п»ї

  телефондогу сырдашуу

Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
Адам көңүлүндө эч бир адамга батынып айта албаган түпөйүл ой жашашы мүмкүн. Бирок, жүрөк өйүп жүргөн ал оюн кимдир бирөөгө айтып, жеңилдеп алгысы келгени менен бетме-бет жолугуу мүшкүл иштей туюлат. Балким, телефондо сүйлөшүү жеңилирээктир…
Андай болсо сизге ушундай мүмкүнчүлүк беребиз. Бизге телефон чалыңыз да, дартыңыздын баарын ортого төгүп, бугуңузду чыгарып алыңыз. Телефонубуз: 44-98-21.
- Менин түрмөдөн чыкканыма эки гана ай болду. Азыр кырк бирдемин. Бирок, ушул убакка чейин өмүрүмдүн тең жарымын эркиндикте өткөрсөм, тең жарымын түрмөдө өткөрдүм. Үйрөнгөн адат калбайт экен. Жаза мөөнөтүм бүткөн соң эркиндикте көп болсо эки-үч ай жашайм да, кайра эле көнгөн жайыма барам. Он сегиз жашыман бери ушул убакка чейин тогуз жолу соттолуптурмун. Ишенесиңерби?.. менин ушундай тагдырыма ата-энем өздөрү күнөөлүү.

- Кантип эле? Түшүндүрүп айтсаңыз?..

- Биз беш бир тууганбыз: эң улуусу мен, менден кийин эки иним, эки карындашым бар. Ата-энемдин жогорку билимдери жок болгондуктан, экөөнүн тең туруктуу жумушу жок болчу. Ошондуктан болсо керек, айылда өтө кедей жашачубуз. Атам менен апам чиедей балдарын үйгө калтырып коюп ар кимдин жумуштарын жасап жан бакчубуз. Кечинде кирпиктеринен тартса жыгылчудай болуп келишкени менен тапкандары кийимге түгүл тамагыбызга жетчү эмес. Он бир жашка чыгып, акылыма кирип калгандыктан, ата-энемдин абалын көрүп аларды аячумун, жардам бергим келчү. Бирок, колумдан эмне келет? Бөбөктөрүмдү карагандан башка эч нерсе кыла алчу эмесмин.
Менин талкаланган тадырымдын башаты он төрт жашымда болду. Көчөбүздө жалгыз жашаган кемпир бар эле. Бир күнү көчөдө ойноп жүрүп кемпирдин эшигин бекитип, баштыгын көтөрүп алып бир жакка кеткенин көрүп калдым. Ал көчөнүн кайрылышынан бурулуп кетери менен терезесинен үйүнө кирип, тинте баштадым. Төркү үйүндө чоң кулпу салынган эски сандыгы бар экен. Ошол сандыкты ачсам эле ичинде көп байлык бардай сезилип, сандыктын үстүндө жыйылып турган жууркандардын арасына колумду салып ачкычты издей баштадым. Бир маалда колум бир нерсеге урунду. Сууруп чыксам, бир таңгак акча! Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Таңгакты ошол бойдон көйнөгүмдүн ичине салдым да, кирген тереземден чыгып, үйгө зуу койдум. Апама айтсам бирөөнүн акчасын алганым үчүн жазалаар бекен деп алгач кооптондум. Бирок, баары бир апама берүүнү чечтим.
Кечинде апам келгенде акчаны каткан жеримден алып чыгып бердим. Апам таңгакты чече коюп көздөрү алайып кетти. Мындай көп акчаны өмүрүндө көрбөсө керек эле. Бир акчаны, бир мени карап эле дел болуп туруп калды. Бир нерсе айтайын деп оозун даярдап барып, бирок, эч нерсе айткан жок. Бир маалда бир нерсени эстегендей "селт" эте түштү да, колундагы акчаны шаша-буша орой салып:
- Бар, эшикке чыгып ойно! -деди. Чыгып баратсам токтотту:
- Акча жөнүндө эч кимге ооз ачпа, болбосо, баарыбызды камап салат,-деди. Мен, албетте, эч кимге айткан жокмун, бирок, тимеле чоң иш кылып койгонсуп кудуңдап алгам.
Ушундан кийин ичкен-жегенибиз бир аз кенен боло түшүп, кийимдерибиз да бир сыйра жаңырды. Атам менен апам да мурдагыдай кейип, кабактары салынбай, үйүбүздөн күлкү угулуп алды. Анткен сайын мен өзүмдү чоң адам сезип, "ишке" жарап калганыма өзүмчө дердеңдейм. А кемпир болсо акчасын жоготконун жарыя деле кылган жок.

- Ата-энеңиз акчаны кайдан алып келгениңизди ошол боюнча билбей калыштыбы?

- Уурдап келгенимди айттырбай түшүнүштү. Бирок, кайсыл жактан уурдаганымды билбей калышты. Үйдө бул тууралуу бир ооз да сөз болгон жок. Азыр менин өкүнгөнүм, ошондо апам акчаны катып алгандын ордуна уурулук кылганым үчүн мени жазалап, "кайдан алсаң ошол жакка алып бар" деп үйдөн чыгарып жибергенде ушундай тагдырга туш болбойт элем го. Убактылуу кыйналганыбыз менен кийин баары оңолуп, мен деле эл сыяктуу болуп үйлөнүп, бала-чакалуу болуп бактылуу жашабайт белем?!.
Ошол ошо болду. Мен биротоло уурулукту өнөр тутуп алдым. Ата-энем болсо адаттарынча мага тыюу салышпайт. Билмексен болуп, тоок уурдап келсем союп шорпо бышырып берет, акча уурдап келсем унчукпай алып коюшат.

- Уурулуктарыңыз башкаларга кантип билинбей жатты?

- Чын эле алгач эмнегедир билинчү эмес. Бирок, кыңыр иш кырк жылда билинет эмеспи, бул "өнөрүм" үчүн биринчи жолу он сегиз жашымда соттолуп, алты жылга кесилдим. Башка айылга атайын уурулук үчүн аңчылыкка чыгып, бирөөнүн үйүн тоноп жаткан жеримден үй ээлери кармап алышты. Ошондо апам убагында туура эмес кылганын сезип бармагын тиштеп, көз жашын көл кылып мени темир тор артына узатып кала берген. Бирок, анда баары кеч эле.
Түрмө айрым гана адамдарды тарбиялабаса, дээрлик баарын бузат. Анын сыңарындай, бир жолу камалган соң мага да баары бир болуп калган. Мен үчүн жашоонун маңызы жок эле. Биринчи жолу эркиндикке чыккан соң бир жарым айдан кийин кайра соттолдум. Бирок, анда уурулук үчүн эмес, наркозат алып жүргөнүм үчүн. Кийин дагы… дагы…
Ошентип, мен бул коомдон четтеп калдым. Атам да, апам да каза болгон. Уулундай болуп аларга топурак сала алган жокмун. Алардын каза болгону тууралуу катты темир тордун артында көз жашымды агызып отуруп окудум. Азыр үйүм да жок. Менде кайдагы үй? Кезеги менен бир туугандарымдыкына барып жашап жүрөм. Бирок, бул жолу деле эркиндикте биротоло жашап кетериме көзүм жетпейт.
Рашит.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??