п»ї

Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Доктурга келген аял күйөөсүнүн түн ичинде сүйлөй бергенин айтып арызданат. Доктур:
- Анда мен азыр сизге күйөөңүздүн сүйлөгөнүн калтыра турган дары жазып берем.
- Токтоңуз, доктур! Андан көрө тагыраак сүйлөй турган дары жазып бериңизчи?!

- Оо, чоң кыз, бүгүн аябай ачылып алыптырсыз го?!
Кыз уялыңкы:
- Рахмат! Сиз сулуу кыздардын баарына ушул сөзүңүздү айтасызбы?
- Жок, сулууларга башка сөз айтам.

- Мен ооруймунбу, оорубаймынбы, сөзсүз түрдө айына бир жолу доктурга барып турам. Доктур деле жашаш керек да…... Анан ал мага дарыларды жазып берет, мен дарыканага барып аларды сатып алам. Дарыканачы деле жашаш керек да...… А мен болсо ал дарылардын баары ыргытып салам.
- Эмнеге?
- Мен деле жашашым керек да.

- Ой, балаң тимеле жакшынакай го! Көздөрү бакыракай, келбети келишкен, тиштери жөн эле күрүчтөй тизилет! Эме...… дос, карызга миң сом берип турчу?
- Бере албайм, бул менин аялымдын баласы. Биринчи күйөөсүнөн….

Студент географиядан экзамен тапшырып жатат. Суроолорго начар жооп берет. Профессор:
- Да-аа, жигит, мээң тептегиз чөл турбайбы.
- Болушу мүмкүн…... Бирок, ар бир чөлдө оазис бар, агай. Аны кеңкелес төөлөр гана байкашпайт.


Мугалим Асандын апасына кат жазып жиберет: "Асан аябай жакшы окуйт, бир кемчилиги - ал кыздарга өтө жакын". Апасынын жообу: "Эгер жолун тапсаңыз мага кабарлап коюңуз, Асандын атасында да дал ушундай маселе бар".

Короодо эки карыган кемпир сүйлөшүп отурушат. Бири экинчисине:
- Мен өзүмдүн көз боочу экениме кечээ дагы бир жолу ишендим.
- Кантип?
- Троллейбуска түшкөндө отуруп бараткан кайсы жигитти карабайын, дароо уктап калат.

- Жаным, туулган күнүңө эмне белек кылайын?
- Эч нерсенин кереги жок. Ичпей эле келчи? Ошол мен үчүн чоң белек болот.
- Муну мен сага кечээ белек кылгам. Кайра-кайра эле бир белекти ала бергенде эмне?..

Эки курбу сүйлөшүп жатышат. Бири экинчисине:
- Сен билесиңби, аялдарга караганда эркектер машинасын аварияга көп учуратышат экен.
- Койчу? Эмнеге?
- Анткени, аялдар машинасына күйөөсүндөй мамиле кылышат, эркектер аялындай…

Сотто ажырашуу жөнүндө иш жүрүп жатат. Тергөөчү аялдан сурайт:
- Бул кишиге эмне үчүн турмушка чыктыңыз эле?
- Күн сайын эле ичип жүрсө, демек, жакшы табат экен деп ойлодум да.

Жигит кызга:
- Сен түштүн туура чыгышына ишенесиңби?
- Ооба.
- Анда чечин!

Кайра эле жигит кызга:
- Эгер мен сени өөп алсам эмне кыласың?
- Чоң атама айтам.
- А кучактасамчы?
- Чоң атама айтам.
- Чечинтип кирсемчи?
- Чоң атама айтам.
- Эмнеге башкага эмес, чоң атаңа айтасың?
- Ал дүлөй да.…

Еврей нотариуска келет.
- Силерде мурас калтыруу боюнча документ түзсө болобу?
- Болот, албетте.
- Мөөр басылган кагазыңар барбы?
- Албетте бар. Мынакей, толтура бериңиз.
Бир аздан соң:
- Кечиресиз, акыркы суроом: "Эч кимге" деген сөз чогуу жазылабы же бөлөк жазылабы?

Студент аудиториядан чыгат. Группалаштары жабылыша:
- Эмне болду? Тапшырдыңбы?
- Тапшырдым окшойт…...
- Эмнени сурады?
- Ким билсин? Орусча сурады.

Врач оорулууга:
- Куттуктайм! Операциянын биринчи этабы ийгиликтүү өттү.
- Кантип? Сиз али эч нерсе кыла элексиз го?!
- Бирок, акчасын алдым да.

Журналист депутаттан интервью алып жатат:
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Жогорку Кеңештеби же негизи элеби?

- Саясатчы менен бөбөктөрдүн жалаягы окшош дейт, чынбы?
- Чын, себеби, экөөн тең тез-тез алмаштырыш керек, болгондо да бир эле себеп менен!


МАИ:
- Эмнеге токто десем токтогон жоксуз?
- А мен "Саламатсызбы, урматтуу мэр!" деп түшүнүптүрмүн аны.
- А-а...… албетте, урматтуу мэр! Мен сизге жол тайгак жана тар экенин эскертейин дегем.…


- Кыргызстандагы дыйканчылыктын түшүмү мол болуш үчүн эмне кылыш керек?
- Бири-бирибиздин башыбызга бок-сакты төккөндү токтотуп, анын баарын талаага алып барып төгүү керек.



Жаңы указ чыкты. Указ боюнча гастролдо көп жүргөн артисттер Кыргызстандын бардык булуң-бурчундагы балдарын жыйнап, өздөрүнө алууга укуктуу. Рахман Разыков отуз чакты баланы жыйнап келип дарбазадан эле аялына кыйкырат:
- Балдарды чакыр, бул бир туугандары менен тааныштыралы!
- Алар жок, кечээ алып кетишкен…...

Күлкүчү кыз




"Балам, мен бешинчи топтогу майыпмын"
Бир күнү жумуштан чарчап чыгып өзүмдүн 10-троллейбусумду күтүп туруп калдым. Элдин баары жумушунан кайткан мезгил болгондуктанбы, троллейбустун ичи жыкжыйма. Арт жакта турсам, бир аздан кийин эле бир аял түшүүгө камынып ордунан козголуп калды. Буттарымды тарта албай араң турган жаным ичимден "кым" дей түшүп бошогон орунга жармаша калдым. "Өх!" деп эми эле орундукка көчүгүмдү бассам кийинки аялдамадан карыган орус кемпир түшүп калбаспы! Башымды тетири буруп, көзүмдү жуумп отуруп алайын десем да болбойт. Маңдайыма гана туруп алыптыр. Анан да акырын тиземе түртүп коёт. Карасам минтет:
- Балам, мен бешинчи топтогу майыпмын.
"Бырс" күлүп жиберип чоң энени тамашалайын деп чечтим.
- Чоң эне, бешинчи топ деген жок, үчкө чейин эле болот.
- Ошо… демек, үчүнчү топтогу.
- Ал эң төмөнкү баскычы.
- Анда биринчи топтогу майыпмын, болдубу?
- Биринчи топтогу майыптардын бир мүчөсү жок болот. Колу, буту… Же көзү көрбөйт.
Кемпирдин жини келе түштү. Эми үнүн катуу чыгарып:
- Чоң жигит, менин отургум келип жатат!
- Анан биринчи эле ошентип айтпайсызбы, жарыктык!-деп орун бошотуп бердим. Жакын туруп, биздин маегибизге күбө болгондор кыраан-каткы түшүп калышты. Кемпир сүйлөнүп барып отуруп калды. Анда мен:
- Чоң эне, кечирип коюңуз, сиз менен жөн эле тамашалаштым. Кантип эле орун бошотуп бербей калайын?-деп күлүп кемпирдин далысынан таптадым.
Зайыр.





ф

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??