п»ї

  күнсүрөт

Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"
Мындан алты жыл мурун Кыргызстанда жашаган сиам эгиздерине операция жасалган. Азыр Зита менен Гита он жети жашка чыгып, Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө тарбияланып жатышат. Кыздардын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу эгиздердин энеси Зумрият төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Зумрият, сиздин кыздарыңыз Кыргызстандын тарыхындагы биринчи сиам эгиздери. Айтыңызчы, баары эмнеден башталды эле? Кош бойлуу кезиңизди эстеп көрбөйсүзбү?
- Зита менен Гита жолдошум экөөбүздүн үчүнчү кыздарыбыз. Бул кыздарды каалап, күтүп жүрүп эле жарык дүйнөгө алып келдим. Кош бойлуу кезимде эч кандай деле өзгөрүүлөргө, кыйынчылыктарга туш болгон эмесмин. Башка балдарымды кандай көтөрсөм, буларды деле ошондой эле көтөрдүм. Ал эми сиам эгиздери экенин качан гана кыздар жарык дүйнөгө келгенде билдим.
- УЗИге түшкөн жок белеңиз?
- Түйүлдүккө сегиз ай болгондо УЗИге түшкөм, бирок, "бир эле бала, бирок, салмактуу төрөлөт" деп айткан. Ошондо доктурдун эгиз экенин аныктай албаганына ушул убакка чейин түшүнбөйм. Ошентсе да өзүм жүрөгүм менен бир нерсени сезгендей болгом. Анткени, такыр эле эби-сыным жок болуп, ай-күнүм жакындаган сайын оорлошкондон оорлошо бердим. Ичим өзгөчө болчу. Ошондуктан, "эгиз төрөйм" деп ойлоп жүрө бердим. Бирок, сиам эгиздери экени үч уктасам түшүмө кирген эмес.
- Өзгөчө ымыркайларды төрөгөнүңүздү билгенде кандай сезимде калдыңыз?
- Кыздарды өзүбүз жашаган Манас айылындагы төрөткананын акушерлери эле төрөтүшкөн. Бала төрөлөөрү менен бакырып ыйлайт го. Негедир менин кыздарымдан үн чыкпайт. Анан да төрөлөөрү менен врач жалаякка ороп алып чыгып кетти. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип "балдарымды алып келгиле!" деп кыйкырып ыйлай баштадым. Бир маалда жолдошум Рашид келип, сиам эгиздер төрөлгөнүн айтты. Врачтардын "жети килограмм" деп жаткандарын кулагым чалган, ошондуктан, эгиз төрөгөнүмдү билдим. А сиам эгиздери жөнүндө түшүнүгүм да жок болчу да, жолдошумдун айткандарына ишенбей эле баары түш сыяктуу болуп, жинди-соонун арасында калдым.
- Кадимки балдар болбогон соң багуу бир топ эле кыйынчылыкты туудурса керек?
- Кыздарды дароо эле Токмоктогу ооруканага алып кетишиптир. Мага мындай эгиздерди үй шартында бага албасымды ачык эле түшүндүрүшүп, "балдарыңан баш тарт" деген кагазды алдыма сунушту. "Ичтен чыккан ийри жылан" дейт эмеспи, мен макул болгон жокмун. Катуу стресс болгондуктан, эмчегимен да такыр сүт чыкпай калган. Ошентип, Гита-Зита бейтапканада калды, мен үйгө чыктым. Бирок, врачтардын тыюу салганына карабай кыздарыма күн сайын, кээде бир күндө эки-үч жолу деле бара берчүмүн. Башында жинди немедей үйдөн качып чыгып, күйөөм кыштактын башынан канча кармап келди?! Өзүмдү коркунучтуу түш көрүп жаткандай сезчүмүн. Таң атса эле ушул түшүмдөн кутулчудай болуп кадимкидей таңды күтчүмүн.
- Зита-Гита деп аттарын ким койгон?
- "Зита-Гита" деген индия киносун үйбүлөбүз менен кызыгып көрчүбүз. Кыздарыбыздын аты ошол кинонун каармандарынын атынан коюлган. Бир аз өзүбүзгө келип, эсибизди жыйган соң жолдошум экөөбүз кеңешип, ушул атка токтолгонбуз.
- Экөөнүн мүнөздөрү кандай?
- Негизи Зита ак көңүл, жумшак. Урушуп кетсе да элдешкенге биринчи кадам таштайт. Ага караганда Гита мерезирээк. Качан көрбөйүн, Зита кечирим сурап жаткан болот. Экөө болоор-болбос нерселерди талашып, айтышып кетишет. Эртең менен турганда тамактанышып, бири компьютерге отурат, экинчиси сүрөт тартканга киришет. Зита табиятынан ыр жазганга шыгы бар, мага арнап жазган ырларын окуп көңүлүм көтөрүлөт. Түштө чарчап бир-эки саат уктап алайын, этияттагыла деп эскертсем, мен ойгонгонго чейин өздөрүнүн жеңил кийимдерин жууп коюшат. Баары бир алдары жок да, кийин аларга көрсөтпөй чала жууган кийимдерин кайра жууп чыгам. Кара жумуш жасаганга аракет кылышат, мен аларды тыйгым келбейт. Себеби, башкалардан кем экенин дагы бир ирет сезбесе дейм. Тамак жасап жатсаң картошка аарчышып, эт туурашып жаныман чыгышпайт.
- Ал эми операцияга чейин экөө эки башка нерсени каалашса кантип бир чечимге келишчү?
- Операцияга чейин ооруканага барсам, көбүнчө бети-баштары тытык, маанайлары жок тосуп алышчу. Эмне болгонун сурасам, Зита телевизор көргүсү келсе, Гита сейилдегиси келип тил табыша албай чабышып кетишкенин айтышчу. Ошондой учурда "кыздар, экөөңөр бир туугансыңар, минтип урушуп жатсаңар башкаларга шылдың болосуңар" деп акыл айтсам, ошол жерден элдешип алышчу. Мен кеткенден кийин биринчи телевизор көрүшүп, анан сейилге чыгышчу экен. Экөөнүн денесин ажыратканга чейин ортолорунда уруш-талаш көп эле болду. Учурда деле анда-санда урушуп кетишет.
- Азыр канчанчы класста окуп жатышат?
- Жаштары он жетиде болгону менен билими алтынчы класстыкы. Бир ай мурда мага Билим берүү министринин орун басарынан кат келиптир. Анда "кыздарыңыз мындан ары интернатта билим ала албайт, борбордо үч бөлмөлүү үйүңөр бар, ошого мугалим чакыртып билим берсеңер болот" дешиптир. Мамлекет тарабынан берилген үч бөлмөлүү квартираны берип жатышканда түз эфирден "коммуналдык кызматка эч кандай акы төлөнбөйт" дешкен болчу. Төрт жылдан кийин коммуналдык кызматтарга акча төлөбөгөнүм үчүн сотко чакырышты. Азыр өзүн өзү актасын деп ижарага берип койдум. Башка балдарымдын жогорку билими жок болгонго жараша ушул эки кызымдын окушуна мен болгон күчүмдү жумшайм. Кыздарымдын коомдон четтеп калышын каалабайм. Москвадагы медиктер да кыздарды өзүнчө бөлүп бакканга болбойт, психологиясы бузулат дешкен. Азыр кыздарым каникулда, үйдө. Жакында эки жумага Воронцовкага дарыланганы барышат. Өзүм ары-бери чуркап жүрүп, күзүндө кайра эле интернаттан билимдерин улантууга уруксат алдым.
- Башка балдарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Эгиз кыздарга он бир ай болгондо боюмда болду. Ошол кызымды кантип төрөгөнүмө азыркыга чейин таң калам. Анткени, мен ошол кезде жашабай эле сөлөкөтүм калган. Азыр ойлоп көрсөм, Зита-Гита деп жүрүп, башка балдарыма көңүл бурбай, мээрим төкпөй чоңойтуптурмун. Ахмед менен Залина жаныма келип кучактаса, эркелетип койгонго жарачу эмесмин.
Улуу уулум Ахмед азыр жыйырма төркө чыкты, үйлөнгөн, эки баласы бар. Андан кийинки кызым Залина жыйырма экиде. Окууну бүткөндөн кийин бир жыл үйдө болду, он сегиз жашында турмушка чыгып, үч айга жетпей ажырашып келе берди. Барган жеринен да ага "сиңдилериң инвалид" деп кулагынын кужурун алышып, тынч жашатпай коюшуптур. Англис тил курсуна барып тил үйрөндү, азыр мектепте мугалим болуп иштеп жатат. Зита-Гитадан кийинки кызым Наида быйыл онунчу классты бүттү.
- Балдарыңыз сиам бир туугандарын алгач кандай кабыл алышты?
- Жогоруда айткандай, Зита менен Гита он бир жашка чейин үйгө келишпей, ооруканада тарбияланышкан. Ошондуктан, балдарым сиам бир туугандары бар экенин билгендери менен көрүшкөн эмес эле. Кичүү кызым үчкө чыкканда акча табайын деп балдарымды жолдошума таштап коюп, Россияга соода кылганы кеткем. Жарым жылдан кийин келсем, балдарым астыман чуркап чыккандын ордуна коркуп, чочулап мага жолобой коюшту. Эч нерсеге түшүнбөй Рашидден "эмне болду?" деп сурасам, ал түшүндүрүп жатпайбы. Көрсө, атын айтпай эле коеюн, бир гезитке Зита-Гитанын жылаңач сүрөтүн чыгарып салышыптыр. Балдарым мындайды күтүшпөсө керек, сүрөттү көрүп алышып өкүрүп-бакырып ыйлашыптыр. Ошондон кийин Ахмед менен Залинаны ооруканага алып бардым. Бири-бирине дароо көнүшүп, жакындашып кетишти. Азыр дагы бир туугандарына жан тартып турушат.
- Негизи өзүңүздөр эмне иш менен алектенесиздер?
- Балдарыма убагында жогорку билим да бере алган жокмун. Азыр балдарым менен жер иштетип, мал багабыз. Уй саап, сүтүн өткөргөнүм менен анын акчасы тамактан ашчу эмес. Анын үстүнө азыр сүттүн бир литрин алты сомдон эле алып калышты. Алты сомдон өткөргөндөн көрө балдарга айран-сүт бергеним оң деп азыр өткөрбөй да калдым.
- Зумрият, эми бир аз артка кайрылсак. Айтыңызчы, эгиздерди бөлүү өтө оор операция экенин билебиз. Бул үчүн сизге ким жардам берди?
- 2003-жылы март айында кыздар он бир жашка чыкканда экиге ажыратып, операция жасашты. Кыргызстандын шартында мындай операция жасоого мүмкүн болбогондуктан, Москвадан жасатып келгенибизди баары эле билишсе керек. Бирок, москвалык врачтар деле кепилдик бере алышкан эмес. Тобокелге салып "кыздарым бир нерсе болсо, эч кандай доом жок" деген кагазга кол койдуруп алышкан. Ал учурда күйөөм экөөбүз бир тыйындан бери үнөмдөп, бир үзүм нанды бөлүп жеген күндөр болду. Ачкачылыктан алым кетип, метрого түшкөндө көзүм караңгылаганын эстесем азыр да ыйлагым келет. Кээде Зита менен Гитанын шейшебин алмаштырып, таза ич кийим алып бергенге акчам жок калчу. Бизге белгилүү орус врачы Елена Малышева көп жардам берди. Мен ага өмүр бою ыраазымын. Баш-аягы операцияга 250 миң доллар акча кетти.
- Бул акчаны кайдан таптыңыз?
- Жогоруда айткандай, Елена Малышева өзү демөөрчү издеп, өз чөнтөгүнөн да берди. 250 миң доллардан сырткары операциядан кийин Россиянын эң кымбат клиникаларында үч жыл дарыландык. Ошонун баарын эсептесек чоң суммадагы акча сарпталыптыр. Бирок, мага эч кимиси "мынча акча кетти" деп милдет кылышкан жок, орустардын чын ниетинен жардам бергенине жүрөгүм жылыды. Кыргызстанда болгондо кыздарым өлүп калмак.
- Андрей Малаховдун берүүсүнө да катышып жүрбөдүңүздөр беле?
- Кыздар операция болуп, Кыргызстанга келгенден кийин Андрей Малахов "Пусть говорят" берүүсүнө чакырды. Баргым келбей кыйылсам, Зита-Гита менен келишимди аябай суранды. Макулдугумду берип, берүүсүнө катышкандан кийин "эмнеге бизге нааразы болот?" деп кыргызстандыктардын көпчүлүгү мага таарынышты. Чынында ал берүүгө барганга чейин менин үнүмдү эч ким уккан жок. Бутум күйгөн тооктой чуркап, операцияга чейинки түйшүктүн баарын жолдошум экөөбүз тарттык. Бирдеме болсо эле Аскар Акаевдин убагында шаардан берилген үч бөлмөлүү квартираны бетине кармашат. Мен ал үйдү материалдык абалымды жакшыртыш үчүн алган жокмун, кийин кыздарым ал үйгө баш калкалап жашашса деген эле ниетим. Башка балдарымдын го алты саны аман, кара күчү менен жан багып кетишет. Зита менен Гитанын же ден соолугу орунда болбосо же билими жок болсо эмне кылып күн көрүшөт?
- Операциядан кийин кимиси биринчи басты?
- Башында жыгылып-туруп экөөнүн тең айлалары кетчү. Гита аракетчил, Зита болсо кыймылдабай эле жата берчү. Кийинчерээк Гитага атаандашып ал да аракет кыла баштады. Анын үстүнө Зита Гитага караганда операцияны оор көтөрүп, азыр да организми алсызыраак.
- Кыздарга дагы канча операция жасаш керек?
- Азыр экөөнүн тең жыныстык органдары жок, экөөнүн бирден эле бөйрөгү бар. Жыйырма жашка чыгып, организмдери калыбына келгенде гана жыныстык орган салууга мүмкүн экен. Ага чейин бөйрөгүнүн тушуна тагылган заара кабыл алуучу баштыктарды, башкача айтканда, калоприёмниктерди пайдаланышат. Бир баштык бир күнгө жетет. Азыр Москвага 400 даана баштык заказ кылдык.
- Бул баштык канча турат?
- Калоприёмниктерге бир жылда миң евро сарпталат. Андан тышкары экөөнүн протези биригип он беш миң евро, протезге тагылган корсет беш миң евро турат. Буларды эки жылда бир жолу алмаштырыш керек.
- Жакында марафондон түшкөн каражат дары-дармекке жетчүдөйбү?

- "24 кg" маалымат агенттигинин директору менен ырчы Жылдыз Осмоналиева тарабынан уюштурулган марафон жакшы өттү. Адил Чекилов, Гулнур Сатылганова дагы бир топ ырчылар келишти. Кыздарым Ильяз Абдразаковду жакшы көрүп, ырларын сүйүп угушат. Марафонго келмек экен, эмнегедир келген жок. Зита менен Гита күткөндөрүн сурабаңыз. Курманбек Бакиев өзүнүн фондунан 100 миң сом, Эмгек жана социалдык коргоо министри Назгүл Ташбаева 90 миң сом, Саламаттык сактоо министрлиги 109 миң сом беришти. Мамлекет тарабынан кир жуугуч машина, муздаткыч, эки керебет, кийим илүүчү шкаф, китеп салган шкаф, дивандарды алып келип үйгө кыздардын бөлмөсүнө жайгаштырып беришти. Марафондон баары биригип 870 миң сом түштү. Бул акчага август айында Мосвага барып, кыздарымдын протез, корсеттерин алмаштырып келебиз. Кыргызстандыктарга, элге ыраазымын. Калк жардам бербесе кантип күн көрмөкпүз?..
- Кыздар жашоо үчүн күрөшкөндөн чарчашса деле керек...
- Кээде ыйлашып, "ушундай жашоону көргөндөн көрө өлгөнүбүз артык" дешет. Аларды жубатып: " көбү бүтүп, азы калды. Кыздарым, кичине чыдагыла, аз убакыттан кийин баарыбыз бактылуу жашайбыз, болбосо үчөөбүз тең чогуу өлөбүз" дейм. Мен энемин, кыздарым үчүн баарына даярмын. А менин көңүлүмдү ким жубатып, мени ким сооротот? Зита менен Гитаны жыйырма бешке чыкканда төрөгөм, азыр кырк экиге чыктым. Туптуура он жети жылдан бери кыздарымды канатыма калкалап, алардын жашоосу үчүн күрөшүп келем. Жаштыгымдын баарын эки кызга арнадым. "Өлбөгөн кулга жаз келет" демекчи, бизге да бактылуу күн келээр деп үмүт менен жашап келебиз.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??