п»ї

  жылдыздар турмушунан

"Жылдыздар манежде"
теледолбоору адилет өттүбү?
Гран-При 100 миң сом - Анжелика Бекболиева
1-орун 50 миң сом -
Назира Жетигенова
2-орун 30 миң сом - Жанета Бобкова
3-орун 20 миң сом -
Аскат Эрбаев
Мындан тышкары, калган беш катышуучу 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Алты айдан бери "Жылдыздар манежде" теледолбоору көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, Улуттук биринчи каналдан I, II турлары көрсөтүлүп келген. 20-июнда долбоордун жыйынтыктоочу турунда тогуз катышуучу ар башка жанрларда өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, калыстардын баасы менен жеңүүчүлөр тандалды. Бирок, цирктин болжол менен 90 пайызын ээлеген көрүүчүлөр калыстардын бул чечимине ыраазы болбой калышкан сыяктуу. Себеби, Аскат Эрбаевге берген калыстар тобунун "9", "10", "8", "8", "10" сыяктуу бааларынан соң жер тепкилеп, кыйкырып-өкүрүп, желим бөтөлкөлөрдү манежге ыргытуу менен нааразычылыктарын билдиришти. 5-10 мүнөт ызы-чуулар токтобой, атүгүл көрүүчүлөрдүн көздөрүнө жаш алганына карабай, калыстар тобу "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" маанисинде өздөрүнүкүн беришкен жок. Ошентип, төмөндөгүдөй жыйынтык чыкты:


Анжелика:
"Аскатка
караганда мен
жакшы трюк
жасадым"
- Анжелика, Гран-Прини жеңип алганың менен куттуктайбыз. Жеңишке жетишем деп ойлодуң беле?
- Чынында, мен манеждин калыс өтөөрүнө ишенген эмесмин. Менден да кыйындар бар болчу. Башында Жанета биринчи орунда келе жатканда мен аны колдоп жаткам. Калыстардын айтуусуна караганда, Аскаттын артистик чеберчилиги, костюмдары жакшы болгон жок. Мен үч турда тең костюмдарымды өзүм тиктирип, цирк үчүн эч нерсе аяган жокмун. Чыгаша болгон үчүн эки эсе киреше болду го деп ойлойм. Жыйынтыктоочу турда маңдайга жазганды көрөм, эң негизгиси, жакындарымды, күйөрмандарымды уят кылбайын деп бардык чечимге даяр тургам. Менин үч турда жасаган эмгегимди эл да баалады. Аскатка караганда мен жакшы трюктарды жасадым деп ойлойм. Анткени, ал баскан аркандын бийиктиги болгону эки метр болсо, меники алты метр бийиктикте болгон. Менимче, бардык катышуучулар мыктылыгын көрсөттү. Мен эч кандай орун албасам деле капа болмок эмесмин. Буйрук ушундай экен, сынактын эрежесине ылайык жеңүүчү аталып отурам.
- Эң көп белек алган сен болдуң. Демөөрчүлөрдү өзүң таптыңбы?
- Мен атайын демөөрчүлөрдү чакырткан эмесмин. Министр Султан Раевдин алтын таажыны мага такканы мен үчүн күтүлбөгөн сүйүнүч болду. Өзүм окуган КГУСТАнын ИНИТ кафедрасы келип алтын чынжырча тапшырды. Атамдын кесиптештери колдоп, мага чоң сүйүнүч тартуулашты. Кайра-кайра мага белек, сыйлык тапшырышканда өзүмдү ыңгайсыз сезип, бир чети ийгилигиме ишенген жокмун. Кыскасы, бул менин эң биринчи Гран-Прим болду. Албетте, акыркысы дегенден алысмын.
- Элдин алдында "жүз миң сом утуп алсам катышуучуларга он миң сомдон бөлүп бермекмин" деп сөз бердиң эле. Ал милдетиңден кутулсаң керек?
- Ооба, мен ал сөздү баш байгени алаарымды билбей эле айткам. Айтканга жүз миң сом болгону менен анын 25 пайызын салыкка бериш керек экен. 21-июнда долбоордун катышуучуларын, машыктыруучуларын, ошондой эле Айчүрөк эжемди жана башка бардык жакындарымды чакырып, "Жылдыздар үйү" кафесинде жеңишимди майладым. Ушул жерден аларга ыраазычылыгымды билдирип, "аз да болсо алып койгула" деп алган акчанын бир бөлүгүн бөлүп бердим. Ошондой эле калган акчаны тогуз катышуучунун атынан балдар үйүнө жана карылар үйүнө тапшырып келейин деген ойлорум бар. Менин жеңишиме түздөн-түз байланышы бар үч машыктыруучума кымбат баадагы белектерди тартуулап, алардын батасын алдым.
Анжеликанын жолдошу
Урмат:
"Анжеликанын жеңишин намаз окуган сайын
Кудайдан
тиленгем"
- Урмат, алты айдын ичинде Анжеликага кандай колдоо көрсөтө алдың?
- Мен ойлойм, башка адамдардын колдоосунан дагы өмүрлүк жарыңдын жөлөк-таягы жогору турат болуш керек. Ошондуктан, Анжеликага мен алты ай бою моралдык колдоо көрсөтүп, күч-кубат бере турган сөздөрүмдү аяган жокмун. Себеби, биринчи турдан кийин экинчи, үчүнчү турлары абдан кыйын боло баштагандыктан, Анжеланын денеси көгөрүп, буту-колу ооруп, ыйлаган күндөрү көп болду. Бир күнү "болду, циркке барбайм, кыйналып кеттим" деп ыйлап келген. "Баштагандан кийин аягына чык" деп баары Кудайдан жакшы болоорун айтып жаттым. Себеби, келинчегимдин жакшы ийгиликтерге жетишээрине ишенип, беш маал намаз окуган сайын Кудайдан тиленгем.
- Эл оозунда элек жок деп коёт го. "Анжеликанын жолдошу бизнесмен болгондуктан, Гран-Прини сатып бериши мүмкүн" деген сөздөрдү кулагыбыз чалып калды. Балким, мунун чындыгы бардыр?
- Жок. Элдер айтканы менен мен Анжеликага Гран-Прини сатып берген жокмун жана сатып бербейт да болчумун. Цирк спорт дүйнөсүнүн бир түрү болгондуктан, мен спорттук мелдештерди жакшы түшүнөм. Ал жакта сатып алуу деген болбойт. Себеби, мелдеш элдин алдында өткөндүктөн, калыс чечилет. Мен долбоордун уюштуруучуларынын бирин да тааныбайт болчумун.
- Өзүң сырттан караганда кимди жеңүүчү болот деп ойлоп жаттың эле?
- Мен Анжеликаны кошпогондо Аскаттын жасаган трюктарына баа берип, аны колдоп жаткам. Чындыгында Аскат биринчи орунга татыктуу болчу. Бир гана күйөрмандар колдобостон, залдагы жалпы эл колдоду. Албетте, элдин жан тарткандары жүрөк жылытаарлык болду. Адам маңдайга жазганын көрөт деген ушул экен, баары буйруктан болду.




Гран-Прини сиз кимге бермексиз?
Назгүл Насиева, продюсер:
- Мен экинчи турдан кийин Гран-Прини Аскат Эрбаев алат деп ойлоп жаткам. Бирок, калыстар "Аскат спортсмен, каскадёр" деп анын упайларын азайтып жатышты. Менин таарынганым, биз Назикти профессионал бийчи, ал эми Аскатты спортсмен деп алардын циркке катышып жаткандарына каршы чыкканбыз. Ошого карабай кошушкандан кийин алардын эмгегин баалаш керек болчу да.
Эрмек Маматов, ырчы:
- Аскатка бермекмин. Артистик чеберчилигин эске албаганда анын жасаган трюктары жакшы болду. Ар бир катышуучу жеңишке жетишсем экен деп аракет кылгандары менен маңдайга жазылган Кудайдын буйругу болду да.
Назик,
"Назик" бийчилер тобунун жетекчиси:
- Жыйынтыктоочу күндө таң кала тургандай күтүлбөгөн нерселер болуп кетти. Мен дагы Аскатты алат деп ойлоп жаткам. Тилекке каршы, андай болбой калды. Тогуз катышуучу тең жан дүйнөсү менен берилип, бөлүнгөн жанрларын мыкты көрсөткөнгө аракет жасашты. Ар бирибиздин жасаган эмгегибизди эл өз көзү менен көрдү. Негизгиси, элдин алдында жүзүбүз жарык. Ошентсе да мен Аскатка бермекмин.
Роза Азимбаева, жаш актриса:
- Аскат үч турда тең мыкты жанрларды көрсөттү. Мен калыстар тобунун берген баасына кошулбайм. Эгер менин колумдан келсе, албетте, Гран-Прини Аскатка бермекмин.
Жанета, ырчы:
- Аскат абдан даярданган. Трюктары да мыкты болчу. Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, "Жанета Гран-Прини сатып алыптыр"деген маалыматтарды укканымда жүрөгүм ооруган. Калыстар туура эле баа берди окшойт. Бир четинен экинчи орунду алганым мен үчүн жакшы болду. Анткени, сатып албагандыгымды далилдедим.
Назира Жетигенова,
куудул:
- Аскаттын жасаган трюктарынан кийин мен коркуп жаткам. Анан калыстар тобунун Аскатка көтөргөн баасы менин духумду түшүрүп салды. Чынында Аскат үчүн жүрөгүм ооруду. Башкалар сыяктуу мен деле Аскатка бермекмин.
Адил
Кайыпов, режиссёр:
- Бир гана Аскатка бермекмин, андан башка талапкер жок болчу.

Аскат Эрбаев, жаш актёр:
- Аскат, күйөрмандар калыстар тобуна нааразы болушту. Буга сенин оюң кандай?
- Мен бул долбоорго Гран-Прини алыш үчүн катышкан эмесмин. Менин максатым - ойлогон трюктарымды татыктуу жасоо болчу. Негизи, мен жашоодо күтүлбөгөн нерселерге даярмын. Калыстар тобунун жасаганы мен үчүн жаңылык болгон жок. Балким, мен алардын көз карашы менен чынында ошол упайларга татыктуу болгондурмун. Калыстар тобунун эки жолу сегиз көтөргөндөрүнө өзүм дагы түшүнбөй калдым. Калыстар тобу өздөрү да жеткиликтүү түшүндүрүп бере алышкан жок. Эл ошон үчүн дүрбөп кетишти окшойт. Калыстар башкача баа койгону менен элдин колдоосу менин ички дүйнөмө баланс болуп, алардын берген баасы мени сүйүндүрдү. Мен ошон үчүн калыстарга таарынган жокмун. Балким, калыстардын баары мага он деген баа койгондо элдин мага болгон ишеничин, колдоосун көрбөй калмакмын. Бул өмүрүмдөгү эң бактылуу көз ирмемдер болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??