п»ї
 Таанышуу жарыясы


  куш бооңор бек болсун!

Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"
"Апам үчүн", "Сагынганда" деген ырлары менен эл жүрөгүнөн орун алган жаш ырчы Кайрат Примбердиев "эркинен ажырады". Тактап айтканда, 6-июнь күнү Кайрат мырза Айзада аттуу кызга баш кошуп, учурда бакытка балкып турган кези. Биз да анын кубанычын тең бөлүшүп, эки жаш менен жакындан баарлаштык.

- Кайрат, маегибизди алгач таанышкан күнүңөрдөн баштасак…
- Айзада менен "Ават" кафесинен мындан бир жарым жыл мурун таанышкам. Айзада ал жерде Ирлан Таалайбеков менен бирге ырдачу. Биздин сүйүү мамилебизге Ирлан көпүрө болуп берди десем жаңылышпайм. Негизи, Айзаданы көргөн күндөн тартып, менде жактыруу сезими пайда болгон. Бирок, эмнегедир батынып, эч нерсе айта алчу эмесмин. Жөн гана тааныштар сыяктуу мамиледе жүрө бердим. Анткен менен бош болуп калсам эле Ирланга ар кандай шылтоо менен барып, ошол кафеде Айзада менен чогуу ырдап калчумун. Ушул жакындашуубуздан пайдаланып, бир жылдан соң Айзаданын колун бекем кысып кармап, сезимимди билдирдим. Жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
- Ошентсе да эмнегедир күтүүсүздөн үйлөнүп алдың окшойт?
- Айзаданы тааныгандардан "ушул кызды келин кылып алсак окшойт" деген сөздөрдү экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн учурларда көп угуп калчу болдум. Аны угуп алып кызганганымды сураба! Анан эле мындан 20 күн мурун Айзада: "Мени көлгө практикага бир айга жиберип жатышат, кеткени жатам" деп калды. Муну укканда негедир ичим ачышып, "балким, ал жактан ала качып кетсе эмне кылам?" деген ойлор тынчтык бербей койду. Эптеп жанымдан чыгарбаштын амалын издеп, ар нерселерди ойлоно баштадым. Апам менен Айзаданы мурда эле тааныштырып койгом. Акыры сөзүмдү эки кылбаган апама чалып: "Апа, Айзада көлгө практикага кеткени жатат. Ал жактан аны алакачып кетсе эмне кылам?" дедим. Апам: "Өзүң эмне кылайын деп атасың?" дегенде дароо эле "үйлөнөм" деп жооп бердим. Апамдар Таластан келип Айзадага сөйкө салып, Сокулуктан ата-энесинин колунан Бишкекке алып келдик. Күйөө жолдошум Султан болуп, андан тышкары сахналаш досторум Омар, Ирландар жанымда болушту.
- Балдыздарың кулагаңды чоюштубу?
- Ооба, кулак чойгон өзүнчө эле кызык турбайбы. Келинчегимден эки-үч жашка кичүү балдыздарым чойгондуктан, алар менден тартынып, мен алардан сүрдөнүп бир жаман болбодумбу! Кызарып-татарып ыңгайсызданам. Ансайын тасмал четинде олтурган досторум кыраан-каткы салышып, ого бетер тамашалап: "Жездеңердин кулагын үзүп алып жүрбөгүлө? Кулагы жок калбасын!" деп уялтышат. Ошентип атып алар кулагымды чоюшту, мен салт боюнча өз ырымын кылдым.
- Кайната менен кайнененин сүрү кандай экен?
- Айтпаңыз! Алардын алдында тимеле жүрөгүм дүкүлдөп согуп, муундарым өзүнчө калтырайт. Анан да жыйырма жашына чейин жакшынакай акылдуу кызды тарбиялап өстүрүп койгондоруна суктанып турдум. Өз ата-энеңди кандай көрсөң аларды да дал ошондой жакшы көрүп калат экенсиң. Баса, кызыгы, "Капкан шоудо" тамашалап мага кой саткан эже кайненем болуп калбадыбы!
- Кандайча?
- Мени ноябрь айларында теледеги "Капкан шоуго" салышкан болчу. Ал жерден мен бейтааныш эжеден кой сатып алсам, аны башка бирөөлөр менден талашып калышты. Сатып алганымды далилдейин десем мага кой саткан эже заматта жок. Бир мезгилде башка кийим кийип, гүл көтөрүп алып нары жактан келатат. Ага чуркап барып: "Эже, мен койду сизден сатып албадым беле?! Сиздин деле мендей балаңыз бардыр!" деп көзүмдөн жаш айланганча жалдырап сурап атам. Ал дегеле моюн бербейт. Жанына жолотпой танып атат. Көрсө, ал "Капкан шоу" экен. Анын баарын келинчегим менен көрсөтүүнүн режиссёру Бекбол экөө жасашыптыр. Ал мезгилде Айзада экөөбүз жөн гана тааныштардан болчубуз. Кийин кыз-жигит болуп жүрүп баштагандан кийин Казакстанга гастролго барганы калдык. Топко бир ырчы кыз керек болуп калып Айзаданы ээрчитип алдым. Аны үйдөгүлөрүнөн милдетин алып мен сурайын деп барсам, баягы эже алдымдан чыгып калбаспы. Таң кала түштүм. Ал туурасында мага Айзада эч нерсе айткан эмес эле. Ошентип, апам менен кызыктай учурларда таанышкам.
- Продюсериң экөөңөрдүн ортоңордогу келишимде "келишим бүткөнчө үйлөнбөйсүң" деген пункт жок беле?
- Туура, негизи келишим боюнча үч жылга чейин үйлөнбөшүм керек болчу. Келишимибиз ушул жылдын декабрь айында бүтмөк. Бирок, үйлөнүшүм керек болуп жатканын түшүндүрүп айтканымда Динара эже каршы болгон жок. Эже менен мындай кийин да иштеше берем. Кудай буюрса, келинчегим экөөбүз да элибизге жакшы дуэт ырларыбызды жаздырып, эл алдына жаңылануу менен чыгабыз деген ойдобуз. Экөөбүз тең чыгармачылыкты аз да болсо түшүнүп калгандыктан, бул жаатында көп кыйынчылыктар болбосо керек.
- Бойдокчулук менен үй-бүлөлүү болгондун айырмасын сезип атасыңбы?
- Албетте, он күн болсо дагы бири-бирибизге аябай көнүп алдык. Мурда үч-төрт күндөп үйгө келбей дос-туугандардыкында жүрө берчүмүн. А азыр болсо сыртка чыксам эле бутум үйдү көздөй тартып турат. Учурда келинчегим экөөбүз батирге чыгып, өз алдыбызча жашоо баштаганбыз. Айзада жоолук, халат кийип алса көзүмө мурдагыдан да сулуу көрүнүп калды. Биринчи күндөрү апамдарга көрүнбөй акырын бетинен өөп кетип аттым.





Айзада
Мукамбетова:
"Кайрат ар бир тамагымды мактап жейт"
- Айзада, өзүң жөнүндө кыскача айтып кетсең.
- Мен Нарындын Ак-Талаасында төрөлгөнүм менен төрт жашымдан бери Сокулукта жашачумун. 20 жаштамын. Агрардык институттун 4-курсунда окуйм.
- Кайраттын кайсы мүнөзү жүрөгүңдү ээлеп, турмуш жолуна кадам таштадың. Же ырчылык жолу арбадыбы?
- Биз эч убакта сүйүүбүздү чыгармачылыкка байланыштырбайбыз. Алгач таанышкан күндөн тартып, ырчылыгыбызды өйдө көтөрбөстөн адамгерчилик сапатты биринчи орунга койгонбуз. Анын мага жасаган мамилеси, экөөбүздүн оюбуздун бир жерден чыкканы мени таң калтырчу. Мен бир нерсени ойлоп, Кайратка айтайын дегенимде андан угуп калчумун. Же тескерисинче. Мактаныч эмес, бири-бирибизди жарым сөзүбүздөн түшүнүшөбүз. Кайратка кандай болуп көнүп кеткенимди билбей калдым. Кыскасы, ал менин көңүлүмдү таап кетти.
- Үйлөнүү маселесин Кайрат бир жуманын ичинде чечкен экен. Сен кандай кабыл алдың?
- Алгач телефондон укканымда кызыктай боло түштүм. Анткени, ал туурасында чынын айтканда сөз козголо элек болчу. Алгач үй-бүлө куруунун жоопкерчилигинен сестендим. "Биз куруп баштаган кичинекей мамлекеттин жүгүн көтөрүүгө даярмынбы" деп көпкө ойлондум. Мени үйдөн алып кетип баратышканда көзүмдөн жаш токтобой ыйлап, жаман болдум. Апам дагы бир сыйра жашып жиберди. Менимче, ал жаш жөн чыккан жок. Кубанычтын, сүйүнүчтүн, бакыттын жаштары акты деп ойлойм. Андыктан бактыма жеттим десем жаңылышпайм. Менин оюмдагыдай өмүрлүк түгөй күттүм. Буга чейин эч кандай кемчилигин көрө албадым. Эми мындан ары да ушундай бир калыпта кетсе деген тилектемин.
- Ак жоолуктун сүрү кандай экен?
- Алгач апамдын колунан жоолукту көргөнүмдө толкундандым. Апамдын жалгыз келини болдум. Кайрат эки кыздан кийинки жалгыз эркек бала экен. Бир кайынсиңдим бар. Эң негизгиси, жоолук мага жакшы жарашты. "Жоолук жакшы жарашса, кайненеси жакшы болот" деп коюшат го, ушул сөз чын экен. Апам биздин көзүбүз менен тең айланып турат. Менин да аны өз апамдай көрүп сыйлап алуу биринчи максатым. Негизи, мен үй оокатына кичинемден чыйрак өстүм. Ал жагынан көп деле кыйынчылык күтпөсөм керек. Тамак жасаганды кудайга шүгүр, апамдан жакшы эле үйрөнүп алгам. Колумдан келишинче түрдөп тамак жасап, чоң сыноодон өтүп кетсем деп аракеттенүүдөмүн. Үйлөнгөндөн бери Кайрат ар бир жасаган тамагымды мактап эле жеп жатат.
- Кызганчааксыңбы?
-Албетте, сүйүү бар жерде сөзсүз кызганыч сезими болсо керек. Кызганганымды Кайратка билдирбегенге аракет кылып турам. Бирок, канчалык жашырсам да билинип калат. Ошентсе да катуу кетпестен ыгы менен бири-бирибизди түшүнүшүп алабыз. Бир кызык окуя эсиме түшүп кетти. Кайрат экөөбүз сүйлөшүп жүргөн мезгилде дайым жетелешип эле шаар аралап жүрчүбүз. Бир жолу да адаттагыдай Физприбор тарапта Кайрат экөөбүз жетелешип кетип бара жатсак, алдыбыздан 14-15 жаштагы бир бала чыгып Кайрат менен учурашып: "Кайрат байке, кандайсыз? Бул жактан көчүп кеттиңиз беле?" деп сүйлөшүп туруп калды. Бир аздан кийии кайрадан: "Эмне, баягы 3-этаждагы кызга жолукпай калдыңызбы?" деп атпайбы. Кайрат тимеле жанталашып көзүн ымдап жатат. Мен ал балага: "Ал кандай кыз эле, айтсаң?" десем кайра сөзүн оңдоп: "Алдап койдум, Кайрат байкем эч ким менен сүйлөшкөн эмес" дейт. Кызганыч сезими пайда болуп, бир кызыктай боло түштүм. Азыр деле Кайратты чычалатып "3-этаж" деп калам.




Гүланда
эгиздерин
боюнан
алдырдыбы?
- Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, Айбек менен Гүланданын ортосундагы дагы бир сырдын өзөгүн айткым келет. Анын Айбек менен жашап жүргөнүн, ал эмес эгиз балдарын боюнан алдырып салганын жакшы билем. Гүланда, кантип эгиздерди алдырууга дитиң барды? Акыры атасы Айбек экенин билген соң, неге бул жолго бардың?
Бишкек шаары, Айпери.
Гүланда:
- Менин билишимче, бул сөздөрдү көрө албагандар таратып жатат. Эмне, эгиз балдарды билгидей менин ичиме кирип чыгыптырбы?! Эгер боюмда болуп калса антип эч убакта алдырмак эмесмин жана алдырбайм дагы. Жинди неме го…




Жанета
биринчиликти
сатып алабы?
"Жылдыздар манежде" теледолбоорунун катышуучусу Жанета Бобкованы Циркке жолдошу экөөнүн арак-шараптарды ташып кирип жаткандарын көрүп калдым. Жанета, эмне үчүн ящиктеп киригизип жаттыңыздар эле. Же кыргызчылык кылып, биринчиликти алуунун алдын-ала камын көрүп жатасызбы?
Бишкек шаары, Эрик.
Жанета:
- Кой дагы жетелеп кирип бара жаткан элем, аны көрбөптүрбү? Карасаң, ай!.. Мунун баарын долбоордун катышуучулары көралбастан чыгарып жатат деп ойлойм. Анан алар дос-туугандарына ошентип жаздырып жатышат да. Эч кандай пара бергеним жок. Ар бир катышуучуну эл тандайт, эл таразалайт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??