п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Бирде жигит төө минет...

Адамзатынын жашоосу дайым эле төрт тарабы келишкен боло бербейт эмеспи. Бирине тартсаң бирине жетишпеген жашоо көпчүлүк адамдардын башынан өтөт. Анын сыңарындай, аты таанылып, мен-мен деген инсандар да мындай жолду басып өтүшкөн.

Жакырчылык башыңыздан өткөнбү?
Табылды Эгембердиев,
"Шоро" фирмасынын кожоюну:

- Бул менин оорулуу жерим. Анткени, мендей болуп кыйналып, анан бутуна туруп кеткен адамдар жокко эсе болсо керек. Окууну бүткөндөн кийин мени Нарынга прораб болуп иштөөгө жөнөтүштү. Үйбүлөм менен барып ошол жакта жашап, иштеп калдык. Менин жан дүйнөм чыгармачыл адам болгондуктанбы, айтор, эч кандай мамлекеттен бир тыйын жебей ак иштедим. Анан албетте, алган айлыгым менен үйбүлөмдү тийиштүү деңгээлде бага албадым. Ошол себептен үй-бүлөм мени таштап кетти. Достордун бардыгы "Табылды келесоо болуп калыптыр" дешип менден качып калышты. Ошондо 13 жыл бою коомдо жалгыз калгам. Менин жан дүйнөмдү түшүнүп, сүйлөшкөн адам жок эле. Жалгыздык жаныма батып, китеп барактарынан чындыкты издедим. Акыр аягы жазуучу публицист болдум. Ал стресстен чыгып, баарын нөлдөн баштап бизнестен өз ордумду таптым. Жакшынакай жубайга да туш болуп, 10 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатабыз.

Бегалы Наргозуев,
Жогорку Кеңештин депутаты:

- Ар бир эле бизнесмен беш жылда бир банкрот болуп тураары бышык. Анын сыңарындай, мен дагы 2-3 жолу банкрот болуп, кайра көтөрүлгөм. Ошонун өзгөчөсү 1994-жылы болгон. Иш кадимки өз нугунда жүрүп жатканда кол алдымда иштегендер кудайындай көрүп, сөзүң оозуңдан чыга электе илип кетип шуулдап турушчу. Басмайылым ылдый түшө баштаганын байкаган баягы шуулдаган кызматкерлер сөз тоготпой, мамилелери өзгөрө калган. Ошондо дайыма жанымда жүргөндөр менен ачык сүйлөшүп, иштин бардык сырларын айта берчүмүн. Көрсө, алардын көбү менин ишимди изилдеп жүргөндөр экен да. Алардын арасынан учурдан пайдаланып жаңы иш баштап алгандар да болду. Анысы аз келгенсип, менин кардарларымды тартууга аракет кылгандар, тартып кеткендер да болду. Адамдын эки жүздүүлүгүн көрүп кайгырчумун, кийин көнүп калдым. Бирөөнүн эмгеги аркылуу өз кулкунун толтургусу келген адамдар алыска барбайт. Ошолордун эч кимиси деле жыргап кеткен жок. Бирок, мен ошол учурда абдан кыйналгам.

Гүлшайыр Садыбакасова,
"Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси:
- Ата-энем мугалим болуп эмгектенчү. Экөөнүн тапкан эки жүз сом айлыгы көп балалуу үйбүлө үчүн өтө эле аздык кылчу. Биринчи классты бүткөн кезим. Бир күнү апам бир колума отуз чакты жумуртка, бир колума тирүү тоокту карматып "сатып кел", Кызыл-Кыяга кетчү автобуска салып жиберди. Ал жактан мени бир жеңем тосуп алып, апам жазып берген тизме боюнча азык-түлүк сатып бермек. Шопурдун жанындагы көмкөрүлгөн чаканын үстүнө отуруп алып ыйлап баратам. Колумдагы тоок улам бетимди чокулап, колумдан чыгып кетчүдөй болуп канатын кагат. Кызыл-Кыяга барсам айткандай эле жеңем тосуп алды. Кыйындыгымды карабайсыңбы, бир орус алгачкы он жумуртканы алып, акчасын жеңеме сунуп жатса, ага жеткирбей мен ала коюп санап жатпаймынбы. Ошентип, тоогумду да, жумуртканы да сатып, азык-түлүктүн баарын алып автобус менен кайра үйгө кеткем. Ошондон кийин базарчы болуп кетпедимби. Кара корзинамды жумурткага толтуруп, бир колума тоогумду көтөрүп алып базарга жөнөчү болгом.

Замира Молдошева, стилист:
- 1999-жылы жумуш издеп жүрүп, ошол кездеги эң престиждүү салонго кокусунан туш келип калдым. Шаар боюнча эң популярдуу, эң кымбат салондун кызматкерлери да ошого жараша экен. Кымбат кийинишип, тамак-ашты да түрлөп жешет. Менин болсо жалгыз жинсы шымым, жалгыз кофтам бар болчу. Ошолорду күн сайын жумуштан келгенден кийин жууп, эртеси үтүктөп алып кийип кете берчү элем. Акчам болсо кийимге түгүл нанга жок. Ишенсең, "Миң түркүндөн" Совет-Медеров көчөлөрүнүн кесилишине чейин бир жума бою жөө каттагам. Жолдо баратып "мейли, жөө баскан ден соолукка пайда" деп өзүмдү сооротуп койчумун. Жумуштан кийин кесиптештерим такси чакырышып: "Замира, сени каерге чейин ала кетели?" дешсе: "Жок, рахмат, мен бул дүкөнгө кирем" деп дүкөн жакка бурулумуш болуп жөө келе берчү элем. Баары түшкү тамакка чыгып баратып мени чакырышса: "Жок, мен диетадамын" деп такыр сыр берчү эмесмин. Ошентип, сиңдим экөөбүз бир жума бою болгон анча-мынча акчабызга нан менен картошка алып, картошканы сууга бышырып жеп жүрө бердик. Жумушка киргениме бир жыл болбой бир залдын жетекчиси болдум, андан кийин эки залдын, көп өтпөй жалпы салонду башкарып, кожойкенин оң колу болуп калдым. Мурдагы кыйын болгон орустардын баары мага баш ийип калышты. Негизи, сабырдуулук менен мындай кыйынчылыктарды жеңе аласың.

Айчүрөк Иманалиева,
эстрада ырчысы:
- 1991-жылдары болсо керек эле. Менин анда жаңыдан атым чыга баштап, ТЮЗда иштеп жүргөн кезим. Көрсө, ал убактарда "Роза гүлүм", "Аккуу белең ай перим", "Тоо булагым" деген ырларым бир топ эле популярдуу болуп калган экен. Аны өзүм сезбейм деле. ТЮЗ концерт бергенде менин күйөрмандарым залга батпай келип, концерттер аншлаг менен өтчү. Анда гонорар сураганды деле билчү эмес экенмин, театрдын болбогон айлыгына ыраазы болуп жүрө берчүмүн. Эсимде, бир жолу форма тиктирем деппи, айтор, бирөөдөн жүз доллар карыз алдым. Кайтарып берчү убактым келгенине карабай бере албай жүргөм. Бир күнү өзү келип, эшик ачык калган экен, үйгө чейин кирип барыптыр. Биз чай ичип отурганбыз. Столдун үстүндө чай менен нандан башка эч нерсе жок. Ал да каткан-куткан нандар болчу. Биздин минтип чай-нан менен калганыбызды күтпөсө керек, таң калып эле: "Эмне, башка эч нерсеңер жокпу?" деп жатпайбы. "Өзү популярдуу болсо, анан май көл, сүт көл болуп жашайт" деп ойлосо керек. Ошентип, ал киши акчасын сурай албай кетип калган. Акча болуп, качан өзүм бермейинче бир ооз да сураган эмес.

Эмир Сарпашев, "Арманым
Лира" фильминин продюсери:

- Адам баласы болгондой кийин өмүр бою телегейи тегиз болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бир жагынан болбосо бир жагынан кемчилик чыгып турат. Ошентсе да, 1993-жылдары мен Университетте мугалим болуп иштеп жаткан убакта рубль жаңыдан сомго которулуп, менин айлыгым 20 сом болуп бир топ кыйынчылык туудурган күндөр болгон. Ошондо үйбүлөнү бакканга акча жетпей батирден батирге көчүп, жада калса азык-түлүккө акча жетпей кыйналганбыз. Акчаны ушуга короткондон көрө үйгө тамак-аш алып барайын деп аракты, тамекини таштагам. Бирок, ошол кыйналганымдын пайдасы да болду десем жаңылышпайм. Анткени, ошол күндөн тарта оозума арак албайм, тамеки да тартпайм.

Азиза САТИМБЕКОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??