п»ї

  шайлоо - 2009

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."
Алмаз Атамбаев премьер-министрликке барганда көпчүлүктүн көңүл тереңинде "Атамбаев бийликке азгырылып оппозицияны саттыбы же эки ортодо көпүрө болдубу?" деген суроо калып, бул суроого ар ким ар кандай жооп издеген. Ушул суроону эл тагдыры, эртеңи үчүн Атамбаев ат салышып чыккан кезде кайра жаңыртып, Атамбаевди жакшы билген адамдарга собол салдык.


- Ал убакта кырдаал ушундай түзүлүп калган. Кыргыз коому бийликтин жүргүзгөн саясатына байланыштуу, анан ошол убактагы кээ бир күчтөрдүн басымынын негизинде жарандык согушка жакындап калган эле. Бул абалдын бирден-бир себеби, биздин коомдо регионалдык бөлүнүүнү саясатта колдонуп, жеке кызыкчылык үчүн пайдаланышат. Регионалдык бөлүнүү бул тарыхый фактор, аны саясатта курал катары колдонгон адамдар коомду дайыма артта кармап турат.
Ошол учурда мен түз катышкан эмесмин, бирок баарынан кабарым бар. Оппозициялык күчтөрдүн басымдуу көпчүлүгү макулдашып, бийлик менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн Атамбаевди өз өкүлү катары Бакиевге жөнөтүшкөн. Бул жөнүндө гезитке деле расмий кат жарыяланбадыбы. Ошол сүйлөшүүдө каолициялык өкмөт түзүлүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Жарандык согуштан жана регионалдык кагылышуудан элди сактоо үчүн каолициялык өкмөт түзүү учурдагы кырдаалга абдан зарыл болчу. Өкмөттүн 50%ын оппозициялык күчтөр түзсүн деген талап коюлган. Ошол талаптын негизинде Алмаз Атамбаев премьер министр катары барды, бирок тилекке каршы аны өкмөткө өкмөттүн башчысы катары жөнөткөн оппозициялык күчтөр каолициялык өкмөткө мүчө болбой, тагыраак айтканда колдобой коюшту. Эгерде, ошондо 50% өкмөт оппозициялык күчтөрдөн турганда, азыр, балким, биз башкача мамлекетте жашайт элек. Анткени, ошол 50%ды бирдей кетирүү, же алардын саясатын четке кагып, талабынан баш тартуу өтө оор болот эле.
- Эмне үчүн оппозиция колдогон жок?
- Каолициялык өкмөт деген маселени көтөргөн оппозиция, эмне үчүн ал убакта өкмөткө барбаганы мага азырга чейин түшүнүксүз. Эгер ошондо оппозиция өз максатынан тайып кетпесе, алар Кыргызстанды күчкө таянган саясаттан жана репрессияга ишенген бийликтен сактап калмак. Анткени, кандай болбосун тең салмактуу бийлик түзүлүп, ортосунда сүйлөшүүлөр болот болчу. Эл ошондо оппозициялык күчтөр өкмөттө канчалык иш жүргүзө алаарын көрөт эле. Тилекке каршы, "Реформа үчүн" кыймылындагылардан Атамбаевден башка эч ким өз мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө көрсөтө албады.Кийин мен депутат катары парламентке барганда, атайын 2007-жылдын бюджетин Алмаз Атамбаевдин өкмөтүнүн ишине баа берүү катары талкуулаганбыз. Ошондо парламент 2007-жыл өтө жеңиштүү, Кыргызстанга экономикалык, финансылык жактан жалпысынан пайда алып келген жыл болду деп бир добуштан баа берген. Ошол жыл мамлекеттик казынанын түзүлүшү, социалдык маселелерди чечүү жагынан өзгөчө жыл болгон. Алмаз Атамбаевди кетиргенден кийинки 2008-жылдын бюджетин, 2007-жылга салыштырганда асман менен жердей айырмасы бар болуп чыкпадыбы. Себеби, 2008-жылы күч органдарына көбүрөөк каражат кеткен. Мисалы, ички иштер министирлигине, Мамлекеттик күзөт кызматына (СГО) ж.б. Финансылык саясаттагы ушундай айырма Алмаз Атамбаевге бийлик органдары бир жыл ичинде араң эле чыдашканын көрсөтүп турат. Анткеним, мунун баары Алмаз Атамбаев бийликтеги үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, алардын жакындарына, арадагы шумпай ууруларга мамлекеттик казынага кол салганга жол бербей, Кыргызстандын казынасына өтө бекем, ишенимдүү сакчы болгондугунун, казынанын элдин кызыкчылыгына жумшалышына кам көргөндүгүнүн далили.
- Атамбаев президенттикке өз кандидатурасын премьер-министр болуп иштеген бир жыл ичинде далилдей албай калган иш жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн койдубу же жеке кызыкчылыгы барбы?
- Эгерде Алмаз Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы болгондо, биз анын жанында турбайт элек. Мисалы, мага элдин, биздин ишеним, үмүтүбүз аркылуу кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгынын ишке ашуусунун зарылдыгы жок. Биздин негизги максат Кыргызстандагы мамлекеттин түзүлүшүн, ички саясатын руханий баалуулуктарга багыттоо. Алмаз Атамбаевдин көп саясатчыларга салыштырмалуу өзгөчө артыкчылыгы бар. Мен эки нерсени баса белгилегим келет. Биринчиден, ал адамдарга гумандуу мамиле жасайт. Бирөөнүн өмүрүнө кол салуу, кимдир бирөө менен пикири келишпесе аны камап жок кылуу, өз мүмкүнчүлүгүнөн кыянаттык менен пайдалануу деген жок. Адам эркиндигин баалап, анын кадыр баркы менен эсептешет. Экинчи артыкчылыгы тайманбастыгы, өжөрлүгү. Эгерде бир максатты алдына койсо, ал максаттан аны эч нерсе кайтара албайт. Бир топ саясатчылар "ийкемдүү болуу керек" деген парданы бетине калкалап алып, бүтүндөй адам дүйнөсүнүн баалуулуктарына түкүрүп салып, жеке кызыкчылыктын курмандыгы болуп кетишти. Атамбаев антпейт. Аны менен бирге болуудагы изги максат жеке кызыкчылыктан, чөнтөк көйгөйүнөн, жогорку орундардан бийик турат. Биз Кыргызстанда адам эркиндигинин, укугунун тебеленбөөсүн, таза саясат, чындык болуусун каалайбыз. Таза бийлик болмоюнча коомубуз оңолбойт. Кыргызда илгертен эле уул баланы ата намысын бийик тутуу, эл туткасы болуу үчүн тилешкен. Азыр мунун баары куру идеяларга, дүңгүрөк сөздөргө аралашып, асыл сөз кадыры түшүп кеткенсийт. Бирок, алтын кайда жатпасын асылдыгын жоготпойт. Мунун баарына албетте, азыр ишениш кыйын, анткени эч кимибиз элдин ишенимин акырына чыгара албадык. Атамбаевди жыл айланбай акырын сүрүп коюшту, ким ак, таза иштесе, чындыкты айтса, бир эле октун, же жалган жалаанын курмандыгына айланууда. Ошондуктан, эл өкмөткө эмес, өзүнө, эртеңине ишенбей калды. Ошондой эле оппозиция бири биринин ишенимин актай алган жок. Эмне үчүн? Жөнөкөй эле, биринчиден баарыбыз бири-бирибизге кайдыгербиз, экинчиден эптеп эле жан багуу. Качан кекиртек адамдыктан жогору турганда ушул абал болот. Жылуу орунга жетери менен убакыттан пайдаланып уурдаш керек, жакындарын татыктуубу, жокпу карап отурбай жакшы кызмат орунга тартуу керек. Мына биздин коом ушуга ууланды. Бул эмнеден? Айлык акынын аздыгынан, социалдык абалдын төмөндүгүнөн. Муну жолго салса болот.
- Кайсы кандидат депутаттыкка койобу, президенттикке койобу биринчи эле мугалимдер менен врачтардын маянасын көтөрүүгө убада кылат. Сиздердин программада да бул бар. Эгер Атамбаев президенттикке келип калса, сиз Атамбаевди жакшы билген адам катары ушул программанын ишке ашаарына ишене алат белеңиз?
- Ишенем, анткени бул кишидеги эң негизги, өтө чоң касиет Атамбаев Кудайдан коркот, анын барлыгына, убал-соопко ишенет. Андан сырткары, азыркы бийлик канчалык бурмалабасын 2007-жылы премьер-министр болгон аз убакыт ичинде тазалыгын, иш билгилигин мамлекеттик казынаны бөлүштүрүүдө, социалдык маселени чече билүүдө көрсөтө алды. Дагы бир айта кетчү жагдай, 2007-жылы шайлоо учурунда мен Кадамжай, Араван райондорунан Атамбаевдин өкмөтү, алардын ишкерлиги тууралуу абдан баалуу пикирлерди уктум. Бул бир. Экинчиден, Атамбаев мамлекеттин казынасына үй-бүлөсү, жакындары менен кол салбайт.
- Эмне үчүн, ушунчалык байбы?
- Кеп байлыкта эмес. Кудайдын барлыгына, анын кудуретине ишенген адам бирөөнүн акысына кол салбайт. Мамлекеттик казынада канча жетим-жесирдин, бей-бечаранын, кары-картаңдын, наристе балдардын акысы бар. Кудай булардын акысын жегенди оңдурбайт. Жараткандын казаны шашпай кайнайт деген жакшы сөз бар эмеспи, бүгүн болбосо эртең жазалайт. Андан да ток, бай адам эл акысына кол салбайт деген туура эмес. Адам алкымына чек жок. Колунда миллион турса, миллиард кылгысы келет. Топук болмоюнча, өз ыйманынан коркмоюнча адам көзү топурактан башкага тойбойт. Куранда адам акысын жебе, уурдаба дейт. А Кудай дилинде бар адам курандын тилинен чыга албайт. Экинчиден, эгер мамлекетти уурдабаса, бир ууч эле адам жыргабай, баардык элге тең караса, ар кимдин өз мээнетин өзүнө берсе эле айлык акы нормалдашат, адам жашоосу оңолот. Бул жөнөкөй эле нерсе. Бул жерде куру, улуу убадалардын зарылдыгы деле жок.
- Азыр эл арасында "эгер түндүк тараптан бийликке келсе, түштүк кадрлары, түштүк жергеси өспөйт, Усубалиевдин Акаевдин мезгилиндегидей түштүк жөн эле мөмө-жемиш, пахта менен камсыз кылуучу булак катары экинчи планда калат. Чүйдөгү Баткен, Ноокат, айтор Ош тараптан келгендерди кууп чыгат" деген кеп бар. Буга эмне деп жооп берет элеңиз?
- Бекназаров, Исмаил Исаков, мен, Текебаев түштүк тараптан болуп жатабыз. Биз эмне, өзүбүз туулуп өскөн жерге, киндик кан тамган Атажуртка каршыбызбы? Менин Атажуртум Ала-Бука, Аксы, тага журтум Алай, кайын журтум Өзгөн, ошолорго мен кыянаттык кыламынбы? Жок, буларсыз мен эч ким эмесмин, канат куйруксуз кушмун. Бул чагымчылык, куйтулук. "Түштүк оңоло баштады" деп айтып жатышат. Түштүктө эмне жасалса, эл өзү жанталашып жасап жатат. Тескерисинче, элдин үстүнөн паракорлук, коркутуу, жалган жалаа өкүм сүрүп жатпайбы. Байкуш эл пружинадай чыңалып баарын көтөрүп жатат. Эгер серпилсе жаман серпилет. Мына канча эне жалган жалаанын курмандыгы болгон уулунун УКЖда токмок жеп, жарым жан болуп, жалган жалааны мойнунан албаска аргасы калбай жатканын далилдей албай кан жутуп жүрөт. Колунда кичине тыйыны бары мындай жалган жалаадан куткарып алса алат, болбосо беш алты жылдан кийин келечеги талкаланган, ден-соолугунан ажыраган уулун колуна салып берип жатышат. Ушулбу оңолгону? Башканы коюп Ноокат окуясын эле айталы. Чыныгы кылмышкерлер көмүскөдө калып, курч, күнөөсүз жаш балдар курмандыкка чалынып кетти. Бул жерде чындык эмес, кагаз, план өкүм сүрдү. Эл муну көрүп туруп да, жан тынчын көздөп унчукпай жатат. Ушулбу түштүктүн оңолгону? Эл жокчулук жонун тилсе да тиштенип көтөрүп, жашоо үчүн күрөшүп, алдыга умтулуп жатат. Ноокатта жашаган фермер, дыйкан менен Чүйдө, Түптө жашаган фермердин, дыйкандын кызыкчылыгы бирдей, окшош. Бизге учурда тирешүү, бузук, чагымчы саясат эмес, биримдик, оор шарттан чыгуунун жолун бирге издөө зарыл болуп жатат. Эгерде, Атамбаев келсе түштүккө көбүрөөк көңүл бурулат. Себеби, ал жакта түндүккө караганда шарт бир топ оор, чукул арада чечүүгө муктаж, коркунуч туудурган көйгөйлөр өтө көп. Ал биздин мекенибиздин Түштүк дарбазасы. Мына Өзбекстан окуясы эч кимге жашыруун эмес. Андан сырткары, чет жерде жүргөн жарандарыбыздын көпчүлүгү түштүктөн. Анткени, өндүрүш жок, жер иштетүүгө биринчиден жер аз, экинчиден баары кымбат. Бир ууч эле адамдар бийликти мактап жагынып пайда көрүп жатпаса, калың элдин маселеси чечилбей жатпайбы. Жерлерди тартып алуу, бизнесин кысуу, коркутуу бийлик тарабынан болуп жатканы тууралуу каттар толтура. Түндүк түштүк деген сасык саясатты кыргыз уулдары эмес, саткындары, өз элинин кызыкчылыгын чөнтөк кызыкчылыгына алмашып койгондор жүргүзүп жатат. Түндүк-Тштүк куштун эки канаты. Мына азыр "эмне үчүн түштүктүктөр Чүйгө келип басып алып жатат" деген сөздү кадам сайын угасың. Эмне кыргыз эмес улуттарды койнуна батырган Чүй, бир боор кыргызын батыра албайбы? Башка улут кыргыздын жерин тебелеп, уулун өлтүрүп, кызын кордоп кетсе унчукпайт да, өз боордошу жан багуу айласы менен келсе кол көтөрүп, "намысы" ойгонуп тура калабы? Бир жолу Акжол партиясындагы бир депутат, ашканада тамак ичип жатсак, оозу мурду кыйшайбай "жердин баарын Оштуктар басып алды" деп жатпайбы. Мен дароо эле "эмне үчүн ушуну Акжол партиясынын лидери Бакиевге айтпайсың? Эмне үчүн Бакиевге кошомат уруп, анын артынан ушундай эки жүздүүлүк саясатты жүргүзүп жатасың?" деп айтыша кеттик. Көрдүңүзбү Бакиевдин айланасында кимдер жүрөт. Алар кичине эле ээр кыйшайган күнү башка жактан калка издеп, ал үчүн энесин сатууга даяр. Биздин максат сасык саясаттан кутулуу. Нарынданбы, Таластанбы, Баткенденби бизге элин сүйгөн, кыйчалыш кезде креслосунан эл кызыкчылыгын жогору койгон кыргыз азаматтары керек. 25 жыл Усубалиев, 15 жыл Акаев башкарды. Мына ушулар кыргыз коомунун ичинде түндүк түштүк деген өтө келечексиз, коркунучтуу, чабал сасык саясатты сиңирип кетишти. Эки элди чабыштырып коюп, өз кызыкчылыктарын коргоду. Бизге таза, бекем кыргыз мамлекети керек. Ошондо гана кайсы бурчка, кайсы жерге барбасын эл өзүн ишенимдүү сезет.
- Бийлик өз мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланабы?
- Сөзсүз. Мына, студенттердин жайкы сессиясын эмне үчүн жылдырды? Көрөсүз баягы эле байкуш мугалимдер, врачтар, студенттер, айтор, мамлекеттик кызматкерлер шайлоонун азабын тартат. Антпей элди өз эркине койсо, басым болбосо жакшы болбойт беле. Он сегиз жылдан бери биз өзү элден коркуп, бирок кур дүрмөт, жалган сүр менен элди коркутуп келе жаткан бийликти көрүп келе жатабыз. Эл чындаса коркуткан бийликти эмне кылаарын Акаевге көрсөттү го. Шайлоо күнү эл кимди кааласа ошону өз эрки менен шайлап алышын көргүбүз келет. Эгер эл өз каалоосу менен кимди шайласа биз эл тандоосуна макулбуз. Биз өтпөсөк, өзүбүздөн көрүп дагы беш жыл күтмөкпүз. Бирок, эл эрки менен шайлоо болооруна көзүм жетпейт. Эгер эл мындан ары аялзаты базарда, чет эл, чет жерде кор болуусуна, айылдар мүрзө казганга жаштары калбай томсоруп, балдар ата-эне мээриминин ордуна кусалыкты, күтүүнү эш тутуп чоңойуусуна, кыргыз азаматтарын көрүнгөн чет өлкөлүк союп салып басып кетүүсүнө, сүттөй ак баласынын жалган жалаанын курмандыгы болуп, келечеги кырчылуусуна, башына тартса, аягына жетпей күн кечирүүгө макул болсо анда өз тандоосу өзүндө. Болоор болбос акчага алданып, кошоматка кой союшса өздөрү билсин. Эл азыр президентти эмес, өз эртеңин тандап жатат. Мен бир гана нерсеге, биздин эл кул пейил эмес, эр көөдөн Манас тукуму экенине ишенем.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-июнь, 2009-ж.:
1-бет
АНЖЕЛИКА АЛТЫН ТААЖЫНЫН
ЖАНА ЖҮЗ МИҢ СОМДУН ЭЭСИ

2-бет
Нурзат Токтосунова:
"Назира мени жек көрөт"

3-бет
жылдыздар турмушунан
4-бет
Ырчы Нурзат Садыкова:
"Турмуш курууга даярмын"

5-бет
айлампа
6-бет
Жибегиндей эр жигит...
7-бет
Быр-р-р.. Кока - Кола!
8-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов:
"Атамбаев бийликке азгырылдыбы же..."

9-бет
"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"

10-бет
Кулак жана мүнөз
11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Аялымды кызгантам деп турмушумду бузуп алдым
13-бет
Спорттун курмандыктары
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??