п»ї

  Билгениң оң

Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!
Гипергидроз деген эмне?
Эгер сиздин алаканыңыз такай муздак болуп же нымдалышып жүрсө, колтугуңуз тердеп, аныңыз кийимиңиздин сыртынан көрүнүп ыңгайсыздык жаратып жатса, ошондой эле бутуңуз же бетиңиз тердесе, анда сиз гипергидроз менен жабыркап жатасыз. Гипергидроз - латын тилинен алынган. "Гипер"- жогорулатылган, "гидро" - суу дегенди түшүндүрөт. Денедеги тердин ашыкча бөлүнүп чыгышы - медицинанын тили менен "гипергидроз" деп аталат.

Гипергидроз эмне
үчүн пайда болот?
Иштин баары нерв системасына барып такалат. Тагыраак айтканда, вегетативдик нерв системасына. Вегетативдик нерв системасы ички органдарды башкарат. Сырткы дүйнөдөн сигнал алган соң баш мээ вегетативдик нерв системасы аркылуу ички органдарга буйрук берет. Адам чуркадыбы, демек, жүрөгү бат-бат согуш керек. Токтосо, жүрөктүн согуусу аз-аздан жайлап, өзүнүн ритмине түшүүгө тийиш.
Тер бездери да дал ушундай ритмде иштейт. Гипергидроз айланадагы температурадан тышкары адамдын эмоциясынан көз каранды. Мисалы, алаканы тердеген адам бирөө менен учурашар алдында колунун муздак же нымдалышкан экенин ойлоп бир аз тынчсызданып койсо, ошол замат кайра көп тердеп, колу дароо нымдалыша түшөт.
Гипергидроздун ден соолукка эч кандай тиешеси жок. Бирок, жеке турмушка, жумушка зыянын тийгизген чоң маселе.

"Люкс" сулуулук
салонунун дерматологу
Владислава Поволоцкая:

"Диспорт -
терчилдиктен
арылтат"
- Азыр жай мезгилинде адамдар тердеп түйшүк тартып келишет. Бул салондо ушул жаатта кандай кызматтар бар?
- Гипергидроз - адамдарга бир топ косметикалык түйшүк жаратып келет. Айтылган оору адамдардын тер бездеринин бузулушунан келип чыгат. Бул оору адамдардын психологиясына, эмоциясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Азыркы учурда "Диспорт" медициналык каражатынын жардамы менен терди такыр жотопосо да кандайдыр бир убакытка андан арылууга болот.
- Диспорт кантип колдонулат?
- Бул кичинекей бөтөлкөдөгү диспортто 500 бирдик бар. 500 бирдик бир адамга жетет, адамдын тери бездери канчалык активдүү иштесе, ошончо көп бирдик коройт. Бул дары атайын ийне менен колтуктун, алакандын, тамандын керектүү булчуңдарына сайылат. Ошондо тер бездер убактылуу иштебей калат да, адам мурдагыдай тердебейт. Эгер диспортту туура эмес булчуңга сайып алса адамдын ден соолугу катуу жабыркайт. Бул дарынын күчү жыландын уусунан да таасирлүү. Процедурага болгону он мүнөт убакыт сарпталат. Бул ыкманы колдонгон адам орто эсеп менен алты айдан он эки айга чейин тердебей жүрөт. Экинчи жолу жасаганда биринчиге салыштырмалуу аябай эле аз бирдик кетет. Башка мамлекеттерде терди азайтууга операция да жасашат. Бирок, биздин мамлекет буга жетише элек. Ал тургай азыр кыргызстандыктар бул процедурага да жакшы көнбөй жатышат. Бир жумада көп болсо 3-4 кардар тейлейбиз.
- Диспорт жасатууга канча акча сарпталат?
- Бир бирдик эки евро турат. Ал эми бир бөтөлкөдө беш жүз бирдик бар, эгерде бир бөтөлкө толугу менен кетсе миң евро болот. Жогоруда айтып өтпөдүмбү, канча бирдик кетери адамдын тер безинин кандай иштешине жараша болот. Кээде бир адамга жети жүз, сегиз жүз бирдик кетиши да мүмкүн.
- Сиздин кызматыңыздан калктын кайсы катмары көбүрөөк пайдаланат?
- Баасы миң евро болуп жаткандан кийин, албетте, карапайым элдин бул процедурага алы жетпейт. Негизи депутаттар, алардын аялдары, шоу-бизнестин көрүнүктүү өкүлдөрү кызматыбыздан көбүрөөк пайдаланышат. Кимдер экенин ачык айтпай эле коёюн, бул биздин кесиптик сыр.
- Диспортту өзүңүз каяктан алып келесиз, өзүңүзгө диспорт жасайсызбы?
- Кыргызстанда сатылбайт. Алма-Ата, Москвадан алып келип турам. Ооба, мага апам жасап берет, мен апама жасап берем. Адам терчилдиктен такыр кутулбайт. Болгону диспорттун жардамы менен азайтканга эле мүмкүн.

Буттун тердөөсү
Буттун тери сырткы күчтөрдүн таасири астында пайда болот. Мисалы, сапатсыз бут кийим, синтетика кошулган байпак кийгенде, жогорку температурада же нымдуу жайда.
Дарылоо:
1. Бутуңуз тынымсыз тердесе муздак сууга кир самын менен жууп, манжалардын арасын, таманды ымыркайлардын упасы менен сүртүп койгонуңуз оң. Мындан тышкары Теймуров пастасы буттун тердегенин басканга жакшы жардам берет. Жуулуп, кургатылган бутка пастаны сүйкөгөндөн кийин 3-4 мүнөт сиңгиче жата туруу керек. Жакшы жыйынтык чыгыш үчүн пастаны тынымсыз 3-4 күн катары менен пайдаланыңыз.
2. Атайын ысык жана муздак ванна даярдап, ар бирине алмак-салмак 2-3 мүнөттөн бутуңузду малып отурасыз. Бул ыкма 10 күн катары менен колдонулат.
3. Ромашканы 2 литр сууга, эмен жалбырагын 1 литр сууга өз-өзүнчө 15 мүнөттөн кайнатып, аларга 2 аш кашык ашкана уксусун кошуп, дагы 10 мүнөт кайнатасыз. Жылымык аралашманы дагарага куюп бутуңузду 15-20-мүнөт салып отурасыз. Бул ыкманы эринбей 10 күн катары менен жасасаңыз, бутуңуздун тердегени басылып, сергигениңиз сезилбей койбойт.
4. Таманыңыздын тынымсыз тердегенин басаңдатканга кадимки эле картошка жардам берет. Чоң картошканы жука кылып тилип алып, күнүгө таманыңызга жаап турсаңыз, тердегени да, жагымсыз жыттын чыкканы да басаңдайт.

Колтуктун тердөөсү
Баарынан да чоң ыңгайсыздыкты жараткан көрүнүш колтуктун тердегени, жагымсыз жыт чыкканы. Көпчүлүктүн арасына аралашып жүргөндө, көпчүлүктү ушул маселе тынчсыздандырса керек. Көбүнчө колтуктун тери кийим аркылуу жугат. Айрымдарыныкы жыттанбаса да, кийиминин колтугу тердеп бир топ оңтойсуздукту жаратат.
Дарылоо:
1. Эң негизгиси, денеңиз кенен дем ала турган кийимдерден кийиңиз. Синтетика кийимдер денеге аба жеткирбей, тердегенди, жагымсыз жытты эки эсе көбөйтөт.
2. Ваннага түшкөндө эмен, ромашканын кайнатмасын аралаштырып түшкөн да жакшы. Анткени, медицина өнүгө элек заманда адамдар колтугу тердегенде эмендин жалбырагын тердеген жерлерге сүртүп гана тим болушкан. Ушул күнгө чейин эмендин жалбырагы терге каршы пайдаланылып келет.
3. Ар кандай дезодаранттарды пайдаланганда этият болуңуз. Колдон келсе спирт аралашпаган дезодаранттарды колдонсо дене көп ачышпай, кызарбай кургак жүрөт.
4. Спрейди өтө көп тер чыкканда гана колдонууга болот. Ал эми атайын дезодарант-кремдер сезимтал терилер үчүн чыгарылган. Денеңиз көрүнгөн көйнөк кийгени жатсаңыз, атайын колтукту тердетпеген пудраларды колдонгонуңуз ылайыктуурак. Бирок, териңиз өтө кургак болсо пудра сунушталбайт. Анткени, колтугуңуздун териси кургап, жарылып, кызарып кетиши мүмкүн.
5. Дезодарантты таза, жуулган колтукка сүйкөө зарыл. Тердеп турган дененин үстүнө сүйкөгөндө тери аллергия болуп, ысыктар чыгып кетиши мүмкүн.
6. Кечинде жатаарда кургак самынды колтугуңузга сүртүп жатсаңыз, жагымсыз жытты бир аз да болсо азайтат.
7. Жыты кескин атырды колтукка сээп туруп, он - он беш мүнөттөн кийин жууп салсаңыз сасык жыттан бир азга болсо да арыласыз.
8. Козу карынды сууга чылап, жарым сааттай коюп коёсуз. Колтукка кургак самынды сүртүп, артынан козу карын чыланган суу менен жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан арыласыз. Бул ыкманы күнүгө бир жолу кечинде жасаш керек.


Алакандын тердөөсү
Алакандын тердөөсү гипергидроздун көп жолугуучу түрүнө кирет. Алаканы тердеген адамдардын негизги маселеси - бирөө менен учурашуу. Мунун да жөнү бар. Анткени, жылуу, бекем кол алышуу ачыктыктын жана жылуу мамиленин, ал эми муздак, нымдалышкан алакандар оорунун белгиси эмеспи. Алаканы тердеген адамдар ушул нерсеге тынчсызданышып, такай колуна бетаарчы алып жүрүүлөрүнө туура келет.
Дарылоо:
1. Кайнатылып муздаган сууга марганцовканы кызгылт түс болгуча аралаштырасыз да, суусун аарчыбай сиңдирип, артынан ымыркайлардын упасы менен сүртүп коёсуз.
2. Сууга нашатыр спиртин аралаштырып, күнүгө үч маал кир самын менен жууп турсаңыз, алаканыңыздын тердегени токтойт. Тердегени басылгандан кийин бул ыкманы да токтотуп салган туура эмес, колуңузду жууган сайын ушул ыкманы пайдаланып туруу керек.
3. Колду таза жуугандан кийин бир аш кашык глецирин майына эки аш кашык лимон шересин, эки аш кашык спиртти аралаштырып, колго маска кылып жабасыз. Он беш мүнөттөн соң масканы марганцовка аралашкан суу менен жууп, абага кургатасыз. Бул масканы бир жумада үч ирет жасоо керек.
4. Аз өлчөмдөгү одекалонго бор кычкылтегин аралаштырып, күнүгө кебезге малып сүртүп турсаңыз сиз күткөн жыйынтыкты берет.

Беттин тердөөсү
Бет тердегенде майланышып, батташат. Мурдуңдун үстү тердегенде майланышып, кара тактардын пайда болушуна алып келет. Булардын баарынан арылууга төмөнкү ыкмалар жардам берет.
Дарылоо:
1. Бир жумуртканын агын өзүнчө бөлүп алып, ага бир аш кашык лимондун ширесин аралаштырасыз. Бетке, өзгөчө мурундун үстүнө калың кылып жаап, жыйырма мүнөт жата турасыз. Артынан кайнатылып муздаган сууга жууп салсаңыз теринин клеткалары ачылып, сергигениңиз сезилбей койбойт.
2. Эки аш кашык спиртке 100 грамм бал аралаштырып, коюу маска жасайсыз. Бетке текши жапкандан кийин кургатып артынан дагы бир кабат кылып жабасыз. Жыйырма -отуз мүнөт кое туруп жууп саласыз.
3. Эки аш кашык чийки сүткө бир аш кашык жыты жок йогуртту кошуп аралаштырасыз. Ага бадыраңдын маңызын кошуп аябай чалыңыз. Агыш түстөгү аралашманы бетке текши, калың кылып жабасыз. Ромашканын кайнатмасын муздатып, жыйырма мүнөттөн кийин масканы жууп салыңыз. Бул ыкманы эки жумада бир эле жолу колдонгонго болот.
4. Мындан сырткары лимондун ширесин сыгып алып күнүгө кебез менен бетти сүртүп туруңуз.

Көп тердебеш үчүн:
1. Ысык суусундуктарды көп колдонбоңуз.
2. Ваннага түшөөрдө эки аш кашык туз аралаштырып түшүңүз.
3. Бетти жатарда сүт менен же бадыраң менен сүртүп жатыңыз.
4. Эртең менен бетиңизди муздак чай менен жууңуз, эч качан сүлгү менен бетти катуу сүртпөш керек.
5. Ыңгайлуу учур болгондо жерге жылаңайлак басыңыз.
6. Таттуу азыктарды азыраак жегенге аракет кылыңыз, өзгөчө ысыкта таттууну көп жегенде бактериялар эки эсе көбөйөт.
Эгер:
Ысык, ачуу тамак ичкенде;
Катуу стресс болгондо;
Спорт менен машыкканда;
Дары-дармек ичкенде тердесеңиз - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??