жандүйнө ыйы

Өрүк
Жай келип, жаңы өрүк чыгып калган маал келсе эле өмүр бою жүрөгүмдө так болуп калып калган бир окуя эсиме кайрадан түшөт да, бүткөн боюм "дүр-р" этип, көзүмдү өрүктөн ала качам. Мунун эки себеби бар эле. Биринчиси, бала кезде башымдан өтүп, ууртума анча-мынча жылмаюу тартууласа, экинчиси жүрөгүмө өмүр бою кетпес так калтырды.


"Жаным менин", "Берекем менин" деп эркелетчүмүн өзүңдү. Экөөбүз үйлөнүп, сен үйгө киргени сени менен кошо үйгө береке киргендей болгон. Оокат бүтчүдөй болуп тыным албай эле бир нерселерди кыбырап жасап жүрө берчүсүң. Мындай учурда бир чети сени аяп кетсем, бир чети ичим жылып калчу. Атасынын байлыгына чиренген казак аялым менен толук төрт жыл жашасам да бир жолу жерден ийилип бир нерсени алып койгонун көргөн эмес элем. Экөөбүздүн ажырашуубуздун бир себеби да ушул болду окшойт. Албетте, аялдай болуп өз колу менен тамак жасап бербесе, киримди жуубаса… Үй кызматчысы бирде тузун ачуу кылып, бирде кем кылып жасайт.
Бир күнү жумуштан келсем, адатыңча жаркылдап ашканадан чыктың. Чака-чака өрүктү алып келип алып кышкыга компот жаап жатыптырсың. Жердеги жайнаган банкалардан бут коёрго жай жок.
- Ий, өрүкпү?-деп мурдумду чүйрүп алганымды өзүм байкабай калыптырмын.
- Ооба, өрүк. Эмне, жакпайбы?-дедиң.
- Жо-ок, жагат дечи… Мунун баарын ким жейт?
- Кышында менден талашып жүрбөгүн!
Чындыгында менин өрүктү оозума ала элегиме отуз жылдай болуп калыптыр. Биздин Чаткал тоолуу район болгондуктан, анда жер-жемиштин көп эле түрү өспөйт. Ошондуктан, жай келип, каникул болоору менен Аксыдагы таежемдикине жөнөчүбүз. Өрүк-алмага болушунча тоюп, кетерде да алып кетчүбүз. Мен төрт-беш жаштагы бала болсом керек эле. Ошол жылы да апам экөөбүз таежемдикине барып, үч күндөн кийин эки чоң чаканы өрүккө толтуруп алып кайра үйгө кайттык. Бөлөлөрүм менен өрүк терип жатып бактын башында болушунча жегениме карабай аялдамада автобус күтүп отуруп да улам-улам бирден өрүк алып оозума салып коём. Апамдын тыйганына да болбойм. Автобус келди. Автобуста баратып да кайра-кайра чакага кол сунам. Ошентип жүрүп отуруп Чапчыманын белине жеттик. Бул жол менен жүргөндөр болсо билер, тоону боорлоп кеткен тар жолдо токтоого мүмкүн эмес. Мен ал кезде анысын кайдан билейин?..
Кызыктын баары ушул жерден башталды. Бир маалда эле ичим бурап ооруп, туалетке баргым келип баштады. "Апа, туалетке барам" дедим апамдын кулагына шыбырай. "Шүк отур! Жаңы эле автобус токтогондо айтпайт белең? Эми чыда, автобус белге чыкканда барасың" деди санымдан акырын чымчылай. Мен ага болчумунбу. Ичимдин бураганына чыдабай кайра-кайра апамды укуйм. Бир маалда такыр чыдабай калдым. Токтотууга эрким да жетпейт болчу. Кыскасы, шымымды булгап алдым. Автобустагылар мурундарын басып эле бири-бирин карап калышты. Апам санымдан бурап алды. Мен болсо ыйлап жибердим. Бул "кылмыш" менин колумдан келгенин билген жүргүнчүлөр наалып, апама сүйлөнө башташты. Анысы аз келгенсип шоопур да кыйкырып кирди. Менин айымдан жөн жерден апама сөз тийип жатканына ыза болуп кеттим. Жүргүнчүлөрдүн ичинен бир гана орто жаштагы чокчо сакал киши мага боор тартып: "Эч нерсе эмес, жаш баланы эмне анча жекидиңер? Ыйлаба, балам, азыр автобус токтойт, анан жуунуп-тазаланасың" деп сүйлөнгөндөрдү басты. Кишинин сөзүнө эрээркеп кеттимби, андан бетер муунум бошоп, көзүмдөн жашым бир токтосочу!
Сенин өрүктөрүңдү көргөндө ушул окуя эсиме түшүп, бир жылмайып алдым да, сага айтып берейин деп оозумду ырастап баратып кайра уялдымбы, токтоп калдым.
Ал эми өрүктөн экинчи жолу көңүлүм калганы… Өх, эстегим да келбейт.
Баш кошконубузга эки ай болгондо жумуштан келсем, жакшы кабар менен тосуп алдың.
- Азамат, менин боюмда бар экен!-дедиң моюнума асылып.
- Чын элеби? Жаным менин! Мага уул төрөп бересиңби?
- Албетте, өзүңө опокшош уул төрөп берем!
Куурчактай кылып көтөрүп алып айланта бердим, өпкүлөй бердим. Ушул күндөн баштап көзүмө мурункудан да татынакай, мурункудан да жароокер көрүнө баштадың. Эмнеге талгак болсоң, ошонун баарын жарым сөзүңдөн түшүнүп, кайдан-жайдан болсо да таап келип жаттым. Ананчы, отуз беш жашка чыкканда биринчи жолу балалуу болгону жатсам! Анын үстүнө УЗИден эркек бала экенин айтышыптыр.
Түйүлдүккө жети ай болуп калган. Тун балабыздын жарыкка чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жүрдүк. Кыймылдагандачы?! Мен сенин курсагыңды сылап балам менен сүйлөшүп, сен болсо кубанычыңды жашыра албай көзүңдү жашылдантып… Кыскасы, ал кезде экөөбүздөн өткөн бактылуу адам жок эле. Акыркы күндөрү өрүккө талгак болуп, жайында өзүң жасаган компоттун пайдасы тийип жаткандыгын айтып жүргөнсүң.
Ошол кара баскан күнү жумуштан сени сагынып шашып келсем, негедир алдымдан жаркылдап чыккан жоксуң. Оюма эч жамандык келбей эле "сыртта сейилдеп жүрсө керек" деп ойлоп, өзүмдүн ачкычым менен эшикти ачып кирсем… Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Сулайып кире бериште жатыптырсың. Башыңды жөлөп, жүзүңө үңүлсөм, Кудай бетин салбасын, апакай татына жүзүң кара-көк болуп кетиптир. Колума көтөрүп эшикти ачык таштаган бойдон эле машинама салып, доктурду көздөй жөнөдүм. Тилекке каршы, баары кеч болуп калган экен. Доктурлар текшерип көрүшүп, тамагыңа тыгылган өрүктүн данегин сууруп чыгышты. Күтпөгөн жерден бир эле маалда сенден да, жакында жарыкка келе турган баламдан да айрылып калдым. Үйгө келип, ашканага кирсем, столдун үстүндө үч литрлик банкадагы жарымдап калган компот, тарелка, кашыктар калыптыр. Банкалардын баарын компоту менен короого ыргытып да, өңгүрөп ыйлап да жаттым. Бул абалымды көргөн кошуналарым алгач эч нерсе түшүнүшкөн жок. Бири-биринен болгон окуяны угушкан соң шыпшынышып, айрымдары көздөрүндөгү жаштарын сүртүп алыстан карап калышты. Бирок, бул учурда эч кимиси жаныма басып келүүгө даашпайт эле.
Мына, менин өрүк тууралуу баяным. Ушул каргашалуу окуядан бери эки жыл өттү. Экинчи жолу үйлөнгөн жокмун. Үйлөнбөсөм да керек…
Азамат.
Нуриса Баялиева