п»ї
 Таанышуу жарыясы


Быр-р-р..
Кока - Кола!
Бүгүнкү күндө ар бир экинчи адамдын колунан "Кока-Кола" суусундугун көрүүгө болот. Дүйнө жүзүнө кеңири тараган суусундуктун тарыхы, пайдасы, зыяны, ушул кезге чейин кандай жолду басып өткөнүнө көз жүгүрттүк.

Пайда болуу тарыхы
Американын Джорджия штатындагы анча чоң эмес Атланта шаарында Джон Пембертон аттуу фармацевт жашаган. Джон бир күнү жумуштан келген соң үйүндө кыларга жумушу жок отуруп, сироп жасоону ойлонот. Бул күн 1886-жылдын 8-майы эле. Сироп даяр болгон соң эң жакын досу, дарыканасында эсеп-кысап ишин жүргүзгөн Френк Робинсонду чакырып сироптон ооз тийгизет. Башкача таттуу сироптун даамы оозунан кетпеген Френк эмнеден жасаганын кагазга түшүрүп коюусун суранат. Сироп башында өтө эле таттуу эле. Эртеси күнү Джон шаардагы эң чоң "Джейкобс" дарыканасына сиропту алып барып, ошол замат бир стаканын беш центтен сата баштайт. Алгач суусундуктун курамына төмөндөгүлөр кирген: кокаин жалбырагынын үчтөн бир бөлүгү, кола дарагынын жаңгагы. Биринчи суусундукту көңүл чөккөнгө каршы дары катары пайдаланышып, ал тургай кээ бири бул сироп импотенциядан да айыктырат деген ишенимде болушкан. Биринчи жылы бир күндө тогуз гана стакан сироп өтчү экен.
Сироп өтө коюу болгондуктан, кийинчирээк сатып алуучулар аны газ суусу менен аралаштырып иче башташкан.
Бул сиропко "Кока-Кола" деген атты жогоруда айткандай Джондун жакын досу Френк ыйгарган. Суусундук коко жалбырагынан, кола жаңгагынан жасалгандыктан, ушундай ат келип чыгыптыр.
Бул суусундук элге жаңыдан белгилүү боло баштаганда Джон Пембертон каза болот. Ушундан кийин Атлантага Ирландиядан Аза Кендлер деген кедей көчмөн келет. Анын чөнтөгүндө болгону бир доллар жетимиш беш центи гана бар эле. Соода иштерине эптүү Аза аз убакыттын ичинде байып, Джондун аялынан кока-коланын рецебин 2300 долларга сатып алган. Бир тууган агасы менен Джорджиядан "Тhe Coca-Cola Company" компаниясын ачканга үлгүрөт. Джон Пембертон суусундуктун атасы катары таанылса, Аза Кендлер "Кока-Кола" компаниясынын атасы деп эсептелинет.

Компания басып өткөн жол
Башында Джон суусундукту чыгаруу үчүн 70 доллар сарптап, бир жылда 50 доллар гана киреше тапкан.
1886-жылы коланын негиздөөчүсүнүн бири Френк Робинсон суусундуктун логотибин ойлоп тапкан.
1890-жылы "New York Tribune" гезитине кока-коланы көп ичип алышкан негрлер суусундуктун курамындагы кокоинге мас болуп алышып, ак терилүү адамдарга кол салганы тууралуу макала жарык көргөн. Ушундан баштап суусундуктун курамына коконун жалбырактарын сыгып ташташып, ширесиз жалбырактын өзүн кошо башташкан.
1894-жылдан баштап кока-коланы бөтөлкөгө куюп сата башташкан.
1902-жылы Аза Кендлер бир жылда 120 миң доллар киреше алып келип, кока-кола дүйнө жүзүнө белгилүү суусундук катары таанылган.
Кока-коланын эң биринчи жарнамасы 1904-жылы чыгарылган.
1919-жылы Аза Кендлер компанияны Ернст Вудраффка 25 миллион долларга саткан.
1923-жылы Ернст 33 жаштагы уулу Робертке өткөрүп берген.
1927-жылы коланын жарнамасы радиого чыккан.
Компания 1910-жылдан 1957-жылга чейин башынан бир топ кыйынчылыктарды кечирген. "Курамында кокаин бар" деген сөздү бетине кармаган элдер компанияны сотко беришип, нааразычылык акцияларын жарыялап, жетекчилерди бир топ эле чыгымга учуратышкан. 1953-жылы эле компания башынан 21 сот ишин кечирген.
1988-жылы кока-кола СССРде сатыла баштайт.
1955-жылы суусундук темир банкаларга куюлуп сатыла баштаган.
1979-жылы компанияны ХХ кылымдын мыкты менеджери Роберто Гозуэта сатып алган.




Компания бүгүнкү күндө
Учурда дүйнө жүзүнө белгилүү "Кока -Коланын" он бир өлкөдө ири филиалы бар. Азыр компания 200дөн ашык суусундуктун түрүн чыгарат, ал эми коланын өзүнүн эле жети түрү бар. Суусундук 208 мамлекетте сатылат. 2008-жылы компаниянын кирешеси 11% га өсүп, 31, 944 миллиард долларга жеткен. 2008-жылдын июль айынан баштап компанияны Мухтар Кент жетектеп келет. Буга чейин бул орунду Невилл Изделл ээлеп келген.
Кыргызстанда "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" компаниясы 1996-жылы ачылган. Учурда компаниянын өзүндө 200дөн ашык адам иштесе, региондордо 1000ге жакын адам эмгектенет. "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" компаниясы 2001-жылдан баштап Тажикстанга, 2000-жылдан бери Казакстанга, 2003-жылдан бери Афганистанга суусундукту экспорттойт.

Кызыктуу фактылар

Эгерде Кока-Кола чыгарылган күндөн баштап чогултуп, жер шарында жашаган ар бир адамга таратып чыкса, бир адамга 767 бөтөлкө туура келет.

Эгер ушул күнгө чейин чыгарылганын Кока-Коланы атайын бассейнге куйса, узундугу 33 километрди, тереңдиги 180 метрди түзөт. Бир эле учурда бул бассейинге 512 миллион адам батат.

Кока-кола деген эң чоң логотип Чилинин Арика шаарында жайгашкан. Белгинин бийиктиги 40 метр, туурасы 122 метр.

Бир секундда дүйнө жүзү боюнча 8000 стакан кола ичилет.

Коланы дүйнө жүзү боюнча эң көп колдонгон өлкө - Мексика менен Исландия.

Бир банка колада 140-150 килокалорий бар, бул 10 чай кашык кумшекерге барабар.

Коланы көп ичкен эркек импотенттикке, аял тукумсуздукка кабылаарын медиктер далилдешкен.

Суусундуктун курамына кошулган кола жаңгагы качандыр бир кезде Америкада гана өсчү. Аны индеец-аскерлерге чайнаганы беришчү экен. Себеби, жаңгак эркектин сексуалдык каалосун басып, кызмат өтөгөнгө тоскоол болбойт.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бул суусундук 44 мамлекетте сатыла баштаган. Роберт Вудраффтын мыйзамы боюнча жоокерлер үчүн арзандатылып, бир бөтөлкөсү 5 центтен сатылган. Ошентип, согуш бүткөнчө баш-аягы 5 миллион бөтөлкө кола өткөрүлгөн.

АКШнын көпчүлүк штатында МАИ кызматкерлери жанына дайыма эки-үч бөтөлкө кола суусундугун алып жүрөт. Анткени, кола канды жакшы кетиргендиктен, автокырсык болгондо канды дароо кола менен жууп салышат.




Республикалык оорукананын гастроэнтерология бөлүмүнүн ассистенти Рахат Аттокурова:
"Газ суусундуктарынан ашказан жарасы пайда болот"
- Рахат айым, газ суусундуктарынын зыяны эмнеде?
- "Кока-Кола", "Спрайт", "Фанта" сыяктуу суусундуктар ашказандын зилин көбөйтүшөт. Чаңкоону убактылуу эле басып, адамды алаксытканы болбосо, ден-соолугун бузуп, өз залакасын тийгизет. Уйку бездин өзүндө ашказанга керектүү ферменттер иштелип чыгат. Ал ферменттер ичеги-карындарды иштетип, тамак сиңирүү органдарына жардам берет. Жогоруда айтып өткөн суусундуктар ферменттердин иштешин басаңдатып коёт. Жыйынтыгында ашказан тамакты сиңирбей ооруйт, зарна, гастрит, ашказандын жарасы пайда болот. Мунун баарына газдалган таттуу суусундуктар себепкер.
- Анда сиз врач катары суусундуктун кайсы түрүн сунуштайсыз?
- Азыр көп минералдык суусундуктар чыгарылып жатат. Алардын ичинен атайын дарылык касиети бар суусундуктар да арбын. "Ысык-Ата", "Жалал-Абад" минералдык суулары ашказанга, ичеги-карынга көп колдонулат. Тамак ичээрге жарым саат калганда бир стакан минерал суусун ичип алса, тамак сиңирүүгө жардам берет. Минерал сууларын дарылык катары пайдаланганга болот, бирок, аларды да өтө көп өлчөмдө колдонсо ден соолукка зыяны тийип калышы мүмкүн. Мындан тышкары компот да суусаганды бат басат. Ошондой эле жер-жемиштин ар кандай түрүн жегенде кадимкидей чаңкаганың басаңдайт. Чынында, кайнатылып, муздатылган суудан өтөөрү жок.
- Негизи адам бир күндө канча көлөмдө суусундук ичиши керек?
- Бир күнгө эки литрден ашпаш керек. Эгерде ашса анда ал адамдын организминде оору болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөр бир күндө жыйырма эки литрге чейин ичишет экен.
- Сиз өзүңүз газ суусундуктарын колдоносузбу?
- Минерал сууларын колдоном, "Кола", "Фантаны" өмүрүмдө ичпейм. Алардын курамында газ, боёк, химикат бар. Ошондуктан, башкаларга да минерал сууларын колдонгонду сунуштайм. Бул сууда калий, кальций, марганец бар. Айтор, организмге керектүү азыктарды табууга болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??