п»ї

  спорт

Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"
Жакында Россия Федерациясынын Сахалин облусунда "Ынтымак" диаспорасы түзүлдү. Аталган диаспоранын расмий ачылышына карата Лейлек күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлүп, 90кг салмактагы балбаныбыз Мухаммедали Миңбаев кыргыздын намысын коргоп чемпион болуп кайтты.Тактап айтканда, өзүнүн салмагы боюнча жана абсолюттук салмактагы төрт балбан менен таймашып, акырында орустун 135кг салмактагы белгилүү балбанын жеңип, эки алтын медалдын ээси болду. Ата- бабаларыбыздын жолун улаган Лейлек күрөшүнүн чемпиону Мухаммедалинин балалык чагы,спорттук карьерасы, үй-бүлөсү, сүйүүсү тууралуу балбанды маекке тарттык. Белгилей кетсек, Мухаммедали 1982- жылы 27- августта Баткен облусунун Лейлек районунун Сум-Булак айылында туулган. Бир уулдун атасы.

- Мухаммедали, маегибизди спортко болгон алгачкы кадамдарыңыздан баштасак?
- Негизи менин чоң атам чоң молдо, белгилүү балбан болгон. Өзүмдүн атам да күрөш боюнча Азия чемпиону. Күрөш биздин үй-бүлөдө атадан балага өтүп келет. Менден улуу агам Азиянын чемпиону. Учурда эки иним дагы машыгып жатат. Муну менен эмне айткым келет, атам бизди бала кезибизден "тиги менен күрөш, карма белин" деп күрөштүрүп салчу. Ал эми чоң күрөшкө 9- классымда чыгып, биринчи жолу Исфанада өткөрүлгөн күрөштө чемпион болдум. Андан кийин Тажикстанда үч мамлекет катышкан күрөштө да ийгиликке жетиштим. Анан мектепти бүтүп, Улуттук университеттин юридика факультетине тапшырып, ошону менен катар Дене - тарбия институтунда Базаке агайдын колунда машыктым. Бүгүнкү күндө Спортак стадионда спорт зал ачып, он баланы машыктырып жатам.
- Жакында Сахалинде өткөн мелдеште эки алтын медалдын ээси болуптурсуз. Жеңишиңиз кут болсун! Бөтөн жерде, бөтөн элде кыргыздын желеги желбирегенде кандай сезимдерге курчалдыңыз?
- Рахмат. Сахалинде учурда жыйырма миңдей кыргыз бар экен. Менин кубанганым биздин гимн ойнолгондо кыргыздардын төшүнө колун коюп сүйүнгөнү болду. Меймандос калк эмеспизби, аябай сыйлашып, колунан келген белектерин беришти. Кыргыз желеги көтөрүлүп чемпион аталганымда көзүмдөн жаш алып, өзүмө батпай турдум. Ошондогу сезимимди сөз менен жеткирүү кыйын. Муну ар бир чемпион сезип, туя алат.
- Лейлек күрөшүнүн башка күрөштөрдөн айырмасы барбы?
- Чүй күрөш, кыргыз күрөш, элдик күрөш деген күрөштүн түрлөрү бар. Лейлек күрөшү кыргыз күрөшкө кошулат. Бирок, биз чалбай, тогонек салбай курдан кармап, көтөрүп чаап күрөшөбүз. Эгер бутубуз, тизебиз тийип кетсе утулуп калабыз. Мында чыныгы балбан гана жеңет. Ошондуктан, биздин күрөштү таза күрөш деп коет.
- Салмак сактайсыздарбы?
- Салмакты азайып кетпеш үчүн сактайбыз. Биз мүмкүн болушунча күчтүү тамактанып салмак кошуп турушубуз зарыл. Анткени, эң негизгиси балбандын белинде күч болуш керек.
- Жаракат алган, жеңилип калган учурларыңыз болду беле?
- Кээде кол чыгып кеткен учурлар кездешет. Кудай сактасын менде мындай жагдай боло элек.Ал эми жеңилип калган учурлар болбой койбойт. Мурдагы жылы 9- майда бир - эки эле күрөшүп жеңилип калгам. Быйыл да спортак стадионунда өткөрүлгөн Лейлек күрөшүндө 2- орунду алып калдым.
- Мамлекет тарабынан жардам берилеби?
- Акты ак, караны кара деш керек. Мындан беш-алты жыл мурда өзүбүз демөөрчү издеп, каражат таап, күрөш уюштурчубуз. Кудайга шүгүр,эки жылдан бери өзүңүздөр күбө болгондой президентибиз Курманбек Бакиев спортко көңүл буруп, жардамын аяган жок.Мындай колдоо биздин спортсмендер үчүн, артыбыздан өсүп келаткан келечек муундарыбыз үчүн чоң стимул болуп жатат.
- Спорттун дагы кайсы түрү менен машыгасыз?
- Өзүм үчүн дзю-до, самбо менен машыгып келем.
- Балбандын бир күнү кандай өтөт болду экен?..
- Эртең менен туруп Кудайдан тиленип намаз окуйм. Анан чуркайм.Сергип келип жеке иштеримди бүтүрөм. Андан сырткары, күн сайын эки- үч жолу спорт залга барып машыгам.
- Спорттон сырткары эмне жумуш кыласыз. Дегеле, кантип жан багасыз?
- Өзүмдүн чакан бизнесим бар, ошону менен үй-бүлөмдү багам. Кудай буюрса, жакында кесибим боюнча ишке кирейин деп жатам.
- Алдыда эмне пландарыңыз бар?
- 14-июнда Москвада күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөнү турат.Ошого өзүм менен кошо шакирттеримди даярдап, 100 салмак менен күрөшөйүн деп салмак кошуп жатам.
- Кезек үй-бүлөңүзгө келип жетти окшойт.Жеке жашооңуз тууралуу айтып өтсөңүз?
- Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын улуусумун. Ата- энем пенсионер. Атам 72, апам 62 жашта.
- Атаңыз спорт тармагында канча жашына чейин жүрүптүр?
- Жыйырма бир жашынан отуз беш жашка чейин күрөшүптүр.Атам атасынан эрте калып, жети бир туугандын улуусу болгондуктан турмуш - шартка байланыштуу спорттон эрте кеткенге аргасыз болгон.
- Үйбүлөңөрдө тартип катуу болсо керек.Сурайын дегеним, атаңар кантип тарбиялаган?
- Атам "балбан бала болосуңар" деп ай сайын кой союп, жебегенибизге койбой жедирчү.
"Бирөөдөн таяк жесең айтпа, үйгө ыйлап келбе" дечү. Атамдын көзүнчө бири- бирибизге тике карап, каяша айтчу эмеспиз. Мени 3-классымдан молдого берип, орто билимди медреседен алдым.
- Ичимдик даамын татып көрдүңүз беле?
- Он эки жашымда намазга жыгылдым.Тамеки,арак эмне экенин билбейм.





Жубайы Назгүл Жунушова:
"Биздин сүйүүбүзгө эч ким
тоскоол болгон жок"
- Назгүл, жолдошуң менен кантип таанышып, табышып калдың?
- Жолдошум менен парктан таанышкам.Алгач тааныш катары эле сүйлөшүп жүрүп достоштук.Анан билинбестен достуктан сүйүү жаралып, сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эки жылдан бери бирге түтүн булатып келатабыз. Дауд аттуу бир уулубуз бар.
- Балбанды сенден жакшы билген адам жок болуш керек. Мүнөзү кандай?
- Чынында мүнөзү оор.Бат жини келип бат тарайт. Айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Мындай учурда унчукпай кутулам. Менин милдетим убагында тамак берип, убагында ойготушум керек.
- Кайсы тамакты эңсеп жейт?
- Көбүнчө палоону жакшы көрөт.Кээде өз колу менен жасап жейт.
- Баласын кантип эркелетет?
- Дадос деп эркелетет. Өзү абдан баласаак,баласын эч кимге кармата койбойт.
- Кызганасыңбы?
- Кантип кызганбай коём. Кызганам, бирок чектен ашпайм. Алыс жакка кеткенде жакшы каалоо - тилек айтып, кудайдан аманчылыгын тилеп олтурам.
- Өзүң көлдөн экенсиң. Баткенге турмушка чыкканыңа ата - энең каршы болгон жокпу?
- Ата - энем түшүнүктүү адамдар. Биздин сүйүүбүздү ата - энелерибиз колдоду. Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??