п»ї
 Таанышуу жарыясы


  атактуулар ааламы

Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"
Жыйырма эки жаштагы Норвегиялык ырчы Александр Рыбактын азыр атагы алыска тарап, ыргыткан ташы жогору кулап турган чагы. Бүгүн жаш ырчынын ийгилигине бүткүл Европа сыймыктанып турган кез.
Александр музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы Наталья Валентиновна пионинодо ойносо, атасы Игорь Александрович скрипкачы. Кичинекей кезинен эле музыка чөйрөсүндө Белорусиянын элдик ырларын ырдап чоңойгон. Алты жашынан ыр жазып, ырдап баштайт. Мортена Хакета мюзклында атасы менен иштеп, Америка, Кытай, Европага гастролго чыгат. Беш жашында атасынын кесибине байланыштуу Норвегиянын Нессоден шаарына көчүп кетишкен. Бүгүнкү күндө Рыбак Норвегияда жашап, иштеп келет.
- Александр, сага Москва жактыбы?
- Ооба, Москванын климаты мага аябай жакты. Бир гана жери элдер чылымды көп чегишет экен. Мен кичинекей кезимде бир жолу чегип көргөнүм менен азыр колума такыр тамеки кармабайм. Тамекинин жытынан көзүм караңгылап, башым ооруйт.
- Кичинекей кезиңде сени ата-энең урушчу беле? Деги эле балдарды катуу кармаган ата-энелерге көз карашың кандай?
- Менин ата- энем темирдей тартипти сүйүшөт. Норвегияда кичинекей кезимде балдар ойноп жүрүшсө, мен үйдө камалып сабак окуп олтурчумун. Россия үчүн бул кадимки көрүнүш болгону менен норвегиялыктар буга жапайычылык катары карашат. Бала кезимден бери колума скрипка кармап чоңойдум. Башыман ушундай балалыкты өткөргөнүмө өкүнбөйм деле. Эгерде эркерээк өссөм азыркы жетишкен ийгилигиме жетээр-жетпесимди бир Кудай билет. Ата-энем катуу тарбиялаганына ыраазычылык айтаар элем.
- Сахнага чыгаарда атайын ырым-жырым колдоносуңбу?
- Эмнеге экенин билбейм, сахнага чыгаарда дааратканага эле баргым келе берет. Бул жоругумду досторума айтсам күлүшөт. Атайын деле тумар тагынбайм. Ырым-жырымдарга көп деле маани бербейм.
- Имиджиңе канча акча сарптайсың?
- Мисалы азыр кайчы алып, тырмагымды кыскартыш керек. Менин атайын стилистим жок. Ага да өзүнчө акча төлөп беришке туура келет. Концерттерге чыгаарда атайын стилист чыкырганым болбосо, мындай күндөрү сулуулук салонуна барбайм деле. Тырмагынан чачынын учуна чейин карап, жасангандарга түшүнбөйм.
- Норвегияда канча жылдан бери жашайсың? Тилин канча убакытта өздөштүрдүң?
- Беш жаштан бери жашайм. Түбүм Белорусиядан болот. Башында досторумду сагынып, эч ким менен норвегиялык тилде сүйлөшө албай, башка эле аралга түшүп калгандай болгом. Бирок, ата-энемдин жардамы менен бат эле көнүшүп кеттим. "Евровидениеден" биринчиликти алгандан кийин Россиянын жараны бол деген сунуштар түштү. Бирок мен Норвегиянын жараны бойдон калгым келет. Азыр Норвегияда жашаганым менен жүрөгүм Белорусия деп согот, беларус тилиндеги китептерди окуганга аракет кылам, бирок анча түшүнбөйм. Менин чыгармачылыгыма туулган жериме болгон сезимдерим түрткү болду десем болот.
- Жеке жашооңдон айта кетсең?
- Азыр сүйлөшкөн кызым жок. Убагында ага туура эмес мамиле жасап, көңүлүн катуу оорутуп алгам. Ага болгон сезимдерим өчө элек, мени эми кабыл албайт окшойт. Башка жигит таап алыптыр деп уктум. Ушул тапта дайыма гастролдоп, концерттерде жүрүп жеке жашоого убакыт калбай калат экен. Сүйүүнү жыйыштырып болгон күчүмдү, убактымды чыгармачылыкка арнап жатам. Баса, "Сказка" (Жомок) деген ырымды ошол сүйгөн кызыма арнап жазгам.
- Айрымдары сени жылдыз оорусу менен ооруйт дешүүдө...
- Чын эле кээ бир жерлерде туура эмес сүйлөп алган учурлар болот. Бирок бул жылдыз оорусунан кабар бербейт. Кээде убакыттын тардыгынан көп жерге баралбай сунуштардан баш тартууга аргасыз болосуң. Өзгөчө азыр мага ар тараптан сунуштар түшүүдө, кайсынысы кирешелүү, олуттуу болсо ошонусуна макул болом. Мен деле каражат жагын алдыңкы планга коём. Ушунун баарын акылы азыраактар жылдыз оорусу деп түшүнүшөт, мен өзүм мындай оорудан алысмын деп ишенимдүү айта алам.
- Филипп Киркоров менен жакындан таанышканда кандай сезимдерге кабылдың?
- Менин көптөн берки тилегим ишке ашты. Россиянын артисттеринен Филипп Киркоров менен Глюкозаны жактырам. Киркоровдун үйүндө эки саат конок болдум. Ушул убакыттын ичинде чыгармачылыктагы сырларды бөлүшүп, жакшы кеңештерин айтып, жылуу маанайда узатты. Белгилүү ырчынын меймандостугуна ыраазымын, "Евровидениеде" менин ырдаганым ага аябай жагыптыр. Негизи эле калыстар тобунун дарегиме айтылган бир топ жылуу сөздөрү мага дем болду.
- Күйөрман кыздарың менен мамилең кандай?
- "Евровидениеге" катышканга чейин эле Норвегияда менин талантымды сыйлагандар кат жазып, сүйүүсүн билдирип калышчу. Азыр алардын саны дагы көбөйдү. Мага Россиянын кыздары эмнеси менен жакты дебейсизби? Биринчиден алардын эрки күчтүү, чечкиндүү болушат экен. Сезимдерин тартынбай, ачык эле билдиргендер да болду. Мага кыздар эле эмес, гейлер да сүйүүлөрүн билдирет. Эгерде гейлер менен мамилем жакшы болбосо бул сынакта мен жеңишке жетишмек эмесмин. Анткени, "Евровидениенин" күйөрмандарынын теңинен көбү гейлер. Мен гейлердин сүймөнчүлүгүнө татыган ырчымын десем да болот.
- Жакында Дима Билан менен дуэт ырдагандан баш тартыпсың?
- Башында Дима Билан менен ырдаганга макулдугумду бердим. Бирок, байкап көрсөм алардын койгон шарттары меникине дал келбей калды. "Муз-ТВнын" пиар-директору Светлана Воронова бул кадамымды тескери түшүнүп, гонорардын аздыгынан дуэт ырдагандан баш тартты деп айтып жүрөт. Айрымдары Норвегиянын кичинекей баласы шоу-бизнестин куу өкүлүнө айланды деген сөздөрдү чыгарышыптыр. Ал тургай өтө көп акча сурады деп жаманатты кылып жүрүшөт. Бул жоругумду да жылдыз оорусуна байланыштырып койгонуна таңмын.
- Россиянын кызын артыңан ээрчитип кетиптирсиң...
- Анна деген журналист кыз менен Норвегиядан келээрим менен таанышкам. Жогоруда айтып кетпедимби Россиянын кыздары ачык-айрым келишет деп. Аня дагы ушул сапатын көрсөтүп, көңүлүмдү тапты. Алгач таанышканда телефон номеримди бергем, күтсөм чалган жок. Кийин өзүм байланышып, күнүгө жолугушуп жүрдүк. Чынын айтсам конкурста жүргөн күндөрүмдүн бирөөсүн да Анясыз өткөргөн жокмун. Жеңиш колума тийгенден кийин Норвегияга келдим, төрт күндөн кийин артыман Анна келди. Азыр ал мага чыгармачылык жактан аябай жардам берип жатат. Азыркы абалыбызды сурай турган болсоңор, Анна экөөбүз доспуз.
- Кээ бир маалымат булактарында сенин башыңан ашкан байлыгың тууралуу окуган элем...
- Чындап эле ата-энемдин материалдык абалы жакшы. Өзүмдүкү тууралуу айта турган болсом алыма эле жараша. Болгон тапкан-ташыганымдын баарын ыр жаздырганга, көңүл ачканга коротуп мүлк деле жыйнай элекмин. Азыр менин ойноп-күлө турган чагым.
- Мындан ары кандай пландарың бар?
- Жаңы ырларды жаздырып, калган убактымды досторума, ата-энеме арнайм. Диским чыгып, аны дүйнө жүзүнө таратам. Жеңишиме чын жүрөктөн кубангандардан да көрө албагандардын саны көбөйдү. Аны убакыттын өтүшү менен талдап ким дос, ким душман экенин ажыратып биле баштадым. Талыкпай иштеп ичи тарлардын көзүнө көрүнгөнгө аракет кылам.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??