п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"
Сахна дүйнөсүнө саресеп салганыбызда аткарылып жүргөн ырларды эки топко бөлүп келебиз. Бири - жеңил-желпи кулак ыры, экинчиси жүрөктөн түнөк таап, жашап калчу кайрыктар. Мына ушундай кайрыктар камтылган "Алло, алло", "Тахмина", "Эркинай" деген ырларды укканда арык чырай, аккордеон асынган бир кездеги Бек Борбиев эсиңе түшөт. Бүгүн минтип баралына жетип,чыгармачылыктын сересине түшүп, элине эмгеги сиңип турган КРнын Эмгек сиңирген артистин кумир тутуп, сыйлаган күйөрмандарын манжалап санай албайсың. Буга гезитибиздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы далил болду. Зарыл жумуштары чыгып айтылган убагында келбей калган ырчынын күйөрмандары үч күн бою редакцияга келип кеткенден тажашкан жок. Ырчы мырзага улам байланышып жатып күйөрмандары менен жолуктурдук. Күттүргөн кумир менен зарыккан күйөрмандардын маеги төмөндө...

Жыпар
- Бек байке, сиздин 20 жыл мурдагы ырларыңыз эл жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келет. Ырларыңыздын популярдуулугун жоготпогондугунун сыры эмнеде?
- Мен эч убакта ушул ырым классикалык ыр болуп калсын, кырк жылдан кийин да ырдалсын дебейм. Өзүмдүн купулума толуп, көңүлүмө жакса эле ырдап чыгам. Ал канчалык деңгээлдеги ыр экенин эл өзү таразалап алат.Элге жакпаган ырды дароо репертуарымдан алып таштайм. Менин бардык ырларым популярдуу болуп жатат деп айткандан да алысмын. Көмүскөдө калган чыгармаларым деле бар. Бирок, башка обончу, ырчыларга караганда репертуарымды тез-тез жаңыртып турам. Көп эмгектенем. Эл уктап жатканда мен иштейм. Эл ойноп-күлүп жүргөндө мен ыр жазам.
- Котормо ырларга көз карашыңыз кандай?
- Эгер радиодон которулган ырды берип калса башка толкунга которо коём. Телевизордон көрүп калсам дароо башка каналга коём. Башка элдин маалыматынын мага кереги жок. Кыргыз жыттанган "фирменный" ырларды гана уккум келет. Бизде ырчылар жетиштүү. Эгер жаштардын арасынан мыкты обончулар чыкса кыргыз эстрадасы ордуна келет.
- Сизди бильярдды жакшы ойнойт деп угам. Буга канча акча коротосуз?
- Тескерисинче капчыгымды толтурам.(тамаша). Көп акча кеткидей деле бильярд ойнобойм. Бильярдга күн алыс бир-эки саат убакыт бөлөм.
- Жыйырма жыл мурдагы Бек менен бүгүнкү Бектин айырмасы барбы?
- Жыйырма жаштагы адам менен 40 жаштагы адамда кантип айырма болбосун. Менин айырмам 20 килограмм салмак. Жыйырма жыл мурда арык бала элем. Чыгармачылыгым боюнча айта турган болсом, кээ бирлерине мурдагы ырларым жакса, айрымдары бүгүнкү ырларымды жакшы деп айтышат. Кандай болгон күндө да чыгармачылыгыма мурда кандай мамиле жасап эмгектенсем, азыр да ошондоймун.
Гүлбешекер
- Карыганыңыз өзүңүзгө сезилеби?
- Мен азыр анчалык ойлоно турган деле куракта эмесмин. Жашымдын өтүп баратканын балдарымды көрүп байкаганым менен өзүмдү баладай сезем. Сааттын жебеси жылган сайын өмүрүбүз өтүп жатат. Менимче эч ким карыгысы келбейт го...
- Ар бир адам байысам дейт. Байлыкка жеткенден кийин бийликке жетсем дейт. Сизде байлык да, бийлик да, атак-даңк да бар экен. Дагы эмнени эңсейсиз?
- Биринчиден, Бекте бийлик бар дегендер жаңылышат. Мен катардагы эле кызматкермин. Буга да тобоо кылам. Атак-даңк менде 20 жылдан бери бар. Ашып кеткен байлыгым болбосо да тапканым өзүмө жетет. Кудайга шүгүр, баа жеткис байлыгым болгон төрт балам бар. Мындан аркы менин эңсегеним кай жерде болбоюн, кандай кызматта иштебейин, элге түз, ак дилден кызмат кылуу.
- Чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим деп айталасызбы?
- Чынын айтсам, чыгармачылыктын жете турган жерине жеттим. Мурда менин досторум "Бекти чалдар, балдар гана эмес иттер да таанып үрбөй калат" деп тамашалашчу. Анын сыңарындай аздыр-көптүр жыйырма жылдык өмүрүмдү чыгармачылыкка арнадым. Дагы да эмгектенип иштей берем.
- Кайра жаралсаңыз деле ырчы болот белеңиз?
- Ырчы болуп көрбөдүмбү, кайра эле ырчы боло бермек белем. Негизи мен бала чагымда спортсмен болом дечүмүн. Балким ошол кыялдарым ишке ашмак.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Спорттун көп эле түрү менен машыгам. Айрыкча волейбол ойногонду жакшы көрөм. Жумасына бир жолу сөзсүз волейбол ойнойм. Жаңылык катары айта кетсем, жакында эле Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти болдум.
Бакыт
- "Тамчы шүүдүрүм", "Бүгүн жаным башкача бол, башкача", "Уулум мага окшогон" деген ырларыңыздын тарыхын айтып берсеңиз. Негедир акыркы ырларыңызда башыңыздан өткөн окуялар айтылгандай болуп жатат. Ырларыңызды укканда Бек байке жаш кыздарды сүйүп баштаган го деген ой келет экен?
- Мм... Ошондой сезилип жатабы ээ? Өзүң тескери жагын ойлоп жатат окшойсуң. Ыр сөзсүз эле өзүңдүн башыңдан өткөн окуядан жаралыш керек эмес да. Бул ырлар жөн гана катардагы ырларым сыяктуу эле эргүү келгенде жазылган.
- "Тамчы шүүдүрүмдү" кимге арнадыңыз эле?
- Сен аны тааныбайсың да. Муну деле атайын бирөөгө арнап жазган эмесмин.
- "Уулум мага окшогон" деп ырдап калдыңыз. Иши кылса уулуңуз табылган жокпу?
- (Күлүп) Экинчи маанисин түшүнбөй, туура кабыл алсаңар эле мындай ойлор жаралбайт. Бул да жогоруда айтылгандай эле илхом келгенде жазылган ыр.
- Акыркы үлгүдөгү машина минип жүрөсүз. Жашыруун болбосо канчага алдыңыз. Дегеле азыркы тапкан кирешеңиз канча?
- Чөнтөгүмө кызыгып калдың окшойт. Айлыгым бар, премия алып турам. Кыргыз патенттен автордук ырларым үчүн акча алам. Тойлорго чакыруулар болуп калса ага барам. Андан сырткары менин чыгармачылыгымды баалап, сыйлаган адамдар тарабынан күтүүсүз белектер болуп калат. Кыскасы, иничек, өзүмдүн тапканым өзүмө жетет.
Назгүл
- Өзүңүздү мекенчил деп эсептейсизби?
- Албетте, ар бир жигит өзүн ата-журтунун патриотумун деп эсептеш керек. Анткени, жигиттин күч-кубаты, сулуулугу, көркү мекенчилдигинде деп ойлойм. Кээде мекенчил болом деп улутчул болуп кетишет. Бул туура эмес. Менимче, патриоттуулугун жасаган иши, сүйлөгөн сөзү, кылган мамилеси менен көрсөтүш керек.
- Динге көз карашыңыз?
- Динге көз карашым түз. Аллахамдулиллах мусулманмын.
- Молдо жигит кызыңыздын колун сураса каршы чыкпайсызбы?
- Балдарымдын турмушуна, ички сезимине кийлигишким келбейт. Он сегизге чыккандан кийин өз алдынча адам болот. Мен бактымды курууда ата-энем киришкен эмес. Кимге тиет, кимге үйлөнөт өздөрү чечет.
- Балдарыңыздан жолуңузду жолдогону барбы?
- Төрт жашар кызымды фортепианодон сабак алдырып жатам. Кийин мен карыганда ырларымды нотага түшүрүп жардам берет деген үмүт бар.
Динара
- Убактыңыздын көбү талаада өтөт болуш керек...
- Тескерисинче мен үйдө көп болом. Элдин баары эле Бек көчөдө жүрөт деп ойлошот окшойт. Бала кезимден эле көчөгө көп чыкчу эмесмин. Үйдө эмгектенгенди жакшы көрөм. Ошого жараша эс алганды да билем.
- Бир көргөн адамга орусча айтканда "высокомерный" көрүнөт экенсиз. Өзүңүзгө кандай мүнөздөмө бересиз?
- Менин кандай адам экенимди чөйрөмдөгүлөр, жакын адамдарым билет. Бир сөз менен айтканда, какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын.
- Романтик болсоңуз керек ээ?
- Менин ичимде сыр калбайт экен да. Романтик боло турган учурда романтикмин, реалист боло турган учурда реалистмин.
Темир
- Балалык жөнүндө жаңы ырларыңыз барбы?
- Репертуарымда "Эх балалык" деген ыр бар. Бирок, ал жаңы ыр эмес. Жаңылбасам сен менен тең болуш керек.
- Ырчылардын көпчүлүгү кафе-ресторан иштетет экен. Сизде да болсо керек?
- Токтогулда биздин үй-бүлөгө тиешелүү бир кафе бар.
- Аялыңызга кол көтөрөсүзбү?
- Жаңы үйлөнгөндө жеңеңерди жаакка чапканда ал таарынып кетип калып, кайра өзүм кечирим сурап алып келген күндөр болгон. Азыр кол көтөрбөйм.
Назгүл
- Эркек бара-бара аялга баш ийип калат дешет. Сиз баш ийесизби?
- Кээде ошондой болду го деп ойлоп калам. Бирок, барыбир үйдүн кожоюну катары "рулду" карматпайм.
- Тишиңиз күрүчтөй аппак экен. Кантип сактайсыз?
- Мен бала бакчага барганда "тишти эртең менен кечинде сөзсүз жууш керек деп айтчу. Ошол тарбиячымдын үйрөткөнү боюнча сактап келем.
- Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
- Албетте. Заманыбыз тынч, эл журтум аман, ден соолугум жакшы, балдарым маңдайымда, демек, бактылуумун. Мен гана эмес ар бир адам бактылуу болууга укуктуу.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??