п»ї

  Обон почта

ОП-70-01. Алматыдагы Боталиев Бакыт, алган машинаң кут болсун. Шуулдап астынан шамал өтө берсин. Чолпон.

ОП-70-02. Салам алейкум! Достор, ушак айтуу бул өз бир тууганыңдын этин жеп, канын ичкен менен барабар. Келгиле туугандар, Аллахтын каарынан коркуп, ушактан алыс бололу. Себеби акыретте азабы катуу. Бактыгүл-92 .

ОП-70-03. Саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына, СМСчилерге, окурмандарына. Мен силер менен дос болгонду каалайм. Махабат.

ОП-70-04. Ж.Атабекова жөнүндө сүрөтү менен маалымат бергилечи, чыгармачыл адам экенин гана билем. Мирбекке тууган эмеспи? 0555610687.

ОП-70-05. А.Ч.К. экөөбүздүн арабызды бузган Москвадан келген СМСти Кудай урсун. А.Б.К.

ОП-70-06. Саламым алтын үндүү ырчы М.Атабековго. Шартка ылайык концертиңе бара албай ичим ачышып калды. Сени дайым ийгилик коштосун! Асель.

ОП-70-07. Айтчы досум, бүгүн неге дүйнө тар, айтчы курбум, неге жүрөк жарадар? Сүйүүм кетти бир кылчайбай артына, а бирок менде кайтар деген үмүт бар. Айзина.

ОП-70-08. Абдаш-Али, өткөн санда жазган ырың супер экен, жакты. Чынара.

ОП-70-09. Менин маякчы сасыгым, кайда жоголуп кеттиң? Кабарыңды билдир. 0773560990.

ОП-70-10. Өзгөндө жашап жаткан Жылдыз, тезирээк сакайып кет. Таш боор ажал эч бир жанды ылгабайт экен. Алла Таалам бул ажалды ар бир адамдын бешенесине жазган. Ар дайым маңдайыңдан жылмаюу кетпесин. Тилеген ой-максатыңа жет. Нуруну эч капа кылба. Досуң Замана.

ОП-70-11. Саламатсыңбы, Даниел, мен сени менен таанышканыма аябай кубанычтамын. Достугубуз түбөлүккө бекем болуп калат деп ойлойм. Махабат.

ОП-70-12. Саламым Оштогу 90-жылкы классташтарыма жана сагынычтуу саламым МТКАга жолдонот. Ар дайым бар болгула. Нури-МТКА

ОП-70-13. Саламым Ош облусундагы Б.Эшмамбетов мектебинин 1992-жылкы классташтарыма. Ар дайым бар болгула. Бишкектен Бека-92.

ОП-70-14. Даниел, сиз суперсиз. Мен сизди чексиз сүйөм. Сизден сураныч, эгер СМСти окусаңыз мага телефон чалып коюңузчу, сиздин күйөрманыңыз Алина 0554013093.

ОП-70-15. Салам "Обон" гезитинин СМСчилери жана окурмандары. "Обонго" келгениме билинбей 5 ай болуптур. Мага СМС жазгыла, чалгыла, достошобуз. Нурмухамед.

ОП-70-16. Гүлчөдөгү 1987-жылкы досторго жана кыздарга салам. Качан 11-класстагыдай чогулабыз, достор? Казакстандан классташыңар.

ОП-70-17. Мен кыздар-балдар менен таанышып, достошом. 0777125558.

ОП-70-18. Супер СМСчи, шайыр кыз Айдемини 21-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Өмүр, бакыт, байлык каалайм. Сени жакшы көргөн Рашид.

ОП-70-19. Салам достор, бар чыгар бир жан мени коштоор, кетсем салам жолдоп, атын айтып каалоо айтып. Бакай, Канжар, Мухит, Нурмухамед, Билал козу, кааларым силерге чың ден соолук. Нурзат-90, Батина, Жанус-Роза, Гүлшан, Барби, Айгөлөк, Кеминдик Наргиз каалоорум силерге ак жоолук. Ар дайым "Обон" менен бирге бололу. Гуля-88.

ОП-70-20. Достор баарынан да ата-энеңерди сыйлагылачы, ата-эне деген бул дүйнөнүн жарыгы турбайбы?! Мен аны алардан айрылып калгандан кийин гана түшүндүм. Ата-энем 5 ай мурун экөө тең кайтыш болгон. Ошонун күйүтү жаныма батпай келет. Арманымды жакындарыма да айта албайм. Көңүлдөрү түшөт деп абдан кыйналдым. Эмне кылсам болот? Чынара.

ОП-70-21. Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында жашаган ата-энеме жана 1987-жылкы досторго салам. Астанадан Элнур.

ОП-70-22. Алтыным эмне мага ишенбейсиң? Сени аябай сагындым. Ангел.

ОП-70-23. Кыздар менен таанышам. 0777341937.

ОП-70-24. Жанусь Роза, Кеминдик Наргиз, Айзирек, Меришка, Макуся, Кейси, Жени, Саламат, жайдын ысык күнүндөгүдөй махабат, айлуу түндүн чырагындай сүйүү каалап, "Обондон" алыстабагыла демекчимин. Айгөлөк.

ОП-70-25. Рустам, мен сени ушунчалык жек көрүп калдым. Тамашаны түшүнбөгөн боюңду көтөргөн жигит экенсиң. Чынара.

ОП-70-26. Сагынычтуу саламым Бурулай, сага:ойлонуу менен таң атат, ойлорум сени саматат. Ойлогон сайын жүрөгүм, катуураак согуп баратат. Сүйгөнүң.

ОП-70-27. Сүйүү деген асмандагы абадай, сүйүү деген элеси жок баладай. Эгер менин чын көңүлүм бар болсо, сүйөр элем эч нерсени карабай. Мени да туура түшүн. 0556939387. Милашка.

ОП-70-28. Саламым Алматыдагы кыздарга. Элдияр.

ОП-70-29. Дискотека жаштардын мечитиндей. Бий менен зикир чалат бүгүлүшүп. Майкл Жексон артык го азанчыдан. Ырларын ураан кылат, кулдук уруп. Ажыга баргандай кубанышат, жарыгын жаккан кезде түн клубу. Беш күндүк бул өмүрдө жаштарыбыз кайда барат миң кубулуп. Амина.

ОП-70-30. Кызы таштап кеткен жигит отуруп алып, сарптаган акчаларын, убак-саатын эсептесе, ал чындап сүйгөн жигит. Себеби, ал кызы таштап кетсе да эстеп отурат.

ОП-70-31. "Обондон" тапкан байкелериме, эжелериме, досторума чоң салам. Саламат-93.

ОП-70-32. Алматыдагы бардык СМСчилер, "Обондон" тапкан досум Айсалкын сага ийгилик, ден соолук каалайм. Соодаң болсун. Айка ББС.

ОП-70-33. Музыканы сүйгөн жаштардын ою бузулду. Аллахтын сөзүн сүйлөөрдө, кулагын жапкан көбөйдү. Өз жеринен безишип, качып кетип чет жакка, ата-энесин сыздатып, жоголгондор бир канча?! Аллахты эмес акчаны сүйүп калган жан канча. Азыртадан ойлонуп, артка кадам баспагын. Жаман кыял-жоруктун, түгөл баарын таштагын. Жаратканды улуктап, аны дайым мактагын. Пайгамбарым баштаган жолдон такыр тайбагын. Мына ошондо Аллахым болот сенден ыраазы. Бактыгүл-92.

ОП-70-34. Кыздар-балдар менен таанышам, дос катары. 0552931403.

ОП-70-35. Жалал-Абаддык Ильяз, мен сени катуу сагындым. ХБКдагы үйгө телефонуңдун номерин берип койчу сураныч.

ОП-70-36. 0772673434 Салам алейкум! Менин мусулман бир туугандарым, амансыңарбы? Мен силерге аябай ыраазы болдум, бизде да ыймандуу жаштар көп тура. Ушунуңардан жазбай ошолорду амал тутуп, көп СМС жазгыла күтөм. Аллах ыраазы болсун силерден. Каражан.

ОП-70-37. Продюсер эжебиз Назгүл Насиевага чоң салам жолдойм. Бар болуңуз. 0778134007.

ОП-70-38. Салам Адилеттин бөлөсү Айжамал, кандайсың, ден соолук жумуштар жайындабы? Азыр Москвадасыңбы же Бишкектеби? Мага байланышчы? Мээрим.

ОП-70-39. Чынара! Сага ак жол, ишиңе ийгилик, сүйгөнүңө жет. Айнура.

ОП-70-40. Бактыгүл-92, сенин эбиңе кеби келишкен, өзгөчө, сезимтал, түшүнүктүү экениңди байкадым. Байланышалы 0551250085 Руслан.

ОП-70-41. Алыстык арабызды бөлүп турат, жүрөгүм сен деп согуп турат. Түнкүсүн айды карайм, жылдыз санайм, себеби алар сени көрүп турат. 0550682394.

ОП-70-42. Темирбек, Букен эженин баласы, баламдын атасы Нурлан (Нурик), балаңды келип көрүп кетпейсиңби "Ата, ата" деп жүрөт. Нурик, балага аталык мээрим да керек экен. Кыска ойлоп, жеңил жашоону тандап кийин өкүнөсүң. Балаңдын тили биринчи "Апа" дебей, "Ата" деп чыкты. Нурик балаңа кел. 0772615979.

ОП-70-43. Саламым Астра эжеге, Асел эжеге! Кундуз эже, Тони, Гули, силерге салам. Бактылуу болгула. Самара.

ОП-70-44. Салам Дайыр, жашоонун кызыгы эмне? Жети атаңды билесиңби? Жүрөк эмнени баалайт? Бакыт эмнени каалайт? Өмүр эмнени сүйөт? Жооп берчи, Дайыр жигит. Алга, алга Ааламга жетсин үнүң Исмадияров. 0772615979-------

ОП-70-45. Саламым СМСчилер Нурмухамед, Бакай, Елена, Абдаш-Али, Ангел-Асем, Билал козуга жолдонот. Бар болгула. Көгүчкөн.

ОП-70-46. СМСчилер кандайсыңар, достор? "Супер достор" командасына кошулганды каалагандар байланышкыла, СМС жазгыла. Команда түзүү максатым 1-достук, 2- бир кыргыз болуу, түндүк-түштүк эмес. Балким бири-бирибизге жардамыбыз тиер.0773953243кө кечки 9-11ге чейин Айдана-Анту.

ОП-70-47. Токтогул жергесиндеги Ала-Белде соода иши менен алектенген кошуналарым Зейнеп, Мираш, Максат эжелерге ысык салам. Ишиңер жүрүшө берсин. Ырыс.

ОП-70-48. Папандагы Бөрү айылында жашап жаткан, 1981-жылы 28-августта туулган Юсупов Тилек Манасбекович, сизге чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Ошондой эле апам Зуура, эжелерим Бактыгүл, Чынара, Жыпара, сиңдим Айжамал, Токтаканга салам жолдойм. Буюрса кышында барам, силерди сагындым. Москвадан Кулпунай.

ОП-70-49. Адилет жана Аида куш бооңор бек болсун! Көп уул-кыздуу болгула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Мээрим.

ОП-70-50. Салам "Обон" жана да сүйүктүү ырчым Дайыр. Өмүрдүн жазы белең сезимди гүлдөткөн, же жаздагы булбулсуңбу сүйүү ырын үйрөткөн. Ким экенин биле албадым сүйүү ырын арнадым, булбул болсоң коштоп сызда сүйүү ырын жүрөктөн. 0773466540.------

ОП-70-51. Жаным Даниярга ийгилик, ден соолук каалайм. Жаның Назгүл.

ОП-70-52. Сүйүү - бул чексиз бакыт, жаным, сени аябай сүйөм, сенсиз жашай албасымды билем. Ошон үчүн сенин көңүлүңдү оорутуп койгондон аябай корком, сен эмне кылсаң да кечирем. Себеби, мен сени сүйөм да. Тагдырдын мага берген белегисиң, алтыным, менин алтынга да алмашкыс мамалагым, менин жүрөгүм "сен" дейт. Сени чексиз сүйгөн Айзирек.

ОП-70-53. И.Бегимкулов атындагы мектептин 11-класстагы Мирланга ак жол. Классташың Айнура.

ОП-70-54. Мирбек Иманбеков 0773667998ге чалып коюңузчу, суранам.

ОП-70-55. Даниел байке, Никанын эмне себептен мындай деп жазганын мен билбейм. Бирок мен сизден кечирим сурайм. Ишиңизге ийгилик, күйөрмандарыңыз көбөйсүн. Нур.

ОП-70-56. Менин эң жакын, эң жакшы көргөн досум Кенжегүл, сени 21-июнь өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм. Ар дайым бар бол, өмүрүң узун, бактылуу бол. Алматыдан Амангүл.

ОП-70-57. Айгөлөккө салам жолдоп, рахмат айтам, мени колдогонуң үчүн. Айдана-Анту.

ОП-70-58. Дайыр салам, сага каалоорум чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик. Өзүң билесиң бизде ырчылар көп, ошол ырчылардын арасынан өзүңдү кыргыз элине таанытып жүрөсүң. Жөн гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө өзүңдү, кыргыз элин, кыргыз желегин таанытып, ата-энеңди сыйлаган кыргыздын патриот жигиттеринен бол. Байдөөлөт.

ОП-70-59. "Обондун" жалпы жамааты, супер окурман, супер СМСчилер кандайсыңар, досторум, мени тааныган СМСчилер барбы? Бир кездеги СМСчи Жеңиш-Кроша.

ОП-70-60. Искендер Султаналиев, мени менен байланышыңыз. 0772744952.

ОП-70-61. Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын жашоочусу 1989-жылкы Бакирова Фарида Өмүрзаковна, мен сени издеп жүрөм. Окуп калсаң байланыш. 0700111176.

ОП-70-62. Дайыр, сен чындыгында таланттуусуң. Бар бол, бай бол. Мунира.-----

ОП-70-63. Даниел, мен сени чексиз сүйөм. Мен сага ишенген элем, мага айткан сөздөрдүн баары жалганбы? Мага телефон чалчы? 077051716.

ОП-70-64. Дайыр, сени биринчи хит-параддан көрүп эле кумир тутуп келем. Сиз менен жолуккум келет. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Айка.

ОП-70-65. Кока-Колада жашаган Айназик-91 мага таарынбачы? 0700902191

ОП-70-66. Салам "Обон" жана СМСчилер, баарыңарга салам, ден соолук, ишиңерге ийгилик . Бирдигиңер эч качан түгөнбөсүн, силерди абдан сагындым. Экс-СМСчилер кайдасыңар? Силер менен биргемин. СМС жазгыла. Гүлзира.

ОП-70-67. Жай келип жыргап калдык, күн катуу ысыганда, чыкпаган жериңен тер чыгат. Дегеним терге каршы укроптун кайнатмасын окуган элем. Ушуну канча сууга канча укроп экенин жана башка элдик медицина жолдорун кененирээк жазып коюңуздарчы? +77770948807.

ОП-70-68. А-уу, бүтүрүүчүлөр, экзамендер кандай жүрүп жатат? Окууну ийгиликтүү аяктап, өзүңөр каалаган ЖОЖдорго өтүп кетишиңерге тилектешмин. Аська.

ОП-70-69. Саламым сүйүктүү досторум Ангел-Асем, Мирбек, Нурмухамед, Исланга жана акылдуу сиңдим Айзирекке жолдонот. Алтындарым, мен силерге ырыс-ынтымак, бакубат жашоо, кажыбас кайрат жана мөлтүр махабат каалайм. Аллахым силерге сабыр жана ыйман берсин. Бактыгүл-92.

ОП-70-70. Салам достор, келгиле таанышабыз, тил табышсак достошобуз, табыша албай калсак 5 мүнөткө коштошобуз. 5 мүнөттөн кийин кайра топтолобуз. 0772602351ге СМС жазгыла. Гуля-88.

ОП-70-71. Дайыр, сенин келгениңе кубанычтамын, сөзсүз чакыр, чакырбасаң да барам. Жакшы жооп күтөм, кыргыздын таланттуу мырзасы. Мыскал.

ОП-70-72. 1-2-группага чоң салам жолдойм жана романтикалуу эс алуу каалайм. Прелист.

ОП-70-73. Кычыраган кыш. Бир мергенчи сагызган атса карга түшөт экен. Эмне үчүн? 0772611264.

ОП-70-74. Супер СМСчи Айдеми-Айкага салам айтам. Окууларына жана иштерине ийгилик каалайм. Шыңгыр күлкүң эч качан өчпөсүн. Таластык курбуң Алтынай-92.

ОП-70-75. Жаным Ильяз Абдыразаковго: Энчилеп жүрөгүмдү, байырлап түнөгүңдү. Өзүмдү сага арнап, бапестеп бир өзүңдү. Мен сендик болгум келет. Мега-Мери.

ОП-70-76. Урматтуу окурмандар, уйду эмнеге саайт? Нур-Айжан.

ОП-70-77. Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы мектебинин 11- а, б классынын окуучуларына чоң салам. Келечегиңер кең болуп, ойлогон ой-максаттары жеткиле. Ошондой эле досторум Эрнис, Рустам, Дамир, Даниярга жана фортуналарга чоң салам. Айтурган.

ОП-70-78. Назгүл эже, сизди жакшы көрөбүз, сыйлайбыз жана чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалайбыз. Шайыр, Меришка, Арзуш.

ОП-70-79. Салам Кыргызстан, мен Кубик кызы Айпери менен кеңири таанышсам деген ойдомун. Өзүм жөнүндө жалгыз Айпериге айткым келет. +79260565251.

ОП-70-80. Зухра дос, жүрөгүң эңсеген адам менен бактылуу бол. Баткенден досуң Ханзада.

ОП-70-81. "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге жандай көргөн жакын досторума салам жөнөтөм. Ошондой эле бардык СМСчилерге салам. Мага СМС жазгыла, жообу сөзсүз болот. 0772291907 Жанусь-Роза.

ОП-70-82. Оо Дайыр, куш келипсиң, сага ийгилик, ден соолук каалайм. Өзгөнгө качан барабыз? Мен Өзгөндүн көк чайын, палоосун сагындым. Чогуу бир эстеп коёлу. Мени да айтып койчу. Сени сыйлап Мега-Мери.----

ОП-70-83. Алай районунун Т.Сопиев мектебин 2008-жылы бүтүргөн классташтарыма салам. Ар дайым бактылуу болгула, биз силерди сагындык. Алматыдан Самка, Гуля, Кузя.

ОП-70-84. Саламым Даниелге. Мен сизди абдан жакшы көрөм, сиз менен сүйлөшсөм болобу? Мага 0554013093кө байланышыңызчы. Алина.

ОП-70-85. Ырларым чыга берет жүрөгүмдөн, жаза берет колдорум көгөргөнчө. Мынчалык бир өзүңө багындырдың, чыкпайсың ойумдан да, көңүлүмдөн. 0777424363.

ОП-70-86. Өзбектин допусундай пас болбой, кыргыздын калпагындай бийик болуп, Айдай жалгыз болбой, жылдыздардай көп болуп жүрө бергиле. Кенже, Алма, Акы, Нуну, Барчын Мимозага салам. Арзуу-90.

ОП-70-87. Оо жаным, эмне кылам сыздап калдым, сени эстеп улам жаңы ырлар жаздым. Ойлобопмун сүйгөнүң бар экенин, бактылуу бол, ичи тардык кыла албаймын. Арзуу-90.

ОП-70-88. Кара-Суу районуна караштуу М.Тешебаев атындагы мектептин 10-классынын окуучуларына салам. Каникулду жакшы өткөргүлө. Досуңар Мээрим.

ОП-70-89. Продюсер Назгүл Насиевага салам жолдойм. Сиздеги талант эч кимде жок деп ойлойм. Талантыңыз ташкындай берсин. 4007.

ОП-70-90. Эркин, сизди кантип унутам. Нази.

ОП-70-91. Аалам кенен, бирок мага тар сымал, арман мени соруп барат саз сымал. Сезилбейт таттуу дешет сүйүүнү, сүйүү издеп жүрөк неге түңүлдү. Жаман экен жалгызсырап жашаган, махабатсыз жүрөк тузга малынган. Шорум катып сүйүү таппай сыздадым, айткылачы, дагы канча чыдаймын. Жылдызбек.

ОП-70-92. Салам Исмадияров Дайыр, ден соолук, иштер жакшыбы? Дайыр, Исмаилова Гүлназдын дарегин, телефонун жазып жиберчи, сенден сураныч. Алматыдан классташың Абдылдаева Асель +77029482815.

ОП-70-93. Кудурет кусалыкка камап байлап, сүйүүнүн запкысын мага арнап. Сүйүүгө кайыл болуп кала бердим, тагдырдын азилине белим байлап. Сүйүүнүн торгою болуп сайрап, мүлжүнүп санаага өзүм арнам. Акмалап азаптардан арыла албай, мөгдүрөп кала бердим сыздап какшап. Мага кайра ак сүйүү келеби, жооп жазгылачы сураныч, окурман СМСчилер. Жылдызбек.

ОП-70-94. Мага 5 убак намаз окуганды ким үйрөтөт. Нази.

ОП-70-95. Салам Айзада! Капа болбо кыз-жигиттин да бирди сүйүп, бирөө менен жүргөндөрү бар. Жада калса ага жанын берүүгө да даяр болгондору да бар. Сүйүү болгону үчүн жүрүп жатышпайбы, ар бир адамдын ою ар башка, менин оюм ушундай. Ар дайым бар бол, аман бол. Айзирет.Куршабдык атам Абибилла, апам Чанабар, эч качан оорубаңыздар. Атам-апам байлыгым, түгөнбөгөн ай-нурум. Бар болуңуздар. Казакстандан балаңыз.

ОП-70-96. Күнөө кылып кай жакка барасың сен мусулмансын, тобоо кылып корккун сен Алладан. Рахат албай, жөн жүргүн мусулман, билип кой, качып баралбайсың сен кудайдан. Бир күн ажал келет сен билип кой, анан бир эстеп кой. Эмне үчүн окубайсың намазды, кандай жаман, көрүп турасың заманды. Кудай берген 24 сааттын ичинен 1 саат намаз окуган жаманбы? Намаз окуйлу. Э.Дима.

ОП-70-97. Кызгалдак гүл, мейлиби бир эркелесем. Өбөйүнчү мен ал шордуу бешенеңден. Дүнүйө үчүн ат чабышкан бул талаада, экөөбүздүн жашообуз тең тепселген. Таир.

ОП-70-98. С.Садыралиевге салам, качан Түштүккө келесиз? Менин эң баалаган, эң жакшы көргөн, эң таланттуу ырчым болосуз. Сизден алган кол тамганы өмүр бою сактайм. Сиз менен дует ырдагым келет. Жашым 14тө. Мүмкүн болсо 0556005056га чалып коюңузчу?

ОП-70-99. Жүрөгүмдүн ачкычы Медетбеков Тынчтыкбек, мен сени түбөлүккө жакшы көрөм. Экөөбүздүн сүйүүбүз эч качан өчпөсүн, сенин жөжөң Сеитова Акули.

ОП-70-100. Дайыр, кандайсың? Сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Жүзүңдөн эч качан күлкү кетпесин. Дайыма ушундай "приколный" болуп жүрө бер. Нурзат.----

ОП-70-101. ОП-69-62, Айкажан, сенин курбуң турмушка чыгып ажырашып кетсе эле үйлөнбөгөн балага турмушка чыгууга эмнеге болбосун? Ал тагдырдын буйругудур. Курбуңдун кызында эмне күнөө? Үйлөнүш оңой, үй болуш кыйын. Бирок бири-бирин түшүнүшсө эч нерсе тоскоол боло албайт. Айдын 15и караңгы, 15и жарык. Абда.

ОП-70-102. Ош шаарында жашап жаткан Даткага, Айгүл эжеге, Айпериге салам жолдойм. Ден соолук, бакыт каалайм. Нур.

ОП-70-103. Токтогулдук Дастанга арналат. Менин сүйүүм бийик эле башкача, салыштырсам болоор эле аскага. Мына бүгүн ошол аскам урады, уктум сени үйлөнөт деп башкага. Билбейм сени кандай сүйөт башкалар, мүмкүн сенин жүрөгүңдө так калаар, а мен үчүн эң алгачкы махабат, өмүр бою жүрөгүмдө сакталаар. Фарида.

ОП-70-104. Менин жандай көргөн жакшы досторум "Фанклуб" жана "Шок жигиттер" командасына чоң салам. Силер суперсиңер. Айгүл.

ОП-70-105. акын досум Бауржанга чоң салам жолдоп, ага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Айгүл.

ОП-70-106. Салам Дайыр, сага чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Мени чакырчы, суранам. Айдай.

ОП-70-107. Сүйгөндү сүй, сүйбөгөнгө жалынба. Сүйбөгөн соң, сүйбөдүң деп таарынба. Айзирек.

ОП-70-108. Дайыр Исмадияров, сизге чың ден соолук, узун өмүр, арчадай жаштыкты каалайм. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Күйөрманыңыз Аселя.

ОП-70-109. Сүйүн, сүйөм сени жакшы көрөм баарынан, сени эстеп, сени гана сагынам. Мени сага, сени мага кошпогон, аттиң арман тагдырыма таарынам. Миргүл.

ОП-70-110. Маматканова Айнура, талантың ташкындай берсин. Талантыңа таазим кылам. Апасы Гүлнара эжеге миң мертебе рахматымды айтам. Сырдуу жигит.

ОП-70-111. Токмок шаарындагы 3-кичи райондогу 65-үйдүн тургуну Айнурага чоң салам. Тилегиңе жетип, шоу бизнестен өз ордуңду табышыңды каалайм. Султан.

ОП-70-112. Жалал-Абаддык Талант аттуу досумдун иниси Нурсултанды издейм. Эгер окуп же угуп калсаң 0550944578ге байланыш. Айбинур.

ОП-70-113. Менин кумирим Даниелге салам. Эгер мүмкүн болсо жакындан таанышсам дейм. Мен сиздин үнүңүздү жактырам. Айдай.

ОП-70-114. Мен Исаев Ибраим Жаныбаевичти издейм. 0772119417.

ОП-70-115. Дайыр, иштер-тиштер, баш-көздөр, бут-колдоруң кандай? Бар болуңуз, бай болуңуз. Ишиңизге ийгилик. Алиса.

ОП-70-116. СМСчилер мага телефон чалгыла. 0550682394 Дина.

ОП-70-117. "Болошакта" иштеп жүргөн Элиза деген досум болгон, сени таппай жатам, кайда кетип калдың? Мен "Болашакта" 7-8-катарда 46-бутиктемин. Туулган күнүмө чакырсам келбей койдуң го, досум. Досум, мага келип кет. Же мага СМС жаз. +77016256321 Алматыдан казак досуң Амангүл.

ОП-70-118. Калды экенмен көрбөгөн дагы эмне, менчелик ашыктыкта жанбас пенде. Башкага эч убакта суна албаймын, жүрөгүм түбөлүккө калды сенде. Миргүл.

ОП-70-119. Дайыр, кандайсың, сүйдүм сени сезимдерге багына, сырым ичте жүрөм сени сагына. Ээлеп алып жүрөгүмдүн бүт эркин, камадың го махабаттын торуна. 0550682394.

ОП-70-120. Ош шаарындагы сүйүктүү апабыз Тажиканга жана туугандарыбызга о.э.айылдагы жана Алматы шаарындагы туугандарыма салам жолдойм. Ар дайым эсен-аман жүрө бергиле. Оштон Канышай, Айганыш.

ОП-70-121. И.Бегимкулов атындагы мектептин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө салам. Ак жол. Рима, Айзада.

ОП-70-122. "Болашакта" 1-катарда иштеп жаткан Ильяз, качан жолугабыз?Сизди көрсөм эле жетет. Алматыдан Амангүл.

ОП-70-123. Эх Султан, Кайчылаш биздин тагдырыбыз, кандайча болду айрылуубуз. Карегинде кадалган, капалуу караган, сездирбей сүйүүм билип алдың, сезимге неге бүлүк салдың? Айтчы жаным, жүрөгүмдү багынтып, жүрөсүң сагынтып, серпилтип кашың кетип калдың. Жаным... жаным, азапка неге мени салдың? Деп өзүң айтмакчы, мени да аябай азапка салып койдуң го жаным?Алматыга концерт коюп келгениңде концерт аяктаганда маршрутканын артында отурдуң го сага жактыруу сезим менен жылмайып тиктеген кызды көрдүң го, бирок шартка байланыштуу жүзүңдү көпкө, тиктеп тура албадым. Анткени, үйгө кетишим керекэле. Эх, аттиң сага батынып сүйлөй албадым. Дагы канча ушинтип карекке карек кадалып тиктешер экенбиз. Айкена.

ОП-70-124. Бегимай Есенгулова! Сени жакшы көрөм. Аделина.

ОП-70-125. "Обонтайдын" супер СМСчилери номеримди жоготуп койгондугума байланыштуу 0772291907ге байланышкыла. Жанусь-Роза.

ОП-70-126. Дайыр, сиз КРнын Сүйөт кодексинин 345-статьясынын, махабат пункту боюнча айыпка тартылдыңыз. Себеби, сиз менин сүйүүмдү уурдап алдыңыз. Сиз эми түбөлүккө менин жүрөк камерамда каласыз. Айгүл.----

ОП-70-127. Оо апаке, болуп сарсанаа, сурап калдың тиги жаш кана? Ооба, ал кыз мени сүйчү эле, эми анын көөнү башкада. Болбойт экен сүйүү кайгысыз, канткенде да мени чанды кыз. Сыздабачы апа мени деп, сулуулар көп, бир сен табылгыс. Таир.

ОП-70-128. Досум Арзыгүл, айылыңа аман жеттиңби? Бир СМС жазып койсоң болбойбу? Мени унуттуңбу? "Обонго" жазып койсоң болот го дос. Сенсиз жаман экен. Сени сагындым. Алматыдан Амангүл.

ОП-70-129. Жашыруун уурдап кеттиң жүрөгүмдү, билдирбей мага жаным кайрып берчи. Даниел сага арналат. Махабат.

ОП-70-130. Салам сүйүктүү ырчым Дайыр, ырларың жүрөктөн алды байыр. Баарлашууга ашыккан, күйөрмандан жолугушканча кайыр. Гүлбайра, Гулиза.

ОП-70-131. Жездем Кайрат жана эжем Чынара куш бооңор бек болсун. Бактылуу болгула, баш кошкон эки жаш. Таалайлуу болгула табышкан эки жаш. Кара-Дөбөдөн Эльмира.

ОП-70-132. Дайыр байке, сизге узун өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайм. Мага сиздин жылмайганыңыз жагат, ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей, ата-энеңиздин маңдайында бар болуп жүрө бериңиз. 0703835539.----

ОП-70-133. Саламым алтындай болгон ата-энебизге жана бир туугандарыбызга жолдонот. Ар дайым ден соолукта болгула. Алматыдан кыздарыңар.

ОП-70-134. Бардык СМСчилерге салам. Сиздер менен таанышкым келет. Урматым менен Токтосун. 0553085222.

ОП-70-135. Урматтуу жашоонун тиреги болгон алтын апам Бактыгүл, сизди 20-июнь туулган күнүңүз менен куттуктайм. Ар дайым бактылуу болуп, менин бактыма бар болуңуз. Сизди жакшы көргөн уулуңуз Токтосун.

ОП-70-136. Саламым жандай көргөн апчем Жайнагүлдү 27-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Бар бол, бай бол жана ар дайым бактылуу бол. Дүйнөдөгү баардык жакшы нерселерди каалайм. Алматыдан Зейнегүл.

ОП-70-137. Саламым Алматыда иштеген эжем Айнагүл, досум Самара, сиңдим Дамира жана Айжарыкка жолдонот. Силерге ден соолук, ишиңерге ийгилик. +77024631488

ОП-70-138. Алтындан кымбат, асыл эжем Айгөлөк сизге рахмат. Жылуу, таптаттуу сөздөрүңүз ташкындай берсин. Сүйүктүүм, кымбатым, жаныма жакыным Бактыгүл алтышка, мен сени чексиз жакшы көрөм, өнөрүң өркүндөй берсин. Урматтуу Билал козу саламыңызга рахмат. "Обонтайдан" алыстабаңыз, калемиңиз курчуй берсин. Баарыңар эң негизгиси ден соолукта, өмүрлүү болгула. Жаратканым жүрөгүңөргө ыйман, жүзүңүздөргө нур, жан дүйнөңүздөргөтунук сүйүү жана да эки дүйнө бактылуулуктартуулаган болсун. Жакшылыкка жанаша болгула, алланын сүйүктүү пенделери. Ангел Асем.

ОП-70-139. Саламым Алматынын "Болашак" базарынын 12-катарында иштеп жаткан жаным Гуляга. Ишиңе ийгилик, ар дайым мен сени сүйөм. Жора.

ОП-70-140. Саламатсызбы Дайыр, азыртан эле жеңди түрүп, сиз менен баарлашканы сүзүп баратам. Жок десеңиз таарынам, андыктан эркенин көңүлүн калтырбаңызчы, суранам? Жазгүл.----

ОП-70-141. Алматыда "Болашак" базарында иштеп жаткан Акылайга салам жолдойм. Алтыным мен сени чексиз сүйөм. +77025796020.

ОП-70-142. ОП-69-10, 69-80, 69-89 Колуңардан келсе жүрөгүңдү башкага арна. Сүйсөң милдет кылбай сүй. Сезим.

ОП-70-143. Салам Нурзат-90, сиздин иштериңизге ийгилик, бакубат жашоо каалайм. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо мени менен байланышып коюңузчу. Айзирек.

ОП-70-144. Өзгөндөгү Искен, кандай, Мунара жүрөбү? Менин атымдан 10 тонна салам айт. Искен, тилеген ой-максатыңа жет. Бирок эч убакта Мунараны капа кылба. Мунарадай кызга жетпеген көп. Замана.

ОП-70-145. Таңзада мен сени сүйөм. Токтосун.

ОП-70-146. Досум Гүлзатка келе жаткан мамлекттик экзаменине ийгилик каалайм. Ар дайым жашоонун маңызына жетип, жакшы жашоодо жашап, алган кесибиңдин мыкты адиси болушуңа тилектешмин. Гүлзада.

ОП-70-147. Назгүл Насиевага чың ден соолук, узун өмүр ишиңе ийгилик каалайм. Элмира.

ОП-70-148. Сүйүү эмне , эч ким толук айта албайт. Сүйөмүн деп кээ бир жигит тартынат. Арзуу-90.

ОП-70-149. Мен үчүн унутулгус досум болгун, ой басып мен өзүмдү эстеп жүрөм. Жүрөктөн сага деген ыр узатып, мен сени бир көрүүнү эңсеп жүрөм. Оюбуз бир кадамдан бирге чыкса, айылга келин кылып алып келем. Лейлектин Миң-Жыгач айылындагы Таңсыгайга салам. Баха.

ОП-70-150. Ош шаарынын Керме-Тоо айылына, элине, жерине, тоосуна, Турдалиевдерге чоң салам. Алла жазса жакында барам. Динара.

ОП-70-151. Куран сөзүн агайын Кудайдын сөзү деп сезип, чындыгында ынайлы, ынтымакты арттырып, жакшы салтка ыктайлы, адалдан таап аштыкты, асырайлы балдарды, азиздигин адамдын, ардактап таза сактайлы. Айзирек.

ОП-70-152. Кыргыз элим качан гана башыңа оор күн келип калганда Аллага сыйынып калышат. Башка күнү эстемек турсун үстүбүздө Алла бар экенин да эсибизден чыгарып коёбуз. Замана.

ОП-70-153. Ыраазымын Алла Таалага, бул дүнөгө насип кылган сени, мени. Таазим этем ата-энемелерге чоңойтуп, өстүрүп жеткирген бизди ушул эрезеге. Рахмат айтам тууган урук, дос жар, колу-коңшуга, ар дайым, ар тараптан бизди колдогон. А бирок нааразымын тагдырга мен экөөбүздү кошпогон. Оо дүйнө сен неге мынча табышмактуусуң, жакшы дайым жаман менен коштолгон? Гуля-88.

ОП-70-154. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү досторума салам. 84түн балдары Айбек, Бакай, Камчы, Эсен, Нияз, Майрамбек бар болгула, тынч болгула досторум. Алматыдан Замо, Мырза.

ОП-70-155. Лейлектин Айкөлүндөгү ата-апама, бир туугандарыма салам. Н.Батыров орто мектебин бүтүрүп жаткан 9-а классына жана Айчүрөк, Гүлбахар, Нуризага салам жолдоп, ийгилик каалайм. Гүлайым.

ОП-70-156. Саламым Сосновка айылына жана анда жашап жаткан байкем Уланга, жеңем Дилфузага, кичинекей Айгеримкага. Мен силерди жакшы көрөм. Жайнагүл.

ОП-70-157. Ээ супер СМСчи достор, баарыңардан кечирим сурайм. Байланышкыла деп коюп, телефонумду жоготуп алдым. Билал козу.

ОП-70-158. Түндөсү түшүмдө бир жылдыз көрдүм, ага башка жылдыздар жете албай кыйналып жатышыптыр. Ошол бийиктеги жылдызга жетем деп канчалаган акчаларын кетириптир. Бирок, жете албаптыр. Бул ким экен деп таң калып барып карасак Назгүл Насиева экен. Анан биз айттык көп убара болбогула, бул эженин улуулугун да, сулуулугуна да силер эч качан жетпейсиңер. Ал эжедей продюсер болуу өтө кыйын деп айтып жатсак, бул өңүмдө экен. Мартабаңыз бийик болсун. 107945.

ОП-70-159. Павлодарда иштеп жаткан агам Таалай тезирээк үйлөнүп, Аида жеңеми алып келчи? Биз үйдө келин жок кыйналдык. Таластан Кенжебек.

ОП-70-160. Теле алып баруучу Шайырбек Абдрахман уулу азаматсың, сага терең ыраазычылык. Билал козу.

ОП-70-161. Назгүл, сага чыгармачылык ишиңе ийгилик каалайбыз. Биз сен менен сыймыктанабыз. Дайыма ден соолукта бол. Жездең Акбар, эжең Артыкбү.

ОП-70-162. ОП-69-21, Бирөөлөрдүн турмушуна аралашпай, өз ишиңди кыл. Алып берсе, алып бериптир. Сенин акчаңа алып бердиби? Сынчы.

ОП-70-163. Сүйүүдөн дүйнө жаралган, Адам ата, Обо эненин тукуму таралган. Сүйүү бар үчүн эл жашап келет. Сүйүү бүтсө, өмүрдүн күнү бүтөт. Сүйүү бул жашоону сактап турат. Сүйүүнү болгон жерде жашыра албайсың да жок жерден чыгара албайсың. Замана.

ОП-70-164. Учурда ОшМУда иштеп жаткан эжем Дүйшөнбаева Аида Байышовнага жана сиңдим Гүлерага ысык салам. Алматыдан Шура-2.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??