п»ї
 Таанышуу жарыясы


  саресеп

Жибегиндей эр жигит...
Кыргыз шоу-бизнесинде чачы узун мырзаларыбыз саналуу гана. Манжалап санай турган болсок, онунчусу менен бүтөт экен. Ошондуктан, биздин узун чачтуу белгилүүлөрүбүз дароо көзгө урунат. Мына алар.

Султан
Каримов
Кан-жанын берип, кыргыз ырларын жүрөккө жеткире ырдаган Султан Каримов чачын 1976-жылдан бери өстүрүп келет. Кыскага караганда узун чач жарашаарын өзү байкап, ошондон тартып ушул калыбында алып жүрөт. Эл ичинде Валерий Леоньтевди туурап алган деген сөздөргө кошулбайт. Анткени, анын чачы жаратылышынан тармал, бирок, өңү өзүнүкү эмес. Себеби, чачын ар убак кара түскө боёп жүрөт. Кээде жайдын ысык аптабынан жүдөгөндө байлап алат. Ырчынын мурдагы силисти Израилге көчүп кеткендигине байланыштуу учурда өзүнүн бир тууган эжеси чачын кыркып да, боёп да берип турат. Жер которуп кеткен стилистинин азабын көп тарткан. Башка чач тарачтар Султан мырзанын чачын бузуп алышып көп убара чегишиптир.

Ырыскелди Осмонкулов
"Элитный" ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун чачын өстүргөнүнө быйыл туура 15 жылдын жүзү болду. Ырчынын мындай имиджди тандоосуна келинчеги Райгүлдүн салымы чоң экен. Ал жолдошунун чачын өзү кыркып, өзү боёп берип, буга чейин жан шеригинин сулуулугун сактап келген. Акыркы учурларда гана Ырыскелди салондордун кызматынан пайдаланууга өттү. Ырчы агабыз ар бир ыр альбомун чыгарган сайын ар түрдүү жаңыланган чач жасалгасы менен чыкканды жактырат. Чачына "Шварскопт" шампунь-балзамдарынан башканы жолотпойт. Ал бир ирет гастролго чыгып, чачына сагыз жабыштырып алып, аргасыздан кайчылап кыркканы эч эсинен кетпейт. Ушундай жагдайларда гана терс таасирин тийгизбесе, узун чачынын эч зыяны жок. Учурунда анын чачы ай далысын жаап өскөн экен.

Расул
Маматкулов
Расул агабыз Италия ырчысы Тото Кутуньонун чач жасалгасына таасирленип чачын өстүрүп алган экен. Бара-бара мындай жасалга жарашканын байкаган соң, кырктырууну оюна албай калган. Андан бери жыйырма жылдын таңы атып, жыйырма жылдын күнү батты. Ырчынын чачын гель менен жасалгалап, өң-келбетин караган - өмүрлүк жубайы Катя айым. Ал эми чачын жөнгө салып кыркып берген чач тарачы - Люся. Бирок, азыркы мезгилде Расул мырзаны ойго салганы Люсянын күндөн-күнгө карып баратканы. Ага көп жылдан бери чачын кырктырып көнүп калгандыктан, башкаларга ишене бербейт.

Мерген
Турган
Мерген Турганга чач боюнча кайрылганыбызда: "Чындыгында чач өстүрүү боюнча элге жаман көрүнгөн биринчи революционер мен болчумун. Чачымды өстүрүп, химияга берип дегендей. Ал учурда "И-ий, өлүп кеткир, эмне болуп алган?", "кара жерге кир, кебетеси кантет?..", "кыздан айырмасы жок неме го?" деген сөздөрдүн, тетири караган көздөрдүн күбөсү болуп келгем. Бирок, андай пикирлерге моюн бербей өз стилимди таап келдим. Азыркыга чейин чач жасалгамды бүт өзүм карайм. Анан чач жөнүндө башкалар "мен минттим, мен тигинттим" дебей эле коюшсун. Алар эми эле көбөйүп кетишпедиби!" деп бир топко чейин көбүрүп-жабырып сүйлөп берди. Мерген бир жолу Сокулукка концерт коюп барып, чачынын айынан мындай окуяга туш болуптур: концертине көпчүлүк көрүүчүлөрдүн арасынан жалгыз кемпир келгенин баамдайт. Ага ичи жылып кеткен ырчы концерт аягында: "Апа, мага бата берип коюңузчу?" деп суранат. Кемпир камаарабай: "Алдыңа кетейин, жакшы кыз экенсиң, эми теңиңди тап! Мендей болуп онду төрөп, бактылуу байбиче бол!" деген экен.

Өсөр
Козуев
"Атама" деген ыры менен өзгөчө карылардын алкышына ээ болгон Өсөр мырзанын бул жасалганы тандап алганына 14 жыл болуптур. Ага КТРдин режиссёру Калбүбү Калчаева узун чач жарашаарын, башкалардан өзгөчөлүү имиджге ээ болушун айтып, өз кеңешин берген экен. Кулагына шак угулган "өзгөчөлөн" деген сөз ошол замат мээсин аралай өтүп, дароо чачын өстүрө баштаган. Ошол күндөн тартып көпчүлүктүн көзүнө чалдыгып, күбүр-шыбыр кептин кучагында калган. Ал көрүнүш ырчыга майдай жагып, чыгармачылыгына да таасирин тийгизип, кеңешчи эжесине ыраазычылыгын билдирген. Кызыгы, Өсөр мырза бир гана чач тарач менен чектелбейт. Каалаганына кооптонбостон бара берет. Анан да шампунга караганда кир жууган самын менен жууса чачы кулпунуп калаарын айтат.

Мурат
Мамбетов
Калайык калкка Кампос аты менен таанылган Мурат Мамбетов төгөрөк көзүнө төп келген оригиналдуу узун чачын 1973-жылдан бери бир калыпта сактап келаткан. Анан эле мындан үч ай мурун... Ишенесизби, чачын алдырып салды! Учурда кулагы делдейип өзүн ыңгайсыз сезип жүргөн учуру. Кыскасы, баягы-баягы биз көнүп калган тармал чачы жок. Мурда ошол чачынын айынан досу менен аялын аз жерден ажыраштырып жибере жаздаган. Мурат агабыз эч нерседен бейкапар досунун машинасынын алдында олтуруп келаткан. Кокусунан аялдамадан аяшы күйөөсүнүн машинасынан узун чачтуу бир "айымды" көрүп калат. Анан кечинде келгенде досунун үйүнөн жаңжал чыкпаспы: "Жаныңда олтурган кайсыл аял эле?" деп. Ал досу экенин айтса эч ишенбейт. Акыры жаалданган аялына Мурат мырзаны ээрчитип келип жаны калган экен. Көрсө,1995-жылдары чачынын узундугу белине чейин жетип, кыргыз аялдарын ат чабым алыстыкта калтырып, жанагындай кызганычты жаратып жүргөн мезгили тура.

Тынай
Алыбаев
Тынай мырза мектеп жашынан тартып чачын оңго-солго буруп өстүрүп келген. Анын бир артыкчылыгы башкалардан айырмаланып, чачын жалаң чалкан менен жууйт. Ишенсеңиз, буга чейин бир да жолу шампунь колдонуп көргөн жан эмес. Көп жылдан бери Айгүл аттуу айымга чачын жасалгалатып келет. Мындай жасалга чыгармачылыгына да шайкеш келээрин айтат. Ал: "Мен негизи бир гана чач жасалга менен жүрө бербейм. Бирде өстүрөм, бирде кыркам, бир учурда керек болсо алдырып салам" дейт.

Мирлан
Жетигенов
Бир жолу Мирлан Талас жергесине гастролдоп барып калат. Концерт бүткөндөн кийин сахна артынан Мирлан кийимин алмаштырып жатса, эки милиционер келип: "Эми биротоло кийме чачыңды кошо чечпейсиңби?" дешет. "Жок, бул өзүмдүн чачым" дегенине карабай, тарткылап көрүшкөн тура. Дагы бир жолу досунун иниси ырчынын кулагын кармалап көрүп: "Кулагыңыз кичинекей эле экен го. Байкем Мирландын кулагы чоң ошондон уялып чачын өстүрүп алган дебеди беле" дейт. Көрсө, досу инисинин "Мирлан байкенин чачы эмнеге кыздардыкындай узун?" деген тажаткан суроосуна жанагинтип жооп кайтарыптыр да. Ал 1994-жылы кайсы бир чач тарач желке чачын бузуп салып, ошондон тартып өстүрүп калган. Анын айынан көчөгө да чыкпай калган күндөрү болгон экен. Чачы тез-тезден өсөт. Анан да чачына боёк жолотпойт. Кандай шампунь болбосун колдоно берет.

Рахбар АЛЫМКУЛОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??