п»ї

  Обон почта

ОП-69-01. Саламым жүзүнөн нуру, көздөрүнөн жылдызы жанган сүйүктүүм Жайнагүлгө жолдонот. Ар дайым ден соолукта бол, иштериңе албан-албан ийгилик. Алматыдан Каныбек.

ОП-69-02. Салам Жака-Жазгүл, бир кездеги Хан-Шай досуң азыр Астанада.

ОП-69-03. Саламым сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго жолдонот. Иштериңе ийгилик жана ден соолук каалайм. Оштон күйөрманыңыз Зарина.

ОП-69-04. Сүйүү өзү бирди сүйөт, кыз-жигит миңди сүйөт. Бул сөзгө кандай карайсыздар? Айзада-94.

ОП-69-05. Саламым Отуз-Адыр айылынын тургундарына жана атам Сабырга, апам Чынарга жолдонот. Ар дайым ден соолукта болушсун. 0552151587.

ОП-69-06. Саламым алтындай болгон ата-энеме, байкем Улан, иним Нурлан, эжелерим Жазгүл, Бактыгүл, жезделерим Руслан, Жолдошбек, жээним Маликага жолдонот. Ар дайым бактылуу болгула. Айзат.

ОП-69-07. Мен Бактыгүл-92 менен таанышкым келип жатат. Аябай ыймандуу көрүнөт. 0700709978 Айзада.

ОП-69-08. Жака-Жазгүлгө салам узатам. Ар убак күлүп жүр, чөнтөгүңдө жыртык болсо да, тегерегиңди чыныгы достор курчасын. Тумар кыз.

ОП-69-09. Жалган дүйнө бул дүйнө, түбөлүк дүйнө о дүйнө. Адамзатка кудурет төрт мезгил жашоо буюрган: Курсагында эненин, алгачкы жашоо курбалың. Жашообуз жарык дүйнөдө бул экинчи жыргалың. Үчүнчү жашоо кабырда, дүйнөдөн көзүң жумганың. Төртүнчүсү агайын көрсөтсүн кудай убайын, кыямат күнү болгондо өлгөндүн баары тирилип, жаңыча жашоо кураарын, куранда жазган бүт баарын. Айзирек.

ОП-69-10. Салам Ильяз, эмнеге жоголуп кеттиң? Сенин "Азабыңды" уккан сайын өзүмдү эч жерге батыра албай баратам. Сен деги кандай таш боор элең, мени кыйнап бүттүң го? Сени сүйүп, сени сагынып жүргөн Мега Мэри.

ОП-69-11. Правда орто мектебинин 10-а классына салам. Экзамендерди "5"ке тапшырышыңарды каалайм. Чымкенттен Гүлзира.

ОП-69-12. Жаман менен жакшылыктан куралып, өмүр өтөт күн, ай, жылдар уланып. Динден башка жол издебе кыйналып, келгенден соң адам болуп жаралып. Орто жолдо ойлор батпай арасат, ичкени да, сопусу да баратат. Эң жаманы Алла Таалам алдында, ар бир тарап өзүн кыйын санашат. Айка-ББС.

ОП-69-13. Хан-Шай досум, иш деп жүрө бербей, эс ал, убагында укта, тамактан ээ? Антуля.

ОП-69-14. 31-майда "Шоколад" кафесинде эс алгандар, вальска бийлеген бала, сени издеп келем. 0543187677

ОП-69-15. Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талаа айылындагы 1994-жылкы классташтарыма ысык салам.Мен силерди жакшы көрөм. Элиза.

ОП-69-16. Алматыдагы эжелерим, жезделерим, иниме ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. Бактылуу болгула. Жаңылай.

ОП-69-17. Алматыда иштеп жүргөн кыргыздарга жана досторума. Соодаңар болсун. Зайка.

ОП-69-18. Салам "Обон" жана СМСчилер, баарыңарга ийгилик. Силерди абдан сагындым. Экс-СМСчилер кайдасыңар? СМС жазгыла. Фирдаус.

ОП-69-19. Асылым, качан бир чечимге келесиз? Сизди сүйөм жана күтөм. Принцесса Нури.

ОП-69-20. Баарыңарга салам. Мен эми силер менен биргемин. Жемчуг.

ОП-69-21. Айбек адам эмес экенсиң, апаңа көп нерсең өтүп кетип сарайыңды бузуп кеттиңби? Акчаң жетпесе үй салбай, Гүландаңа чачтарач ачып бербей эле койбопсуң. Адамгерчилигиң жок болсо, талантың кимге керек? Чөптү кор кылсаң көзүңө зыян. Суунун да сурагы бар. Соня.

ОП-69-22. Бакай байкеша, сизге чоң рахмат, мени унутпаганыңызга.Сиз менин сүйүктүү байкемсиз, сиз бар үчүн мен бактылуумун. Макуся.

ОП-69-23. Айдар, мен сени сүйөм, сагындым сени. Кабарлашчы? Алматыдан сени сүйгөн Айжамал. 87023916426

ОП-69-24. Кара-Суунун Кызыл-Кошчу айылында жашоочу атам Абылкасымга, апам Эркайымга салам жолдойм. Астанадан Жума.

ОП-69-25. СМСчилер, байланышкыла 0700823111 Билал козу.

ОП-69-26. Мен Бактыгүл-92 менен таанышкым келет.0552939329.

ОП-69-27. Эй, жигиттер, гүлгө окшоп ачылбасаңар да даракка окшоп жашылдангылачы? 0700709978.

ОП-69-28. Бишкек-Сокулук маршрутунун айдоочусу Орозбеков Танкистке чоң салам. Бактылуу болуңуз. Кызыңыз Элиза.

ОП-69-29. Бакытбек кызы Самара, кечир мени, сени убагында түшүнбөй жүрүптүрмүн. Сени таппай атам, дайыныңды билдир. ОГПИден Назира.

ОП-69-30. Ноокат районундагы Нарай айылына, 11-классты бүтүп жаткан Асанга чоң салам. Экзамендериңди жакшы тапшырып ал. Мени унутуп калдың окшойт, ээ? Сенин алгачкы сүйгөнүң Айзада.

ОП-69-31. Саламым жалпы туугандарыма. Ден соолук, ийгилик каалайм. Эч качан оорубаңыздар, аман болуңуздар. Фирдаус.

ОП-69-32. Саламым жөпжөнөкөй, шайыр жана таланттуу ырчы Бекчорого. Машинаң кут болсун, ар дайым сиз үчүн жашыл түстөр жанып турсун. Айдеми.

ОП-69-33. Гезит аркылуу таанышкан СМСчи досум Канат (0770454756), эмне телефонуң өчүрүлүү? Мен сага СМС жаза берем, бирок, барбайт. Телефонуңду күйгүзүп койчу? Сенин СМСтериңди сагындым. Алматыдан СМСчи досуң.

ОП-69-34. Жаным Данияр, сени сыйлайм жана урматтайм. Ырыскүл.

ОП-69-35. Жүрөгүмдүн ээсине салам. Мени бечара дебечи, мен бечара эмесмин. Сизди сагындым десем да ишенбейсиз. Мага ишенесизби өзү? Принцесса-Нури.

ОП-69-36. Саламымды сүйүктүү ырчыларым Султан, Мирбек, Даниель, Мирбек, Бакуля эже, Гүлнур эжеге, "Стар-Денс" шоу-балетине жолдойм. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Фирдаус, Фатима.

ОП-69-37. Супер СМСчилер Абдаш-Али, Бакай, Ангел-Асем, Жака-Жазгүл, Нур-Айжанга салам. Баарыңарга ден соолук, бар болгула, Кудайым жүрөгүңөргө ыйман берсин. Билал козу.

ОП-69-38. Менин алтыныма салют. Качан келесиң, сени сагындым го? Ангел.

ОП-69-39. Салам достор, сокур кишиге менин келбетимдин эмне кереги бар? Менин ал адамга жан дүйнөмдүн, ошондой эле жүрөгүмдүн сулуулугу, ага болгон сезимимдин улуулугу болсо болду. Рахмат силерге, көп жашап, бактылуу болгула. Жүзүңөрдөн эч качан күлкү кетпей, маанайыңар беш болсун жана бирдигиңер түгөнбөй, кайра көбөйсүн.Силерди сыйлап Нурзат-90.

ОП-69-40. Саламым чыныгы кыргызымдын патриот кызы, "Обонтайдын" активдүү СМСчиси жана менин сүйүктүү досум Ангел-Асемге арналат. Асылым, сенин келечекте акыл-эстүү, ыймандуу, күйүмдүү, бир жандын жароокер жары, кайын-журтуңдун ыймандуу келини жана бал тилдүү балдарыңдын мээримдүү энеси болушуңа чын жүрөгүмдөн тилектешмин. Бактыгүл-92.

ОП-69-41. Эжем Наргизаны 22-июнь туулган күнү менен куттуктайм. 29 жашыңыз куттуу болсун. Узун өмүр, ар дайым бар болуңуз. Сиңдиңиз Жылдыз.

ОП-69-42. Урматтуу жана кымбаттуу "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм. Ошондой эле бардык СМСчилерге салам. Силер менен таанышкым келет. 0554085222 Айзирек.

ОП-69-43. Саламым "Манас" радиосунун ди-джейлерине. Өзгөчө бал тилдүү Фаризат Бейшенбаевага жана булбул үндүү Айбек Акматовго жолдонот. Манас FМ супер радио. Алтынай-92.

ОП-69-44. Илгерки кезде тагдырды Алладан деп айтышкан. Аракет кылбай ишенип, дүйнөдөн көптөр өтүшкөн. Акыл менен эмгекти, тагдыр бизди жараткан. Адилет иштеп ак жүргөн, алдыга өсүп баратат. Жемчуг.

ОП-69-45. Ойлуу, сөзгө чебер "Обондун" супер СМСчи кыздары Жака-Жазгүл, Ангел-Асем, Айдана-Анту, Айдеми-Айка, Хан-Шай, Абда, Гуля-88, ар дайым супер болуп, ушул орундуктан түшпөй жүрө бергиле. Ыймандуу Гүлшан менен Барбиге сагынычтуу салам узатам. Ар дайым ыйман нуру чачырап турсун. Айгөлөк.

ОП-69-46. Билал козу, сен дагы бакытка жетесиң, ошондо баарына көргөзөсүң. Достошконума кубанычтамын, байланышканыңа рахмат, аман бол. Терең урматым менен Жака-Жазгүл.

ОП-69-47. Урматтуу жана кымбаттуу Ислан байке, сизге кааларым жашоонун булагы деп эсептелген чың ден соолук, узун өмүр, түбөлүк бакыт жана кажыбас кайрат, арчадай кырчын өмүр, Жеңиш тоосундай бийиктик, Ысык-Көлдөй жылуулук, ошондой эле жашоодо кайгы-капа көрбөй, ата-энеңиздин бактына бар болуңуз. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Сиз басуучу жолдор ар дайым ачык болсун. Келечегиңиз кең болсун. Ар дайым ийгиликтин үстүндө жүрө бериңиз. Аллах Таалам өзү сизди колдосун. Карындашыңыз Айзирек.

ОП-69-48. Астанадагы "Ортолук" базардагы кездеме катарынын 2-катарындагы Эркин, Азирет, Азиз, Эрнис, Жыргал жана башка бардык сулуу мырзаларга чоң салам. 2-катардын Ак куулары.

ОП-69-49. Саламым группалаштарым Айкөкүл, Суусар, Гүлдана, Миргүл, Гүлзат, Гүлферага жолдонот. Силерди аябай сагындым, кабарлашууга дарегиңерди билбейм. Менин дарегим 29-үй 22 аркылуу алып кабарлашкылачы? Аяштарга салам айтып, балдарыңарды өөп койгула. +77029104994.

ОП-69-50. Салам Нурзат, азаматсың, сендей кыздары менен кыргыз эли сыймыктанат. Кыргыздын кыздарынын даңкын чыгарат деп ишенем. Жыпаргүл.-----

ОП-69-51. Ош шаарындагы менин сүйүктүү апам Тажиканга салам жолдойм. Ар дайым ден соолукта бар болуңуз. Бексултан.

ОП-69-52. Урматтуу Нурмухаммед, сизден сураныч +77775320089ке СМС аркылуу номериңизди жазып жиберүүңүздү өтүнөм. Сиз менен таанышкым келет, алдын-ала рахмат. Альмира.

ОП-69-53. Алтыным, ардагым, алыстасын, айылдасың. Арманым, асылымды алакачып алышкан. Алсыраймын Айперимден ажырап аттиңай, азабыма айландың. Айтчы жаным, канткенде, качан сени унутам, кыйналып кеттим. Бактылуу бол дейин, башка колумдан эч нерсе келбейт. Сенин элесиң менен гана алсыз жүрөктү алга сүйрөп жашап келем. Джим.

ОП-69-54. Сырдашым "Обонтай", менин бүгүн бактылуу күнүм, ааламды жаңыртып кыйкыргым келип атат. Менин бүгүн туулган күнүм. Гули.

ОП-69-55. Мүнөзү тим эле таптаттуу досум Мемого салам жолдоп, окууларына ийгилик каалайм. Ар убак күлкүң менен бизди кубантып жүрө бер. Жака-Жазгүл.

ОП-69-56. Ашыктым, айта албадым сезимди жүрөгүмдүн жарылаарын сездиңби? Азапка салып мени арманга адаштырып алсыратып кеттиңби? Кочкордун кызгалдагы сен белең, Салтанатым? Жүрөк ээси сен элең. Искусство жаатында жашаган топ гүлдөрдүн кооз гүлү сен элең. Окуп калсаң жооп жаз. Жылдызбек.

ОП-69-57. 57-мектептин 11-г классынын бүтүрүүчүлөрү, силерге ийгилик. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин, бар болгула, бай болгула. И.Абдразаков.

ОП-69-58. Аламтыдагы Инабат, Айнагүл, Нуркыз, Келсинай, Бурулай, Ханзада жана эжем Дамира, досум Фаридага чоң салам. Ишиңерге ийгилик. Данияр.

ОП-69-59. Алматыда Барахолка, Болашак базарынын 1-катарында иштеп жаткан Ильяс, 7-8-катардагы Кенже, Урмат, Мелис, Салта, Досбол, Соня, Марат, Асел, Жазгүл, Ева, Диля, Санжар, Минура, Сагындык, Улан, Роман, Куту, Акжол, Батма, Гүлжаз баарыңа чоң салам жолдойм. "Обондун" жамаатына чоң рахмат. 8-катардан Амангүл.

ОП-69-60. Айдеми досум, кандайсың? Сагынтып СМС жазбайсың. Эч качан сен оорубачы, не жаңылык бар, кобурачы? Сени тим эле жанындай көргөн Жака-Жазгүл.

ОП-69-61. Бирде мага абдан арызданып сүйлөп жатты күйүнчөөк атам. Уулум, деги бул не жазганың, ырларыңа түшүнбөй жатам? - Ырас, ата дилимде кайгы түтөп жатат, көңүлүмдө чок. Не кылмакмын ата, мен дагы бул жашоого түшүнгөнүм жок. Таир.

ОП-69-62. Салам "Обондун" СМСчилери, менин курбум мурда турмушка чыгып 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Азыр үйлөнбөгөн эле мырза турмушка чык деп жатат. Биздин менталитетке бул көрүнүш туура келеби? Азыр курбум ойлонуп жүргөн чагы. Жооп жазгыла. Айкажан.

ОП-69-63. Которулган ырларды хитке айлантуу менен популярдуулукка жетип жүргөн аранжировщикке салам. Алтыным, калптын дагы чеги болот го, уят. Тумар кыз.

ОП-69-64. Назгүл Насиевага салам жолдойм. Назгүл эже, сиз суперсиз, мен сиздин чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалай м. Бар болуңуз. Бакирова Мээрим Акбаралиевна.

ОП-69-65. Салам алейкум Бакай мырза. Сиздин талантыңызга тан берип, ийилип таазим кылам. Сөздөрдүн гүлүн терип, ыр кылып кураштырып жазгандарыңыз мага аябай жагат. Сиздей сөзмөр, капилеттен сөз тапкан чечен жигиттерибиз көп болсо дейт элем. Мен сизди жараткан Аллага, төрөгөн апаңызга терең ыраазычылык билдирет элем. Ылайым жергебизде сиздей мырзаларыбыз көп болсун жана аман болушсун. Ангел-Асем.

ОП-69-66. Чымкенттин "Бекжан" базарында төрт ушакчы кыз бар экен, сак болгула. Кыздар дайыма бир сөздү он сөз кылып эле жүрүшөт. "Самалдан" Назира.

ОП-69-67. Айдана-Анту, баштаган жумушуңа ийгилик. Эртерээк "Обон" почтанын" СМСчилерин чогултуп ал. Айгөлөк.

ОП-69-68. Урматтуу Кенжегүл, 21-июнь туулган күнүң менен куттуктайм. Сага ден соолук, бакыт тилейм. Бактылуу бол. Сени жакшы көрөм. Алматыдан Амангүл.

ОП-69-69. Ой тим эле шайырдын-шайыры, тилчилердин тилчиси, фантазерлердин фантазеру, дүйнөнүн 8-жана 9-керемети 102.9 жыштыгынын жылдыздары Фаризат жана Айбек мырза, саламым сиздер тарапка сызды. Чогулган угармандын боорун эзген торгойлор, силер суперсиңер. Жака-Жазгүл.

ОП-69-70. Оштун Жаңыталап айылындагы чоң атам Бекташ, чоң энем Азадага салам. Ата-апа, ар дайым ден соолукта болуп, биздин бактыбызга бар болгула. Алматыдан Чолпон, Данела, Атабек, Кытайдан кызыңыз Наргиза, күйөө балаңыз Хуан Куа.

ОП-69-71. Нурзат эже, сиздин керемет үнүңүз бизге рахат тартуулайт. Кааларым узак өмүр, ачык көңүл жана жагымдуу авазыңыз кыргыз элин кубандырып жүрө берсин. Алтынай-92.---

ОП-69-72. ОП-67-01, өз атың менен эле чыксаң жакшы болмок. Эгер сен ыймандуу, акылдуу, шайыр жана жөнөкөй болсоң, албетте, сага дагы биздин арабыздан орун табылат. Телефон номериңди жаз. Гуля-88.

ОП-69-73. Кара-Кулжа районунун Т.Кулмаматов атындагы мектептин 1999-2000-жылы бүтүргөн классташтарыма ысык салам. Ушул СМСти окусаңар кабарлашкыла. Алматыдан классташыңар +77025188336.

ОП-69-74. "Обондун" жамаатына чоң рахмат. Сиздер аркылуу көп дос таптым. "Казак кыргыз бир тууган" деп айтышпаптыр. Ээ, кыргыз гезитин окуп, мен дагы кыргыз болуп кетсем, таң калбагыла, достор. Алматыдан казак кызы Амангүл.

ОП-69-75. Кыздар, ырчылардын эмнесине кызыга бересиңер? Алар дагы биздей эле адам . Жылдыз болсо дагы аягы жерде эле го. Андан көрө өзүңөр ошондой даражага жетүүгө умтулгула. Силерди урматтоо менен Нур-Айжан.

ОП-69-76. Сүйлөсө тилинен бал тамып, ойлонсо укмуш идеяларды жаратып, шыңгыр күлкүсү менен элдин баарын кубантып, кыздардын жүрөгүнө чок салган, ар бир инсандын сүймөнчүлүгүнө татыган, эң жагымдуу үн ээси Эдил Эркинбаевге зор салам. Байке, кайда, ким менен, не менен алек болуп жүрбөңүз, баары ийгиликтүү болсун. Жака-Жазгүл.

ОП-69-77. Мен 2008-жылы декабрь айында Москва шаарында жүргөн кезде Таразда иштеген Айпери аттуу кыз менен таанышкан болчумун. Ал Оштун ХБКсынан болом деген эле. Эгер Айпери, окуп калсаң мага СМС жазып жиберчи? 0705898949.

ОП-69-78. Саламатсызбы Нурзат эже, билесизби, мен сиздин талантыңызды абдан баалайм. Талантыңыз ташкындай берсин. Дипломуңуз кут болсун. Макуся.

ОП-69-79. Саламатсызбы Нурзат эже, сиздин мага баскан-турганыңыз, сүйлөгөнүңүз жагат. Өзгөчө жакканы "Хит-парадда" басканыңыз. 0772299482.

ОП-69-80. Асылым жаным менин, сени канчалык жакшы көрөөрүмдү кагазга жазып, сөз менен айтып бүтө албайм. Сени чексиз сүйөм. Азыр болсо сени аябай катуу сагындым. Качан келесиң, менин асыл сүйүктүүм? Суранам, келчи батыраак, сагындырбачы, жаш жүрөктү муңга салбачы, жаным. Сен да мени сагынып жатасыңбы, жан эркем? Бул сөздөрдү мен сенин бетиңе айта албайм, анын баарын суранам өз жүрөгүң менен сезчи? Сени чексиз сүйөм, мага ишен, берекем. Ангел-Асем.

ОП-69-81. Саламатсыңбы менин жердешим Бактыгүл Бадыева, сен Алайдан чыккан кыргыз элинин сулуу перисисиң. Сен менен биз сыймыктанабыз. Ар дайым сахнада ырларың жаңыра берсин. Сага тунук сүйүү каалайм. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-69-82. Ыйман деген чынында, улуу адамгерчилик. Айкөл мүнөз жайдары, адилет калыс, теңчилик. Өзгөлөрдү жат дебей, өрдөнсүңөр пас дебей. Бирдей көрөт баарысын, бир тууган немедей. Айзирек.

ОП-69-83. "Бекжан" базарында иштеп жаткан досум Нурисаны 10-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Дос, иштериңе ийгилик, ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин, келечектеги ой-максаттарыңа жет. "Самалдан" Наргүл.

ОП-69-84. Саламатсызбы Бек Борбиев, сизди волейбол спорт федерациясынын вице-президенти болушуңуз менен куттуктайм. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-69-85. Ааламга чыккан аты, айга жеткен заты. Укмуштуудай таланты бар, ал адамдын аты. Албетте, бул Назгүл Насиева. 0777855181.

ОП-69-86. Алматыда иштеп жаткан апам, атама, иниме салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик. Бишкекте казинодо иштеп жүргөн досум Бека, сени сагындым. Алматыга качан келесиң? Же дагы алдадыңбы? Алматыдан Амангүл.

ОП-69-87. Туулган жер, эл үчүн, арнаган намыс өмүрүн. Бакубат жакшы жашоого, астейдил бурган көңүлүн. Жакшылык ишке үндөгөн, жагымсыз жолго жүрбөгөн. Жарандар өссүн дүркүрөп, кыргыз деп жанын үрөгөн. Айзирек.

ОП-69-88. Кыргыздын сулуу, патриот кыздарынын бири Назгүл Насиевага: Балбылдап жанат көзүңүз, ай чырайлуу жүзүңүз, жарашат өзүңүзгө, ширин сөзүңүз. Суранам Назгүл эже, дайым ушундай жүрүңүз бул жашоодо узак өмүр сүрүңүз. Колуңузда дайыма доллар менен жүрүңүз. Сиздин талантыңызга таң берем. Мээрим.

ОП-69-89. Мен өзүңдү сүйгөн элем, а сен мени сүйбөдүң. Жаныңды жакын түшүнөөр пенденин бар экенин билдиңби? Билбеди, такыр сезбеди, жок элем аны каалаган. Сыр бөлүшөөр кездерде, күлүүгө гана жарагам. Оттон ысык сезимим, жылуу бойго тараган. Сүйлөшкөн үнсүз шактардын, коштошоор сааты таяган. Жолугаар сага кийинки, күндөрдү жаным сагынам. Бактыгүл-92.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??