Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Күйөөсү аялына:
- Кошуна жаңы эмерек алганда биз да аларга атаандашып жаңы гарнитур алганбыз. Телевизор алып келгенин көрүп, мени зордоп телевизор сатып алдыргансың…
- Эмне, алар дагы жаңы бир нерсе алыптырбы?
- Жаңы аял алыптыр.

Эки достун бири:
- Суу даамдуу эмес, аны көп иче албайсың.
Экинчиси эки бөтөлкө аракты столдун үстүнө коюп жатып:
- Эртең менен сен өзүңдүн пикириңди алмаштырасың.

Супермаркетте кыз кассага келет. Сатып алган товарлары: бир кукси, жарым литр айран, жарым литр сүт, 200 грамм колбаса. Кассада отурган жаш жигит кыздын товарларына көз жүгүртүп:
- Чоң кыз, сиздин жолдошуңуз жок да, ээ?
Кыз кылыктанып:
- Кайдан билип койдуңуз?
- Өтө эле серт экенсиз…

МАИчи машинаны токтотот:
- Сиз алтымыш километр саат ылдамдыкта келе жатасыз. Илинип турган белгини көргөн жоксузбу, бул жерде кырктан ашпаш керек.
- Мен кырк менен эле келе жаткам.
- Мен далилдей алам: мына, радар!
Ушул жерден айдоочунун аялы сөзгө аралашат:
- Жолдош милиционер, талашпай эле коюңуз. Күйөөм мас кезинде эч качан өзүнүкүн бербейт.


- Байке, бул саатты алыңыз. Швейцария саатынын дал өзүндөй көчүрмөсү.
- Алайын, мына сизге АКШ долларынын дал өзүндөй көчүрмөсү…

- Наныңар негедир жаңы эмес экен.
- Эмнеге? Сиз катуураак басып көрсөңүз!..

Гүл саткан аялдан жанындагы кошуналары сурашат:
- Эмне маанайың чөгүңкү?
- Азыр эле чыгып кеткен жигит менден бир жылдан бери сүйлөшкөн кызына гүл алчу. Эртең анын тою болот экен.
- Ага сен эмнеге кайгырып жатасың?
- Ушундай жакшы кардарымды жоготконума ичим ачышып жатат.

Үч бала аталарынын шамдагайлыктары тууралуу сүйлөшүп жатышат:
- Менин атам ушунчалык шамдагай, жааны аткандан кийин жебеге чуркап жетип алат.
- Менин атам болсо мергенчи, асмандан чымчыкты атып, жерге түшүрбөй кармап калат.
- Булар эч нерсе эмес, менин атам мамлекеттик кызматкер, жумушу беш жарымда бүтөт, атам болсо төрт жарымда үйдө болот.

Эки аял нанга кезек күткөн жерде сүйлөшүп жатышат:
- Биз үй-бүлөбүз менен жаңы жабылган ысык нанды жакшы көрөбүз. Ошон үчүн күн сайын жаңы нан сатып алабыз. Бирок, бүгүнкүнү жегенден мурун кечээкини жеш керек да, а бүгүнкү болсо эртеңкиге калат.

Жаңы кыргыз биринчи жолу базарга барат.
- Жумуртка канчадан?
- Бир даанасы алты сом, сыныктары беш сомдон.
- Мага онду сындырып бериңизчи?!.

Кулактандыруу!
Ар кандай аба ырайына карабай кыздар сиздин жолуңуздан тосуп, кээде артыңыздан чуркашын каалайсызбы? 11-автобаза автобус айдоочуларды жумушка чакырат.

Бензин куюучу жайда:
- Бүгүндөн баштап бензин үч сомго кымбаттады.
- Анда мага кечээки бензинден куюп бериңиз…