п»ї

  БИлгениң оң

Кызыктар дүйнөсү
Даараткана кагазын үйдө жасайбыз
Ар түрдүү жаңы нерселерди ойлоп тапканга маш япон калкы бул жолу дагы өзгөчө аппарат ойлоп табышты. "Nakabayashi" компаниясы офистеги керексиз кагаздарды ыргытып жибербей дароо эле даарат кагазын даярдай турган аппаратын сатыкка чыгарышты. Анын баасы 95миң доллар, салмагы 600кг. Бул буюм бир сааттын ичинде А4 форматындагы 1800даана кагаздан башкача айтканда 7кг кагаздан эки ором даарат кагазын чыгарат. Компания бул керектүү буюм жана кийинки жылга чейин 60даана аппаратты сатабыз деп белсенип турушат.

Өмүр бою чачын өстүрүп…
Бул сүрөттөгү ветнамдык абышканын башындагы оролгон селдеси жөн эле кооздукка эмес. Өзүңүздөр көрүп тургандай анын ичинде абышканын чачы катылган. 72жаштагы Tran Vanдын чачынын узундугу 6м 2см.

Оюндан от чыгып…
30 жаштагы Москванын тургуну Игор 28 жаштагы жубайы Ольга экөө жубайлык мамилелерине өзгөчөлүктү киргизгилери келип бул жорукту ойлоп табышты. Игор эки күн мурда ата-энеси сойгон чочконун куйругун алып келди да, аялы менен болгон кумар убагында өзүн бир азга чочко сезгиси келди. Куйрукту түз эле өзүнүн "куйругуна" киргизип алып, тилекке каршы баары бүткөн соң аны чыгара албай бушайман болушкан. Обу жок чыккан оюн догдурлардын операциялык столунан аяктаган.

Кагаз аял
50 жаштагы кытай айымы Хуанг Ксянгджи элде жок өнөргө ээ. Ал өз терисин кагаз катары бардык жерде жана денесинин каалаган бөлүгүн колдоно алат. "Мен мындан эч кандай жапа чекпейм, тескерисинче мага абдан пайдалуу, өзгөчө дүкөнгө барганда унутуп калбаш үчүн ала турган нерселеримдин тизмесин колумдун сырткы бөлүгүнө тырмактарым менен жазып алам" дейт Хуанг айым. Таң калычтуусу бүт денесине ушундай жол менен түрдүү ыр саптарын жана белгилерди жазып чыкса да териси жабыр тартып канабайт, ал эми жазуулар өчпөйт. Бул айым өз өмүрүнүн дээрлик бардык эле жылдарында ушинтип денесине жазып келаткандыгын жана эч качан калем кагаз керек эместигин айтат. Ал эми дарыгерлер бул оору экендигин, бирок, ушул убакка чейин дүйнө жүзүндө мындай илдет менен катталган бир да адам болбогондугун айтышат.

ЭҢ… ЭҢ… ЭҢ…
Францияда 260 парфюмериялык фирма бар. Алар күнүнө 172миң флакон духи сатышат.
х х х
Гүлдү сүйүүчүлөр швецариялыктар болуп табылды. Ар бир 15 жаштан өйдө швецария тургуну жылына орто эсеп менен 94 еврону гүл сатып алууга коротот. Ал эми гүлдү эң аз сатып алгандар гректер экен. Алар бир жылда 16,3 евросун гүлгө жумшайт.
х х х
Саунаны сүйүүчүлөрдүн мекени Финляндия. Бул жерде 5 милл калк жашап, сауналардын саны 1милл 400миңге жетет.
х х х
Ал эми Ирландиялыктар бадык элдерге караганда сүттү көп ичкен калк. Бир адам жылына 156л сүт ичсе кийинки орунда турган финндиктер 153л сүттү бир жылда бир адам ичет экен. А макарон камырларын көп жегендер италиялыктар. Алар киши башына бир жылда 28кг коротот. Ошондой эле минералдык сууну дүйнө жүзү боюнча көп ичкен калк немец эли. Ар бир адам жылына 101л суу ичет.
х х х
Бардык европалык мамлекеттердин ичинен автотыгын көп болгон өлкө Англия. Ал эми аз болгону Греция. Англиянын чоң жолдорунда 1 сааттан ашык убакыттка жеткен тыгындар 20-25 жолу болсо Грецияда бул көрүнүш суткасына 1-2гана жолу кездешет.
х х х
Ал эми мобилдик байланыш эң көп колдонулган кайсы шаар дегенде Нью-Йорк деп жооп беришет. Бирок, бул наминацияны Мекке шаары алат.


Кыздык белги канча турат?
"21-кылым" техниканын заманы деп эле баардык нерсени колго жасап алса боло тургандай сезебиз. Ананчы, буга мисал кудай таалам берген келбетти да, нааразы болгондор өзү каалагандай кылып жасатып алып жатышпайбы. Бул "пластикалык операция" деген медициналык термин азыр баарыбызга жеткиликтүү эле болуп, дүйнөнүн баардык эле өлкөлөрүндө колдонулуп жатат. Мына ушундай операциянын дагы бир түрү болгон, учурда өзгөчө "модага" айланганы бул-гименопластика деп аталат. Гименопластика-жалпак тил менен айтканда "кыздык белгини кайра орнотуу". Модага айланганын ушундан билиңиз, учурда Америкада өзгөчө 40-45жаштагы айымдар ушул маселе менен адистерге көп кайрылып жатышыптыр. Алардын дээрлик көбү үй-бүлөлү, ал тургай балдары да чоңоюп калган. Адистер бул айымдардан операция жасатышынын максатын сураганда көпчүлүгү же күмүш тойлоруна же күйөөсүнүн туулган күнүнө ушундай өзгөчө белек тартуулоону каалагандыгын айтышат. Ал эми айрымдары жолдошунун башка айым менен алмаштыруусун алдын алып жаткандарын айтса, кээ бирлери жөн гана кызыкчылык деп жооп беришкен. Гименопластиканы бизнес катары колдонуп, бир эмес бир нече жолу жасаткан да бийкечтер жок эмес экенин угуп эле жүрсөңүздөр керек. Алардын баасы да ар мамлекетте ар түрдүү. Мисалы: Британиялык модель кыз жасалма жол менен жасаткан абийирин аукционго койгон. Ага катышкан 400 мырзанын бирөөсү мындай модель менен болгон бир түнүн 80миң фунт стерлинге баалаган. Бул айым жасалма жол менен жасаткан абийирин ушунча акчага баалап жатса, кудай берген өз белгисин акча үчүн сатыкка койгон башка бийкечтер да бар экен. Алардын кээ бирөөөлөрүн айта кетсек, чилиялык студент "кыз" өз белгисин 350 фунт стерлингге бааласа, россиялык 18 жаштагы бийкеч болгону 10 000 рублге саткан. Ал эми бул операциянын баасы анын жасалып жаткан өлкөсүнө карап, 200 америка долларынан 600 долларга чейин турат. Гименопластиканын да эки түрү бар. Убактылуу жана дайыма. Убактылуу кыздык белгисин койдуруу 7-10 күндүк болсо, дайымасы каалагандарга өмүр бою. Бирок анын да өзүнчө мүшкүлү бар. Убактылуу болчу операциядан айырмаланып, күчтүү оору айрым учурларда өмүр менен кош айтышуу коркунучу коштойт. Ошентсе да күндөн-күнгө суроо-талапка ээ болуп жаткан гименопластиканы жасатууда Араб өлкөлөрү биринчи орунда турат. Андан кийинки орунду латын америкалыктар ээлесе, жакынкы эле Россия мамлекети да бул иште алдынкы орундарда. Россияда бул маселе боюнча адистерге көбүнчө мусулман айымдар кайрылып, алардын дээрлик бардыгы үй бүлө кураар алдында тургандыгын жана буга чейин кыздык абийиринен өз каалоолору менен айрылбагандыгын айтышат. Ал эми Клара Мидмор "Мен мындай айымдарды, өзгөчө ыйык белгисин акчага сатып, кайра жасаткандарды такыр түшүнбөйм"-дейт. Клара айымдын учурда жаш курагы 105те. Ал 1912-жылы кырсыктаган Титаник кемеси жөнүндө ошол убакта кандай ызы-чуулар болгонун жана биринчи дүйнөлүк согушту дал бүгүнкү күндөгүдөй эстеп, айтып берет. Ал эми үй-бүлө куруу башкача айтканда күйөөгө чыгуу деген табигый нерселерге өз оюнда 12 жаштагы секелек кезинде чекит койгон. Биздин заманда кыз бала эрезеге жетип, бой тартып калгандан эле аларга улуу айымдар ар түрдүү кеп кеңештерин айтып, биринчи түн кандай болорун жана эмне кылыш керек, эмне кылбаш керек деген нерселерди үйрөтүшөөр эле. Ошондо эле мага жыныстык катнаш деген сөз жаккан эмес жана кийин да бул оюмду өзгөртө алган жокмун. Албетте, баардык бийкечтердей эле келишкен келбеттүү болуп чоңойдум, бир топ дос күттүм. Алардын ичинен чын жүрөгүм менен сүйгөн мырзам да болду. Бирок менде эч убакта "каалоо" болгон жок, мунун дагы бир себеби биздин убакта күйөөгө чыкканга чейин эркек менен бир төшөктө уктоо деген болбойт эле дейт Клара айым. Ошондой эле өзүнүн узак жашоосун жана ушул жашка келсе да ден соолугунун бекем экенин Клара Мидмор "кыз" экендиги менен байланыштырат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??