спорт

Спорттун курмандыктары
Спорт дүйнөсү бир топ татаал, талыкпаган эмгекти, курмандыктарды талап кылары талашсыз. Бүгүн биз спорт үчүн бүт жашоосун, өмүрүн арнаган, спорттун курманы болгон спортчулар тууралуу сөз кылабыз.

"Балам мени тартып хоккейчи болот"
Роман Савосин азыр уулдуу болгону турат. Өзү жүрөгүнөн операция болгондон бери майыптардын арабасына отуруп калган. 1978-жылы туулган Роман он беш жашында матч убагында омурткасын сындырып алып, ушул күнгө чейин майыптардын арабасында күн кечирип келет. Жубайы экөө машина сатып алып, рулда аялы отурган кезде жол кырсыгына кабылып, дагы бир ажалдан аман калган. Роман азыр мүмкүнчүлүгү чектелип турса да, уулунун төрөлүшүн чыдамсыздык менен күтүүдө. "Балам сөзсүз мени тартып хоккейчи болот. Менин акыркы үмүтүм эле жубайымдын курсагында жаткан наристе болуп жатат" дейт Савосин.

Жети күн комада жатып, көз жумган Паррет
Бокс спорттун эң кооптуу түрүнө кирери талашсыз. Көпчүлүк эр азаматтардын мушташ учурунда рингден турбай калган учурлары кездешет. Элдин эсинде түбөлүк сакталган мушташ 1962-жылы 24-мартта болгон. Дүйнөнүн чемпиону деген наамга орто салмактагы Эмиль Гриффит менен Кида Паррета ат салышкан. Акыркы раундда эки боксчу чектен чыгып эрежени бузуп, бирин-бири тепкилегенге өтөт. Паррет оор жаракат алып, жети күн комада жаткан. Доктурлар колунан келген жардамын көрсөтсө да, Паррет сегизинчи күнү көз жумган. Дал ушундай жүрөктүн үшүн алган мушташты 1982-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон Рэй Манчини менен түштүк кореялык боксчу Дюк Ку Кима уюштурган. Рэй ошол жерден Дюкту талуу жерге муштап өлтүрүп салган.

Коопсуздук курдун айынан каза болгон спортчу
Автожарышты көпчүлүгү жакшы көргөнү менен спорттун бул түрү да кыйла спортчулардын түбүнө жетиптир. Төрт жолу Гран-приге ээ болгон Йохен Риндт акыркы жарышка катышар күнү каза болгон. Жарышка катуу даярдык көргөн Риндт катуу кетип бара жатып, аварияга учураган. Кандай болуп жыгылганын ким билсин, айтор, унаанын коопсуздук куру спортчунун мойнуна оролуп калган. Эгерде курга муунбаганда Йохен аман калмак экен. 1977-жылы Япониядан Жиль Вильнев менен Ронни Петерсон кагылышкан. Унаанын сыныктары четте отурган эки көрүүчүнүн башын талкалап, алар ошол жерден көз жумса, спортчулар өмүрүнүн акырына чейин майыптардын арабасында күн кечиришкен.

Чагылган он футболчунун денесин куйкалап...
Футбол ойногондон көпчүлүк спортчулар ырахат алганы менен муну да спорттун кооптуу түрүнө киргизсе болчудай. 2002-жылы Йоханнесбургдагы турнирде оюн талаасына чагылган түшүп, бирөөсү ошол жерден каза болуп, алты оюнчу эс-учун билбей бейтапканага түшүшкөн. Мындан да оор кырдаалга Павлограддын футболчулары туш болгон. Таиланддын футболчулары ойноп жатканда талаага чагылган түшүп, бирөө каза болуп, он төртү оор жаракат алышкан. 2001-жылы Гватемалада катуу жаан жаап, чагылган түшкөнүнө карабай футболчулар оюндун кызыгына кирип, аягына чыгарып коюуну туура көрүшөт. Бул азгырык оюндун аркасы он футболисттин денесин куйкалап, экөөнү түп орду менен күйүп кеткени менен аяктаган.


Эверест чокусун тиши
менен багындырган
альпинист
35 жаштагы Кореянын тургуну, альпинист Ким Хонг Бин альпинисттик кесипти көп жылдан бери аркалап келет. Анын эсебинде бир топ ийгиликтер менен жетишкендиктер бар. Бирок, тилекке каршы 1991-жылы кырсык басып, Ким Хонг Бин Түндүк Американын эң бийик Мак-Кинли чокусуна чыгып жатып колун тоңдуруп алган. Медиктер альпинисттин колун кесип салгандан бөлөк арга табышкан эмес. Кыйынчылыктарга моюн сунуп отурбай Бин бийиктикке чыкканды тиши менен үйрөнгөн. Талыкпаган аракеттин натыйжасында 8848 метр бийиктиктеги Эверестти тишинин жардамы менен багындырган. "Альпинистке колдун кереги деле жок экен"- дейт Бин. Эверестти багындырган Бин биринчи альпинист эмес, 1998-жылы америкалык альпинист Том Виттейкер бир буту менен ушул эле бийиктикти багындырган.
Ушундай эле окуя 47 жаштагы альпинист Марк Инглиске тиешелүү. 1982-жылы Жаңы Зеландиядагы Кука тоосун багындырам деп, аба ырайы бузулуп эки жума муз үңкүрдүн ичинде жашаган. Араң жан калган альпинисттин эки бутун тизесинен ылдый кесип салышкан.

Протез бут менен
рекорд койгон Оскар
Түштүк Африкалык жеңил атлетика боюнча майып спортчу Оскар Писториус алты саны аман спортчулар менен 400 метр аралыкта чуркап жарышып экинчи орунга илинди. Стефано Брачола андан 0,18 секундга гана эрте келген. Оскар төрөлгөндө эле майып болуп төрөлгөн. Ата-энеси аргасыз баласынын бутун тизеден ылдый кестиргенге барышат. Башында Оскардын чуркамак тургай басалаарынан күмөн санагандар көп болгон. Азыр болсо жыйырма жаштагы спортсмен майыптардын арасындагы дүйнөлүк рекорддорго ээ болгонго жетишти. Анын он бир жаштан бери бутуна тагып жүргөн протези 3 миң доллардан ашык. Жергиликтүү чиновниктер Оскардын олимпиадалык оюндарга катышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет. Протез бутуна, өзүнүн эркине гана ишенген Оскар Писториус учурда дагы бир жарышка даярдык көрүп жаткан кези.

Машыктыруучусунун мазесин алган Саито
"Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" деген сөз сумоист Такаси Саитого тиешелүү. Анткени, ал машыктыруучусунун таягынан каза тапкан. Тагыраак айтканда, Токицукадзе мектебинде машыккан сумоист Такаси качып кетүүгө аракет жасаган. Окуучусунун кылыгына жини келген Юничи кармап келип, мектепте окуган башка сумоисттерге сабаткан. Металл бейсбол таягы менен ичке, башка койгулашып он жети жаштагы балага оор жаракат алып келишет. Негизи, бул кылмыш жабылуу эле бойдон калмак экен. Адаттагы машыгуудан кийин Такаси эс-учун билбей жыгылган. Анын өлүмүн медиктер алгач жүрөк оорусуна байланыштырышат. Кийинчирээк Такасинин ата-энеси уулунун бөлмөсүнөн кат таап алышкан. Ал катта Такаси такыр сумо менен машыккысы келбегени, машыктыруучусу аны күн алыс сабаганы, акыркы жолу Юничи аны сыранын бөтөлкөсү менен башка чапканы баяндалган. Ошентип, 59 жаштагы машыктыруучу Юничи Ямамотону алты жыл эркинен ажыратып, ага кошулуп сабаган сумоситтер шарттуу жаза алышкан.


Автоунаадан көңүлү калган Шанталь
Канадалык спортчу Шанталь Петиклер аттуу айым бала кезинен автожарышка кызыкчу. Он үч жашка чыкканда эң биринчи жолу унаага отурары менен жол кырсыгына кабылган. Оор операциядан кийин буту менен басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Дале спорттон көңүлү калбаган Шанталь сууда сүзгөнгө аракет жасаган. Талыкпаган эмгегинин натыйжасында 1992-жылы Барселонага барып, майыптар үчүн уюштурулган олимпиадада 200-800 метр аралыкта сүзүп, эки коло медалдын ээси болгон. Учурда Шанталь спорт менен алектенбей, тынч жашоону тандаптыр. Азыркы тапта спортчу айым канчалык алыс аралык болбосун араба менен гана жетет. Ушул убакка чейин авто унаадан көңүлү көк таштай калганын, машина көрсө жүрөгү оозуна тыгыларын айта берет.




  Спорт
жаңылыктары

Роджер Федерар:
"Тарттырып ийген таажымды кайтарып алам"
Теннис боюнча 2008-жылдын чемпиону Рафаель Надаль тизесин оорутуп алганын шылтоолоп, быйыл тутулун коргоодон баш тартты. Ошондо жеңишке анын былтыркы жылдагы атаандашы Роджер Федерар талапкер боло алат. Роджер журналисттерге: "Мен Рафанын оюндан баш тартканын, бул тууралуу журналисттерге атайын пресс-конференция бергенин жакында эле уктум. Надаль менин эң күчтүү каршылашым болчу. Андан кутулганыма бир чети сүйүнүп жатам. Буга чейин аны менен төрт жолу беттешкем. Төрт матч тең эсимде калды. Эми менен тарттырып ийген таажымды кайра кайтарып алам" деп интервью берди.

Владимир Кличконун дагы бир жеңиши
Жакында эле Гельзенкинхерде өткөн таймашка 60 миң адам катышып, эл Владимир Кличконуну дагы бир ийгилигине күбө болду. Мушташтын алгачкы мүнөттөрүндө эле Владимир Кличко Руслан Чагаевге үстөмдүк кылып, андан алда канча ыкчам, алдуу экенин көрсөтө алды. Руслан атаандашынын муштумунан буйтап, калкаланып жүрүп үчүнчү раундду бүтүрдү. Владимир Чагаевди бурча такап беш-алты жолу башка муштагандан кийин Руслан онунчу раундга чыгуудан баш тартты. Эл кол чаап суранса да, намыстан ден-соолукту жогору баалаган Руслан Чагаев жеңилген боксчулардын катарын толуктады.

Карлитос кирешелүү сунуштан баш тартты
Футболчу Карлос Эдуарду Англиянын "Манчестр Юнайтед" футбол клубунан түшкөн кирешелүү сунушунан баш тартты. Жылына 25,5 миллион фунт төлөп бермек болуп, дагы беш жылга келишим түзөлү деген клубдун жетекчилеринин ою ордунан чыккан жок. Карлита кетип бара жатканда мындан ары кайсы клубда ойноорун ачык айтпай кеткен экен. Белгилей кетсек мурда футболчу 2007-жылы Бразилиянын "Гремио" командасынан Германиянын командасына 7 миллион долларга сатылган. Азыр болсо оюнчуга эч кандай кирешелүү сунуштар түшө элек.

Дэвид Бекхем үйүн аукционго коёт
Бекхемдердин үй бүлөсү Франциядагы үйүн сатыкка коюшту. 2, 25 миллион долларга сатып алышкан үйүн эмне себептен сатып жатышканын Дэвид төмөндөгүдөй түшүндүрөт: "Биз аялым экөөбүз активдүү жашоого көнүп калганбыз. Ал эми Франциядагы үйүбүздүн айланасында биз каалагандай эс алуучу жайлар жок экен. Ошондон улам жашаган жерди алмаштырганга туура келди"-дейт. Лос-Анджелестеги "Гелакси" командасы менен үч жылга келишим түздү деген дагы имиштер бар. 34 жаштагы футболчуга азыр күн сайын "бул же тигил командада ойно" деген сунуштар түшүүдө.