"балакасос"

Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"
Бал тамган балалык кез, кайталангыс окуучулук күндөрдү эстегенде бактылуу көз ирмемдер көз алдыңа тартылып бир жылмайып аласың. "А менин бала бойдон калгым келет" дегендей "Балакасос" рубрикасы аркылуу белгилүү ырчы Юрий Бобковду балалык чагына жетеледик.

Мекенчил окуучу
- Менин окуучулук күндөрүм Ысык-Көл облусунун Түп районунун Бөкөнбаев айылынын Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өттү. Мектепти бүткөнүмө 36 жылдын жүзү болду. Андан бери канча суулар агып, канча жылдар өтсө да окуучулук кезимдеги ар бир күнүм жадымда турат. Биринчи класста биринчи сабактагы мугалимдин: "Биз эң кыйын Советтер Союзу деген мамлекетпиз. Биздин өлкөдө адамдын өмүрү бааланат" деген. Мен ойлойм, азыр да бала-бакчада, мектептерде балдарга ушундай тарбия берип, мекенчилдикке үндөсөк элим-жерим деген патриоттук сезим бала кезден башталат эле. Ошондо эжейдин сөзүн угуп сонун, укмуш мамлекетте жашайт турбаймынбы деп аябай сыймыктангам. Жүрөккө жеткен сөз болгон үчүн бүгүнкү күнгө чейин кулагымда турат. Эми билимим жөнүндө айта турган болсом, 6-класска чейин жалаң бешке окуп, 7-классымдан тартып кандайдыр бир себептер менен сабакты таштап койгом. Менин башка окуучулардан өзгөчөлүгүм үй тапшырмасын такыр аткарчу эмесмин. Өзүмө жаккан сабакты мугалимден угуп эле билип алчумун.
Мектептин
спортсмени
- Бала кезимде жанда жок шок элем. Хулигандыгымды мойнума алам. Анткен менен менсиз мектептин аты чыкчу эмес. Спорттун 4-5 түрү боюнча райондук, облустук мелдештерге катышып бир учурда спорттун үч түрүнөн биринчи орунду алып, мектептин кадыр-баркын көтөрчүмүн. Бийиктиктен секирүүдөн, сууда сүзүүдөн, күрөштөн эч кимди алдыга салдырбайт элем. Маскасы жок суунун тереңдигине 10 метр кирип, суунун астында 100 метр сүзчүмүн. Андан сырткары, 5-класстан баштап мергенчиликке чыгып баштадым. Таң атпай тоодо болуп калчубуз. Атаңгөрү, бала кезде баары кызык болот да. Төрт чакырым жерди басып тоонун чокусуна чыгып, ал жерден көлдүн кооздугуна суктанып, кайра 8 чакырым жолду басып көлгө келчүбүз. Курсагыбыз курулдап, алсырап калганча сууда ойноп буттарым шилтенбей араң басып үйгө барат элем. Азыр ошол күндү эстегенде ушунча азап тартып эмне зарыл эле деп жылмайып алам.
Аксакалдын таягы
- Медер деген досум экөөбүз тырмактайыбыздан чогуу чоңоюп кошуна жашап он жыл бою бир партада олтурдук. Өкүнүчтүүсү, ал досум бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Мектепке мен, Медер, Муктар үчөөбүз алма уурдайбыз деп дайыма кечигип барат элек. Бир жолу жүрөгүм сезгендей "балдар, бүгүн уурдабай эле коёлу, кармалып калабыз" десем, макул болбой кирип кетишти. Мен көчөдө күтүп турдум. Бир убакта экөө тызылдап чуркап чыгып качып жөнөштү. Мен болсо мен кирбегенден кийин мени эмне кылмак эле деп өзүмдү ак сезип тура бердим. Анан жанагыларды кууп жетпей калган аксакал мени кармап алып узун таягы менен аябай сабады. Эч нерсе айтпай колум менен бетимди жаап туруп бердим.
Классташынын
колтугун чукуп...
- Медер экөөбүз дайыма экинчи партада олтурчубуз. Биринчи партада жакшы окуган кыздар отурчу. Шоктугумдан бир орунда тура алчу эмесмин. Бир жолу партанын алдына атайын ручканы түшүрүп, аны алымыш болуп узун чачтуу кызыбыздын чачын партага байлап койдум.Бир аздан кийин колум кычышып колтугунан чукуп койсом, ал тура калам деп чалкасынан жыгылып эси ооп кала жаздады. Ушинтип кыздарга тийишкенден ырахат алчумун. Жадакалса эч нерсе таппай калганда чоң кырдуу ташты алып келип тынч отуруп сабак жазып калышканда партадан ылдый көздөй кулатып жиберет элем. Кыскасы, бир нерсе жасамайын жаным тынчу эмес.
Мугалимин
дендароо кылып...
- Мектепте тартип бузуулар болсо эле мага шылтап коюшчу. Бир ирет математикадан сабак берген эжейдин үйүнөн бир нерсе уурдалып, аны да менден көрүштү. Ким кылганын билсем да айткан жокмун. Ошентип, мага ал эжей өч болуп калды. Анан эжейдин нервин текшерейин деп Медер экөөбүз элдин оюна келбеген бир ишти жасамай болдук. Досканын жанында терезе бар болчу. Терезенин жарымы тактай эле. Ошол тактайды тешип Медерди тактайдын алдына жашынтып, колуна тряпка берип койдум. Эжей доскага жазып бизди караганда ал өчүрүп коймой болду. Класстын баарына күлбөгүлө деп эскерттик. Анан Надежда Ивановна келип х+у деп жазып туруп, бизге бурулуп түшүндүрүп жатканда Медер доскадагы жазууну өчүрүп, кайра жашынып алды. Эжей бизге сүйлөп бүтүп эле доскадагы жазуусун таппай, эмне болгонун өзү да түшүнбөй, дендароо болуп туруп калды. Качан жыгылып түшөт экен деп корктум. Бирок, эжей кыйын экен, билгизбестен кайра жазып баштады. Экинчи жолу өчүрүп жатканда балдар күлүп жиберип Медер кармалып калган. Эжейдин ачуусу келип байкуш досумду бир күн кечке класска камап койгон.
"Коробка"
болуп калганда...
- Эсимде, 9-класста бир жерге отурушка барып калдык. Ошондо дос балам гитара ойноп жатса, бизден 2-3 жаш улуу бала келип "мен ойнойм" деп гитараны талашты. Бул жакта үйлөмө оркестрдин балдары турса сен эмнеге ойнойсуң деп экөөбүз уруша кеттик. "Жүр мындай чыгып сүйлөшөбүз" дегенинен сыртка чыксам отуздай баланы жыйнап коюптур. Мен сөз сүйлөгөнчө эле салгылап киришти. Дагы жакшы столбаны кармап алыпмын. Болбосо топ тепкендей тепкилеп футбол ойношмок. Ошондо мурду-башым канжалап, үйгө араң жеткем. Эртеси күнү мурдум каерде, көзүм каерде экени билинбей төрт бурчтук "коробка" болуп калганмын. Ошол күн такыр эсимден кетпейт.
Трактор уруп кетип...
- Бала кезде учкуч болом дечүмүн. Анткени, менин атам учкуч болчу. 5-класска чейин учкучтар жөнүндө болгон китепти окуп, кинолорду көрүп бул тууралуу кенен маалымат алдым. 6-классымда көлгө түшкөнү баратканымда чоң жолдон трактор уруп кетип, 2-3 айланып асфальтка жатып калдым. Башым айланып араң турсам да коркконумдан апама айткан эмесмин. Андан кийин үйдүн үстүнөн секирем деп дагы жаракат алдым. Ушундай кырсыктардан кийин эми медкомиссиядан өтпөй учкуч боло албай калам деп сабакты таштап койдум. Анткени, жаракат алган адам учкуч боло албайт дегенди окуганмын да.
Кат алышкан учурлар
- Башкаларда болгон балалык сезим менин башымдан да өттү. 5-классымда бир классташ кызымды жактырып, сабакка ошол кыз үчүн келип калгам. Ал келбей калган күндөрү мен да кетип калат элем. Тымызын сүйүп, сыртынан жактырып жүргөнүм менен ал жөнүндө эч кимге айткан эмесмин. Эмнегедир кат жазганга колум барган жок. Ал өзү деле билбей калды. Андан кийин 8-классымда облуска мелдешке барып Петровкалык милициянын начальнигинин кызы менен таанышып, аны да жакшы көрүмүш болдум. Кат алышып жүрдүк. Экинчи катында "сүйөм, күйөм" деп ачык жазып жиберген экен, ошол каты мага жакпай калды. Ошондон кийин ал менен да сүйлөшпөй койдум.
Бобковдун жүрөгүн
багындырган мугалим
- 9-класста окуп жүргөнүмдө мектепке Людмила деген орус тилчи жаңы эжей келди. Биз менен кошуна жашагандыктан, менден улуу балдардын катын алып барып бердим. Эшиктен чыга калганда өмүрүмдө мындай сулуу кыз көрбөгөндүктөн кулап кете жаздадым. Ага чейин агамдын достору "Караколдон Людмила деген жаңы мугалим келиптир. Волейбол боюнча чемпион экен, укмуш сулуу кыз" деп кеп кылышты эле. Чын эле ошондой кыз экен. Анан ошол эле күнү бизге сабак берип, мени "гитара ойноп бер" деп чакырды. Андан 2-3 күн өтпөй балдар терезесин сындырып кетип, аны оңдодум. Ошентип жүрүп бири-бирибизге болгон сезим күчөп, чоң сүйүү жаралды. Анан өзүмдөн алты жаш улуу экенине карабай 10-классты бүтүп эжейиме үйлөндүм. Азыр андан бир уулум бар. Тилекке каршы, экөөбүздүн турмушубуз көпкө уланган жок.