шоу дүйнө

Түркияда комуз үнү жаңырат
Кыргызстанда "автомат акын" аталган өзгөчө өнөрдүн ээси Жеңишбек Токтобеков бир айлык чыгармачылык гастролу менен сапарга аттанат. Атайын Түркиянын чакыруусу менен 18-июндан башталган чыгармачылык бул сапарында төкмө акын Түркиянын чоң шаарларын кыдырып, кыргыз элин, кыргыз жерин сагынган мекендештерибизге жан дүйнө кереметин тартуулап, комуз үнүн жаңыртат. Бир гана кыргыз элинин сыймыгына арзыбастан, чет өлкөлүктөрдүн да купулуна толгон Жеңишбек Токтобековго байсалдуу сапар кааламакчыбыз.

Балдардын батасын алган Байыш
"Балдар биздин келечек", "Карысы бардын ырысы бар" деген сөздөрдү ыйык туткан ырчы Байыш Момунов түштүк жеринде болуп, кайрымдуулук концертин берип келди. Тактап айтсак, Ош шаарындагы "Боорукерлер үйү" деп аталган балдар жана карыялар үйүнө барып кайрымдуулук концертин тартуулоо менен бирге алардын батасын алып, кымбат баадагы белектерин тапшырып кайтты. Ошондой эле өзүнүн репертуарындагы "Кызыл алма", "Биздин заман" аттуу жаңы ырларына клип тарттырып бүттү. "Бул жолку Ош шаарына болгон сапарым өзүмдүн купулума толуп, алдыга койгон максаттарым орундалды" деп учурда ырчынын сүйүнүп турган убагы.

"Жыйырманчы жаз" жамгырлуу кечте
"Алим Токторов продакшн" студиясы өткөн жумада "Жыйырманчы жаз" аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынан нөшөрлүү жамгыр кечинде болгон окуясын тартып бүтүрдү. Режиссёрдун айтуусуна караганда атайын табияттан күткөн кечки жамгырлар сценарийге төп келбей же пландаштырган күндөрү жамгыр жаабай калып, суу ташыгыч машиналарды жалдаганга туура келген. Аталган сюжетти тартууда башкы ролдо ойногон Талант, Жазгүл жана Асел кайталанган дубльдарда ойногондуктан, суук тийгизип алышкан. Ага карабастан актёрлорубуз кийинки сюжеттерге тартылып, кинонун эң кызыктуу эпизоттору уланууда. Ар бир адамдын жыйырманчы жазын, тунук махабатын чагылдырган бул тасманын кийинки бөлүмү, күтүлбөгөн жерден болуп калган эки жаштын үйлөнүү тоюн тартуу менен башталат. Ал эми катышкан каармандар тууралуу маалыматты гезитибиздин кийинки сандарынан беребиз.

Съездбек Искеналиев милиция кызматкери болот
Кыргыз ырларын жүрөккө жеткире ырдаган Съездбек Искеналиев эми милициянын формасын кийип, кызмат өтөй баштайт. Ички иштер министирлигинин алдында түзүлгөн он эки ырчыдан турган маданий топтун курамында Съездбек да бар. "Жакында колума тиешелүү документтеримди алгандан кийин толук кандуу милиция кызматкери болом" деген ырчы мырзабыз мамлекеттик кызматка кирип олтурганына кудуңдап жүргөн убагы.

Назик бойдокчулук менен коштошот
"Назик" бийчилер тобу алты жүздөн ашык кызды тарбиялап, бий дүйнөсүндө өз ордуларын таап калган убагы. Бир гана кыргыз элине чимириле бийлебестен эми чет өлкөлүктөрдүн чакыруусу менен чыгармачылык сапарга аттанышат. Тактап айтсак, июль айынын башында Түркия мамлекетинде өтүүчү фестивалга Кыргызстандын бийчилеринин атынан катышса, андан кийинки чыгармачылык сапары Кытай Республикасында уланат экен. "Мындай жоопкерчиликтен кийин турмуш жолуна аттанып, бойдокчулук менен коштошом" дейт бийчи кыз Назик.




Камиля Таабалдиева:
"Менин максатым -эски ырларды жандандыруу"
1988-жылы 1-декабрда Токтогул районунда төрөлгөн. Үйдө беш бир туугандын кенжеси.
Учурда Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун социалдык маданий ишмер бөлүмүндө 3-курста билим алууда. Андан сырткары ЭлТР коомдук телеканалында "Кутман таң" программасынын "Кыргызстандын ыйык жерлери", "Улуттук баалуулуктар" рубрикасынын редактору.

- Камиля, учурда алган билимиң, иштеген ишиң менен бирге ырчылык өнөрдү да аркалап келе жатасың. Бирок, эки башка кесипти бирдей алып жүргөнүңө эмне себеп? Же ырчылык сен үчүн хоббиби?
- Кесибим боюнча өзүм журналистмин. Ошого жараша азыр ЭлТР телеканалында иштеп жатам. Кесибим менен бирге ырчылыкты да кошо алып кетейин деген оюм бар. Бирок, учурда билимиме көбүрөөк көңүл буруп, чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттим. Ошентсе да азыркы учурда продюсер менен иштешсемби деген оюм акырындан ишке ашып келе жатат десем болот. Ал адам экөөбүз бири-бирибизди сынап, жылдызыбыз келишеби, келишпейби, бирге иштеше алабызбы, жокпу сын көз караш менен карап жаткан учурубуз. Тактап айтканда, ал адам менин талантымды байкап, сынап жүргөн кези.
- Чоң сахнага качан чыктың эле?
- 2008-жылы чыккам. Мен ыр дүйнөсүнө алгачкы жолу баш бакканымда чыгармачылыкка аралашканга жол көрсөткөн Айбек Карымовго, акын эжебиз Гүлмира Рыспаевага ыраазычылык билдирем. Башында Гүлмира эже экөөбүз чогуу иштешип жүрдүк. 2008-жылы 25-майда "Сейтек" борборунда эң алгачкы отчёттук концертибизди бердик. Тургунаалы Нурматов менен бирге гастролго чыгып жүрдүм. Андан кийин Кумар Асанов менен Талас облусун кыдырып келдик. Ошондой эле Жоомарт Жедигеров, Алтынбек Кыдыралиев сыяктуу жаш ырчылар менен да гастролго чыгып жүрөм. Учурда ишиме байланыштуу убакыт аз болуп, гастролго баштагыдай чыкпай калдым. Ырчылыкты мен кесип катары эмес, хобби катары алып жүрөм.
- Учурда сен сыяктуу жаш таланттар абдан көп. Сен алардан айырмаланып сахнага кандай өзгөчөлүк алып келдиң?
- Башка ырчылардан өзгөчө айырмалангандай өзүмдү көрсөтө элекмин. Бирок, өзгөчөлөнгүм келет. Азыркы көпчүлүк ырчылар башка тилдеги ырларды которуп ырдап жүрүшөт. Мен биздин акындар менен иштешем. Алар дагы өз кеңештерин айтышат. Көбүнчөсү "кыргыз жыттынган кыргыз ырларын алып чык" деп айтышат. Азыркы учурда эки-үч эски ырларды ырдаганга аракет кылып жатам. Менин максатым эски ырларды жандандыруу. Себеби, акыркы мезгилдерде эстрадада кыргыз жыттанган ырлар азайып кетти.
Ж.Исмаилова