чыр дөбө

Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?
29-май күнү кыргызга аттын кашкасындай таанылган обончу, аткаруучу Айбек Карымовдун апасы Анара Кожоева бизге байланышка чыгып, баласы Айбек экөөнүн ортосунда келишпестик чыр болуп жатканын айтып берди. Өз баласынын алдында шагы сынып отурганын айтып ызаланган эне биздин кабарчыларды үйүнө чакырды. Алгач эне-баланын ортосундагы келишпестик чырга аралашкыбыз келбегени менен эненин көз жашы төгүлүп, өз баласынын одоно мамилесине жүрөгү ооруп турганын көрүп чыдап тура албадык. Анда сөз башынан болсун.


- Эже, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн ортодогу чыр эмнеден улам чыкканын башынан айтып бербейсизби?
- 1996-1998-жылдары Россияда иштеп, көп эле кыйналдым. Анан Бишкекке келгенде Ак-Өргө жаңы конушунан үй сатып алгам. 2005-жылы аны сатып, экөөбүз жакшынакай кеңешип азыркы дачадагы үйдү сатып алдык. "Апа, мал кылып берем, сүт ичесиз, тоок багасыз" деген. "Балам, сарайы жок экен го?" десем, "ой, сарайды заматта эле салып берем" деп Айнура карындашы байкуш чуркап жүрүп сарайды курдурган эле. Айбек балам экөөбүздүн чырыбыз дал ушул сарайдан башталып жатпайбы. Эгерде мен Ак-Өргөдөгү үйүмдү бербей, Айбек өзүнүн акчасына сатып берген болсо анда мен унчукмак эмесмин. "Ий, макул, балам өзү сатып берди эле" деп көз каранды болуп, силерди да чакырмак эмесмин. Анан мен жакшынакай үйүмдү берсем, аны он беш миң долларга сатса, мага бул дачаны төрт миң долларга сатып берип койсо, ушунусу туура эмес да. Беш жылдан бери мал багылып, көң коюлуп келген сарай эми эле жараксыз болуп чыгабы? Аны да мага айтпастан, кичүү балама телефон чалып "эртең сарайды бузуп кетем" дептир. Мен ошол жерден бүтүн турган сарайды эмнеге бүлдүрөт экен деп ачуум келди. Азыр Раздольныйга өзү үй салып жатат, көрсө, ошого жыгач-ташы жетпей, менин сарайым көрүнүп калыптыр. Эртең менен уктап жатсак балдар менен келип, сарайды бузганы калышыптыр. Мен жанына барып: "Айбек, бул жаңы эле сарай эле го, көп болсо беш жыл болду. Кичинекей болсо да мүлк эмеспи. Жөн кой, сен эртең эле мал багып каласың. Андан көрө акча таап берип тур десең болот эле го?" десем, "сен кайсы акчаңды берет элең?" деп мага кыйкырат. Ошентип, айтканга көнбөй сарайдын үстүнө чыгып барды. Ошондо гана чындап ачуум келип: "Маңкурт, акмак, кантип ушуга бардың? Мен сени төрөбөдүм беле? Эмчек сүтүмдү эмизбедим беле? Эмне, ырдасаң эле кыйын болуп каласыңбы?! Эми эл-журттун бетин кантип карайбыз? Баласы ушинтип кетиптир дедиртип кантип көчөгө чыгам? Багып алсам да мейли эле, өзүмдүн балам кантип ушуга барсын?" деп ыйладым. Ары жактан кошуналар келишти. Кошуна Багым эже: "Кой, Айбек, сен эл тааныган адамсың. Сенин колуңдан ушул келсе башкалары эмне кылат?! Айланайын, түш бери, кел кепке келели, сөзгө келели. Апаңды ыйлатпа"-деп жатып араң түшүрдү. Багым эже ары жакка алып барып сүйлөшүп келди. Болбой койду. Анан акырында: - Айбек, мейли, бузсаң буза бер. Ичинде толтура көң бар. Бүгүн ошол жыгач, көңдөрдү чыгарып алайын, эртең келип бузуп кет десем да болбойт. Кыскасы, ошол күнү бузуп кетти.
- Айбек байкенин "шаардын сыртында малдарым бар" дегенин угуп калган элек. Ошол малдары ушул сарайда багылса керек го?
- Мендеги болгон малын былтыр сатып бүтүргөн. "Азыр менин ишим жакшы жүрбөй жатат. Курулуш материалдар кымбат экен. Мен ушуну бузуп үйүмө керектейм" деп шыйпыр, жыгачтарын бузуп кетти. Дубалын дагы бульдозер менен сүздүрүп кетем деди. Мейли эми, бузчу нерсесин бузуп кетти. Сарайдын да айласы табылып күнүбүз өтөөр. Ушунун мага кереги бар беле, карыганда.
Мен ушуну бирөөдөн уксам "койчу, кантип эле ошондой кылсын?" деп ишенбейт элем. Мына, эми өзүмдүн башымдан өтүп жатат.
- Анара эже, бул үйбүлөлүк чыр да. Өз ара эле чечишип алсаңыздар болбойт беле? Негизи эле уулуңуздун жосунсуз жоругун калайык калкка жайып жаткандагы максатыңыз эмне?
- Негизги максатым, Айбек Карымовдун ким экендигин эл билсин. Менин улуу балам болгонуна карабай ал мени сенсиреди. Мен анын талантына таазим этип, ушул балам ушундай чыкты деп сыймыктанып жүрсөм, анын бул кылганы туура эмес да. Айбек энесине кечирилгис иш жасады. Багым эже: "Кой, эне-баласыңар, эртең эле апаңдын көзү өтүп кеткенде сен келип ыйлап көмөсүң" десе, "мен келбейм, өлсө өлө берсин" деди. Бул сөз маңкурттун сөзү да. Гезитке бербейт болчумун. Мени ушундай катуу капа кылып, жүрөгүмө так салды. Айбек мени аябагандан кийин мен эмнеге аяшым керек? Элдер "эмне үчүн өз баласын гезиттерге жазып жиберди?" деп айтышаар. Быйыл элүү жетиге чыктым. Пайгамбар жашына жетээрине аз калдым. Өзү сыйды билсе, эмне үчүн жамандамак элем? Гезиттерге жарыялашыма Айбек өзү күнөөлүү. Мени ушундай деңгээлге өзү жеткирди. Ичимдеги бугумду силерге айтпаганда кимге айтам, анда мен жарылып кетпейминби? Айттым, жаздырдым. Мындай мамилени эч ким көтөрө албайт деп ойлойм. Айбектин бул кылыгы башкаларга сабак болсун, башка балдар энелерине мындай мамиле кылбасын. Эң кымбат - эне. Биринчи Кудайды тааныйбыз. Андан кийинки эне да.
Анан да "мен журналисттерди чакырам, сени элге шерменде кылам" десем, "чакыра бер, сага ким келмек эле? Жазса менден сурап жазат. Сага ким ишенет? Көрүнгөн сүйлөсө эле жаза бермек беле?" дейт. Мына, эми мунун ким экенин эл билсин, Кыргызстан бүт билсин, жолдош-жоросу, душмандары, катышкандары, сүйгөн кыздары, баарынан да Гуланда билсин! Окуп туруп "мен кандай киши менен тааныштым? Кандай кишинин үй-бүлөсүн буздум?" деп ойлонсун. Менин максатым ошол.
- Эмнеге Гүланда?..
- Гүландасы менен жашап жүргөнүн угуп эле жүргөм, бирок, ишенчү эмесмин. Анысы үйгө келгенде кирбей, машинада калып калчу. Гуланданын концертине ата-энеси келген турбайбы. Ошондо Айбек үйгө келип айтып жатпайбы: "Апа, мен сизге айта элек элем. Жүрөгүңүз сезип эле жүрсө керек. Мен Гүланда менен жашап жүргөм. Ата-энеси "кызым менен ушинтип эле жүрө бересиңби? Астыбызга ата-энеңди жибер. Бизде да эл-журт бар. Ачыкка чыкпайсыңарбы" деп кысымга алып жатат. Эмне кыласыз?"-деди. Мен дароо эле барбайм деп жооп бердим. "Мен сага илгери эле айтчумун. Гүланданы алсаң, экөөбүз эне-баладан ажырашып калабыз. Мен ал кызды жаман көрөм. Анын көп нерселерин уккам. Сага татыктуу кыз эмес. Сен деген таланттуу баласың, таланттуу болгондон кийин талантыңа татыктуу бол. Эмне кыласың ушинтип. Андан көрө эки балаңдын апасы Бурул менен элдеш деген сөздөрдү айттым.
Ошондон биздин мамилебиз ыдырады. Ошол боюнча келбей койгон эле. Кыскасы, балам Гүланда менен жашагандан бери башкача болуп өзгөрдү. Анткени, менин "Гүланда менен жашаба, Бурулду деле сүйүп албадың беле? Эки балаң бар. Бул деле эртең Бурулдай болот. Түбөлүк эч нерсе жок. Мындан деле эртең сонунуң таркайт" дегендерим катуу тийиптир. Сыягы аябай катуу сүйөт го?..
- Бурул менен мамилеңиз кандай?
- Азыркы күнгө чейин Бурул менен мамилем аябай жакшы. Бурулду мен кызымдай көрөм. Бири-бирибизди сыйлап, ортобузда апа-кыздай мамиле бар. Ошон үчүн балдарын багып олтурам. Балдарда эмне күнөө? Чоңойгондо өздөрү түшүнүшөт. Бурул эч качан мага тике карап сүйлөгөн эмес. "Апа, сиз бар - ырысыбыз бар, сиз бар үчүн баарыбыз чогулуп олтурабыз" дечү. Мен кээде Айбек экөөнө кыйкырып калсам "Бизге сиздей киши керек, антпесеңиз чаржайыт болуп кетебиз" деп эле турчу. Анан Айбектин эмне болуп башы айланып жатат, билбейм. Неберелеримди көрүп канча ыйлап, жүрөгүм сыздап жүрөт. Бул байкуш балдар атасы менен апасынын маңдайында ойноп жүрсө, жакшы болбойт беле?
- Айбек балдарын жашырып жүрөт дешет. Чынбы?
- Биринчи жолу техникумда окуп жүрүп үйлөнүптүр. Аны деле мага айтпайт. Бир күнү "үйлөндүм" деп калды. "Окууңду бүтпөй эле кандай үйлөндүң?" десем, "мага ушундай жалаа жабылып калды, бирок, аны менен жашабайм" деди. Ошентип, атасы Үсөндүн үйүнө алып барып той өткөрүшкөн. Өзү айткандай эле бир ай жашап, ажырашып кетишкен. Ал келинден Кутман деген уулу бар. Быйыл он тогузга чыгат. Андан кийинки каракөлдүк Рахат деген келинчегинен Аскар аттуу уулу бар. Ал да чоңоюп, 14-15ке чыгып калды. Үчүнчүсү Айнура деген келинимден Медер деген уулу бар. Андан кийин Бурулду алды. Ал экөөнүн балдары Аруузат менен Шерзат. "Үч балам бар" деп айтып жүрөт. Эмне үчүн балдарын жашырат? Кээ бирлер балага зар болуп жүрүшпөйбү?!
- Анара эже, кечиресиз, өзүңүздүн да Айбек байкени кичинекей кезинде таштап кеткениңиз чын беле?
- Кандай десем? Башынан айтайынчы. Мен он алты жашымда Үсөнгө турмушка чыгып, он жети жашымда Айбекти төрөгөм. Чынын айтканда, өзүбүз жаш, турмушубуз оор эле. Жумгал районунун Миңкуш шаарчасында жашачубуз. Бир күнү Токтогулдун Саркамышынан кайненем келип: "Өзүңөр да кыйналып жатыптырсыңар, каршы болбосоңор баланы мен багып алайын. Эмнеси болсо да тунумдун тун баласы эмеспи" деп калды. Жолдошум экөөбүз кеңешип, кайненемдикин туура көргөнбүз. Ал кезде Айбек алты айлык ымыркай эле. Ушундан кийин эки айдай эмчектен чыгарып, үйрөтүп, сегиз айында чоң энеси алып кеткен. Андан кийин деле баламды сагынып, барып көрүп турдум. Ал эми үч жашка жеткенде экөөбүз тең иштеп, бир аз бутубузга туруп калгандыктан, Айбекти кайра колубузга алмай болуп алып келгенбиз. Бирок, биротоло үйрөнүп калган жаны чоң ата-чоң апасына куса болуп, бизге такыр көнбөй койду. Айла жок Айбек кайра кетти. Кийин эле биз Үсөн экөөбүз ажырашып кеттик. Ажырашуубуздун себеби болсо, Үсөндүн өзүнөн улуу бир аял менен жүрүп кеткенинде эле. Ошентип, Айбек чоң атасында, карындашы Айнура менде калды. Ошентип убакыт өтө берди, Айбек менен ал аскерден келгенден кийин гана табыштык.
- "Анар жолу" фильминде сиздердин тагдырыңыздар баяндалган турбайбы?
- Ооба, бул Айбектин идеясы. Менин, чоң ата-чоң апасынын аттарыбыз өзгөрүлбөй, калган каармандардын аттары өзгөртүлүп тартылган. "Анар жолу" деген фильмдин аталышы да менин ысымыма байланыштуу.

Ушундан кийин макала бир жактуу болуп калбас үчүн Айбек Карымовго кайрылдык.
- Айбек байке, апаңыз экөөңүздөрдүн ортоңордогу мамиле эмнеден улам бузулду?
- Сарайдын бузулушу апам экөөбүздүн жеке жашообузга тиешелүү да. Муну жазуунун кереги барбы? Негизи апам өзү чуу чыгарганды жакшы көрөт...