п»ї
 Таанышуу жарыясы


Журналист А.Мониевге кол салган ким?
Оппозициялык маанайдагы "Ачык саясат" гезитинин кызматкери Абдувахаб Мониевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Гезит жетекчилиги муну түздөн-түз журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.
Журналист Абдувахаб Мониевге кол салуу жума күнү кечки саат тогуздар чамасында Жаш Гвардия - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. "Ачык саясат" гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Рыскелди Момбековдун айтымында, Мониевге белгисиз бирөөлөр телефон чалып, "маанилүү маалымат бар" деп жолугушууга чакырган. Белгиленген жерге барган журналистти кимдир бирөөлөр сабап кетишкен. Бул кол салуудан жаракат алып, бети-башы көгала болгон Абдувахаб Мониев учурда республикалык ооруканада дарыланууда.
Гезит жамааты бул кол салууну Мониевдин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.
"Абдувахаб Мониев гезитке эки-үч ат менен (псевдоним) макалаларды жазып келген. Акыркы убакта кимдир бирөөлөр ал жазган макалалардын автору ким экенине кызыгып, анын телефонун сураган учурлар болгон. Ал акыркы убактарда саясатка көп кайрылып, "Саясий бейне" деген рубриканын астында жогорку бийликте отурган айрым кишилер тууралуу материалдарды жаза баштаган. Бул кол салуу анын журналисттик ишине байланышы бар деп биз жүз пайыз ишеним менен айта алабыз. Менимче, анын башка душмандары жок эле, ал жазган сын макалалар ушул кол салууга себеп болду" дейт башкы редактордун биринчи орун басары Р. Момбеков. Айрым талдоочулар да бул окуяны сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашууда. Коомчулукта болсо соңку жылдарда өлкөдө журналисттерге кол салуу күчөп баратканы байма-бай айтылып келет. Маселен, быйылкы жылдын март айында эле төрт журналист сабалган. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча 2005-жылы журналисттерге кол салууга байланышкан 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы болсо 19 окуя катталган. 2007-жылы Ошто журналист Алишер Саипов атып өлтүрүлгөн.

Өзбек чегарачылары кыргыз жаранын атып кетишти
КР чегара кызматынын Ош облустук отрядынын командири бир кишинин өлүмүнө алып келген бул окуяны териштирүү максатында Өзбекстандын чегара өкүлчүлүгүн сүйлөшүүгө чакырган. Бирок өзбек тарап баш тартты, деп кабарлады КР чегара кызматы. Маалыматта айтылгандай 7-июнь күнү өзбек чегарачылары бир жигитти атып жарадар кылып, андан ары Өзбекстанга сүйрөп кирип кетишкендигин таксист көрүп, күбө болгон. "Кармалган жаран Өзбекстандын Достук айылындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан жана октон алган жараатынан каза болгон," деп айтылат маалыматта. Бул окуя боюнча КР чегара кызматы УКМК, Кара-Суу райондук прокуратурасы менен чогуу иш алып барууда. Эске сала кетсек, 7-июнда таңга маал саат 06.00 чамасында Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов "Достук" чек ара бекетине жакын жерде кетип бараткан учурда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен.

Россия күнү
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсү боюнча, 12-июнь күнү борбор калаанын эски аянтында "Россия күнү" белгиленет. "Россия күнү - Улуттар ортосундагы биримдиктин жана түшүнүүчүлүктүн күнү" деп аталган майрамдык салтанат ар кайсы улуттун каада-салттарын жана бири-бири менен болгон ынтымагын сактоого арналган. Бул майрамдык салтанатты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен "Эффективдүү шериктештик" Фонду уюштурууда. Эски аянтта "Диаспоралар шаарчасы" аттуу программада элдик чыгармачылык, улууттардын тамак-аштары, элдик оюндар жана каада-салттар да өткөрүлөт. Россиянын Эгемендүүлүк күнүнө арналып уюштурулуп жаткан бул майрамдык салтанатка, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов жана Кыргызстандын мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү менен белгилүү коомдук, саясий ишмерлер катышат.

Эс алуучулардын балдары үчүн атайын бала бакча
Жакында Ысык-Көл районундагы "Фонтан" эс алуу борборунда бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болду. Борбордун башкы менеджери Лариса Сагаида Ысык-Көл жээгиндеги бир да эс алуу жайда буга чейин бала багуу кызматы уюшулбаганын белгиледи. Туристтер эми балдарын бул жерге бактырып, кеңири эс алууга мүмкүнчүлүк алат. Ал жерде балдар үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, пайдалуу оюнчуктар бар. Ымыркайдан баштап 8 жашка чейинки балдарды кароо үчүн - жогорку деңгээлдеги врач тарбиячылар атайын текшерүүдөн өткөн. Кызмат акысы жаш өзгөчөлүгүнө карата төлөнөт.

Талапкер К.Асылбеков БШКны сотко берет
Президенттикке талапкер Куттубек Асылбековдун айтымында, БШК жарандардын колу топтолчу документтин үлгүсү боюнча туура эмес түшүндүрмө бергендиктен өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чогулткан колдун баары жараксыз болуп калды.Ошон үчүн талапкер БШК мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Ал эми БШКнын мүчөсү жана талапкерлер менен иштечү жумушчу топтун жетекчиси Жамиля Алымбекова Асылбеков буга чейин мындай арыз менен БШКга кайрылгандыгын жана комиссияга коюп жаткан дооматына негиз жок экендигин билдирди. Анын айтымында, талапкердин өкүлдөрү колдор топтолчу үлгү документти туура эмес пайдаланышып, колдор туура эмес толтурулгандыктан бир дагы облустук жана шаардык шайлоо комиссия аларды кабыл алган эмес.




ДҮЙНӨ дүбүрт
Аэробустун кыйрашынан 17 адам мерт болду
Air France авиакомпаниясынын А330-200 аэробусунун болжолдуу кулаган районунда иликтөө жумуштарынын жүрүшүндө дагы 11 адамдын сөөгү табылган. Бул туурасында 8-июнда бразилиялык аскер кызматчыларына таянуу менен France-Рresse агенттиги билдирген. Бразилиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү белгилегендей, иликтөөлөр жүргүзүлүп жаткан райондон алдын ала корутундуга караганда Air France аэробусуна таандык көп сандаган сыныктар жана Атлантика океанынын үстү жагынан жок болгон аэробустун бортундагы 17 адамдын сөөгү табылган.
А330-200 аэробусу бортундагы 228 адам менен Рио-де-Жанейродон Парижге учуп бараткан. Бразилиянын жээгинен 350 км аралыкта лайнер менен байланыш үзүлгөн.Аэробустун кыйрашынын себептери азырынча тактала элек.

Литванын президенти ооруканада

Литванын президенти Валдас Адамкус Вильнюстун ооруканаларынын бирине жаткырылды.Адамкустун жеке врачы Ремигиюс
Наргеланын айтымында, анын ооруканага жатып калышынын себеби Адамкуска 2008-жылдын майында салынган кардиостимулятордун иштешиндеги үзгүлтүктөн шектенүү болду. "Мен аны текшерүүгө жиберүүнү сунуш кылганмын",- деп билдирген Наргела.
Валдас Адамкус 2009-жылдын майында президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дали Грибаускайте кызматына киргенге чейин Литванын президенти болуп кала берет. Ал президенттик шайлоого катышкан эмес. Грибаускайте президенттик кызматты июлда ээлейт.

26 адамды жексен кылган жер көчкү

Кытайдын түштүк-батышында болгон жер көчкүдөн 26 адам курман болду. Бул туурасында CCTV кытай телеканалына таянуу менен Associated Press маалымдаган.
Ошондой эле учурда 52 адам дайынсыз болууда. Маалыматка ылайык, жер көчкү Сычуань провинциясындагы Улун уездинде болгон. Курман болгондордун арасында кырсык болгон зонада жайгашкан тоо кен казып алуу ишканасынын 19 кызматкери бар. Ал эми 27 кенчилер жер көчкү учурунда забойдо болушкан жана алар дагы дайынсыз жоголгондордун катарында. Ошону менен бирге жергиликтүү 25 тургун да дайынсыз.
Учурда издөө-куткаруу операциясына 500 адам тартылган. Акыркы маалыматтарга ылайык, жети адамды аман алып калууга мүмкүн болду. Алардын үчөө оор жаракат менен ооруканага жаткырылды.

София Ротарунун ысымын пайдаланышкан алдамчылар

Москванын милициясы мыйзамсыз пайда алуу үчүн ырчы София Ротарунун ысымын пайдаланышкан алдамчыларга карата жазык ишин изилдөөдө.Тергөөнүн маалыматтары боюнча, алдамчылардын тобу ырчынын атынан чыгып, анын концерттерин өткөрүүгө бүтүмдөрдү түзгөн. Андан кийин кылмышкерлер алган акчалары менен көздөн кайым болушкан. "Өзгөчө ири өлчөмдөрдөгү алдамчылык" берениси боюнча жазык иши козголгон. Кылмышкерлер алган каражаттардын суммасы айтылган эмес.

Ливанда парламенттик шайлоо өттү

Ливанда парламенттик шайлоодо Батыш колдогон антисириялык коалициянын лидери Саад Харири менен Сирия, Иран колдогон шийилердин "Хезболла" уюму жана анын шериктеринин ортосунда таймаш айрыкча курч болоору күтүлүүдө. Ливандын мурдагы премьер-министри, террордук кол салуудан мерт кеткен Рафик Хариринин уулу Саад Харири кечээ Бейрутта тарапкерлери менен жолугушту. Алдын-ала божомолдоолорго караганда, Саад Хариринин коалициясы 128 орундуу парламентте 70 орунга, ал эми алардын атаандашы - "Хезболла" уюму 58 орунга ээ болушу ыктымал

Махмуд Ахмадинежад кайрадан сынга алынды

Иранда президенттикке талапкерлердин бири өлкө башчы Махмуд Ахмадинежадды кайрадан сынга алды. Оппозициячыл саясатчы Мир Хоссейн Мусави президент Ахмадинежад өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалыматты элге бурмалап жеткирүүдө деп айыптады. Сыналгыда сүйлөгөн сөзүндө Муссави инфляциянын көрсөткүчү тууралуу Ирандын Борбордук банкынын расмий маалыматтарын аныктады. Анда инфляция 25 пайызды түзөрү айтылат. Буга чейин Махмуд Ахмадинежад Иранда инфляция 15 гана пайызды түзөрүн айткан. Мир Хоссейн Мусави 12-июнга белгиленген шайлоодо Махмуд Ахмадинежаддын негизги атаандашы катары каралууда.

Дагестанда ички иштер министри киши колдуу болду

Кабарларга караганда Адилгерей Магомедтагировду Дагестандын борбору Макачкалада атып кетишти. Интерфакс агенттиги дарыгерлерге шилтеме берип, ал алган жаракатынан ооруканада каза тапканын билдирди. Ал эми "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги коопсуздук кызматынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип кабарлаганына караганда, Магомедтагиров Макачкалада үйлөнүү үлпөтүнө катышып жаткан кезинде снайпер тарабынан атылгандай. Чеченстанга коңшу Дагестанда исламчыл согушкерлер, жөн эле куралдуу кылмышкерлер жана ич ара бийлик талаш менен байланышкан кыянатчылыктар такай орун алып келет.

Анжелина Жоли - дүйнөдөгү эң таасирдүү адамбы?

"Форбс" журналы Голливуд жылдызы Анжелина Жолини дүйнөдөгү эң таасирдүү адам деп тапты. Актриса Анжелина Жоли кайрымдуулук ишмердүүлүгү менен белгилүү. "Форбс" журналы жыл сайын дүйнөдөгү таасирдүү 100 адамдын тизмесин жарыялап келет. Бул тизмеге алгачкы ирээт АКШ президенти Барак Обама да кирди. Обама тизмеде 49-орунга жайгаштырылган.

Маалыматтар "Акипресс", "Азаттык", "Кабар" сайттарынан алынып даярдалды.
Ж.Маматбаева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??