п»ї

  Шоу - биз Достор жана Кастар

Анжеликанын устаты Айчүрөк Иманалиева сүйкүм кызды көзүнүн карегиндей сактап, "Анжела" деп эркелетип келди. "Убакыт учкан куш" деген чын экен Анжелика бат эле бой тартып, суйкайып, сахнанын ажарын ачкан ырчы кызга айланды. Бул учурдун жыйынтыгы устатына таандык экенин айтып өтпөсөк болбос. Өзү айтмакчы, Анжеликага 99 пайыз эмгеги бар экенин ким тана алат. Айчүрөк айым "мына эми өсүп жетилди, такшалды, Кудай буюрса, эмгегимди кайтарып алам" деп кудуңдап турган кезинде, Айчүрөктүн кайырмагына эмес, өмүрлүк жолдошу Урматтын торуна түшүп бербедиби. Мындайды күтпөгөн эжекебиз бармагын тиштеп гана кала берди окшойт. Мына ушундан кийин эки ысыктын мамилеси сууй баштаган имиш. Сахнадан кучакташа калып ырдашып, калп күлүп учурашышканы менен бири-бирине болгон мамиле баштагыдай эмес экенин курган кулак угуп калат. Анан да устаты менен шакирти көп жерде бири-бирине болгон кайчы пикирлерди айтып келишкенинен кабарыбыз бар.

Жашоодо адам баласынын жашап өткөн жолу алаканга салгандай ачык айкын билине бербеси талашсыз. Ырчылар арасында бири-бирине болгон мамилелери ак-кара сызыктар менен коштоолору белгилүү. Дос күтүү, касташуу өңдүү… Шоу-бизнестин достору же кастары кимдер экенин билгиңиз келсе, төмөнкү макалага назар таштаңыз.

"Элитный" ырчылар Ома менен Ненанын достук мамиледе жүргөндөрүнө эки жылдын жүзү болду. Ар кандай кыйынчылыктарда, конкурстарга бараарда материалдык жактан болбосо дагы, моралдык жактан бири-бирине ар дайым жардам берип турушат. Күн алыс телефон чалышып, күнүнө смс жазышуудан тажашпайт. Ортодо достуктан башка эч нерсе жоктугун актанбастан, чын жүрөктөрү менен белгилеп кетишти.

Акбар Сүйүнбаев менен Гүл ырдап чыкканга чейин бирге окугандыктан жакшы достордон болчу. Качан гана экөөнүн ысымдары эл арасына тарала баштагандан тартып, чыгармачылыктан да ойлору бир экенин билдирип келишти. Ошондой эле ортодо сүйүү сезими да эки жашты жөн койбой кучагына алган экен. Албетте, жаштык кезде мындай учур ар адамда кезигет эмеспи. Узун кулактын укканына караганда Гүлдүн турмушка чыгып кеткенинен бери экөөнүн мамилелери суз дешет. Ошентип, жүрөгү ооруп калган Акбар мызанын "Гүлүм" деп ырдап калганы төгүн эмес тура.

Ал эми назик үндүү Неля менен кымча белдүү Бактыгүл Бадыеванын келишпестигин легендарлуу Урмат мырза экенин айтып келишсе, айрымдары көралбастык деген айың кептерди таратышууда. Кандай болгон күндө да, экөөнүн ортолорунун бузулушуна чындап Урмат тоскоол болгону билинип калды окшойт.

Тамаша дегенде жамбашынан жата калган алып баруучу Эрмек Нурбаев менен Алла Пугачеванын алкоосуна татыган Омар эки жылдан бери кыйышпас достордон болуп чыга келишти. Ар дайым экөө корпаративдик кечелерде бирге болушат. Ал учурда бири-бирине жардам көрсөтүүдөн баш тартышпайт.

Сүйлөсө сөздөрүнөн бал тамган, тилдеринен чаң чыккан алып баруучулар Нурзат Токтосунова менен Назира Айтбековада да атаандаштык ооздук бербей келет имиш. Баамыбызда "Мен кыйын, менден өткөн сен кыйын" дегендей мамиле жеңип келаткандай. Кызыгы, бул сулуулар жүз көрүшкөндө бири-бирине сыр беришпей жасалма жылмайышканы менен жүрөктөрү ачыла бербейт экен.

Замир Арыкбаев менен Султан Садыралиев "Кудача кызды" ырдап чыкканда тимеле эки талант эриш-аркак иш алып барып, жакшы ийгиликтерди жаратышкан. Калп айтканда не ырды там-туң баскан баладан тартып, эл ортонун элүүсүнө чыккан адамдар да ырдап калышкан эмес беле. Ыр болду ырдын эртеңине да кезек келип жетти. Акырында ырчылар казактын ырын "менин ырым, сенин ырың" деп талашып-тартышып, кыжыңдашып башташкан экен. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Замир Арыкбаев "Кудача кызды" ырдаган жерде Султан Садыралиев ырдабайт имиш. Себеби, ырга сөзүн улап жазган, Султанды алгач сахнага алып келген Замир Арыкбаев турбайбы. Деги кайсы бирин айталы. Сөзүбүздү ушул жерден эле токтотсок окшойт,ээ.


"Кыз-Бурак" тобунун кенжеси Сайкал менен Айгерим эки жылдан бери ынак достордон. Эгер Айгерим Ошко концерттик гастроль менен барып калса сөзсүз Сайкал конокко чакырат. Сайкал Бишкекке келгенде Айгерим конок кылмайынча кетирбейт. Сүйлөшүп сөздөрү түгөнбөсүн айтышат. Анан да ойлорунун бир чыкканын, сыр катышпаганын жылмаюу менен айтып өтүштү. Буюрса, мындан дагы достуктарын чыңдап, бекемдеп, кан достордон болоорун жүрөгү менен сезип келишет экен.

Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева, Кундуз Авашовалар чыгармачылыкта гана эмес, жашоодо кучакташкан кан достордон. Жамандык, жакшылыктарда колдон келген жардамдарын эч аяшпайт. Кенже Дүйшеевалар менен Кундуз эжекебиз 2003-жылдан бери кол үзүшпөгөн таттуу мамиледе чайлашып келе жаткан экен. Эмне демекчибиз достугуңар мындан дагы ысык болушун каалайбыз.

"Карабачы, антип мени караба" деп обон созуп Роза Шакирова менен Нурбек Дайыров ушундай бериле ырдап чыгышкан. Ал учурда бул ырды ар бир экинчи адам ырдап калган болчу. Ошондон тартып экөөнүн жылдыздары жанып, чыгармачылыкта биргеликте иштешип, жакындан достошуп, ал гана эмес бир үйдө чогуу жашашып, абдан ынак болуп кетишкен. Мындай көрүнүшкө бүшүркөгөн элдин оюна чындап ортодо достук гана бар экенин билгизип, Розанын үй-бүлө куруп кеткени болбодубу. Анысы го ырас, дечи. Көп өтпөй эки ырчынын шоу-бизнестен аттары угулгандан тартып, капыр-аай, бири-бирин "жылдыз оорусуна чалдыкты" деп терс жактарын айтып башташканын кантесиң. Кыскасы, өздөрү ырдагандай бири-биринин жүзүн карагылары келбей калганын ачык айтып берүүгө үлгүрүштү. Эл ичинде "Өтө кызыл бат оңот" деген сөз бекер айтылбаптыр да, чиркин ...

Замир Мырза менен 60КА тобунун солисти Талант 1998-жылдан бери эркекче достукту бек сактап келе жатышат. Буга чейин бир да жолу катуу айтышып, таарынычын билдиришкен жандар эмес. Жеке эле чыгармачылыктан кам көрүшпөстөн, жеке жашоолоруна да күйүшүп, өз жардамдарын берип турушат.
Талант мырза бирөөдөн "Эркеле" деген ырды белекке алган экен. Аны Замир сураганда сөзүн эки кылбастан дароо досуна тартуу кылыптыр.

Р.ЖЭЭНБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??