п»ї

Назгүл Насиева жаракат алды
"Жылдыздар манежде" теледолбоорунун катышуучусу, продюсер Назгүл Насиева 8-июнь күнү долбоордун үчүнчү туруна даярдык көрүп, аба гимнастикасы менен машыгып жатып учуп түштү. Жогорку бийиктиктен кулап түшкөн Назгүлдүн абалы учурда канаатандыраарлык. Дене бою ооруксунуп калганга аталган долбоордун акыркы туруна аз гана убакыт калганы Назгүлдү ойлондурбай койгон жок.

Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет
Жүзүн элден катып, көз айнекти түрдөп тагынган Бекчоро өз максатына жетип олтурат. Акыркы үч жылдан бери темир тулпарлуу болууну каалап жүргөн ырчы эми минтип "Ниссан-премьера" маркасындагы машинасынын ээси болду. Жаңы ийгиликтер менен жаңы машинага жеткен Бекчоро учурда жумуштарын тез бүтүрүп, шаардын даңгыр көчөлөрүндө зуулдата машина айдап жүргөн убагы.

Жаш ырчы жана жаш актёр
Өнөрү менен жаңыдан таанылып келаткан жаш талант Темирбек Сайдинов "Аталарга таазим", "Тоолор" аттуу ырларына клип тарттырды. Ошондой эле, жаштыгына карабай "Тумар" аттуу толук метраждуу кино тасманын эпизотторуна катышып, актёрлук өнөрүн да көрсөтөт. "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?" дегендей, балким, кыргыз эли сыймыктанган мыкты өнөр ээси болуп чыга келет.

Алтын алган алтын үндүү ырчы
Кыргыз кайрыктарын катыра аткарган Кутман Жолдошевдин талантына суктанбаган жан жоктур. Буга далил жакында "Ата-Түрк" эл аралык кайрымдуулук фонду ырчынын кыргыз ырларынын колоритин сактап, улуттук ырларды ырдагандыгын эске алып, кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн түрк тилдүү элдеринин атынан алтын медаль менен сыйлашты. Мындай патриот мырзаларыбызга албетте, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

"Жылдыздар үйү" ачылды
Башкалардан оригиналдуу узун чачы менен айырмаланган Расул акебиз менен жубайы Катя жеңебиз сахналаш туугандарына атайын арнаппы, айтор, "Жылдыздар үйү" деген аталыштагы чоң кафе ачышты. Ошондой эле кафе жай мезгилине да ылайыкташтырылып эң жакшы шарттары менен жабдыкталып жатат. Албетте, кафенин ачылыш аземи өнөр адамдарынын коштоосу менен жакын арада ачылат. Эмне демекчибиз, кыргыз эли үчүн жайылган дасторконунан даам үзүлбөй, берекесин берсин.

Бакыт Байсариев Кризистен кутулду
Кыргыз шоу-бизнесине мыкты бийлери менен таанылган бийчи Бакыт Байсариев жай айын толугу менен там салууга арнаганы турат. Кыш, жаз мезгилдеринде кризистин азабын жакшы эле тарткан мырзабыз, эки жеңди бир түрүп эми там салат. "Кризистен кутулуп, менин көчөмдө да майрам болуп жаткан кез" деп сүйүнүп жүргөн бийчиге талыкпаган эмгек каалайлы.

Р.Жээнбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??