п»ї
 Таанышуу жарыясы


 

Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
Ала-Тоо аянтында 1-июнда коюлган Манас эпосундагы каармандардын ичинен кытай-манжулардын ханы Нескаранын айкели Бишкек мэриясынын алдындагы Курулуш жана оңдоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынды. Алардын айтымында, Нескаранын айкели реконструкцияланат. Маалыматтарга караганда, буга коомчулук нааразы болуп, Манас баатырдын түбүнө жеткен душмандарынын айкелдери борбордук Ала-Тоо аянтында коюлбаш керек деген пикирлери себеп болгон. Эскерте кетсек, Манас эпосундагы айкелдерди Сүрөт Академиясынын айкелчилери жасаган.

Кыргыз жараны
Анжиян түрмөсүндө
Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаровдун билдиргенине караганда, өзбек чек арачылары кармап кеткен Өзгөн районунун 31 жаштагы тургуну Убайдылла Миталипов Анжиян абагында отурат. Ага караштуу "Ауди" маркасындагы машина Ханабад шаарында экспертизадан өткөрүлүүдө. Коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги кыргыз жаранын укук коргоо органдарына жакынкы күндөрдө өткөрүп берээрин убада кылууда. Анткен менен Убайдылла Миталиповдун жердештери бийликтин расмий түрдө сүйлөшпөгөнүнө нааразы болуп, такыр жыйынтык чыкпаса, айылдашын өздөрү издеп барышаарын айтышууда.

Н.Мотуев эки гезитти сотко берди
Президенттикке талапкер болууга умтулган Нурлан Мотуев "Аалам" жана "Пресс. kg" гезиттерин сотко берди. "Аалам" гезитин "Мотуев абакта каяктан авторитет болуп жүрөт" деген макаласы үчүн сотко берип, гезиттен 5 миллион сом, ал эми "Пресс. kg"де жарыяланган "Токтайым, Мотуев, Назаралиев Чым-Коргондо текшерилиш керек" деген макала үчүн сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Бул тууралуу Мотуев өзү кабарлап, мындан ары аны каралаган гезиттерди сотко берүүдөн баш тартпай турганын кошумчалады

БШК талапкер А.Айтикеевди
каттоодон баш тартты
Бул маселе боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси Токтогул Султакеев маалымат берип, президенттик кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн Акбаралы Айтикеев мамлекеттик тил сынагынан өткөнүн, ыйгарым укуктуу 12 өкүлү дайындалганын, бирок анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын кол тамгасы 47 миң 521 эле болуп калганын билдирди. Шайлоо Кодексине ылайык президенттикке талапкер шайлоочуларынын 50 миң кол тамгасын чогултуусу керек. Акбаралы Айтикеев болсо БШКнын мүчөлөрү, жумушчу топтун жетекчиси Токтогул Султакеев жана мүчөсү Жамиля Алымбековалар Шайлоо Кодексинин онунчу жана алтымыш экинчи беренелерин түздөн түз бузууга жол беришкенин билдирди. Анын айтымында, штабы шайлоочулардын 74 миң 81 кол тамгасын топтогон, анын ичинен 65 миң 546 кол тамгаларды жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кайра-кайра текшерип, мыйзам түрүндө мөөрүн басып, протоколдорун даярдап, БШКга жөнөтүшкөн.

Эрежесиз эр
мушташтын
эрендери
13-14-июнь күндөрү Ош шаарындагы Сүйүмбаев атындагы спорт ордосунда "Эрежесиз эр мушташ " мелдеши өткөрүлдү. Көрөрмандардын бүйүрүн кызыткан бул спорттук иш-чара Ош шаардык мэриясы тарабынан "Алыш" спорттук клубу менен биргеликте уюштурулган. Спорттук оюндардын эң татаалы ,эң кызыктуусу болгон "Эр мушташта" оор салмактуулар арасында "Мухаммад Умар" спорт клубунун спортсмени Саркарбаев Кылыч 1-орунду, Аманкулов Рашит 2-орунду, Тойчиев Кангелди 3-орунду камсыз кылышса, 75 кг чейинкилер арасында Бердибаев Нурлан 1-орунга, Самат Жаныбек уулу 2-орунга, Турсункул Асылгазиев 3-орунга ээ болушту. Белгилей кетсек,баш байгеге "Ауди" жана "Мерседес" автомашиналары коюлду.

Баткенде кыш
50 пайызга арзандады
ЖКнын депутаты А.Бурхановдун демилгеси менен курулган Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү кыш заводу ишке кирди. Азыр бул жерде жүзгө жакын жумушчулар эмгектенип жатышат. Эмгек акылары 10 000 сомдон ашып түшкөн кыш заводунда иштегендердин айткандарына караганда, жылына 3 млн. кыш чыгат. Буга чейин Оштон ташылып келинүүчү кыштын баасы он сомго чыккан болсо, эми беш сомго чейин түштү.
Кошумчалай кетсек, июль айында өз продукциясын чыгарууга даярдык көрүп жаткан Кызыл-Кыядагы цемент заводу ишке кирсе, кыш заводдор жанданып, курулуш иштери да күч алышы мүмкүн. Албетте,бул өз кезегинде жумушсуздук маселесин жоёт .
Маалымат булактарынан даярдаган Ж.Калдарова




ДҮЙНӨ дүбүрт
Пакистанда 60 талиб өлтүрүлдү
Пакистандын Сват өрөөнүндө акыркы күндөрү бери дегенде 60ка жакын талиб жоочулары өлтүрүлдү. Пакистандык жоокерлер Вазиристан вилайетинде талибтерге абадан сокку урган. 14-июнда согушчандар Пакистандын Пешавар шаарындагы беш жылдыздуу мейманканага чабуул жасап, 9 киши набыт болуп, ондогон адам оор жараат алды.

Грузия КМШнын катарынан чыкты
Грузиянын парламенти КМШдан биротоло чыккандыгы туурасында процедураны аяктап, ал боюнча атайын токтом кабыл алды. КМШнын тутумунан чыгуу туурасында биринчи жолу президент М.Саакашвили 12-августа беш күндүк (Түштүк Осетия) согуштан кийин расмий билдирген. Белгилей кетсек,Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) 1991-жылы СССР кулагандан кийин түзүлгөн. Анын тутумуна Грузия, Латвия, Литва жана Эстониядан тышкары мурунку союздук 11 мамлекет кирген. КМШнын түзүлүшү туурасында Декларацияга 1991-жылдын 21-декабрында Алматыда кол коюлган. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина республикаларынын башчылары кол койгон. Ал эми Грузиянын КМШга кириши мамлекет башчыларынын чечими менен 1993-жылдын 3-декабрында кабыл алынган болчу.

"Кагуя" жапан спутниги Айдын үстүнкү бетине урунду
10-июнда москва убактысы боюнча саат 22.35те "Кагуя" жапан спутниги Айдын үстүнкү бетине урунуп өзүнүн миссиясын аяктады, деп билдирген Fox News. Жапан JAXA космос агенттигинен азырынча расмий ырастоо келе элек.
Жаңылык РИАсынын маалыматтары боюнча, Айдын үстүнкү бетине барып урулуп, зонд изилдөөчүлөргө Жердин спутнигинин түзүлүшүн жана тегин дурусураак түшүнүүгө жардам берет.

Чырномырдин отставкага кетти
Россиянын Украинадагы элчилик кызматын аткарган Виктор Черномырдин ден-соолугуна шылтоолоп кышында эле отставка жөнүндө өтүнүчүн берген болчу. Бул жөнүндө "Коммерсант-Украина" гезити жазган.
Черномырдиндин өтүнүчүн 2009-жылдын февралында Россиянын элчисине Украинанын ТИМ башчысы Владимир Огрызко тапшырган нотадан эрте канааттандырууга мүмкүн эмес экендигин түшүндүрүштү, басылманын дипломаттык булактары. Эгерде ошондо элчини алмаштырса, анда ал россиялык дипломаттын түз айткан пикирлерине байланыштуу нааразылык билдирген украиналык тараптын эбине көнгөн катары көрүнмөкчү.Гезиттин маектештеринин биринин сөзүнө караганда, Черномырдин "мындан ары да иштей бермек, бирок объективдүү себептер жолтоо болду". "Ал катуу ооруп калды, анын үстүнө улгайган курагы да таасир тийгизүүдө. Белгиленген убакытта элчинин милдетин аткарууга ага жолтоо болгондугун",- билдирди.
Россиянын Украинадагы элчисинин кызматына ылайыктуу кандидат катары РФ тышкы иштер министринин 59 жаштагы орун басары Григорий Карасинди эсептешет, ал ведомстводо Украина менен мамилелер жагын тейлет. Муну Украинанын да, Россиянын да ТИМдеги булактары ырастоодо.

Кытайда тыйындардын эң чоң казынасы табылды
. Шэньси провинциясынын Лицюань уездинде кытайлык куруучулар 2 тоннадан ашуун орто кылымдагы тыйындарды табышкан деп билдирген "Синьхуа" агенттиги. Тыйындарга биздин доордун VII-XIVчү кылымынын, башкача айтканда Тан, Сун жана Юань династияларынын доорлорунун датасы коюлган. Курулуш жумуштары уездеги башталгыч мектептердин биринин балдар аянтында жүргүзүлгөн.
Тыйындарды сакталуучу жайлардан 70 археолог 5 саатта көтөрүп чыгышкан. Казына жергиликтүү музейге жеткирилген, ал жерде табылгалар сорттолот жана эсептелип чыгат.

Беларусияда сыра ичүүгө тыюу салынды
Беларусияда коомдук жерлерде сыра жана алкоголдугу азыраак башка ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынды. Мындан ары тартип бузуучулар мыйзам чегинде административдик жоопкерчиликке тартылат.Көчөдө алкоголду колдонуу өлкөнүн калкына Беларусиянын 280 миң рублине турат, же бул 100 долларга жакын дегендик. Эгерде коомдук жерде спирт ичимдигин пайдаланса ага 2 миңден 15 миңге чейинки базалык чоңдук өлчөмүндө айып төлөнөт же болбосо административдик камакка алынат.
Ушуну менен бийликтер жашы жетпеген жарандардын спирт ичимдиктерин керектешин чектөөгө үмүттөнүшөт.

Чочко тумоосу пандемияга чейин өсүп жеттиби?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалым кылгандай , эки ай мурда Мексикада башталган чочконун тумоосу Азияда, Америкада жана Европада кеңири тарап, учурда 74 өлкөдө катталды. Женевадагы маалымат жыйынында уюмдун башкы директору Маргарет Чан пандемияга каршы күрөштө эч бир өлкө жардамдан өксүк калбашы керектигин белгилеп,
"Биз пандемиянын алгачкы күндөрүндө жашап жатабыз. Вирус тез ылдамдыкта жайылууда. Дүйнөдөгү өлкөлөр жакшы болобу, жаманбы, кичинеби же чоңбу, айтор бардыгы вируска каршы биригиши керек. Бир да өлкө жардамдан өксүк калбашы зарыл" дейт Маргарет Чан.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??