п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  жылдыздар турмушунан

Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
Майрамдардын эң өзгөчөсү жана кызыктуусу өздүк майрамыбыз эмеспи. Башкача айтканда бир жылда бир келүүчү туулган күндү эсте калаарлык өткөргөнгө аракет кылабыз. А бирок арабызда туулган күндү белгилебей "бир жылга картайып баратабыз" деп кайгыргандар да жок эмес. Ошентсе да кыргыз элине белгилүү болуп калган сахна жылдыздары бул күндү кандай тосуп алаарын эске алдык.


Туулган күнүң менен!
Жаш ырчы Анжеликанын 12-июнь туулган күнү менен куттуктап, эртең мененки саат 8:30да үйүнө байланышка чыктык.

Анжелика:
" "Жолдошумдан алган белегим сыр бойдон калсын"
- Алло, саламатсызбы, Анжеликага мүмкүнбү?
- Да, угуп жатам.
- Анжелика, туулган күнүң менен "Обон" гезитинин жалпы жамааты чын жүрөктөн куттуктайт. Ар дайым ден-соолугуң бекем болуп, үй-бүлөң менен бактылуу бол. Жылдызың жанган, элиңдин алкышына ээ болгон жылдыз болуп жүрө бер!
- Чо-оң рахмат, сиздерге! Чынында сиздердин телефон чалууңуздарды күткөн эмесмин.
- Туулган күндүк маанайың кандай? Эң алгачкылардан болуп ким куттуктады?
- Маанайым абдан жакшы. Биринчилерден болуп жолдошум түнкү саат он экиде эле куттуктаган. Биз дайыма бири-бирибизди он экиде куттуктап көнүп калганбыз. Экинчи болуп курбум Сүйкүм куттуктады. Себеби, экөөбүздүн туулган күнүбүз 12-июнь болгондуктан, ар жылы чогуу белгилегенге аракет кылабыз. Анан үчүнчү болуп "Обон" гезити, сиздер куттуктап жатасыздар.
- Жолдошуңдан кандай белек алдың?
- (Күлүп) Мен жолдошумдан алган белектеримди буга чейин эл алдына айтып келгем. Бирок, бул жолкусун сыр бойдон сактагым келип жатат.
- Кандай пландарың бар?
- Бүгүн жакындарымдын, туугандарымдын, аяштарымдын курчоосунда болуп, кафеге олтуралы деп жатабыз. Ал эми эртең өзүмдүн досторум, классташтарым менен бирге болом. Азырынча ушундай пландарым бар. Анан көрө жатаарбыз.
- Анда сага ийгиликтерди каалайбыз. Өздүк майрамыңды жакшы маанайда өткөрүп алышыңа тилектешпиз.




Саламат Садыкова:
"Кыздарымдын
белектери жүрөгүмдү
жылытат"
- Сентябрь айы менин үй-бүлөм үчүн майрамдарга бай ай десем болот.
28-сентябрь өзүмдүн жарык дүйнөгө келген күнүм болсо, 24-сентябрь күнү кыздарым Кундуз менен Махабат төрөлгөн. Туулган күнүмдү баса белгилеп өткөрбөйүн десем дагы жакындарым, досторум, кесиптештерим баары бир куттуктап келишет. Бир жолу чыгармачылык кечем туулган күнүмө туш болуп, элдин батасын алып ыр десте сунгам. Ал эми туулган күнүм албетте, белек-бечкексиз өтпөйт. Ар жыл сайын кыздарымдын чет өлкөдөн алып келген белектери жүрөгүмдү жылытат.

Гүлзинат Суранчиева:
"Досторум
мага сюрприз болгон"
- Өзгөчө өткөн туулган күнүм жыйырма беш жашка чыкканда болгон.
9-октябрга аз калганда "туулган күнүм кандай өтөөр экен?" деп ойлонуп койгом. Анткени, көз жараарыма жакындап калгандыктан, үйгө конок да тосо алмак эмесмин. Ошол күнү жолдошум күндөгүдөй эле эртең менен жумушка кеткен. Кечки саат алты-жетилерде телефон чалып, "жакын курбуңду чакыр, үчөөбүз кафеге олтуруп келели" деп калды. Эч нерсе оюмда жок кафеге кирип барсам эле-е… Дүйүм тамак жайнаган столду тегеректеп менин досторум, өзүнүн достору болуп кырктай конок отурат. Отурган жерибиз шарлар менен кооздолуп, эки кабаттуу торт жасалыптыр. Баарынан да көптөн бери жолугуша албай жүргөн досторума жолукканым мен үчүн өзгөчө сюрприз болгон.

Санжар Бердибеков:
"Өздүк
майрамымды
эч ким билбейт"
- Менин туулган күнүм башка күндөрдөн эч айырмаланбайт. Билбейм, эмнегедир башынан эле ушундай өтүп келатат. Баламдын, аялымдын туулган күнүн кадимкидей эле белгилейбиз. А өзүмдүкүн… Негизи, туулган күнүм 27-март. Бирок, бул күнү мени аялымдан башка эч ким деле куттуктабайт. Эч ким билбесе куттуктабайт да. Кээде эле анча-мынча досторум чалып калышпаса…

Бегимай
Бекбоева:
"Тортко
тойбой
калганбыз"
- Мен туулган күнүмдү төгүлүп-чачылып акчаны бекер короткум келбейт. Андан көрө кетирген акчага бир ыр жаздырып алсам ошол пайдалуурак. Он тогуз жашка чыкканымда жакшы эле кафеден өткөрөйүн деп жатсам, курбу кыздарым "студент болгондон кийин студенттердей эч нерсе албай эле өткөрбөйлүбү, ошол эсте калат" дешкен. Анан сегиз кыз жатаканага чогулуп бир торт, үч фантадан башка эч нерсе албай өткөргөнбүз. Тамак, салаттар да жок болгондуктан тортко тойбой калганбыз. Баарыбыз чогулуп калганда 27-февралды эстеп "прикол" кылып калабыз.

Айгүл Чалова:
"Аскер
кызматынан
бошотулганбыз"
- Менин жыйырма төрт жашка чыккан туулган күнүм "Жоокер жылдызы" теледолбооруна катышып жүргөн учурума туура келген. Долбоордун катышуучулары тарабынан жыйырма беш даана роза гүлүн алып кубанып турсам, долбоордун жетекчилери жалгыз өзүмдү машыгуудан бошотуп жатышпайбы. "Мен жалгыз бошоп алып эмне кылмак элем, баарыбызды бошоткула" деп суранып, түштөн кийин менин туулган күнүмдү өткөргөнбүз. Ашканага стол даярдап, ичимдиги жок ширелерге тост айтып өткөргөн туулган күнүм балким, досторум үчүн кызыксыз эле болуп калгандыр. Бирок, эң кызыктуу туулган күн катары менин эсимде калды.

Малик Аликеев:
"Хандар отурган
креслодо олтургам"
- Кайсы жыл экенин так билбейм, анда Эстекемдин (Эстебес Турсуналиев) тирүү кези болчу. Чыгармачылык сапар менен Ташкенттеги элчиликке барып калып ар кайсы өлкөнүн президенттери, чиновниктери менен жолугуштук. Ал жолугушуу 6-июнь менин туулган күнүмө туш келген. Хандар олтурган креслодо мен да олтуруп, алардын каалоо-тилектерин угуп, улуу инсандардын колунан белек алган эң бай туулган күнүм болгон. Туулган күн десең азыр да ошол күн эсиме түшүп жатпайбы?...

Аалы Туткучев:
"Туулган күнүмдө уюлдук
телефонумду өчүрүп коём"
- Чынымды айтсам, мен туулган күнүмдү элге жарыялаганды жана шаан-шөкөт менен өткөргөндү жаман көрөм. Эртең менин туулган күнүм деген күнү кечинде уюлдук телефонумду өчүрүп, байланышты үзүп коём. Менин туулган күнүм катардагы күндөрдөн тынч өткөндүгү менен айырмаланат. Эсимде, бир жолу адаттагыдай уюлдук телефонумду өчүрүп коюп, айылга апамдарга бардым. Ал күнү эч ким мени куттуктаган деле эмес. Анан кечки саат ондордо тамак ичип отуруп апам: "Апе-ей, бүгүн Аалымдын туулган күнү эмес беле! Келчи, бетиңден сүйүп коёюн" деп куттуктап, батасын берген.

Элмара Турсуналиева:
"Кафенин
ичинде жаңгак өсөт экен…"
- Менин туулган күнүм кечээ жакында эле 9-июнда болуп өттү. Өзүмдүн туулган күнүмө жоопкерчилик менен карап, оригиналдуу өткөргөнгө аракет кылам. Мен бул күнү жыл сайын өзгөчө эс алуучу жай издейм. Быйылкысы бир гана мени таң калтырбастан, чакырылган конокторумдун да купулуна толду. Себеби, издеп жүрүп шаардын четинен укмуштуудай кооз кафе таап алдым. Эки сайдын кошулган жеринде жайгашып, кафенин ичинде жалаң жаңгак өсөт экен. Эч ким мындайды көргөн эместигин айтып суктанып жатышты. Ал жакта бизден башка чогулган эл болбогондуктан, чер жазып тогуз саат ойдогудай эс алдык.

Космос Чыдынов:
"Туулган күнүм асманда өткөн"
- 2006-жылдагы туулган күнүм эч эсимден кетпейт. Февраль айынын аягында Чехия мамлекетинин Прага шаарына окууга баргам. Окуумду бүтүрүп бул жакка билет алсам, 12-апрель туулган күнүмө туш келип калыптыр. Күндүзгү саат он бирде самолётко олтургам. Алар менин документтерим аркылуу туулган күнүмдү билишиптир. Бир убакта стюардесса кыз жанымда олтурган жүргүнчү экөөбүзгө эки бокал шампан менен шоколад алып келип куттуктап жатпайбы. Мындай күтүлбөгөн куттуктоо мен үчүн жагымдуу болгон. Ал эми саат төрттө Москвага конуп, кайра эле Кыргызстанга самолётко олтургам. Ошентип, эсте калган өзгөчө туулган күнүм асманда өткөн.

Айнура СУЛТАНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"ГҮЛАНДА ЭГИЗ БАЛДАРЫН
БОЮНАН АЛДЫРДЫБЫ?"

2-бет
Бек Борбиев:
"Какайганга какайган, ийилгенге ийилген адаммын"

3-бет
Сиам эгиздери Зита-Гитанын апасы Зумрият:
"Аз күндө бактылуу болобуз,
болбосо, үчөөбүз тең өлөбүз"

4-бет
Сиам эгиздери дүйнөдө...
5-бет
Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды
6-бет
Бирде жигит төө минет...
7-бет
Юрий Бобков:
"Хулигандыгымды мойнума алам"

8-бет
Кайрат Примбердиев:
"Коюн алдап саткан эже кайненем болуп калды"

9-бет
Эсиңизден кетпес туулган күнүңүз?..
10-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
11-бет
Александр Рыбак:
"Сүйгөнүмдүн көңүлүн ооруттум"

12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Обон почта
15-бет
Жанары жанган жан эле…
16-бет
Түркияда комуз үнү жаңырат










??.??