п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Күлкү - өмүрдүн мүлкү


Директор орун басарынын үйүнө конокко келет. Жайылган столго отурушат, ичишет. Бир маалда бурчтагы тордо отурган тотукуш үн салат:
- Директор - акмак!
Директор бозоруп, үйдүн кожоюну кызарып кетет.
- Мага бул тотукушту бышырып бергиле, азыр жейм!
- Кечирип коюңуз! Бул деген чымчык да. Эмне сүйлөп жатканын түшүнбөйт.
- Бышыргыла! Ичиң ачышып калбас үчүн мен сага 100 доллар берем.
Кожоюндун ичи ачышса да шефинин айтканын кылып тотукушту ашканага алып кетишет. Бир аз убакыттан кийин куурулган канаттууну алып келишет. Директор караса, эти жок эле жалаң сөөк болот.
- Ушул сөөк үчүн 100 доллар беремби? Ме, 100 сом жетет.
Бир маалда ашканадан тотукуш сүйлөйт:
- Айтпадымбы, директор акмак деп!

Карыган абышка жаш кызга үйлөнөт. Бир жылдан кийин аялын төрөтканага алып келет.
- Азаматсыз!-дейт врач.
- Моторду иштетип коюш керек!-дейт сыймыктануу менен абышка.
- Бир жылдан кийин дагы төрөткөнү алып келет.
- Ой, абышка-а! Кантип эле?-деп таң калат врач.
- Моторду иштетип коюш керек!
- Кийинки жылы үчүнчүсүн төрөйт. Врач абышкага:
- Ата, майыңды алмаштыр, капкара негр төрөлдү.

Студенттер жатаканасынын тушунда жашашкан түгөйлөрдүн аялы күйөөсүнө:
- Терезеге парда тагып коёлучу!
- Эмнеге?
- Биздин тушубузда студент балдар жашашат. Балким, кечинде алар менин жылаңач денемди көрүп калышат.
- Эгер алар сенин жылаңач денеңди көрүп калышса, өздөрүнүн терезесине парда тагып алышат.

Киши автобуста кетип баратат. Бир аялдамадан ызы-чуу болушуп бир аял төрт баласы менен чыгат.
- Балдарыңызды тынчтандырып койсоңуз болбойбу?-дейт киши нааразылана.
- Тилекке каршы, болбойт. Бирок, бир аз чыдасаңыздар, аялдама болот.
- Кийинки аялдамадан түшөсүзбү?
- Жок, сиздер түшүшүңүздөр мүмкүн.

Орус аял врачка келет.
- Доктур, жардам бериңизчи?! Менин күйөөм эркектик милдетин аткара албай жатат.
- Түшүнүктүү! Азыр мен сизге дары жазып берем.
Эки күндөн кийин аял доктурга кайра келет.
- Доктур, эмне кылып койдуңуз? Менде эки кайгы болду. Биринчиден, күйөөм өлүп калды.
- Коюңузчу? А экинчи кайгыңыз эмне?
- Гробдун оозун жаба албай жатабыз.

Автобуска эки чукча түшөт. Биринчиси айдоочудан сурайт:
- Мен ушул автобус менен вокзалга чейин барамбы?
- Ооба.
Анда экинчи чукча:
- А менчи?
- Барасыз.
- Тапкан жоксуз, мен бир аялдама жетпей түшөм.
Айдоочу эшиктерди жаап, жүргүнчүлөргө карап кыйкырат:
- Урматтуу жүргүнчүлөр, автобус вокзалга чейин токтобойт!


- Уктуңбу, Акмат түрмөгө түшүп калыптыр.
- Мага аялы "агасына кетти" дебедиби! Алдап койгон турбайбы?
- Агасы жети жылдан бери түрмөдө отурат.


Базарда сатуучу менен кардар тартышып жатат. Кардар:
- Бул шубаны мен жарым акчасына да сатып албайм. Караңызчы, түктөрү түшүп жатат.
- Анткен менен бул бир жылдан кийин булгаары пальтого айланат. А булгаары пальто үчүн бул баа өтө эле арзан!

Түнкү саат 12де мал доктурдун телефону шыңгырайт:
- Алло, мал доктурбу?
- Ооба, аябай зарыл ишиңиз бар го?
- Албетте! Үйүбүздүн чатырында эркек мышык менен ургаачы мышык сүйүү оюнун ойношуп такыр уктатпай жатышат.
- Эркек мышыкты телефонго чакырып коюңузчу!
- Ошондо ойнобой калат деп ойлойсузбу?
- Ооба, мен ойнобой калбадымбы!

Светофордо машиналар тизилип турат. Эң алдында "Запорожец". Жашыл күйүп, "Запорожец" от алганы менен ордунан жылбай коёт. Бир маалда арттагы машиналар сигнал беришип, кыйкырып-өкүрө башташат. Анда "Запорожецтин" айдоочусу терезеден башын чыгарып:
- Машинамдын дөңгөлөгү сагызга жармашып калса эмне, мен күнөөлүүмүнбү?!

Кичинекей Акмат Асандыкына келет. Эшикти Асандын апасы ачат.
- Асан ойнойбу?
- Асан тамак жеп жатат. Сенин деле тамак жегиң келип жатабы?
- Ооба!
- Бар анда, үйүңө барып же.

Күйөөсү аялынан сурайт:
- И-и, врач эмне деди?
- Мен жыныстык катнашта көбүрөөк болушум керек экен. Жок дегенде айына жыйырма жолу.
- Жакшы. Эки жолкусуна мага ишене берсең болот.

Бир киши шаардын четиндеги чоң жолдо машина менен келатса, жол четинде конистра көтөргөн аял турат. Аялга жакшылык кылып, ала кетүүнү чечет. Бир топ жол жүргөндөн кийин айдоочу конистрага карап аялдан сурайт:
- Бул эмне? Спиртпи?
- Жок.
- Анда пивобу?
- Жок, бензин.
- Эмне кыласыз муну?
- Ой, эркектер, мен билем силерди, токойдун жанына келгенде эле бензиниңер түгөнүп калат!..


Эки телеоператор сүйлөшүп жатат.
- Ушул иштен тажап бүттүм. Бул жерди тарт, тиги жерди тарт! Мындан ары чыдай албайм!
- Мен да тажадым. Жүр, андан көрө спектакль көрөбүз.
- Жинди болдуңбу? Үч саат бою жалпы планды карап отура беребизби?

- Сенин күйөөң дайым эле мас болуп жүрөт. Ким болуп иштейт?
- Кандиционер болуп.
- Кандайча?
- Аз айлыгын жакшы маанайга айлантат.


Купеде. Кичинекей бала апасына:
- Апа, биз жаңы эле өткөн станция эмне деп аталарын билесизби?
- Тынч отурчу! Китеп окуганга тоскоол болуп жатасың.
- Өкүнүчтүү! Ошол станцияда бөбөгүм түшүп кетти эле.

- Мен өзүм аз эле жейм. Бирок, башкалар көп жесе, мен семирем.
- Эмнеге? Мунун сыры эмнеде?
- Мен ресторандын кожоюнумун да!..

Эртең экзамен деген күнү түнкү саат үчтө профессордун телефону шыңгырайт. Трубканы көтөргөн профессор уйкулуу үнү менен:
- Ал-ло!
- Уктап жатасыңбы?
- Түнкү саат үчтө уктабаганда эмне кылмак элем?
- Укта, чочко! Биз болсо окуп жатабыз!







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??