шайлоо - 2009

"Ата-Мекен" партиясынын лидери, Өмүрбек Текебаев:
"Таянаар тообуз эл"
- Атамбаев адам катары ким?
- Атамбаев адам катары романтик, чыгармачыл. Ал эми чыгармачыл адамдардын дүйнөсү таза, бала пейилиндей кенен болот. Алмаз Атамбаевдин асыл идея, жалпы кызыкчылыктар үчүн жеке максат, кызыкчылыктан баш тартып, тобокелге барган учурлары көп. Тайманбас, кайра тартпаган өжөр адам. Атамбаевдин тарыхы анын мүнөзүнүн күзгүсү. Ал 1990-жылдары партия түздү. Бүгүн эле жоктон президент болом деп чыга калган адам эмес. Депутат болгон кезде Кыргызстандагы эң чоң, алгачкы фракциялардын бири болгон СДКП фракциясын башкарган. 2000-жылы Акаевдин келкели келип, баары ага баш уруп турган кезде, ага акаарат айтып каршы чыккан. Бул да анын кимдигин көрсөтөт. Куугунтуктоолорго кабылып, өмүрүнө реалдуу коркунуч туулган кезде да өз идеясынан баш тарткан жок. 2000-жылы анын депутаттык мандатын соттун адилетсиз чечими менен тартып алып коюшкан. Бул адам 2005-жылкы элдик толкундоолордо, март окуясында активдүү катышты. Ошондо март окуясына катышкандар бийликти бөлүшүп, нан кармашкан учурда ал бийлик бөлүштүрүүгө катышпай, Кубат Байболов экөө, "биз бийликти алып бердик, калганын бөлүштүрө бергиле" деп, басып кетишкен. 2006-жылы министрликти өз эрки менен, эч кандай бийликтин кысымысыз таштап, "Реформа үчүн" кыймылына кошулуп, көчөдө чоң митингдерди уюштурду.
- Бүгүнкү бийликтин күчү эмнеде?
- Бүгүнкү Бакиевдин бийлиги кыргыздарды регионго бөлүп, мына ушул саясатты таяныч катары таянып келатат. Бул адам өзүнүн идеалогиясы бар саясатчы катары Кыргызстанга эч качан белгилүү болгон эмес. Өмүр бою Акаевге үй-бүлөсү менен кызмат кылып жүргөн жөнөкөй номенклатуралык чиновник "кара кыздын агынан эмес, багынан" дегендей, кокусунан тарыхтын назары түшүп, кыйчалыш, татаал мезгилде президент болуп калды. Анан ал ар кандай саясий күчтөрдү бириктирип кеткенге, жалпы элди келечек менен шыктандырганга мүмкүнчүлүгү жетпей, регионалдык саясатка таянып, бийликтин алгачкы айларында жан сактап калган. Көпчүлүк карапайым эл дагы муну канааттануу менен кабыл алып, "өзүбүздүн бала" деп, илгери үмүт менен катуу колдоп жүрдү. Азыр деле Бакиевдин абалы түндүккө караганда, түштүктө бир канча жакшы. Албетте, үч-төрт жыл мурункудай эмес. Бул табигый нерсе. Өлкөдө ар кандай жетекчилик төрт- беш жыл мөөнөттө төмөн түшөт. Бирок, биздин президенттин аброю түндүк тарапта катастрофалык түрдө төмөндөп, түштүк тарапта 30%, 40% өзүнүн рейтингин кармап турат. Анын бирден бир сыры эле, регионалдык куйту саясат. Буга мен далилдерди келтирип отургум келбейт, ансыз деле жалпы элге бул көрүнүш маалым. Белгилей кетчү нерсе башка. Ошол учурдун бүгүнкү күнгө чейинки өз тарыхы бар. Түштүк калк көп жашаган, негизинен дыйкан чарба менен алектенип, союз тараган учурда эң көп экономикалык-социалдык кыйынчылыктар ушул тарапка келип түшкөн регион. 1990-95-жылдардан баштап түштүктө сырткы жана ички миграция башталган. Түштүктүн эли чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Россия, Казакстанга чейин кетишти. Алгачкы жылдары соода менен кетишсе, 2000-жылдан баштап Казакстандын, Россиянын экономикасы нефтинин баасы жогорулоодон улам көтөрүлүп, жумуш орун баардык тармакта, курулуштарда, завод-фабрикаларда керек болуп, адистигине жараша Кыргызстандыктар сырттан жумуш издей башташкан. 2000-жылга чейин Россияда Сахалинден баштап, Калининградга чейин кыргыз коомчулуктары түзүлүп калган эле. Качан жумушчу күч керек болгондо алар өзүнүн инилерин, ага-тууганын, тааныштарын, классташтарын чакырып, жаш балдардан баштап, элүү алтымышка чейинки курактагылар да Россияга кете баштады. Ошол жылдары Россияда жүргөн биздин мекендештерибиздин 80%ы түштүктүктөр болушкан. 2002-жылдан баштап Кыргызстанга көп акча келе баштады. Эң көп сырттан акча келген жыл, бул 2008-жыл болду. Ушул жылы Кыргызстанга официалдуу жана чөнтөктө болуп, эки миллиарддан ашык АКШ доллары менен акча келген. Ушулардын негизинде мен төмөнкү фазаларды белгилегим келет. Биринчиси демографиялык толкун. Союз убагында көбүнчө консерватикалык көз карашта болгон түштүктүктөрдө баланын төрөлүүсү көп болуп, калк тыгыз жашаган. Экинчиси, миграциялык толкун. 1990-жылдардагы кыйынчылык элди туш тарапка чачып, эмгек миграциясы башталды. Андан кийинкиси финансылык толкун. Бул толкун 2000-жылдан башталып, дүйнөлүк кризис башталган 2009-жылга чейин Кыргызстанды каптап турду. Ушул учурга бүгүнкү заманбап технологиялар мобилдик телефондордун жана алардын кызмат акыларынын, DVD, видео магнитофондордун, батыштагы эски машиналардын арзандашы туш келип, Кыргызстанга агып келе баштаган акча ушуларды сатып алууга жумшалды. Адамдарда керектөө толкуну башталды. Союз кыйраган учурда урук-тууганы менен жумушсуз калып, эртеңи бүдөмүк болуп заманы тарыган үй-бүлөлөргө миграция чоң мүмкүнчүлүк берип, аларга кааласа Россиянын баардык булуң-бурчуна, ал эмес башка өлкөлөргө барып иштөөгө жол ачылды. Анткени, баардык жерде тууганы, жердеши, классташы бар. Чөнтөктө чал-кемпирден бери телефон. Алар дүйнөнүн кайсы бурчунда жакыны болсо сүйлөшө алат. Кечээ эле айласы куруган адамдарга, айрыкча түштүк элине Союз убагындагыдан да кеңири аалам ачылды. Ата-бабасы көрбөгөн технологиялык буюмдарды, батыштын модел үйлөрүнөн тигилген кийимдерден айрымасы жок кийимдин түрүн келген акчага сатып ала башташты. Той берди, үй салды, машиналар көчөгө батпай кетти. Мына ушунун баарын Бакиев өзү жасагандай "мына мени жамандайсыңар, жашооңор оңолду, көчөгө машина батпай кетти, шаарларды карагылачы, үйлөр курулуп жатат" деп саясатташтырды да койду. Россиядан акча иштеп келгендер акчасын экономикага салалы дешсе ишенич жок аргасыздан кыймылсыз мүлккө жумшап, жер, үй ала башташты. Жерди кайдан алат? Албетте чоң шаарлардан Бишкектен, Чүйдөн, Көлдөн алышып башташты. Мунун баары баанын көтөрүлүшүнө алып келди. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан башталган саясий толкун Акаевдин кетиши менен бүттү. Бул учурда каршы чыккан топ түштүктүктөр болгон. Акаев кеткенден кийин бийлик башына ошол топ келди. Бул толкундун туу чокусу Акаевдин кетиши, түштүк элитасынын Бакиевчилер баштаган тобунун келиши менен аяктады. Айтор саясий, миграция, керектөө, финансы толкуну баары бир учурда келип, түштүк элинде саясий эйфория (сыймыктануу, бирөөнүн ийгилигин, бактысын өзүнүкүндөй көрүп мактануу, көкүрөк кагуу) пайда болду. Мына ушунун баарын Бакиевчилер "жакшынын шарапаты дегендей биз келип заман ушинтип оңолду. Ушунун баарын биз жасадык" деп чыгышты. Минтип көкүрөк каккандан мурда сырттан келген миллиарддаган долларлардын кайра эле кытайдын, чет элдиктердин түркүн товарларын сатып алууга жумшалып, акча каражат Кыргызстанга кирип кирбей кайра четке чыгып жатканын көзөмөлдөшсө болмок. Бүгүнкү бийликтин кечирилгис күнөөсү, анын кемчилиги мына мында. Кыргызда "тапканың жукпасын, өзүңө буйрубасын" деген эң жаман сөз бар. Биздин балдар Россияда өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып, катаал шартта, ичпей-жебей "апама, үй-бүлөмө" деп, деп салган акчасы Кыргызстандын экономикасына буйрубай, жукпай, дароо эле чет өлкөнүн товарын сатып алууга жумшалып, чет өлкөнүн экономикасын байытып жатат. Мына биздеги, түштүктөгү кытай базарларынын курулушу да ушунун далили. 80-жылдары Орто Азия Кыргызстандан көмүр алып турса, бүгүнкү күндө Кыргызстан керектеген көмүрдүн 80%ын сырттан мигранттардын акчасына сатып алып жатат. Өзүбүздүн шахтыларга суу толуп, адамдар өз алдынча көмүр казып, таш астында калып өлүп жатканын негедир бүгүнкү бийлик көрмөксөн. Электр энергиясын Афганистан, Пакистанга чейин экспорттойбуз деген элек, быйыл аны кайра сатып алдык. Мурда Чүй боору Кыргызстанды буудай менен камсыз кылган өлкө элек, былтыркы жылы Казакстандан буудай сатып алууга аргасыз болдук. Өзүбүз өндүрө турган товарды сырттан алып жатабыз. Мына бийликтин карапайым эл көрбөгөн кылмышы. Бийлик экономиканын өсүүсүнө эмес, инвестициялык климаттын түзүлүшүнө шарт түзүп жатат. Эгер инвестициялык кпимат түзүлбөгөндө сырттан келген акчалар жер, үй, эски машиналарды сатып алууга эмес, завод-фабрикалардын акцияларын алып, өндүрүш курганга, өзүбүздүн товарды сатып алганга кетмек. Эл жайды жайлай күнгө какталып, терин төгүп эккен пахтадан, тамекиден өндүргөн товарларын сатып алмак. Азыр анын баарын чет элдиктер ит арзан сатып алат да кайра иштетип, эки-үч эсе кымбат өзүбүзгө сатат. Атамбаев министр кезинде тигүү тармагын колдоп, жумуш орунду 240 миңге чейин жеткирген, иштетүүчүлөргө жеңилдиктер берилген. Атамбаев кеткенден кийин "Акжолдун" өкмөтү келип, ал жеңилдиктерди жоготту. Азыр ар бир тигүү машинасы иштесе-иштебесе да миң сомдон налог төлөйт. Товар өндүрүү эки эсе азайды, жумушчу орун кыскарды. Демек, кыргыздар эми ошол товарды сырттан сатып алууга мажбур. Эмне үчүн "мына ушул жагдайга биз күнөөлүбүз" деп айта алышпайт? Эмне үчүн күч органдарынын адилетсиздигинин күчөгөнүн, чет жерде иштеген мекендештерибиздин коргоосуз калганын, вагондордо күн санап кырчындай балдардын өлүгү келип жатканын, көчө балдарынын көбөйгөнүн, жумушсуздуктун жолго коюлбагандыгын, бизнестин кысымга алынганын да "биз жасадык", жок дегенде "жолго сала албай жатабыз, өз чөнтөгүбүз менен алекпиз" деп айтышпайт? Эл өз киндигин өзү кесип, турмушун өзү оңоп жатса, дароо "биз кылып жатабыз" деп өнөктөш болуп, өз токочун өзүнө берип алдап жатышат. Карапайым калк буга ынанды. Алар таыхты анализдеп отурбайт. Эл бүгүн эмне болсо, бийлик эмнени айтса, эмнени көзү көрүп турса ошого ынанат да. Ошондуктан, Бакиевди жердештерибиз төрт жылдан бери колдоп жүрдү, азыр да ишенгендер бар. Бакиев тарыхка баа бергенге, анализдегенге жөндөмү жок болгон менен бул адамда инстинкт абдан күчтүү. Заман жүрүшүндөгү учурларды бекем кармады да, "мен келип ушундай болду" деп регионализмди ашыкча пайдаланды. Кыргыздар трайбалист эмес, көбүн эсе регионалист. Бул обьективдүү, анткени географиялык, комуникациялык тоскоолдуктар, маданий, экономикалык чөйрө айырмалап турат. Бир гана нерсе регионализмди биз саясий туу кылып, анын негизинде элди бөлбөшүбүз керек. Бул кыргыз элинин бүтүндүгүнө алып келбейт. Саясат деген албетте, саясий группалардын күрөшү. Бирок, аны адам, ошол саясатчылар алып жүрөт эмеспи. Андыктан аны регионго эмес, адилеттүү-адилетсиз, арам-адал деп бөлүшүбүз керек. Бул идеалогия белгилүү, багыт такталган. Муну кыргыздар эмес, Солчулдар жана оңчулдар деп бөлүп, дүйнөлүк тарых аныктаган. Солчулдар социал демократтар, оңчулдар либералдар, консерваторлор, аллигархтар. Алар заман өзгөрбөсө экен, алдуунун заманы болуп турса экен дегендер. Булар самолет минип учат, завод-фабрикаларды курат, эң белгилүү ЖОЖдордон окуйт, бир нече тилде сүйлөйт, бирок алар баары бир эски заманга тырмышат. Анткени, алардын ою боюча байлык баарын чечет, карапайым эл эч нерсени түшүнбөйт. Бизде ушунун баары бул күндө өкүм сүрүп жатат. "Ата-Мекен", СДПК партиясы, башка оппозициялык көз караштагы партиялардын баары булар солчулдар. Оңчулдардын заманы Кыргызстанда же, КМШ өлкөлөрүндө эмес, бүткүл дүйнөдө тарып баратат. Бүтүндөй дүйнө жүзү бүгүнкү күндө ач көздүккө, жеке кызыкчылыктардын жогору туруусуна каршы чыгып жатат. Биз да ушул катардабыз. Биздин көз караш анча мынча Кыргызстанда болгон майда барат саясий окуяларда гана айрымаланбаса, идеологиябыз бирдей. Ошондуктан, биз Атамбаевди колдоп чыктык. Бул биринчиси, экинчиден Кыргызстанда үй-бүлөлүк криминалдык система орноду. Бул система эч кандай идеология менен эсептешпейт, бул ар кандай идеологиядан, мыйзамдан, конституциядан жогору турган жеке кызыкчылыктын системасы. Буга ачык каршы чыккан адамдар абдан аз. Атамбаев мына ушул системага каршы чыккандардын бири. Калган кандидаттардын баркын төмөндөткүм келбейт, бирок реалдуу каршылык көрсөткөн жалгыз Атамбаев. Калгандары жеке же партиялык пиар компаниянын рамкасында "коюп көрөйүн" дегендер. Же болбосо атайылап бийлик технологиясынын эрки менен койгондор.
- Оппозиция Атамбаевди акырына чейин колдой алабы?
- Ар кандай саясий күчтөр абсолюттуу түрдө түбөлүк бирдиктүү боло албайт. Булар кандайдыр бир конкреттүү маселени чечүү үчүн биригишет. Алар тарыхый кырдаалга жараша ар түрдүү позицияда болушу мүмкүн. Кыргызстанда бийлик партиясы гана тарабай турат. Анткени, аларда абсолюттуу бийлик бар. Эгер бийлик тараса "Ак жол" да ар кимиси ар жакка тарайт. Кана кечээги "Алга Кыргызстан" партиясы? Акаев кетти, тарады. Эртең Бакиев кетип, бул партия оппозицияга өтсө, биз көргөн куугунтуктун, кысымлын бирине түтпөй тарап жок болот. Албетте, биз көргөн куугунтукту булар көрбөйт деңизчи. Биздин максат Кыргызстанды регионго бөлбөстөн, идеология менен бириктирүү. Биз ушул идеологияны жана саясий концепцияны регионализмге каршы алып чыгабыз. Бул жалпы элди бириктирет. Оппозицияны карасаңыз Атамбаев түндүктөн болгону менен, анын айланасында түндүк-түштүктүн оппозициялык лидерлеринин баары бириккен. Мисалы, түштүктөн Ташболот Балтабаев, Исмаил Исаков, Бакыт Бешимов, Жусуп, Сооронбай, Жээнбековдор, Дүйшөн Чотонов, Азимбек Бекназаров ж.б лар бар. Булардын баарынын Акаевдин убагында өз позициясы болгон адамдар, март окуяларынын негизги моторлору. Көп адамдар "кыргыз иштен кеткенде эле оппозицияга өтүп кетет" дешет. Бул жалган, баары эмес. Кызматтан кетсе да айлап-жылдап кызмат күтүп, бийликке бир ооз сөз айтпай жүргөндөр толтура. Ал эми туура пикирин айтып, каршы чыккандар абдан аз. Жарандар өздөрүнүн социалдык - экономикалык кызыкчылыктарын билиши зарыл. Адамдар өздөрүнүн конкреттүү социалдык-экономикалык абалын билбесе прогресс болбойт. Кыргызстан боюнча ушул көйгөйдүн айланасында биригип, аны чечүүнүн жолун издеп, региондук чыр чатакты эмес, балдардын эртеңин ойлош керек. Социалдык экономикалык багытты колдогон партияны колдоо гана элди биримдикке алып келет. Врач өз укугун, мугалим өз укугун билиши зарыл. Атамбаев баштаган партия 1994-95-жылы түзүлүп, ошондогу Акаев, бүгүнкү Бакиев "жаңы либералдар" деп бүгүнкү ашынган базарчыл экономиканы колдоп жүргөндө эле Атамбаев социал-демократиялык багытты тандап алган. Биздин "Ата-Мекен"партиясы да ошол жолду тандаган. Өлкөдө саясий эркин атаандаштыкты баалаш керек. Бизде болсо тескерисинче мыйзам бузуулар, оппозицияны уруп-сабоо, ачык каршы чыккандарды түрмөгө камоо күчөдү. Ошондуктан, мугалимдер, врачтар, жеке ишканалардын ээлери бийликтен коркконунан бүгүнкү бийликти колдоого аргасыз.
- Атамбаевди калк колдойбу?
- Биз атайын коомдук пикир боюнча, илимий ыкманын негизинде сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Бүгүн Атамбаевге калктын жарымынан көбү добуш берүүгө ниети бар. Биздин максат элдин ошол пикирин бекемдеп, алардын берген добушун коргоп калышыбыз керек. Коргоп калыш биздин колдон келеби, жокпу ал башка маселе. Эгер эл түп көтөрүлүп колдосо, коргоп кала алабыз. Эл "биз добушубузду бердик , калганы партиялар менен кандидаттардын иши" десе, анда кыйын маселе. Анткени, эгер адилеттүү сот болсо соттошуп, документтерди көрсөтүп далилдесе болот. Укук коргоо органдары мыйзамды коргоп турса, алардын жардамы мнен шайлоочулардын укугун коргоп алса болот. Эгерде соту, прокурору, милициясы бир тарапта болуп, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алса, мыйзам бузууларды көрмөксөн болсо биздин таянганыбыз жалгыз эле эл болуп калат. Элден башка ишенээрибиз, коргоп, колдоп алаарыбыз жок.
- Элге айтаарыңыз барбы?
- Эл бизге ишенет, биз элге ишенебиз. Кыргыздар мындайда "ишенген кожоң сууга акса.." дегендей тагдырыбыз талаш, бүдөмүктөй болуп турат. Ишенгенибиз эл, ал эми эл бизге ишенип ишене албай, ким турмушубузду оңдой алат деген арсар ойдо. Анткени, оппозиция бийликке туруштук берүүгө күчү жетпей бөлүнүп кетти, ишенгенибиз ушулар болсо, биз эмне кылалы деген ой жалпы элде бар. Биз элсиз эч нерсе кыла албайбыз. Бүгүн бүткүл криминалдык үй-бүлөлүк система мамлекеттин күчүндө, бюджеттин каражатында. Эгерде шайлоодо криминалдык структураларды дагы элдин эркине каршы коюп, шайлоо укуктарын, жыйынтыгын бузуп жатса, бир ууч саясатчы ага каршы тура албайт. Биздин саясатчылар элге, элдин колдоосуна таянат. Элсиз бүгүнкү системаны жарып чыгуу кыйын. Ошондуктан, Урматтуу Кыргызстандыктар, Кыргызстандын, ар бириңиздердин жеке тагдырыңыздар өз колуңуздарда. Жоопкерчилик сиздерде. Биз сиздер менен бүгүнкү үй-бүлөлүк системаны, эртеңки муундун келечеги үчүн бузушубуз керек. Ким бийликке келет ал экинчи маселе.