п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Саясат

Алмазбек Атамбаевдин
Баткенге болгон сапары эки күнгө созулду
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун аймагында жолугушууларды эки күн бою жүргүздү. Облус борбору Баткен шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда талапкер өлкөдө башкаруу бир адамдын колунда болбой, 2005-жылы 24-мартагы максаттар ишке ашпай калганын айтты.
Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин кол тийбестикти алуу керектигин, антпесе өлкө жетекчилери капчыгын толтурган соң баса берип, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын айтты. БЭКтин президенттике талапкери Алмазбек Атамбаевдин түштүк аймагындагы жолугушуусу Баткен облусунан жыйынтыкталды. Баткенде болсо учурда ишембилик уюштурулуп, кийинки жумада келчү президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин сапарына даярдыктар көрүлүүдө.

Жеңишбек Назаралиев
Нурлан Мотуев менен дебатка чыгуудан баш тартты
Президенттикке ат салышкандардын арасынан Нурлан Мотуев менен Жеңишбек Назаралиев экөө теледебатка чыгышмак. Бирок, Жеңишбек Назаралиев эмнегедир атаандашы менен чыгуудан баш тартыптыр. "Кыргыз тилинен экзамен бергенде да, ушинтип жок шумдукту чыгарды эле, эми дебатка келгенде да каалаганын кылып отурат. Назаралиевдин эркелигине дагы канча чыдаш керек" дейт көбүрүп-жабырган Нурлан Мотуев. Ал эми Жеңишбек Назаралиев бул сөзгө "Менин Нурлан Мотуевге бере турган суроом жок, экөөбүздүн дебатыбыз көрүүчүлөр үчүн кызыксыз эле болуп калат" деген жоопту кайтарган. Назаралиев Алмазбек Атамбаев менен же Курманбек Бакиев менен дебатка чыгууну каалаганын жашырган жок.

Шайлоого Афганистандык байкоочулар катышат
2009-жылы 23-июлда боло турган президенттик шайлоого Афганистандык байкоочулар чакырылат. Ушул эле жылы Афганистанда да шайлоо өтөрү көпчүлүккө маалым. Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин орун басары Руслан Казакбаев ушундай демилгени көтөрүп чыгып, анын ишке ашышына өзү баштан-аяк киришмей болду. Анын ою боюнча Кыргызстанда өтө турган шайлоо Афганистандык байкоочулар үчүн тажрыйба топтогонго түрткү болот.


Кыргызстандагы чет элдик ЖОЖдордун филиалы жабылабы?
Кыргыз республикасынын Билим берүү министрлиги өлкөбүздөгү чет элдик жогорку окуу жайлардын филиалдарын жабууну сунушташты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 31 мамлекеттик, 19 жеке жогорку окуу жайлар катталган. Чет мамлекеттик ЖОЖдордун алты филиалы бар, анын көбү Россия мамлекетиники. 2009-жылы Билим берүү министрилиги 50 жогорку окуу жайдын арасынан аттестация өткөрүп, анын жетөөнө 2009-2010-жылга абитуриенттерди кабыл алууга тыюу салышкан. Билим берүү министрилигинин орун басары Борис Кубаев билдиргенине караганда быйыл жаңы окуу жылында беш миң жети жүз бюджеттик орундар каралган.

Диплом сатып алгандардын саны азаят
Билим берүү министрлиги чет мамлекеттик ЖОЖдордун филиалын гана кыскартып тим болбостон, капчыгы калың, бекерпоз студенттерден жогорку окуу жайларды тазалоону да чечишиптир. Үстүбүздөгү жылда эле алты миң студент окуусунан айдалса, 2008-жылы окуусунан чыккан студенттердин саны төрт эсе аз болчу. Мындан ары түштүгүнө жорго минип, акчанын аркасы менен кызыл дипломго ээ болуп жүргөн студенттердин саны кыскарат. Дегеле мындан ары жогорку окуу жайда окугандарга катуу чара колдонулаарын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдиришкен.




  экономика

Кыргызстандын зергерлери бир айда эки тонна алтын иштетип чыгышат
Расмий маалымат булактар билдирген маалыматка таяна турган болсок, Кыргызстандын зергерлери бир айда эки тонна алтын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул жагынан кыргызстандык зергерлер эч кимге ат салдырбай астыга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок буга бир нече тоскоолдуктар бар. Биринчиден, чийки зат өтө эле кымбат болсо, экинчиден зергерлер кымбат баалу металдарды, таштарды дүйнөлүк стандартка туура келбеген баада сатып алууга аргасыз болушат. Мисалы, алтындын фунциясын башка мамлекеттерге салыштырмалуу кыргызстандыктар аны 33 долларга кымбат сатып алышат. Бир жылда орто эсеп менен 600 тонна алтын иштелип чыгат.

870 киллометр жол 1 миллиард сомго оңдолду
Дал ушундай билдирүүнү Кыргыз Республикасынын премьер-министри Игорь Чудинов билдирди. 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча 870 килламетр жолду оңдогонго мамлекеттин казынасынан 1 миллиард, 200 миллион сом корогон.
Андан сырткары Каракол-Түп-Кеген, Баткен-Пүлгөн жолдорун оңдогонго дагы 293 миллион сом жумшалды. Жолдорду оңдоого жалпысынан 1 миллиард, 500 миллион сом корогон.

Токтогул суу сактагычында суу үч эсе көбөйдү
Токтогул суу сактагычында суу 2008-жылга караганда үч эсе көбөйдү. Бул маалыматты "Электр станциялар" Ачык Акционердик коомунун пресс-кызматы билдирген. Бүгүнкү күндө суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард 469 миллион кубметрди түзсө, 2008-жылы 29-июнда суунун көлөмү 8 миллиард, 798 миллион кубметрди түзгөн. Ал эми 2007-жылы 13, 019 миллиардды түзсө, 2006-жылы 16, 073 миллиарддга жеткен. Азыркы тапта суу сактагычка бир секундда 1 миң 513 кубметр суу куюлат. Бул көрсөткүч акыркы үч жылдын аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.


1000 еврого өзбек режиссеру Шухрат Каримов ээ болду
"Кыргызстан-Франция-Германия" эл аралык кинофестивалы "Ала Тоо"аянтында 22-июндан 28- июнга чейин созулган. Киночу Гүлбара Төлөмүшова билдиргенине караганда фестиваль ойдогудай өтүп, катышуучулар арасында нааразычылык жаралган эмес. Жыйынтыгында өзбек режиссеру Шухрат Каримов "Светофор" (Жолчырак) деген киносу менен Гран-приге жана 1000 еврого ээ болду. Дальмира Тилепбергенова "Живая"(Тирүү) деген тасмасы менен экинчи орунга арзып, 300 евро сыйлык алса, Казакстандан келген режисер Эмир Байгазиев "Всегонщик" атту тасмасы менен үчүнчү орунга илинип, 200 еврого ээ болду. Калыстар курамын кыргыз элинин белгилүү кинорежиссеру Болот Шамшиев, Франциянын белгилүү продюсери Гийом де Сей ж.б түздү.

Бишкекте 13 фонтан оңдолуп, 52 фонтан курулууда
Бүгүнкү күндө борбордо 13 фонтан ремонттолуп иштеп жатканын "Бишкек суу канал" өндүрүштүк бирикмесинин жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.
Анын айтымында өткөн жылдын сентябрь айында фонтандарды иштетүү "Бишкек суу каналга" жүктөлүп, мэрия тарабынан 16 фонтан өткөрүлүп берилген болчу. "Орусия" кинотеатрдын жанындагы, Панфилов паркында жана Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы фонтандар жеке уюмдарга ижарага берилген. Кышы бою аларды реконструкциялап ишке киргизишкен. Жалпысынан фонтандарды курууга, эскилерин оңдоого 15 миллион сом сарпталган. Анын 5 миллиону шаардык бюджеттен, калганы демөөрчүлөрдүн жардамы менен каржыланган. Азыр "Ата түрк" гүлбагында жарык коштолгон музыкалык жөнөкөй фонтандардын курулушу башталды. Учурда Бишкекте жалпы жонунан 31 фонтан бар, анын 15 башка мекеме-уюмдарга караштуу.




  дүйнөдө

Гандурастын президенти өлкөгө кайтып келерине ишенет
28-июнда Гондураста аскердик төңкөрүш болду. Козголоңчулар өлкө башчысы Мануэл Селайяны таң эрте камакка алып, өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Гондурастын парламенти демократиялык жол менен тандалган Селайянын ордуна убактылуу президентти дайындашты.
Байкоочулардын баамында, Гондурастагы кырдаал бир жагынан жылмайууну жаратат. Алдыда боло турган окуялардан бейкапар уктап жаткан президент Селайяны таң атпай кирип келген жүздөгөн жоокерлер ойготуп, ал кийингенге гана үлгүргөн. Жоокерлер бир заматта өлкө башчыны аскердик учакка отургузуп, коңшу Коста-Рикага айдап жиберишкен.
Түнүндө болгон окуялардан кабарсыз Гондурастын эли ойгонгондо, Селайянын ордуна жаңы президент дайындалганы тууралуу маалыматты угушту: президенттик сарайды парламенттин төрагасы Роберто Мичелетти башкарып калганы жарыяланды.

Иран жетекчилиги добуштарды кайра санатууда
Ирандын көзөмөл кеңешинин чечими боюнча, президенттик шайлоодогу добуштар кайра саналууда. Добуштардын 10 проценти кайра саналары маалымдалды. Кеңеш 13-июнда президент Ахмединежадды жеңди деп жарыялагандан тарта шайлоо адилет өтпөдү жана добуштар бурмаланды деген оппозициянын тарапкерлери жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышып, нааразылык акциялары өткөрүшүүдө.
Өкмөттүк "Ал-Алам" телеканалы добуштар Тегерандын 22 районунда жана провинцияларда кайра саналарын, жыйынтыгы 24 сааттын ичинде жарыяланарын маалымдады. Конституцияны көзөмөлдөө кеңешинин чечимине ылайык, бардык добуштардын 10 проценти кайра саналып чыгууга тийиш.
Реформачыл талапкерлер Мир Хусейн Мусави менен Мехди Каруби добуштарды кайра саноого өз өкүлдөрүн жөнөтпөгөнү айтылууда.
Көзөмөлдөө кеңеши 13-июнда Ахмединежадды жеңди деп жарыялап, Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хаменейи шайлоону "Ислам ынкылабынын эң чоң ийгилиги" деп атаган. Ошондон тарта Тегеранда жана башка шаарларда шайлоонун жыйынтыгына ынанбаган адамдардын жана Мусавинин талапкерлеринин нааразылык акциялары башталган.

А.САБЫРОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??