п»ї
 Таанышуу жарыясы


  эстутум

Жанары жанган жан эле…
Жазуучу, акын, Эл аралык "Түгөлбай Ата" сыйлыгынын ээси Бекмурза Рахман уулу 1962-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Кан-Коргон кыштагында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун атасы. Жазуучунун окурмандын жүрөгүнөн орун алган "Министрдин кызынын махабаты", "Рекэт", "Негр бала атаң кайда", "Балакеттүү байтал базар" ж.б. тогуз китеби жарык көргөн. Бекмурза Рахман уулунун адабият чөйрөсүндө өзүнүн жолу, калеминен жаралган чыгармалары, эмгеги бар эле...
А бирок, өмүрү кыска экен, мындан бир жыл мурун кырк алты жашка чыгып, кылычын сууруп чыга турган убакта өмүр менен кош айтышып, түбөлүк жайга кете берди. Көз ачып жумганча арадан бир жыл убакыт өтүптүр. "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деп Аалы Токомбаев айткандай элдин уулу аз жашаса да артында эскерип тураар балдары, эскертип тураар чыгармалары калды.

Ата-эненин дем байлыгы мууну элең
Бир көрүнүп, баарлашпадым канча жыл,
Ээси элең го шык-өнөрдүн канча кыл.
Ыр, проза, көркөм сүрөт, мукам үн.
Жаткан эле чыгармачыл канча сыр.

Сырт жагыңан уккан сайын кабарың,
Сыймык кылып кубанчу элек атыңа.
Акыр бир күн белгилөчү күн бар деп,
Жүргөн элек тилек кылып татына.

Кайсы күнү кандай кесел жолукту,
Кайсы себеп сени мынча оорутту?
Тагдыр сага берген эле баардыгын
Анан неге аяды ден-соолукту?

Айлыбыздын аты чыккан уулу элең
Ата-эненин дем байлыгы мууну элең.
Кабагы ачык, кары-жашка тең болгон,
Пейилиң тунук, жигитти бир гүлү элең,

Жашоодогу максаты эмне иргешпей
Жалкоолорго мезгил өтпөй, күн өтпөй.
Жакшынакай ойлоруңду жарыкка
Жаратууга сага калды күн жетпей.

Калды артыңда алган жарың, бала жаш
Калды өкүттө дос-тууганың санаалаш.
Жазбасаң да кур дегенде мейли эле
Жашоо күнүн сүрсөң болмок аралаш.

Эжең Абдраманова Токтогүл.
2008-жыл 3-июнь.





Төп келишкен талант эле...
Бекмырза Рахман уулу... Бул ысым окурман журтка эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн белгилүү болуп, анын жазган чыгармаларын артынан кууп окуп калган эле. Шум ажал арабыздан алып кеткенине бир жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул киши менен бир айылдан болгондуктан, ошондой эле бир топ жыл "Аалам" гезитинде чогуу иштеп, чыгармачылык мамиледе жүргөндөн улам калем алып эскерүү жазууну туура көрүп олтурам. Бекмырза аке баардык жагынан төп келишкен талант эле. Акындык, жазуучулук, обончулук, сүрөтчүлүк деги койчу болгон өнөрдүн көбүн чогуу алып жүрчү. Акындык жагын алсак, "Курут" деген ырын окуганда өзүңдүн апаңдын курутту тоголоктоп олтурганы көз алдыңа элестеп, курутту жебей эле ошого сиңип калган апаңын колунан жыттагың келет. Ал эми жазуучулукта эгемендиктин келиши менен детектив жанрын колго алып, жазган чыгармалары калың журттун арасына тез тарап, миңдеген окурмандарына ээ болду. Таланты ташкындап турган убагы эле. Чыгармаларынын тогуз жыйнагын чыгарып үлгүргөн экен Бекебиз. Обончулук жагын айта кетсем бир топ ырларына обон жараткан эле. Өрүк кыз" деген ырын "Өрүк кыз садагасы, өкүнтө карабачы. Алыстап кеткен бизден, ал кездин арабасы" деп Айбек Карымов ырдап жүрдү. Ал эми сүрөтчүлүк жана сатирик жагын алсак, "Күлкү" гезитин уюштуруп, анын карикатураларын, куйкум саптарын, сатираларынын баарын өзү жаратып, гезиттин түйшүгүн жалгыз өзү көтөрүп бир топ жыл чыгарып келди. Ошол таланты бааланып Республикалык "Чалкан" журналынын редакторлугунда да иштеп калды. Ал эми эл менен мамилени түзө билиши, отуруш-тойлордо алып баруучулук таланты жагынан да алдына анча-мынчаны чыгарчу эмес Бекебиз. Канчалаган асыл ой-максаттарыңыз аткарылбай калды. Ооруп жүргөнүңүздө бир жолу атамдар менен барсак, мына "футбол ойногону калдым, атамдарга айта барыңыз" деп кудуңдап сүйүнгөнүңүздү көрүп жакшы болуп кетет деген үмүт бар эле. Сизди жанындай көргөн апаңыз да сиздин ооруганыңызды көрүп, оорукчан болуп, жакшы боло албай Оо дүйнө сала берди. Апаңыздын каза болгонун ооруп жатып укпасаңыз дагы жүрөгүңүз сезип, бир жума өтпөй артынан сиз да тиги дүйнөнү көздөй кете бердиңиз. Ошол учурда бир топ жыл чогуу жашаган жубайын, уулдарынын улуусу сизди бирдей жерге жашырган атаңызга, аска зоосун кулатып жиберген үй-бүлөңүзгө, бир туугандарыңызга кыйын болду. Өзүңүз псевдоним кылып жүргөн чекчиз МЕЙКИНдикке жол салып кете бердиңиз БЕКИШ аке. Сизди ушинтип эскерип олтурабыз деп түк оюбузга да келген эмес. Эмне демекпиз, тагдырга моюн сунбаганга арга жок экен. Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Арбагыңыз менен жакындарыңызды колдоп жүрүңүз.

Бир кездерде чогуу жүргөн аяш иниңиз
Жумабай Дабын уулу.




Намыска да тие билчү
Беке жөнүндө көп эле нерселерди айтсак болоор эле. Бирок, келечекте дагы айтылат, жазылат деп ойлойм. Экөөбүз "Аалам" гезитинде үч-төрт жылдай чогуу иштеп калдык. Кабагы жарык, кайгы муң дегенди билбеген улууга да кичүүгө да бирдей мамиле жасаган, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, жазган жагынан, көркөмдөп келиштире сүйлөгөн жагынан, созолонтуп ырдаган жагынан, сүрөт тартып, жок эле жерден барды жарата койгон тапкычтыгы жагынан, аш болобу, той болобу келиштире алып барган жагынан, жөн жүрбөй китеп жаза койгон жагынан алдына эч кимди чыгарчу эмес.
Бекем, боорукер, жароокер болгондуктан андайды көрбөгөн байкуш кыз-келиндердин далайы тамшанып, кээде мага сырларын айтып: "Бекеңер бойдокпу ыя, бу жигит буга чейин кайда жүргөн?",-дешип ашык болуп ыйлагандарын көп көргөм. Анда мен:-Айла жок ашык болуп атсаңар анын үйүндө Пашахан деген "Королевасы"бар кокуй ошол кишиден уруксаат сурагыла,-десем, ушундай келишкен жигиттин жары кандай болду экен дешип, аяшыбыз Пашаханды атайлап сыртынан карап кетишээр эле. Ал мага кыздарга эмес, эркектерге мамиле жасагандай мамиле жасачу.
- Ой Элмира сен эркек эле болуп калсаң болмок. Экөөбүз аккан дос болуп, "аң уулоого чогуу чыкмакпыз"деп каткырып күлүп калчу.
...Уулум Абай менен өзүмө өзүм "декретний отпуск" жарыялап, эки жылга чукул үйдө олтуруп калдым. Бир күнү белгилүү акын эжебиз Гүлжамила Шакирова: -Сени Бекмырза издеп жатат. "Тирүүбү же өлүүбү? Кокус көрүп калсаңыз айтып коюуңузчу мага телефон чалсын же келип кетсин" деди,-дейт. Чындыгында көп деле элес алганым жок. Бирок андан кийин мени тааныгандардын кимисине жолукпайын:-Ой ырас болбодубу Рахмановго жолукчу, сени издеп жүрөт,-деген эле кишилер. Мынча издегидей эмне болуп кетти экен деп бир күнү телефонун алып жумушуна чалсам, менин үнүмдү шак эле тааныды да, ай буйга келбей эле:
- "Эй сен эмне Тезекбаевдин атын өчүрөйүн дедиңби? Кана жазгандарың? Күйдү күчүк болуп эмне олтурасың? Чыкпайсыңбы жумушка? Билесиңби, сен деген эл үчүн кызмат кыла турган кыздардын бирисиң? өзүңдүн бааңды, баркыңды, ким экениңди, кимдин кызы экениңди билбейсиң",-деп эле тилдеп кирди. Өзгөдөн күтсөм да, Бекемден ушундайды күткөн жок элем. Айрыкча "Тезекбаевдин атын өчүрөйүн дедиңби"-дегенде чындап намыстана түштүм.
- Түшүндүм Беке, жарым жылдан кийин жумуш караштырып анан чыксамбы дедим эле?-десем.
- "Жакшыраак жумуш тапкыча азбы көппү менин гезиттеримде деле иштей бер! Кандай тапсаң ошол күнү кете бересиң да" деп трубканы коюп койду. Ал күнү кечке кыжаалат болуп, ыйлап дагы, өзүмдү өзүм тилдеп дагы жүрдүм. Эртеси кайра телефон чалдым да:
- Беке, негизи радиого же телеге барсамбы деген ойлорум бар эле. Көптөн бери жазбай жүрүп алыстай да түшүптүрмүн, бир аз өзүмө келип көнгүчө сенин эле гезиттериңде иштей турайын- деп ошол эле күнү жумушка чыгып кеттим да, анын жеке менчик "Күлкү",жана "Сүйүү" деген гезиттеринде жарым жылга чукул иштеп, анан улуттук радиого которулдум.
Негизи менин намысыма тийип, чыгармачылык экинчи жашоомдун башталышына дем берген, дух берген, мына ушул Бекем болгон.
Элмира Тезекбаева,
УТРКнын баяндамачысы




Бекемди биз "гүлжигит" деп койчубуз
Рахман аяш атабыз менен Мистекан аяш энебиз жетимдиктин каарын тартып чоңоюп, өздөрү да жалгыз болгон үчүнбү, айтор Жараткан жалгап көп балалуу болушуп, 10 уул, 5 кызды багып өстүрдү. Бекмырза алардын тун уулу.
Аяш атабыз Рахман Жекембаев Алайкуу өрөөнүндөгү алгачкы шофер, көзгө атар мерген, сөзмөр инсан. Өз алдынча обон да жаратып, азырга чейин жакшы ырдайт. "Алма шагынан алыс түшпөйт"-демекчи, Бекмырза да ойноо кезинен тартып эле ар нерсеге шыктуу болчу. Балык кармайбы же балдар менен мелдешип кайсы бир оюн ойнойбу, дамамат алдыда жүрчү. Башкалардан зээндүүлүгү менен айырмаланып, бала кезинен тартып эле байчечектей бажырайган, жоогазындай жадыраган жан эле.
Студент маалында дагы курсташтардын арасында кадыр-барктуу болчу. Аккардоендун жаагын айрып, кубулжутуп обон созчу. Баса, Бекмырза мектепте окуп жүргөн маалда эле ыр жазчу экен. Бирок, ЖОЖдо окуп жүргөн кезде ал ырларын эч кимге окутпай, өзүнө чоң талап коюп, нака өзүнүн чыгармачылык жолун табуу түйшүгүн аркалап жүрдү. Кийин Бекмырза Баткенде мектепте иштеп жүргөн учурда жазган "Улакчылар" деген ырын "Кыргызстан маданияты" гезитинен окуп ичим жылып калды. Бекмырзанын тырмак алды ыр жыйнагынан эле анын өзүнчө акындык жүзүн, айылдын кайталангыс ажарын көрө аласың.
Бекем өзү күлкү-тамашага жакын жигит болчу. Ошончүн, "гүлжигит" деп койчубуз. Тамашасы менен баарыбызды жыргатчу. Эгер, Бекмырза бирөөнү мактай баштаса, анда достор: "Парашютуңарды белиңерге байлагыла!"-дечүбүз. Анткени, кайран Бекем адамды мактап көккө алып чыкчу да, анан мадырайып турган маалда "талп" эттирип жерге таштап ийчү. Мени: "Атантай деген ак бала, детский пальто чак бала"-деп тамашалаганы эсимде.
Бекем өзү көп кырдуу талант эле. Өз жолу бар кайталангыс жазуучу-акын, таланттуу тамада, обончу, ырчы, сүрөтчү болчу. Кыязы, Жараткан Эгем өнөр-талант таратканда таң атпай эрте барган көрүнөт. Бизди өлө өкүнүчкө, күчтүү күйүткө салган жери-бул өмүрдөн да эрте кетип калды...
Бирок, Бекмырза Рахман уулу аз жашаса да, артына саз эмгектерди калтырып кетти. Ал Эл аралык "Түгөлбай Ата" сыйлыгына арзып, куттуу өнөрдүн ар кайсы айдыңына өзүнчө таасын из калтырып, окурмандарды китепке кайрыган ондогон сонун китептерди чыгарды. Анын жыл сайын чыгарылып келген, "Сен сүйгөн обон"-деген обондуу ырлардын текстери жарыяланган, жаш ырчылар менен обончулардын тушоосун кескен китептери азыр ар бир үйдөн табылат. "Кайырчынын сүйүүсү" деген аңгемеси реализм нугунда жазылган жакшы аңгеме болсо, "Рекэт", "Байтал базар" сыяктуу чыгармалары массалык маданият туундусу катары азырга чейин окурмандардын бүйүрүн кызытып келет. Реализм менен детектив жанры жалгашып, жаңы нукта жазылган "Кытайдан качкан келин" повести дагы окурмандардын чоң кызыгуусуна арызап келет. Сүрөттөрүн да өзү тартып, балдарга арнап жазган "Мергенчинин аңгемелери" жана башка чыгармалары, көптөгөн сатиралары дагы анын кайталангыс талант экендигин тастыктап турат. Кыскасы, Бекмырзанын ар бир жыйнагы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Обондору болсо азырга чейин ооздон түшпөй ырдалып жүрөт. А ырдала электери канча... Башкасын айтпаганда да, Бекемдин жаңы табылга катары жазылып, калкыбыздын чоң урматтосуна арзыган, кийин кино болуп тартылып, жаамы көрүүчүлөргө жаккан "Министрдин кызынын махабаты" аттуу чыгармасы эле не деген ажайып мурас.
Аттиң, ошол опол тоодой Бекемдин Оо дүйнө салганына да бир жыл болуптур. "Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү Кудай жаратпайт!"-демекчи эми Жараткан бейишин берсин! Үй-бүлөңө, жакындарыңа Кудай өзү жар болуп, чыгармаларың кылым карыта берсин, Беке!

Курсташ,
калемдеш досуң-
Атантай Акбаров.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??