айлампа

Отуз төрт жыл изделген
Бакыт Букаев
Жашоо өз нугунда өтүп жаткандай сезилгени менен ар бир адамдын өзүнүн турмушу, тагдыры бар эмеспи. Кыргызда сураша келсе тууган, тааныш-билиш чыгып, аягы куда-сөөк менен жыйынтыкталат. Анан да дүйнөдө жети адам бири-бирине окшош болот деген сыяктуу сөздөргө ишенип келебиз. Айтайын дегеним, бүгүн биз отуз төрт жылдан бери табыша албай келаткан эне-баланын жолугушуусуна күбө болдук.

Ысык-Көлдүк Ыдырыс ата менен Аравандык Канайым апа баш кошуп, бирге түтүн булатышат. Экөө Бакыт аттуу уулдуу болуп, уулуна тогуз ай болгондо ата-энелеринин "жол алыс, бири-бирибиз менен байланыша албай калдык" деген кулактын кужурун алган сөздөрү акыры үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет. Ошентип, аялынын артынан барган Ыдырыс ата аялынан терс жооп угуп, тогуз айлык баласын колтуктап, өзүнүн туулган айылына кайтат. Ошол бойдон эне-беле катышпай, арадан отуз төрт жыл өтөт. Канайым апа турмушка чыгып, бала-бакыралуу болот. Балдары майда болгондуктан, аларды багып, тиричилик өтө берет. Улуу баласы Бакытты издегенге шайы да, шарты да туура келбейт. Анан акыркы эки жылдан бери Канайым апанын бир тууган сиңдиси Саламат жээни Бакытты издей баштайт. Кызыгы, Саламат эже ошол убакта шоу-мен Бакыт Букаевди телевизордон көрүп калып, анын кыймыл-аракетин, кашын, чачын, сүйлөгөндөрүн жездеси Ыдырыска окшотот. Анан жээни Бакытты Бакыт Букаев деген ой менен анын дарегин сураштыра баштайт. Себеби, Ыдырыс атанын Саяк Букеев деген агасы болгон. Ыдырыс ажырашып кеткенден кийин эле Саяк байкеси менен Гүлай жеңесине баласы Бакытты бактырып жүргөндөрүн угуп калышкан. Ошондон улам атасынын Тургунбаев деген фамилиясынан Букеев болуп Саяк байкесинин фамилиясына өтүп алган турбайбы деп ойлойт. Тапкан даректери боюнча эки жылдан бери Саламат эжеси менен туугандары Бакыт Букаевдин тынчын алып, биздин бала болосуң деп башташкан. Бакыт Букаев алардын баласы эместигин айтып жатса да, "сен биздин баласың" деген жоопту гана беришкен. Акырында Бакыт "Кайдасың?" телекөрсөтүүсүнө барууларын сунуштаган.

Изделген Бакыттын бир тууган таежеси Саламат Мамаева:
"Бакыт Букаевди
жээним деп ойлогом"
- Саламат эже, жээниңиз Бакытты кандайча издеп калдыңыз?
- Мен Бакыттын апасы Канайымдын бир тууган сиңдиси болом. Жездем менен эжем ажырашып кеткенде улуу баласы Бакытка болгону тогуз ай болчу. Артынан келген жездем алгач кетпей койгон, анан колуна баланы бергенбиз. Ошондон бери кабары чыкпай, байланышыбыздын үзүлгөнүнө отуз төрт жыл болду. Апасы да баласын ойлоп жүрүп оорукчан болуп калды.
- Эмне себептен Бакыт Букаевди биздин бала деп күмөн санадыңыздар эле?
- Менин жээнимди издей баштаганыма эки жылдай болуп калды.Телевизордон Бакыт Букаевди көрүп анын кашын, баскан-турганын жездеме окшоштурдум. Аты да Бакыт болсо, фамилиясы туугандары Букеевге окшош болуп жатпайбы деп Бакыт Букаевди сураштырып жүрүп таптым. Мен ага байланышып сүйлөшсөм, "мен силердин балаңар эмесмин" деп мага түшүндүрүп айтып, "Кайдасың?" телекөрсөтүүсүнө кайрылууга багыт берген.
- Анан "Кайдасың?" телекөрсөтүүсүнөн сиздин жээниңиз ким болуп чыкты?
- Ал жакка барсак, "табылганда өзүбүз байланышабыз" деп болгон даректерибизди, сүрөттөрдү алып калышты. Анан эки жумадан кийин эле "балаңар табылды, көрсөтүүгө келгиле" деп жатышпайбы? Көрсөтүүгө эки жумада эле бизди чакырып, балаңар табылды дегендерине караганда биздин бала Бакыт Букаев эле го деп жатканбыз. Анткени, мен ага телефон чалып "экөөбүз жолукпайлыбы" десем эле күлүп сүйлөп, "студиядан жолугабыз" деп менден качып жаткан.
- Сиз Бакыт Букаевдин ата-энеси жөнүндө сурадыңыз беле?
- Ооба. Сурасам, атасы кайтыш болуптур. Азыр жетимиш беш жаштагы апасы бар экен.
- Жыйынтыгында сиздин издегениңиз Бакыт Букаев эмес, башка болуп чыкты. Кандай сезимде калдыңыз?
- Отуз төрт жылдан бери таппай жүргөн балабызды эки жумада таап алганыбызга кубанычтабыз. Бирок... Бакыт Букаев эле болсо керек деп ойлогонбуз. Дагы деле ошол оюмдан кайта албай жатам.

Бакыт Букаев:
"Мени атасына
окшоштурушуп..."
- Бакыт байке, бул үй-бүлөгө кандайча кабылып калдыңыз?
- Мени менен байланышып жүргөндөрүнө бир жыл болду. Алгач жаш эле жигит "Сени биздин балага окшоштуруп жатабыз, жолукпайлыбы?" деп бир топ сөздөрдү айтып мени жолугушууга чакырып калды. Анан гезит, телевидениедеги тамашалар го деп алгач ишенген жокмун. Эми атайын чакырып жатса барса барайынчы деп жөнөп калдым. Жолугушууда болгон окуяны айтып беришти. Мен таптакыр ишенгим келген жок. Себеби, менин өзүмдүн ата-энем, бир туугандарым бар да.
- Изделип жаткан Бакыттын документтери да сиздикине окшош бекен?
- Жок. Мен документтерин сураганда алар Түп районунан алганбыз дешкен. Түптөн сураштырып текшертсем, андай документ жок болуп чыкты. Көрсө, Араван районунан алыныптыр. Болгону атыбыз гана окшош болуп жатат.
- Ал баланын сүрөттөрүн көрдүңүзбү?
- Көрдүм. Бирок, мага окшош жактары деле жок. Болгону телевизордон көрүп чачымды, кашымды, баскан-турганымды баланын атасына окшоштурушкан. "Сен биз тарапка окшоп эле турасың" деп өзүлөрүнүкүн беришпейт. Кантип эле деп бир чети күлкүм келсе, бир чети таң калдым. Мага комедия болсо, аларга трагедия да. Анан "Кайдасың?" телекөрсөтүүсүнө кайрылганга туура келди. Буюрса, чыныгы Бакыт табылып, абдан сүйүнүп жатам. Эми алар менен катышып, иним катары байланышып турам деген жакшы ниеттерим бар.

Бакыт:
"Апамды
тааныбай калгам"
- Бакыт, кандай сезимде болуп жатасыз?
- Мен азыр эч нерсе деп айта албайм. Сүйүнүп,толкунданып турам. Мен кичинекей болгондуктан, апамды тааныбай калгам.
- Апаңыз экенине ишендиңизби?
- Ооба, ишендим. Апам жөнүндө айтып калышчу. Аябай ыраазымын. Эч нерсе деп сүйлөбөй эле коёюнчу..

Ошентип "Кайдасың?" телекөрсөтүүсү аркылуу эне менен бала, бир туугандар табышып олтурат. Адамдын жеке жашоосуна кызыктар болуп, кайгырып турган каректерге сүйүнүчтүн көз жашын тартуулаган аталган көрсөтүүнүн жалпы жамаатына бекем ден-соолук каалайбыз.

Айнура Султанова




  Жаңы ысым

Медияр Абдышев:
"Болгон мүмкүнчүлүгүмдү
чыгармачылыгыма жумшоодомун"
"Атадан уул төрөлөт" деген сөз бекер айтылбаган тура. Атасынын басып өткөн өнөр жолун улап, экинчи өнөрүн узартып келаткан жаш ырчы Медияр Абдышев менен тааныштырсак.

- Атам, мен үч жашка толгон кезимде бул дүйнө менен кош айтышкан экен. Турмуш шартка байланыштуу Нарын шаарында таене-таятамдардын жанына көчүп кетип, ал жакта тарбияландым. Атам абдан таланттуу, өнөрпоз адам болгон экен. Кан-Коргондо музыка мугалими болуп эмгектениптир. Өзүнүн жараткан обондуу ырларын тилекке каршы элге жеткире албай кете берди. Мына ошол ачылбай калган чыгармаларын жанданткым келди. Атамдын жолун улап, ырларына кайрадан өмүр берип, арбагын ыраазы кылсам деген тилегим бар. Кичинемден ушундай ой-тилек менен чоңойдум десем жаңылбасмын. Атам жетпей калган жетишкендиктерге мен жетсем дейм. Учурда атамдын "Элестетем" деген ырын жаздырдым.
- Атаңдын өнөрү сенде гана барбы же?..
- Жок, негизи үй-бүлөбүз менен өнөргө бай адамдарданбыз. Улуу агам Искусство институтунда актёр жаатында билим алууда. Экинчи байкем Эдияр музыкант. Балким, менин ырдап калышыма ушул чөйрө да кандайдыр бир таасирин тийгизгендир. Туугандырыбыз "атаңардын атын таанытып, өнөрүн улагыла" деп кеп-кеңештерин берип, атам туурасында көп жакшы ойлорун айтып келишет.
- Ошко барып турасыңарбы?
- Былтыр 11-классты бүткөнүмдө барып келгем. Менин мүнөзүмдү, өң-келбетимди атама окшоштурушат. Эжелерим Россияда иштешет. Апам Актилек деген иним менен бирге Нарында жашайт. Апам менин ырдаганымды колдоп, моралдык жактан дем күч берип турат.
- Ырдагандан башка дагы кандай өнөрүң бар?
- Кыл кыякта ойнойм. Аккордеон чертем. Анан сүрөт тартканга абдан кызыгам. Атам дагы сүрөттү жакшы тартчу экен. Ошол өнөрү да мага өтүптүр. Сүрөт жаатында көп ийгиликтерге жетиштим деп баса белгилеп айта алам. Бул өнөрдү балким, тубаса десем да болот.
- Алдыда кандай максаттарың бар?
- Кудай буюрса, Искусство институтуна быйыл тапшырсам деп кам уруп жатам. Мурда кафелерде ырдачумун. Азыр болгон мүмкүнчүлүгүмдү чыгармачылыгыма жумшоодомун. Ушул ойлорум ишке ашса, алдыдагы койгон ой-максаттарым өз алдынча жыла берет эле. Ырчы болуп чыгып жаткандан кийин музыкалык билим алып, профессионал ырчыга айлансам деген тилектемин.

Р.Жээнбекова