п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  сырмаек

Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"
Калк арасында кадыры бар таланттуу ырчы Мирбек Атабековдун бүгүнкү күндө буту үзүлгөнчө жүгүрүп жүргөн мезгили. Беш жылдык окуусун аяктап, аны менен катар элине концерт тартуулоо алдында турат. Чыгармачылыгы, сүйүүсү, балачагы туурасында жакын адамдары менен ой бөлүштүк.

- Окууңду аяктап дагы бир кесиптин ээси болуп жатыптырсың, куттуктайм. Учурда бир жагынан концерт уюштуруп, элиңе ыр майрам тартуулаганы турасың. Баарына кантип жетишүүдөсүң?
- Колдон келишинче жетишүүгө аракеттенип жатам. Бирок, беш манжа кандай тең эмес болсо, менин дагы мүмкүнчүлүгүм дал ошондой бирдей болбой калууда. Ошентсе да алдыга койгон чоң жоопкерчиликтүү жумуштарды жасоодон эч убакта коркпойм. Тескерисинче, чыйралам. Кыйналып, бышырып туруп анан өтөсүнө чыккан иштин жыйынтыгынан кадимкидей рахат алам. Ал эми үй-тиричилигиндеги жумуштарды аткарууга келгенде гана жалкоолугум кармап кетет. Ал мезгилде "И-ий, апа, бир аз жата турайынчы, анан жыйнаштырам" деп кутулам. Бул жерден эркелигим жеңип кетет. Чындыгында мурдагы эркелигим дале моюнумда асылып жүрөт десем жаңылышпайм. Бирок, кудайга тобоо дейин, эркелик сапатым менен гана чектелип калбастан, чыгармачылыгымдагы алдыга койгон максаттарыма акырындап жетип келатам.
- Алдыда бере турган концертиңдин башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде?
- Жаңы беш ыр жаздырдым, бирок, теле-радиолорго бере элекмин. Атайын күйөрмандарым концертимден күбө болушсун деген ниетте. "Күндөр жаңырат" деген аталыштагы бул концертим мурда коюлган концерттеримден жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенимим чоң. Себеби, чыгармачылыктанбы, жеке жашоомдонбу мурда кетирген айрым каталарымды сезип калам. Аны кайрадан кайталабаганга далалат уруп, ар бир иштин өзөгүн тапканга кудуретим жетип калды. Ошондуктан, эл арасында ырдалып жүргөн ырларыма караганда азыркыларымдын сапаты жогорку деңгээлде жазылганын, үнүмдүн калыпка салынганын уялбастан мактануу менен айта алам.
- Сени карапайым элби, музыканттарбы өзүң теңдүү ырчылардын алдыңкы сабында турган ырчы экениңди айтып келишет. Сенин оюң боюңча да өзүңбү?
- Элдин пикиринде мен айтылып жүрсөм, анда ага албетте кошулам. Мындай алкыштар кимди кубантпасын? Чынын айтсам, азыр угуп алып да кубанып турам.
- Мирбек, айтсаң, сага учурда баарынан эмне кызык болуп жатат? Дегеним, жылдызың жанган ырчы болдуң, окууңду бүтүп атасың?..
- Акыркы мезгилдерде Америка, Россиядан ар кандай кароо-сынактарга катышууга сунуштар түшүүдө. Андыктан, Кыргызстандын желегин желбиретип, жөн гана катышуучу катары барып келбестен, жок дегенде биринчи болбосо дагы 3-орунду алып келсем деген ойлор жүрөгүмдү толготуп келет. Анан да чет өлкөлөргө саякат жасап, ал жактагылардын жашоо-турмушун, музыканттарынын иштөө тажрыйбасын көрүү максатында Дубайга, Парижге барууну көздөп жүрөм. Ал жактан дагы өзүмө жакшы идея топтоп келем деген ишеничтемин.
- Канат Култаев менен үч жылдан бери иштешип келатасың. Кайсы бир убакта өз алдыңча ырдап чыгуудан кооптоносуңбу "чыгармачылыгым өспөй токтоп калабы" деп.
-Албетте, коркунуч сөзсүз болот. Себеби, Канат байкеге абдан көнүп алдым. Чыгармачылыкка алгач келген күндөн тартып, бизде бардыгы оюбуздагыдай бир калыпта болгон эмес. Сахнадан бир көрүнүп чыкканың менен анын артында кандай кыйынчылыктар бар. Ойлоп көрсөм ал мезгилди кино кылып тартып чыкса жакшы тема жаралмак. (күлүп)
- Эми кезекти жеке жашооңо берсек кантет?
- Чыгармачылыгым менен гана күрөшүп жүрөм. Эч кандай жаңылык жок. Кудайым буюса, кийинки жылдын күз айларында үйлөнсөм деген жакшы оюм бар. Анткен менен тилекке каршы сүйлөшкөн кызым жок. Эң негизгиси көңүлүмдөгүдөй, жакшынакай кызга жолуксам болгону.
- Бирок, өзүң айткандай жакшынакай кызга жолукканыңды айтып жүрбөдүң беле?
- Туура, аны убагында "болочоктогу келинчегим болот" деп элестетчүмүн. Сүйүүмдү таптым деп ойлогом. Көрсө, баары мен ойлогондой эмес экен. Эмнегедир түшүнүшө албай койдук. Акыры ал кыз мендик эмес экенин сездим. Кыскасын айтканда, бири-бирибизге тең эмес экенбиз.
- Байлык, сулуулук, популярдуулук жактанбы?
- Кеп анда эмес. Пикирибиз бир эместигин айтып жатам. Экөөбүздүн көз караштарыбыз такыр башка экен. Ошон үчүн сүйүүбүздүн өмүрү кыска болуп калды.
- Ал кыздын атын билүүгө болобу?
- Жок, сыр болуп эле кала берсинчи.
- Ага аз да болсо көнүп калсаң керек эле. Жүрөк кантти анан?
- Жүрөгүм ооруган деле жок. Көнүп калгангабы, убактылуу бир аз кыйналдым.
- Мирбек, анда маегибизди башка жагына бурсак. Апаң эрке дейт, эркелигиң өзүңө сезилеби?
- Кичинемден тартып эрке чоңойгондуктан, азыркыга чейин ал өнөрүм калыптанып калды. Эч өзгөрө албадым. Өзгөчө апама аябай эркелейм.
- Үй-оокаттарына кандайсың?
- Айылда өскөндүктөнбү, анча-мынча кара жумуштарды катыра жасап койгон колдон келет. Жалкоолугум эле кармап кетпесе.




Дарика Абдрахманова, апасы:
"Мыкылигим, быйтыгым" деп желкесинен жыттай берем"
- Мирбекти 2кг 300грамм салмакта Талас шаарынын төрөт үйүндө жарык дүйнөгө алып келгем. Кызыгы эки уулумду да, кызымды да атайын толгоо чакырган дарынын күчү менен төрөдүм. Мирбектин атын улуу балам Нурбекке уйкаштырып, "Мир" тынчтыктын белгиси болсун деп, атайын ырымдап өзүм койгом. Тагдыр экен Мирбек эки жашка чыкканда атасы кырсыктан каза болуп калды. Атасы "Миким" деп укмуштай үзүлүп түшүп жакшы көрчү. Уулум эки жарым жашка чыкканда мен Бишкекке келүүгө туура келди. Ошондон улам Мирбек чоң ата-чоң энесинин колунда тарбияланып аябагандай эрке өстү. Ай сайын Таласка барып турчумун. Ошондуктан, менден эч кандай алыстап кеткен жок. Мирбек 6-классты окуп калганда өз колума алдым.
- Мирбектин балачагын эстегенде эмнеси биринчи көз алдыңызга тартылат?
- Уулум аябай жоош болчу. Дегеле көз жашын төгүп ыйлачу эмес. Үнүн чыгарбастан жашын тамчы-тамчы кылып чыгарып ыйлаганына таң калчумун. Тимеле сүрөтчүлөрдүн портретинде тартылган баланын жашындай туюлчу. Ушул көз ирмемдери эч эсимден кетпейт. Башында айтып кеткендей Мирбек чоң аталарынын колунда өскөндүктөн, кичине кезиндеги көп өнөрлөрүн жакшы билбей калдым. Сыягы, уулум тили чыккан күндөн тартып ырдай баштаган.
- Качан ырга болгон шыгын байкап калдыңыз?
- Негизи, үй-бүлөлүк той-топурда, майрамдарда ар дайым Мирбек эле созолонуп ырдап калчу. Ырдаганга кызыкканын байкаган соң, туулган күнүндө 16 жашка толгону менен куттуктап гитара алып бергенбиз. Колуна гитара тийгенден тартып, бизди ыр менен уктатып, ыр менен ойготуп калган. Ырдагандан эч бир тажачу эмес.
Үйүбүз шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, жакын кафелерге барып ырдап жүрдү. Жарым жыл өткөндөн кийин бир күнү ушундай сүйүнүп келди дейсиң! "Апа, жыйырма сомго иштедим!" деп тимеле акчасын бергиче шашат.
Ошентип, убакыт өткөн соң жыйырма сому элүүгө, жүзгө көтөрүлдү. Мына ушинтип жүрүп акырындап өз ара кафеде иштей баштаган. 11-классты бүтүп Улуттук университеттин экономика факультетинин ичтен окуу бөлүмүнө тапшырды. Эми минтип окуусун аяктап, мамлекеттик экзамендерин тапшырып жатат. Башында талантың болгондон кийин Искусство институтуна же Консерваторияга тапшыр деген кеп-кеңешимди бергем. Бирок, өзү "менимче экономика жакшы кесип. Окуумду уланта берейин, ырдаганымды хобби катары алып кетем" деп калды. Анткен менен 3-курс болгондон кийин искусство тармагына тапшырбай койгонуна өкүнүп калды. Албетте, азыр деле кеч эмес, буюрса быйыл Консерваторияга тапшырганы турат.
- Мирбекти абдан эрке дедиңиз кантип эркелетесиз?
- Мен үчүн балдарым дагы дале кичинекей. Аларды эркелетүүдөн тажабайм. Көбүнчө "Мыкылигим, быйтыгым" деп эркелетип, желкесинен жыттай берем.





Нурайым Атабекова, карындашы:
"Экөөбүз урушканда байкем ыйламсырап калып калчу"
- Кичинекей кезиңерде уруша кеткен учурларыңар болчу беле?
- Ооба, аябай көп урушчубуз. Көпчүлүгү оюнчук талашып уруша кетчүбүз. Чыр болсом керек эмнегедир мен жеңип кетчүмүн. Байкем ыйламсырап калып калчу. Бир жаман жери менин белекке келген пианиномду талаша бергени жакчу эмес. Колумдан ал кандай жерге түштү дароо байкем жетип барып ала калчу. Аны байкап калсам, апамдардын сооротконуна болбой ыйлай берчүмүн. Балким, пианинонун айынан көп урушсак керек.
- Мирбектин популярдуулугу сага да таасирин тийгиздиби?
- Жок, мага эч кандай сезилбеди. Кээде тааныштарым Мирбектин карындашы деп кимдир бирөөлөргө тааныштырганда, алардын башкача көз карашта карап калгандарын байкап калам. Бирок, эч убакта өзүмдү көтөрбөйм. Биз үй-бүлөбүз менен жөнөкөй адамдарданбыз.
- Турмушка чыкканыңда Мирбек эмне белек кылды?
- Уктоочу бөлмө үчүн атайын эмерек тартуулады. Мени узатып жатканда байкем: "өзүңдүн сүйгөнүңө, сени сүйгөн адамга турмушка чыгып жатасың, бактылуу бол" деген жакшы тилектерин айткан. Мен дагы байкемдин дагы бактылуу болушун каалайм.




Канат Култаев продюсери:
"Мирбек кээде жылдыз оорусуна чалдыга түшөт"
- Мурдагы "Сени гананы" ырдап чыккан Мирбек Атабеков менен азыркы күндөгү Мирбектин кандай айырмасы бар? Жылдыз оорусу аз да болсо байкалгандыр?
- Биринчиден, чыгармачылыгын алганда күндөн-күнгө өнүп-өсүүдө. Менимче, ушул темп менен кетсе, чоң жетишкендиктердин күбөсү болот. Ал эми экинчи жагын алганда кээ күндөрү Мирбек чынын айтсам жылдыз оорусуна чалдыга түшөт. Күйөрмандарыбы, башкаларбы "Мирбек, Мирбек" деген сайын өзүн башкача ойлоп алат окшойт. Ал учурда көтөрүлүп кеткени туурасында айтсаң дароо моюнуна алып, өзүн жөнгө сала калган артыкчылыгы бар. Бирок, эч качан асмандап кетпейт. Кандай сын болбосун туура кабылдайт.
- Кээде ортодо келишпестиктер болобу?
- Андай учурлар ар бир жерде кездешсе керек. Калп айтканда эмне, көп эле жолу бири-бирибизди түшүнүшпөстөн, таарыныша кеткен жагдайлар болду. Жумуш ушунусу менен кызык тура. Канткен күндө да акыры бир жол менен кетээрибизди билебиз.
- Үч жылдан бери бирге иштеп келатасыңар, бири-бириңерден тажаган жоксуңарбы?
- Жок, тескерисинче, ага-инидей болуп калдык.
- Мирбек Атабековду Мирбек кылган Канатпы, же тескерисинчеби?
- Мирбек экөөбүздүн жамаатыбыз бир болуп жаткандан кийин, албетте, ийгиликтерге чогуу жетишип жатабыз. Эмгегибизди бөлүп кароого болбой калат окшойт. Мен Мирбекти, мени Мирбек таанытты деген нерсе бул жерде болбош керек.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??