Сырмаек

Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"
1982-жылы 1-августта Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. Репертуарында он ыры, эки клиби бар.
Хоббиси - жаратылыш койнунда эс алуу.

- Нурзат, алгач сени "Айчүрөк" театрынан көрдүк эле. Ал театрга кандайча кошулуп калдың эле?
- Айчүрөк эженин "Кызыл гүл", "Тоо булагы" жана башка ырларын угуп чоңойдум. Эженин чыгармычылыгын баалачумун. Бир күнү гезит беттеринен "Айчүрөк Иманалиева таланттуу жаш кыздарга кастинг жарыялайт" деген жарыяны окуп калдым. "Катышайын, бирок, менден да кыйындары бар да, кантип эле мени алсын?" деп ойлоп койдум. Кастингге катышып калышыма апам түркү болду. "Барып көр, сенин көйнөгүңдү чечип алмак беле?" деп калды. Анан кастингден элдик "Сары ой" аттуу ырды ырдадым. Ырдын экинчи куплетине жеткенимде Айчүрөк эже: "Токтосоң, сен кайсы жакта окудуң эле?" деп кызыгып калды. Кастинг бүткөнчө кетпей тургула дегенинен күтүп турсак, аягында топко үчөөбүздү кабыл алыптыр. Абдан сүйүнүп кастингге болбой жиберген апама ыраазы болдум. Ошентип,
2007-жылдын январь айынан баштап топтун бий курамына да катышып, ырдап да калдым.
- Анан эмне себептен ал топтон өзүңчө бөлүнүп кеттиң?
- Ал театрдан, Айчүрөк эжеден жакшы тажрыйба алдым. Көп нерсени үйрөндүм дегендей… Театрда көбү кичинекей балдар болгондуктан, Айчүрөк эже мага эмес, кичинекей балдарга тарбия берсин деп чечтим. Азыр өзүмчө аракет кылып өз арабамды өзүм тартып "Ыр менен жашайм, жашоо үчүн ырдайм" деген ураан менен өз алдымча иштей баштадым.
-Деги эле музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
- Кичинемде эле ырга жакын болуп элдик ырлар менен чоңойдум. Кызыгы, биздин үй-бүлөдө менден башка эч ким ырдабайт. Мектепте менсиз кароо-сынактар өтчү эмес. Мектепти бүткөндөн кийин кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык музыкалык студияны бүткөм. Азыркы убакта Кыргыз эл артисти, профессор Улукмырза Полотов агайдан вокалдан сабак алуудамын.
- Сени музыка дүйнөсүнө жетелеген ата-энең тууралуу айтып берсең?
- Өзүм Нарындан болом. Атам Сейдакмат, убагында мамлекеттик кызматтарда иштесе, учурда жеке ишкер. Апам Анара кесиби боюнча мугалим. Үч бир тууганбыз. Улуу эжем Перизат турмушка чыгып очор- бачар болгон. Менден кийинки иним Азамат экинчи курстун студенти. Азыр ата-энем менен бирге Бишкекте турабыз.
- Чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп калсаң керек?
- Жан-дүйнөм менен берилип чыгармачылыкка киришип алган соң аягына чейин чыдаш керек да. Чынында өз күчүң менен чыгармачылыктын арабасын тартуу кыйын экен. Канча акчаң болсо да шоунун ашканасын билген адамдар, башкача айтканда, продюсердин болгону жакшы деп ойлойм. Башында Айчүрөк эже көп жардамын берип келсе учурда ди-джей Назгүл Айдаралиева менен биргеликте иштеп жатам. -Продюсер менен ырчынын ортосунда көп эле келишпестиктер болуп келген. Сен андай көрүнүштөрдөн корккон жоксуңбу?
- Мен ойлойм, эгер адам таза, так иштесе эки жакта андай нааразычылыктар туулбайт. Кудай буюрса продюсерим менен жакшы иш алып барып кетем деп ишенем.
- Шоу бизнестин аурасы кандай экен?
- Канча миң жакшы ырдап, атың чыгып калса да адамгерчилик биринчи орунда турат. Адам канчалык жөнөкөй, сабырдуу, ыймандуу болсо эч убакта шоунун тоскоолдуктарына башын ийбейт. Шоунун аурасы тунук суудай таза, же болбосо абдан ылай дегенден алысмын. Канчалаган таланттар өсүп, ал жактын даамын татып жатат. Ар бир нерсенин жаман-жакшы жагы болот да.
- Жаш өзгөчөлүгүңө салыштырмалуу эмне себептен алгачкы ырыңды сүйүү темасына кайрылбай, "Балалык" аттуу ырды тандап алдың?
- Туура. Ар бир адам бала болгон да. Мен да Нарында боз ала чаң, кара кыз кезимди эстеп балалыктын бактылуу көз ирмемдерин көз алдыма элестеттим. Балалыкты эч ким кармап кала албайт эмеспи. Анан ошол мотурайган кезибиз жок дегенде ырымда калсын деп атайын "Балалык" аттуу ырды тантап алгам.
- Ошол боз-ала чаң болгон бала кезиңдеги кызыктуу окуяларыңдан айтып бербейсиңби?
- Айылдагы балдар-кыздар чогулуп, күүгүм киргенде эле концерт коё берчүбүз. Бир жолу ошол адатыбызды карматып концерт коюп ырдап жатсак, биздин үйдөн эки там ары жашаган кошуна бала, талаада өскөн сары, кызыл гүлдөрдөн бир кучак терип келип отургандардын арасына кошулуп калды. Ал гүлдү кимге берет болду экен? деп ойлоп койгом. Мен ырдап бүтөөрүм менен мага гүлдөрүн берсе, көрүп жаткандар кыйкырып-өкүрүп кол чаап, каткырып да калышты. Көрсө ал мени сүйчү экен. Аны мен кайдан билейин гүлүн берип коюп уялганынан артын карабай качып кеткени эсимде. Анда анча-мынчага маани бербеген бала экенбизда.
- Жашың деле турмуш курууга туура келип калыптыр. Качан турмушка чыгайын деп жатасың?
- Издеген табат эмеспи, мен да жүрөгүмдүн ээсин таптым. Менин жигитим чечкиндүү, акылдуу болсо экен деп кыялдана берчүмүн. Азыр ал кыялдарым орундалды десем болот. "Кыздын бараар жери күйөө" же болбосо азыркы тил менен айтканда "Кыздын жакшы диплому күйөө" дегендей сен айткандай турмушка чыгууну да ойлонуп жатам. Балким, жакын адамым менен жылдызым келишип калса баш кошобуз. Жашым да келип калды, турмуш курууга даярмын.
-Үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош, курбу эки жашты жандап жүрөт эмеспи. Досторуңдун арасынан курбунун милдетин аткаруучуну тандап койсоң керек?
- Чынында өзүм достукка бекеммин. Бирок акыркы убактарда саны бар сапаты жок достордон алыс болуп калдым. Себеби, бирге жүрүп, бир сындырым нанды бөлүп жеген курбу кызым мени сатып кеткен. Кандай болгонун айткым келбейт, бирок иш жүзүндө алдап кеткендиктен өзүм ал досума таң калып калгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин көп адамдар менен дос болгум келбейт. Учурда эки-үч гана кыз менен жакшы мамиледе болуп, бири-бирибизди сагынганда жолугуп сырдашып калабыз. Өзүмө жаккан курбумду кыялданып, үйлөнүү тойго курбу катары пландап койгом, убагында кандай болуп кетээри белгисизда. Ошондуктан азырынча кайсы курбум экенин табышмак кылып турайын.
- Жакшы жаңылыктарың бар экен. Алдыда кандай пландарың бар?
- Мен негизи фольклордук ырларга, операга жана джазга кызыгам. Башка элдин ырларын которуп ырдагандан көрө кыргыз колоритин камтыган элдик ырларды кайрадан жаңылап, репертуарымдагы ырларымды жаңыртайын деп пландап жатам. Жаңы костюмдарды тиктирип, клиптерди тарттыруудамын. Кудай буюрса, чет мамлекеттерде уюшулган эл аралык фестивалдарга катышайын деген максаттарым бар.