п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунан

Урмат Мезолинасын сагынып, бат-баттан барып турат
"Турмуш деген сөз тырмыш деген сөздөн алынган" деп куудул байкелерибиз бекер жерден айтпаса керек. Тиричилик кылалы деген аракет менен кээ бир учурларда эс алууну акыркы орунга жылдырып койгонго да мажбур болобуз.
Ошондой болсо да чыгармачылыктан сырткары бош убактысын туура пайдаланган ырчыларыбыз да жок эмес. Биз бул ирээт Урмат Усенов менен бирге болуп, ырчынын бош убактысы кандай иштерди жасоо менен бүтөөрүнө күбө болдук.
Ырчы бала кезинен бери эмгекти сүйүп, көп нерсени билип алууга дилгирленчү экен. Ошол сапаты азыр дагы калыптанган. Айтайын дегеним, Урматтын бош убактысы УТРКнын монтаждык бөлүмүндө уланат. Жаңы долбоорлордун үстүндө иштөөнү каалаган мырза, колу кандай бошосо, режиссёр Бекбол Кылычбековго барып монтаж үйрөнөт.


Кыргызда "көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей Урмат өзү жаш болсо да келечек муундарга музыкалык жардам берип келүүдө. Учурда окуучусу Мирбек Масалиев менен иштешип, кандай бош болсо ага жолугуп сахнанын, ырдоонун сырларын үйрөтөт. Балким, устатынан шакирти өтүп, Мирбек кыргыз эстрадасынын чыныгы жүзү болот деп ишенели.

Көпчүлүк мырзалар футболго кызыгышкан сыяктуу эле Урмат дагы бир жумада эки жолу достору менен футбол аянтчасына барып турбаса башы ооруйт. Бала кезинен бери футбол ойногонду хобби катары алып келген болсо, азыркы күндө да футболсуз бош убактысын өткөрбөйт.

Бойдокчулук менен коштошкон мырза, жубайына сүйүктүү жолдош болууга аракет кылат. Келинчеги Неля кош бойлуу болгондуктан, колунан келген жардамын аябай, дүкөнгө барып азык-түлүк алып келип берет.
Кошумчаласак, үйлөнгөнгө чейин Урмат азык-түлүк дүкөндөрүнө барчу эмес экен.

Илгертеден бери ата-бабабыз жылкыны бапестеп багып, ыйык жаныбар катары саяпкерлерибиз таптап келишкен. Кыргыздын баласы болгондон кийин аттарга кызыкпаган жан жоктур. Урмат бир жумада эки жолу Бишкек шаарындагы ат үйрөтүүчү спорт мектебине барып, аттардын ар кандай оюндарын көрүп турат. Кызыгы, Урматтын ал жакта саяпкерлерге таптаткан Мезолина аттуу сулуу жылкысы бар экен. Барган сайын аты менен учурашып, анын азыктарын өз колу менен берет. Атын көрүп турбаса Урматта кадимкидей сагыныч пайда болот.

Урматтын берген маектеринде "Мен сүрөттү жакшы тартам. Мектептен сүрөт бөлүмүн бүтүргөм" деген жооптору кездешет. Чындыгында Урмат сүрөт тартууну да бирге алып жүрүүнү ашыкча көрбөйт. Илхому келип кагаз бетине пейзаж түшүрүүнү каалаган кезде атайын сүрөт тартуучу өзүнүн өнөрканасына жөнөп калат. "Ыр жазып, обон чыгаргандан кандай ырахат алсам, сүрөт тартуудан да өзгөчө кубат алам" дейт ырчы.

"Тишиң барда аш чайна, тишиң жокто аш кайда?" демекчи, тиштерин таза сакташ үчүн атайын өзүнүн тиш дарыгерине кайрылууну унутпайт. Урмат: "Эгерде мен ырчы эмес башка кесиптин ээси болсом, бат-баттан тиш доктурга барбасам керек эле" деп тамашалап күлүп калды.

Урмат Усенов:
"Неля алчага талгак болгондо сатуучунун үйүнөн таап келдим"
- Урмат, акыркы убакта эмне менен алектенип жатасың?
- Эң негизги максатым үй-бүлөлүк арабабызды жөнгө салып, даңгыр жолго түшүрүп алуу болчу. Кудай буюрса, мунун баары акырындык менен ишке ашып жатат деп ойлойм. Андан сырткары, чыгармачылыкты да унутпастан жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Акыркы ырыбыз "Ак сүйүү" деп аталат. Анан жубайым аман-эсен көз жарып алса, акырындык менен жакшы клиптерди тарттырабыз деп пландап жатабыз.
- Үй-бүлөнүн кожоюну катары уул күтүп жатасыңбы же кызбы?
- Чынымды айтсам, досторум "баары бир уул күтүп жатсаң керек" деп тамашалап калышат. Бирок мен үчүн эч кандай айырмасы жок. Негизгиси наристе аман-эсен төрөлүп, апасы экөөнүн ден-соолугу чың болсо болду.
- Үй-бүлөлүү болгондон бери сенде кандай жаңы сапаттар пайда болду?
- Үйлөнгөндөн бери көчөдөн үйгө шашкан адат байкалууда. Мага ушул өзгөчө жакты. Себеби, эртеден кечке үйдө сени өмүрлүк жарың күтүп турса, андан өткөн бактылуу учур жок экен. Кыскасы сени сүйүп, сени күтүп турган адамдын бар экенинин өзү бакыт.
- Үйлөнгөнгө чейин үйгө шашчу эмес белең?
- Жок. Үйдө бир туугандарым өздөрүнүн жумуштары менен алек болуп, ар кимибиз өз ишибизди кылчубуз.
- Азыр Нелянын курсагы чоңоюп, ичиндеги бала кыймылдай баштаса керек. Ата үчүн бул да өзүнчө бакыттыр?
- Ар бир ата болгон инсан менин эмне деп айтаарымды сезип турса керек. Ата боло электерге андай сезимди сөз менен айтып түшүндүрүү кыйын. Ошондуктан азыркы болуп жаткан бактылуу көз ирмемдерди өз ичиме гана сактагым келет.
- Дүкөндөргө барганда кичинекей баланын кийимдерине, оюнчуктарына кызыга баштадыңбы?
- Кыргыздын анча-мынча ырым-жырымдарын карманып, азырынча алдын ала эч кандай буюм ала элекмин. Баардыгы наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин башталат деген жакшы ниетте турабыз.
- Анда атын да ойлоно элек болсоңор керек?
- Ойлоно элекпиз.
- Боюнда бар айымдын мүнөзү өзгөрүлүп, бир нерсеге талгак болот эмеспи. Ошол эле учурда сулуу да болуп калат экен. Булар жаатында эмне дейсиң?
- (Күлүп) Буга чейин тааныштарымдан "келинчегиңдин боюнда бар кезинде мүнөзү өзгөрүлүп, эч нерсе жактырбай калат. Ачуусу бат келип, кыжаалат боло берет" деген сөздөрдү көп укчумун. Ошондон уламбы, алдын ала даярданып, жинине тийип албайын деп абайлап мамиле кылып жатып, байкабай да калдым окшойт. Талгак болгону жөнүндө айтсам, көбүнчө жер-жемиштерди жегиси келип жатат. Күнүгө мага милдеттеме катары муну же тигини алып кел деп тапшырма берет. Акыркы жолу алчага талгак болгонунда алча таппай көп жерди кыдырдым. Акыры базарга барып, бир сатуучунун үйүнө катып койгон жеринен суранып жатып алып келдим. Жер-жемиштен тышкары өзгөчө куурулган этти эңсеп жегендиктен, бардык улуттун ашканасындагы куурулган эттерди сатып келип жатам. Неляны теңдешсиз сулуулук курчап алгандай, аурасы таза периштедей сезилип турат. Жубайымдын ар бир суроо-талаптары, кыял-жоругу мен үчүн кымбат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЫЛДЫН КАРА ЖУМУШУН КАТЫРА ЖАСАЙМ"
2-бет
Мирбек Атабеков:
"Айылдын кара жумушун катыра жасайм"

3-бет
Сарайдан чыккан эне-бала чыры
же Айбек Карымов энесин неге таарынтты?

4-бет
Отуз төрт жыл изделген
5-бет
Журналист А.Мониевге кол салган ким?
6-бет
Кызыктар дүйнөсү
7-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
8-бет
Шоу - биз Достор жана Кастар
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-11-бет
Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
12-бет
Кыздарымдын сойку болушуна өзүм күнөөлүүмүн
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Лейлек күрөшүнүн чемпиону
Мухаммедали Миңбаев: "Балбандын белинде күч болуш керек"

16-бет
Назгүл Насиева жаракат алды
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??