п»ї
 Таанышуу жарыясы


Сиам эгиздери дүйнөдө...
Сиам эгиздери төрөлгөндө эле бир денеде болушат. 200 миң төрөткө бир сиам эгиз туура келет. Жумуртка келткалардын ийгиликсиз бөлүнүшүнөн улам ушундай эгиздер пайда болот. Жумуртка клеткалар кайсыл жерден бөлүнгөнүн токтотсо, ошол жерден баштап эгиздердин денеси чогуу өсө баштайт. Адатта сиам эгиздеринин теңинен көбү төрөлөөрү менен чарчап калышат. Эң биринчи жолу сиамдар 945-жылы Арменияда төрөлүп, операция кылганга Константинопльга алынып келинген.
Сиамдар төмөнкүдөй
түргө бөлүнөт:
Таропагдар - көкүрөк клеткалары бир эгиздер. Мындай сиамдарды бөлгөндө жүрөк көбүрөөк жабыр тартат. Операциядан аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз. Таропагдар сиам эгиздердин 35-40% ын түзөт.
Цефалопагдардын баштары жабышып турганы менен денелери бөлөк. Эгиздердин бул түрүнө киргендердин өмүрү узакка созулбайт.
Паразитардык краниопагдардын бир денеде эки башы болот.
Дипрозоптордун бир баштын эки жагында эки бет болот, мындай сиамдар дүйнө жүзү боюнча бешөө гана жашайт.


Эркек сиамдарга караганда кыздар эки-үч эсе көп төрөлөт.

Сиамдардын 40 пайызы төрөлгөндөн кийин дароо эле чарчап калса, 35 пайызы эненин ичинен өлүк төрөлүшөт.
1
940-жылы Гарлемде бир денеде үч башы бар сиамдар жарык дүйнөгө келген. Алардын аттары Питер, Поль жана Джон болгон.

Сиам эгиздеринин денесин эң биринчи жолу 1952-жылы Огайо штатында Муант-Синай бейтапканасынан бөлүшкөн.

Медиктердин айтымында сиамдарды экиге бөлгөндө жок дегенде бирөөсү тирүү калса, операция ийгиликтүү өттү деп эсептешет. Анткени, мындай эгиздерди бөлгөндө көпчүлүк учурда операцияны көтөрө алышпай, экөө тең жарыкчылык менен кош айтышышат.

Статистика боюнча сиам эгиздери Великобританияда көп кездешет. Бул өлкөдө эгиздерге жасалган операцияда көпчүлүк учурда бирөө эле тирүү калат.

Жыйырманчы кылымдан бери сиам эгиздерин бөлүүгө 200 операция жасалган





Радице Додице аттуу 1888-жылы Индияда төрөлгөн эгиздерди 1883-жылы Лондондун императору циркке алып чыккан. Ошол жерден Додиценин туберкулёз менен оорурун аныкташып, жок дегенде бирөөсүнүн өмүрүн сактап калуу максатында Доуэн деген хирург операция жасаган. Додице көз жумуп, Родице эки жыл эле жашаптыр.


Америкадагы Бритни жана Эмми аттуу сиамдар уруша кетип, Бритни Эмминин башын таш менен жанчып өлтүрүп койгон. Көрсө, Бритни сүттүн өзүн эле эмес, жытын да жаман көрөт экен. Ал эми Эмми болсо бир күндө төрт-беш жолу сүт ичмейин тура алчу эмес.

1811-жылы туулган дүйнө жүзүнө белгилүү сиам эгиздери Чанг менен Энг 28 жашка чыкканда медиктердин жардамынан баш тартышып, гимнастиканын ар кандай түрү менен машыгып, элдин таң калтырып акча табышкан. Америкага көчүп келип, коңшу жашаган эже-сиңдиге баш кошушкан. Кыздардын ата-энеси "үйлөнгөндөн кийин денеңерди дароо бөлдүртөсүңөр" деген талап коюшат. Бирок, кийинчерээк кыздар операция кылганга өздөрү каршы чыгышкан. 1874-жылы 63 жашка чыкканда Чанг көз жумуп, анын артынан үч сааттан кийин Энг каза болгон. Кызыгы, Чанг менен Энг он тогуз балалуу болушуп, балдарынын бири да ден соолугунан жабыркаган эмес.

1878-жылы жарык дүйнөгө келген Роза жана Джозефаны башында туугандары өлүп калсын деген ниетте беш-алты күнгө чейин тамак бербей коюшкан. Апасы аягында чыдабай кыздарын балдар үйүнө өткөрүп берген. 1892-жылы Роза менен Джозефтин Атлантикага атагы тараган. Скрипка менен арфада мыкты ойногон сиам эгиздер 1910-жылы 15-апрелде бейтапканага барганга аргасыз болгон. Анткени, Розанын ичи күн сайын чоңоюп боюнда бар экенин жашырууга мүмкүн болбой калган. Аягында Роза боюндагы бала кимдики экенин айтканга аргасыз болгон. 17-апрелде дени карды соо эркек бала төрөлгөн. Ал эми Розанын сүйүктүүсү ошол бойдон дайынын билдирген эмес.

Дагы бир белгилүү сиамдар Дейзи жана Виолетта Хилтондор. Жамбашы бириккен бул эгиздер Тода Броуниндин "Мунжулар" деген киносуна тартылышып, съемка учурунда бир күндө 5000 доллардан киреше таап турушкан. Виолетта Джеймс Мур деген бийчиге турмушка чыгып, эки жумадан кийин ажырашып кетишет. 1941-жылы Дейзи дагы бактысын сынап турмуш куруп, он күндөн кийин күйөөсү качып кеткен.

Анара ДҮЙШӨНАИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??