п»ї

  күнсүрөт

Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
Жакынкы күндөн бери борбор калаабыздын Горький - Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен бир колу жок, денесинин тамтыгы калбай күйгөн бир бейтааныш адамды кездештире баштадым. Байкасам, ал жол чыракка токтогон машиналардан акча чогултуп, кайыр-садага сурап күн кечирип жүргөндөй. Акыры кесиптик "оорум" менен аны менен жакындан таанышып, ой бөлүшүүгө жетиштим. Нурлан өзүн "кайырчымын" деп эсептебейт. Калганы карегиңиздерде...

"Оң колум плитканын үстүнө коюлуп, курткам денеме жармашып калыптыр"
- Өзүң жөнүндө, үй-бүлөң туурасында кененирээк айта кетсең?
- Мен 1980-жылы Кеминде төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Мен 3-класста окуп жатканымда ата-энемдин ажырашып кеткендигине байланыштуу Кеминде атамдын колунда чоңойдум. Иним менен карындашым Бишкекке апам менен чогуу кетишкен болчу. Азыр карындашым Токмокко турмушка чыккан. Учурда иним, бөлөм болуп Бишкекте батирде жашайбыз.
- Нурлан, абалыңды көрүп турам... Бул оор тагдырга кандайча туш болгонсуң?
- Мектепти аяктаган соң, аскердик милдетимди Баткен чегарасында өтөдүм. Ошол учурда Баткен коогалаңы башталып жаткан учур болчу. Ал жактан аман-эсен Бишкекке кайтып келип, 2006-жылы курулушта иштеп жүрүп күтүлбөгөн кырсыкка туш болдум. Чогуу иштешкен эки бала болуп, аскерде чогуу кызмат өтөгөн дос баламдын "Аламүдүн" базары жактагы үйүндө бекер жашап калдык. Бир күнү жумуштан аябай чарчап келип, спиралдан жасалган ток плиткасынын жанына жатып, катуу уктап калыптырмын. Кыш мезгили болгондуктан, үстүмдө "баллоновый" курткам бар эле. Аябай чарчагандыктан, аны да чечпей жатып алган экенмин. Уйку-соонун ортосунда оң колумду плитканын үстүнө коюп алганымды да билбейм. Жаткан бөлмөбүз да, үчөөбүз эле баткыдай тар болчу. Анан курткадан чыккан түтүндөн ис уруп, эсимен танып калыптырмын. Курткам болсо күйүп олтуруп, денеме биротоло жабышып калыптыр. Ошол убакта кошуна байке түнкү саат экилер чамасында сыртка тамеки чеккени чыгып, биздин үйдөн түтүн чыгып жатканын байкаптыр. Жыттан шектенип үйгө кирсе, плиткага жабышып, эсимден танып жаткан экенмин. Кошуна байке дароо тез жардам чакырып, №4 шаардык ооруканага алып келишиптир.

"Колумду кесебиз дешкенде кулагым чуулдап, денем дүркүрөй түштү"
- Бөлмөңөргө түтүн толгондо жаныңдагы чогуу жашаган эки бала эч нерсе болбоптурбу?
- Алар мен уктап калган кезде бир жакка чыгып кетишкен экен. Экөө үйгө келгенде тез жардам кызматкерлери денеме жабышып калган куртканы сыйрып жатышкан экен. Үч күндөн кийин эсиме келип, каякта экенимди сураганымда ооруканага күйүп түшкөнүмдү айтышты. Ошол учурда туугандарым менин мындай абалда экенимди билишкен эмес да. Ошондуктан, доктурлар жакшы карашпады. Акчаң жок болсо ошол экен. Менин кабарымды төрт күндөн кийин угушуп, апам менен иним келди. Операция жасалгандан кийин кан токтобой жаткандыктан, төрт жолу операция жасашты. Акыры такыр кан токтобой доктурлардын айлалары куруганда колумду кесе тургандарын айтышты. Муну укканда кулагым чуулдап, денем дүркүрөй түштү. Уккан кулагыма ишенбей доктурга: "Тамашалап жатасызбы?" деп жибериптирмин. Ал: "Бул жердеги колу-буту жокторду тамашалап кесип алып атат дейсиңби? Арга жок. Эгер колуңду кеспесек, каныңды токтотууга мүмкүн болбой жатат. Өмүрүңдү сактап калам десең биздин айтканыбызга көн" деди. Чындыгында, төрт жолку операцияда кан токтобой, эмчи айымдар профессор келгенче атайын кыпчыгыч менен 40 мүнөт кармап турушкан эле. Көрсө, кан тамырларым бүт күйүп калыптыр. Күйгөн жерлериме денемдеги таза терилерден кесип алып чаптап жатышты. Акыры тагдыр экен аргасыз доктурлардын айтканына макулдугумду бердим. Наркоздон ойгонгондон кийин оң тарабымды кароодон корком. Ушунчалык ызага батып, колумдун жоктугун көргөнүмдө жашоо мен үчүн бүтүп калгандай сезилди. "Өлүш керек" деген гана ойдо калдым. Анткен менен өлбөгөн адамдын ырыскысы түгөнбөйт экен. Жашоо улана берет тура. Башында доктурлар деле апамдарга "киши болбойт" дешкен экен. Кудайым бар экен сакайып кеттим.
- Ооруканада канча убакыт жаттың?
- Эки жарым ай ордумдан кыймылдоого дарманым келбеди. Төрт ай дегенде ооруканадан чыгып, Кеминге атамдардыкына кеттим.
"Кебетемден кыздар
түгүл эркек балдар коркот"
- Чоңойгондо ким болсом деп тилек кылчу элең?
- Чоң КамАЗ айдаган шофёр болгум келчү. Ошол тилегиме жетпей калганыма өкүнөм. Мындай тагдырга туш болуп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
- Сүйлөшкөн кызың бар беле? Деги үй-бүлө куруу оюңда барбы?
- Мурда сүйлөшүп жүргөн кызымды Таласка ала качып кеткен. Ал кезде ден соолугум таза болчу. Аны канчалык жакшы көрсөм да, ал башканын жары болуп кетти. Эми минтип оорукчан болуп калдым. Азыр болсо кыздар менен таанышкандан намыстанам. Кыздар түгүл учурда кебетемден эркек балдар коркот. Анан кантип кыз жандайм? Колум аябай эле коркунучтуу болуп жатпайбы. Кыздар менен бир аз сүйлөшүп эле кетип калам. Эмнегедир алардан аябай уялам.
- Эмнеге, алар деле сен сыяктуу пенде эмеспи. Өмүр бою жалгыз өтмөк белең?
- Кудай сактасын жалгыздыктан. Менин дагы бешенеме бирөөнү жазгандыр. Буюрган күнү өмүрлүк түгөйүмө жолугуп калаармын. Үмүт эч качан үзүлбөйт.
"Атам Турдубекти көрөйүн деген
көзүм жок"
-Алдыда кандай ой-максаттарың бар?
- Эптеп эле бир бөлмөлүү квартирага жетсем деп тилек кылам. Бир туугандарымдын көзүн карабай өз жанымды өзүм багып жашасам дейм. Эми алар деле...
- Бир туугандарың көңүлүңдү калтырышты беле?
- Атамдын бир туугандары көңүлүмө көкташтай тийди. Акыбалымды көрүп турушуп, "огородго чык", "уй айдап кел" деп ар кайсыга жумшашат. Аны жасап койсом кагып-силкип жактырышпайт. Анысы аз келгенсип чоң апамдын суук сөздөрү жүрөгүмдү оорутту. Ал го эми карыган киши дечи, өз атамдын аларга кошулуп алып жаман сөздөр менен сөккөнү жанымды жеп жиберди. Бир мүчөмдөн ажырап, мөгдүрөп турганымда атам огобетер чүнчүтүп ийди. Чынын айтсам, атам Турдубекти көрөйүн деген көзүм жок. Аргамдын жоктугунан үч жыл араң чыдадым. Мен дагы күйгөндөн кийин баш оорулуу болуп калдым. Сөз көтөрө албай, мүнөзүм такыр өзгөрүп кетти. Акыры "башка салганды көрдүм" деп Бишкекке баса бердим. Үч айдан бери бир кабар алышпады. Үйдөн чыгып кеткениме сүйүнүп жатышса керек.
- Атаңдын башка бүлөсү барбы?
- Жок. Апам менен ажырашкан боюнча үйлөнгөн эмес.
- А апаңчы?
- Апам деле турмушка чыкпады. Негизи, апам жакшы киши. Оюмдагыны жасагысы келип, көңүлүмдү карап турат. Учурда ашканада ашпозчу болуп иштейт.
"Мен кайырчы эмесмин"
- Бишкекке алгач кимдикине келдиң эле?
- Шаардын эле көчөлөрүндө, бактардын түбүндө, жер төлөлөрдө жатып жүрдүм. Апамдардын дайын-дарегин билчү эмесмин да. Келгениме эки ай болгондо өзүмдүн бир тууган иним менен бөлөмө капыстан Жаш гвардия бульварынан жолугуп калдым. Алар мени өздөрү жашаган батирине дароо алып барышты. Ошондон бери бирге жашап жатабыз. Буларга ыраазымын. Кийимимди жууп берип, каалаган тамагымды жасап беришет, катуу сөз айтышпайт. Ошентсе деле ар кимдин маңдай тери менен тапкан акысы өзүнө сиңет эмеспи. Экөөнүн гана көзүн карабай кээде ушинтип көчөгө чыгам. Бирок, мен кайырчы эмесмин. "Акча бергиле" деп эч кимден жардам сурабайм. Жөн эле көчө аралап басканымда акыбалымды көргөн эл өздөрү эле беришет. Боору ооруп берген элдерден алган акчам кийим-кечеге, тамак-ашка, тамекиме жетээрлик. Инилерим деле батирге акча төлөп жашашат да. Анан аларды көрүп туруп кантип бекер ашты ичип-жеп жата берем. Башка кара жумуштарга жарабасам... Мындан башка эмне кылам?
- Эмне үчүн үстүңө кийим кийип албайсың...
- Майка кийип жүрбөймүнбү! Эгер эч нерсе кийбей койсом, жаныма эч ким жолобой тимеле карышкырды көргөндөй качышат. Ачык жүргөнүмдүн себеби, билинип эле турбайбы. Жашырганда эмне, ушунун артынан жанымды багып жүрбөймүнбү.
"Үч милиционер төрт
жүз сомумду каратып
туруп тартып алды"
- Кайыр садага сурагандар Бишкектин эл көп жүргөн жерлерин "менчиктештирип" алып, жаңы келгендерди жолотушпайт дейт. Андай жагдайларга туш болгон жоксуңбу?
- Кайырчылардан сокку жебей эле милициялардан кызыкты көрбөдүмбү. Баягы күнү Киев-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен үч милиционер элдин мага акча берип жатканын көрүп, төрт жүз сом акчамды каратып туруп тартып алышты. Майыптыгымды айтып жалдыраганыма дагы карашпады. Көрүп турса да көргүлөрү келбей кайра кекетип: "Майып болсоң эмне болуптур! Сени биз оорутуптурбузбу?! Урганыбыз жок майыптыгыңды! Сен элден акча алып жатасың!" деп ар кайсыны айтып, акчамды алып, машинасын зуулдаткан боюнча кетип калышты. Ошондон кийин дайыма иним менен бөлөм бош болгон учурларда мени кайтарып жүрүшөт. Алар жумушта болуп калса чыкпайм. Анткени, милициялардан аябай коркуп калдым. Кечке чогулткан акчамды беш мүнөткө жеткирбей алып кетип калып жатышса, кооптонбой койбойт экенсиң. Алар кийген кийимине татыктуу эмес экен.
"Кудай жолуна түшүп, жума намазга
бара баштадым"
- Күнүнө канча акча топтойсуң?
- Анын баары көңүлүмө жараша болот. Эки жүз сомдон төрт жүз сомго чейин табам. Күн сайын чыга бербейм.
- Ичкилик ичесиңби?
- Калп айтканда эмне, мурда иччүмүн. Учурда Кудай жолуна түшүп, жума намазга үч жумадан бери бара баштадым. Кадимкидей жеңилденип, тазарып калганымды туюп атам. "Кудай кур койбойт" деген чын экен. Тапкан-ташыганыбыздын берекелүү болуп жатканын, ооруган жеримдин айыгып калганын сезе баштадым. Эң негизгиси Кудайга ишениш керек экен. Болгону азыр тамекимди таштай албай кыйналуудамын. Акырындык менен таштайм деп өзүмдү көндүрүп койдум.
- Мамлекет тарабынан женилдиктер берилеби?
- Кайдан? Колумду кестиргенден кийин алты айга чейин үч жүз сомдон пенсия алып жүрдүм. Андан кийин Кеминден "документиң эскирди, жаңырт" деп мени Токмокко жиберишти. Ал жерден ар кимиси ар кайсы жерге жиберет, деги биринен жакшы жооп укпайм. Ооруканага 3 миң сом төлөп жатышым керек экен. Мага ал акчаны ким таап бермек эле? Акыры тажап, чарчаганымда барбай да койдум. Көрсө, аларга алдын-ала акча ыргытсаң жумушуң бүтөт турбайбы. Мунун баарын кийин түшүндүм. Биздин өкмөт ачыгын эле айтып коёюн майыптарды эч кандай карабай калды. Анан бизди өйдө жактагылар ушинтип көз жаздымда калтырып жатса, кара курсактын айынан көчөгө чыкпаска аргабыз барбы?...

Рахбар Алымкулова
Самара Латипова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??