мэри, Таир, Кома, Айсу бар болгула. Нур-Айжан.

ОП-68-29. Чертилсе комуз кылдары, ырдалса кыргыз ырлары. Күч-кубат берип жаныңа, сезилет жашоо жыргалы. Күүлөрүн уксаң кыргыздын, айтылат жүрөк сырлары. Абдаш-Али.

ОП-68-30. Саламым Өзгөндөгү керемет жигит Айбек акеге, сизди сагындым. Алматыдан Аида.

ОП-68-31. "Хит параддын" жетекчиси, эң мыкты продюсер Динара эжени 8-июнь туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Динара эже сизге каалаарым: Каалайм сизге турмуштагы максатты, каалайм сизге турмуштагы бакытты. Каалайм сизге муңайбаган үндөрдү, каалайм сизге соолубаган гүлдөрдү. Дайм бар болуцп, дагы көптөгн таланттарды чыгара беришиңиз демекчимимн. Мамбеталиева Асел.

ОП-68-32. Ой Айгөлөк салам. Айтканың келсин, мындан ары "Обондон" алыстабаганга болгон аракетимди жумшайм. Сени сыйлап Жака-Жазгүл.

ОП-68-33. Москвада базарда иштеп жаткан Рахат, Элиза, Зия, Макрам, Гуша эжелерге салам жолдойм. Ден соолук, иштериңиздерге ийгилик. Бактылуу болуңуздар. Арыстан.

ОП-68-34. Сен ырды сүйчү элең үнсүз, терең, жактырып түрлөнүп да, жарыктыгын. Көрчүмүн сенин гана көзүң менен, жашыруун сыр барынын аныктыгын. Ал ырды жазат элем мен өзүңө, ажардуу тунук жүзүң, мүнөзүңө. Ал ырлар сени менен бирге кетпей, алардан көрүп турам ажарыңды. Нурмухамед.

ОП-68-35. Биз кимбиз, биз Алланын пендесибиз. Жаралган соң дагы бар кетмейибиз. Алла ким, ал ааламды жаратуучу. Ал жалгыз, кудуреттүү эч теңдешсиз. Абдаш-Али.

ОП-68-36. "Обондун" окурмандарына салам, ар дайым бар болгула. Кама.

ОП-68-37. Биз дүйнөдө не кызыкчылык менен жашайбыз? Таза, тунуксүйүүгө жолугуп бактылуу жашаш үчүнбү же бактыбызга жетпей азап тартыш үчүнбү? Элнура.

ОП-68-38. Макуся жүрөсүң кайда алыстап, таппаймын издеп аныктап. Айтпасаң дайыныңды аные,так, байкең баратат абдан арыктап. Бакай.

ОП-68-39. Өзү да жылдыз, келбети да жылдыздуу, мүнөзү абдан жалтырак болгон пери Меришкага салам. Сени тапканыма кубанычтамын. Жака-Жазгүл.

ОП-68-40. Сүйүктүү сырдашым Татина эже кандайсыз? Кай жактарда жүрөсүз көрүнбөй?Дарегиңиз жок го, сиз менен СМС жазышууну, кеңешиңизди сагындым. Мага 0773059323 кө чалыңыз.

ОП-68-41. Асылым, сүйгөнүм мен жашоону жакшы көрөм бирок, сенчелик эмес. Сени баары жакшы көрөт, бирок, менчелик эмес. Жаным бул жалган жашоодо жана аркы дүйнөдө экөөбүздүн тагдырыбызды жараткан Алла Тааламдан бир кылышын жалынып сурайм. Аллах менин бактыма сени өмүрлүү, ден соолукту кылышын тилейм. Аман бол. Ангел-Асем.

ОП-68-42. Жусупбаев Нурлан Байышовичти гана тандап сүйдүм. Бирок бул сүйүүмдү Нурлан билбейт. Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында жашайт. Сырдуу кыз.

ОП-68-43. Сагынам сени дайыма, салбачы мени кайгыга. Жүрөктү сен жаралап. Тумаркыз.

ОП-68-44. Күндөр, күндөр... Уйкусуз түндөр. Сени сагынып, сени менен таанышкан күн дале болсо эсимде. Эстей албаймын сага кантип арбалып калганымды, түшүнбөдүм, эмнеге? Сенин атыңды укканда жанымды коёрго жер таппайм. 0773810901.

ОП-68-45. Саламатсызбы Нурзат, биринчиден иштериңизге ийгилик каалайм. Үй бүлөңүз менен бактылуу болуңуз. Тынчтык.

ОП-68-46. Дүйнөдө эмне жаман, сүйгөн жаман. Махабаттын отуна күйгөн жаман. Экөө тең бири-бирин сүйүп туруп, экөө эки жакта жүргөн жаман. Замана.

ОП-68-47. Нурзат сен супер алып баруучусуң. Сени сыйлайм. 0770483932.

ОП-68-48. Ильяз Абдыразаковго ысык салам. 0552739269

ОП-68-49. Даниел сенден көңүлүм калды. Сенин сүрөтүңдү көрсөм же сен жөнүндө сөз уксам кыжырым кайнайт. Ушунча көп күйөрмандардын ичинен көбүнөн айрылдың. Кайран гана сага деп короткон акчалар. 0770242933.

ОП-68-50. Саламатсызбы Нурзат, адамды өзүнөн эмес, сөзүнөн тааны демекчи, сенин ар бир сөзүңдө акылдуулуктун, ыймандуулуктун, сөзмөрлүктүн сыры жаткансыйт. Кай жерде жүрсөң да Аллахым дайыма сага жар болуп, ар тараптан колдосун. Сени менин жети жаштагы кызым кумир тутат. Ал дагы сен сыяктуу теле алып баруучу болсом дейт. Сени жакындан көргүсү келет. 0555373749.

ОП-68-51. Айбек аке кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы, барсызбы? Жок болуп кеттиңиз го? Мага кабарлашыңыз. Заринанын досу Фатима.

ОП-68-52. Алтыным сени эч унута албадым. Сен аябай жакшы адамсың. Бирок, сен менен мен башка сүйлөшө албайбыз, аны билем. Ар дайым бактылуу бол. Айзирек.

ОП-68-53. Сүйүктүү апабыз Мураталиева Пашаканды 28-июнь туулган күнү менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Алтыным апа ар дайым ден соолукта болуп, биздин бактыбызга бар болуңуз. Сизди чексиз жакшы көрүп сыйлаган уул-кыздарыңыз Чынгыз, Наргиза, Бактыгүл, Азамат, Ыйманбек.

ОП-68-54. Мен сени ушунчалык жакшы көрөм, сен аны билбейсиң... Нурбакыт.

ОП-68-55. Мага жардам бергилечи, мен "Дордойдо" иштеген Гүлшат деген кызды сүйүп калдым. Ага сүйүүмдү айта албай абдан кыйналуудамын. Эмне кылбайын, ал менин оюмдан кетпейт. Гүлшат мен сени түбөлүк сүйүп жашайм. Сенин карагат көздөрүң эт жүрөгүмдү багындырып алды. Достор эмне кылайын, сүйүүмдү кантип айтам? Жооп күтөм. Улан.

ОП-68-56. Эжелерим Загира менен Аселге сагынычтуу салам. Иштерине ийгилик. Сара.

ОП-68-57. Салам "Обондун" супер окурмандары. Силер менен байланышып тургум келет. СМС жазаарыңарга ишенем. Мен эч кимиңердин номериңерди билбейм. Феруза-87.

ОП-68-58. Саламым ажолукка ат салышып жатышкан талапкерлерге. Эмне үчүн баарыңар биригип иш алып барбайсыңар. Күч бирдикте деп айтышат. Чын эле силер Кыргызстан үчүн жан далбастап жатсаңар баары башкача болмок. 0555079598.

ОП-68-59. Чачтарач сатам же ижарага берем. 0700166587.

ОП-68-60. Супер СМСчилер командасы, сураныч мени менен байланышып койгула. Силердин номериңер жок, табылбай жатат.0773318646 Жака-Жазгүл.

ОП-68-61. Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз, тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас. Бирок анын аздыгына мейли эле, анын октой тездигине катат баш. Кечээ эле ушул кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш. Дама.

ОП-68-62. Саламатсызбы Нурзат Темирболотовна сизге жакында тил комиссиясы тарабынан берилген сыйлыгыңыз кут болсун. Элибизде ак эмгек жерде калбайт деп айтылат эмеспи. Дал ошол сыяктуу сиздин эмгегиңиз элге сиңип, мындай сыйлыктардын дагы далайына татыктуу болуңуз. Сиздин ишиңизге ийгилик. 0773463252.

ОП-68-63. Алай районунун Жошолу айылында жашап жаткан атам Көчкөнбай, апам Бегайымга салам жолдойм. Ар дайым ден соолукта бар болгула. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-68-64. Эмне үчүн жаным сени унута албайм. Унутсам да караңгыда жогото албайм. Эми гана сени жоготтум дегенимде көрүнөсүң көзүмө сулуу айдакс. Ошол күн, ошол түн, ошол сенин көздөрүң, сенин сүйөм деген сөздөрүң. Тамаша болчу чынында, ошол кезде күндөрүм, билбеймин чынында жалганын. Ошол айткан сөздөрүң, бир ишенип, бир ишенбей өзүмө өзүм сүйлөдүм. Тагдыр экен эмне кылайын сүйбөсө ал. Зордук менен мени сүй деп сүйдүрбөймүн. Унутам деп канча аракет кылам, унута албаймын. Унутуп ойноп-күлүп жүрүп калдым. Болуп калса туулган күн кечелери, көрүп калам унутканда сени жаным. Айзирек.

ОП-68-65. Саламым "Обон" гезитинин баардык жамаатына анан Алматыда "Барахолкада" 7-8-катарда иштеп жаткан Арзу, Кенже, Урмат, Асел, Жазгүл, Ева, Мелиске салам жолдойм. Бактылуу болгула. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-68-66. "Бекжан" базарында иштеп жаткан досум Нурисаны 10-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Дос, иштериңе ийгилик. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Келечектеги ой-максаттарыңа жет. "Самалдан" досуң Наргүл.

ОП-68-67. Айдай жүзүң жылмайыңкы сенин күлгөнүң, карагаттай капкара сенин көздөрүң. Куса болом мен өзүңдү ойлосом, кайда кеттиң мени таштап азапка. Сагындым сени асыл жаным. Нурбакыт.

ОП-68-68. Куршабдык Бакдөөлөт (Бакы) түрмөлөргө дагы деле барып соопчулук кылып жатасызбы, же үйдө аза күтүп отурасызбы? Нургазы.

ОП-68-69. Таланттуу ырчы Бекчорого салам. Чыгармачылык ийгилик. Ар бир ырың күйөрманыңдын, угарманыңдын жүрөгүнөн орун алсын. Айдеми.

ОП-68-70. Карта ойноп жаткан чагымда, эстеп калып сулуу чүрөктү. Тиккен болчум карта айымга, а утуп алдым бош туз жүрөктү. Таир.

ОП-68-71. Сокулук районунун Сокулук айылынын 4-мектебинин 4-а классына чоң салам. Элиза.

ОП-68-72. Алматыда иштеп жүргөн эжелериме, жезделериме, досторума салам жолдойм. Кумар.

ОП-68-73. Оштун Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Ореке айылында жашап жаткан ата-энеме салам жолдойм. Москвадан балаңыз.

ОП-68-74. Сен кудайдын буйругуна көнөсүң, ажал келсе айласы жок өлөсүң. Жаның чыкпай тикен сымал жүндөгү, жан азабын дал ошондо көрөсүң. Билип койгула бул жашоодо өмүр бар, бүгүн эртең силерге да өлүм бар. Намаз окугула мусулмандар. Э.Дима.

ОП-68-75. "Обондун" жамаатына зор салам. Ишиңиздерге ийгилик, калемиңиздер курчуй берсин. Окурманыңар көп болсун. Айдеми.

ОП-68-76. Эже, жезде силерге ар дайым ден соолук каалайм. Түбөлүк бактылуу болушуңарды бир гана кудайдан тилейм. Сиздерди жакшы көрөм. Айжамал.

ОП-68-77. Нурзат эже сиз ушунчалык бактылуусуз, бактыңыздан бир чөмүч берип коюңузчу. Мен сизди Нурка деп коёюн сөз жок да ээ Нурка эжешка. Мени Элька деп коюңуз. Элиза.

ОП-68-78. "Миң кыял" радиосунун супер шайыр ди-джейлери Канат Кадыржанга, Акылга салам. Ишиңерге ийгилик жана жагымдуу үнүңөр, сүйкүмдүү жүзүңөр менен кыздардын жүрөгүнө чок салып жүрө бергиле. Айдеми.

ОП-68-79. "Кумир менен баарлашууга" таланттуу ырчы Бекчорону чакыргылачы, сураныч? Айка.

ОП-68-80. Мени, сени, аны баарыбызды бир Алла Таалам гана жараткан. Ошондуктан ар качан бир Аллага сыйынып, кулчулук кылып, шүкүр этип, ыйман келтирелик.Мына жалган дүйнөдөн мусулман болуп өтүшкө баарыбызга жардам бер. Э.Дима.

ОП-68-81. Турмушта эмне гана болбойт ээ достор. Агы да карасы да, ысыгы да, суугу да, ачуусу да, таттуусу да болот экен. Бирок мына ошонусу менен гана жашоо керемет. Аны 24 саат бою даңазалаган бул, албетте, жан шеригиңиз "Кыргызстан обондору" радиосу. Менин сүйүктүү ди-джейлерим Чынгыз Мырзаев, Жаркынай Аманова, Нурзада Жолдошева, Лилия Абдубаитова, Мээрим Жыргалбекова жана эркеси Аскат Алдашев булбулдай шаңшыган үнүңөр эч качан өчпөсүн. "Обонду" сүйүп окуган, "Обондорун" сүйүп уккан Гуля-88.

ОП-68-82. Астанадагы ысык-көлдүк жигити жок кыздар менен таанышам. 87770362869

ОП-68-83. Аллах баардык аялдарды ыймандуу, такыба, каниеттүү, ибадаттуу жана өзүңдүн парздарыңдан кыйын күйөөлөрүнө чынчыл жана баш ийкемдүү кыл Роббим. Эркектерди өз үй-бүлөсүн коргой турган ар-намыстуу, эр жүрөк жана кубаттуу башчы кыл. Амина.

ОП-68-84. Саламатсызбы Даниел байке, сиз менен баарлашып ой бөлүшөйүн дедим эле. "Обон" гезитин окуп калсаңыз чалып коюңуз суранам. 0777745103 Махабат.

ОП-68-85. ОГПИнин колледжинде окуган Ш-12 тайпасынын сулуу кыздары силер суперсиңер, окууңарга ийгилик. Айжамал.

ОП-68-86. СМСчилер мени менен байланышкыла 0550965244 Макуся.

ОП-68-87. Жаштары 18-25теги балдарды жумушка чакырабыз. Жумуш убактысы 14.00дөн 19.00гө чейин. 0705898949 Давлет.

ОП-68-88. Курманжан датка мектебинин 9-б классына салам. Ошондой эле класс жетекчим Махабат эжекени мыкты мугалим болушу менен куттуктайм, ишиңизге ийгилик каалайм. Замана.

ОП-68-89. Жандай көргөн ата-энеме салам. Ар дайым бар болуңуздар. Нуржан.

ОП-68-90. Улар эмне мага ишенбейсиң, башка бирөөгө көзүмдү кысам да. Жүрөгүм сен деп гана согот, жалгыз сени гана сүйөм. Мага ишенчи. Замана.

ОП-68-91. ОП-66-106 атың Жылдыз болуп туруп спортсмендер менен достошосуңбу? Сени бүктөп коёт. Залга өт. Шер.

ОП-68-92. Салам Нурзат эже, сиздин сүйкүмдүү колдоруңуз, мукамдуу үнүңүз баарыбызды өзүңүзгө тартып турат. Сизге кааларым эч качан ушул маанайыңыздан жазбай ар дайым элге кызмат кылып жүрө бериңиз. Мээримбек.

ОП-68-93. Менин жакын досум Нурзатка салам жолдойм. Окууларыңа ийгилик, тилеген тилегиңе жет, бар бол, бай бол. Досуң Замана.

ОП-68-94. Салам достор, кандай адам чыныгы дос боло алат, дос өзү ким. Чымкенттен Елена.

ОП-68-95. Сагынып сага SMS жаздым жаным. Сага болгон сүйүүмдү сезсең боло Азком. Кайсыл номердесиң. Сени сүйөм. 0777 55 01 36.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??