п»ї
 Таанышуу жарыясы


  суроо-жооп

Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
Сүйүү бар жерде кызганыч бар деп айтылып келет. Бирок, ошол кызганычтын да өзүнүн чеги, орду болсо керек. Чектен чыккан кызганыч сөзсүз урушка, көңүл калууга, бактысыздыкка алып келери талашсыз.

Кызганыч - бул кокусунан, жок жерден пайда болгон сезим. Кызганчаак адам табиятынан өзүмчүл келет. Адам бул сезимге алдырганда оңой менен түгөйүнө ишенбейт, сөз көтөрө албай калат, сүйүктүүсүнүн баскан-турганын, ар бир кадамын тескеп калат. Эгерде сиз өнөктөшүңүздөн ушул сапаттарды байкасаңыз анда ал кызганып жатат деп билиңиз. Кызганычты төмөнкүдөй үч түргө бөлүп караса болот:
Классикалык - ортодо сүйүү өчүп бара жатканда пайда болот. Мындай учурда адам жумурткадан кыр издеп, урушкусу келип калат. Кызганычтын бул түрүнүн кандайдыр бир деңгээлде пайдасы дагы бар. Анткени, өчүп бара жаткан сезимдерди ойготууга, сүйүктүү адамыңыз менен кайра тил табышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк бар.
Алкоголдук - адам өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып, сүйүүсү үчүн күрөшүүгө кызганычтан башка жол таппай калганда алкоголдук кызганыч пайда болот. Айрымдар сүйгөнүн кызганыч менен кармап калам деген жаңылыш ойдо болушат.
Паталогиялык - кызганычтын эң коркунучтуу, кооптуу түрү. Себеби, адам кызганыч менен бала кезинен бери ооруп баштайт. Паталогиялык кызганыч өзгөчө ичи тар адамдарга мүнөздүү. Бара-бара кызганыч ооруга айланып, кийинки жашоосуна тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

Кызганычтан кантип
арылууга болот?

Эң биринчи себебин табуу керек. Мисалы, сиздин сүйүүктүүңүз жумуштан кесиптеши менен тамашалашып сүйлөшүп жатса сиздин маанайыңыз чөгүп, уруштун сөзүн сүйлөп баштайсыз. Балким, сүйгөнүңүздү кесиптешинен эмес, анын жумушунан кызганып жүрбөңүз. Анткени, сиз менен сүйлөшүп отурганга караганда жумуштагылары менен баарлашкан ага көбүрөөк кубаныч тартуулашы мүмкүн.

Кызганып жатканыңызды канчалык эрте мойнуңузга алсаңыз, жаныңызга тынчтык бербей жаткан сезимден арылганга ошончолук эрте аракет кыласыз. Мойнуңузга алгандан кийин эмне себептен кызганып жатканыңызды анализдеп чыгыңыз.

Кызганычты суктанууга алмаштырыңыз. Балким, сиздин кызганычыңыз ал адамдагы таланттын сизде жоктугунан улам келип чыккандыр. Ошондуктан сүйүктүүңүздүн талантына, жетишкен ийгиликтерине кызгануу менен эмес суктануу менен мамиле жасасаңыз абалыңыз кыйла жеңилдейт.

Дароо жыйынтык чыгарууга шашпаңыз. Кокус түгөйүңүз сизден башкасын таап алганына өз көзүңүз менен күбө болгон күндө да уруштун башын ырбатып, чыр чыгаруунун кереги жок. Мүмкүн, сүйүктүүңүз убактылуу азгырылып, жаңылып жаткан чыгар. Ушундай учурда эң негизгиси - кечиримдүүлүк зарыл.

Кызганыч эмнеден келип чыгат?

1 Түгөйүнө ишенбегенде. Кээде жубайыңыз жумушунан кечигип жатса, сизде кимдир-бирөө менен жүрүшү мүмкүн деген ой туулат. Анан, албетте, түгөйүңүз келгенде эмне себептен кечиккенин, кайда ким менен барганын сурап баштайсыз.

2 Адам өзүнө-өзү ишенбегенде. Адам өзүн башкалардан кем сезип, башкаларды өзүнөн жогору баалаганда кызганыч келип чыгаары далилденген. Сүйүктүүңүз каалаган учурунда сизден жакшысын, акылдуусун, сулуусун таап кетиши мүмкүн деген ой сизге бир мүнөт да тынчтык бербей, аны дайыма коруп, кайтраууга алууга ашыгасыз.

3 Жыныстык жашоо канаттандырбаганда. Жубайыңыз сизди каалабаса, дароо эле башыңызды аттап, башканы таап алганын ойлойсуз. Балким, анын жөн гана табы болбой жаткандыр, же чындап эле сиз аны жыныстык жактан канттандырбай жаткандырсыз. Адистерге кайрылып сизге керектүү кеңеш алып, жашооңузду бир нукка салганга аракет кылыңыз.

4 Жылуу сөздөрдү айтканды унутканда. Эгерде сиз табиятыңыздан реалист болсоңуз, кооз сөздөрдү айтууга жөндөмүңүз жок болсо, анда өнөктөшүңүз ал сөздөрдү сизден болбосо башкалардан угууну каалайт. Сулуу, татынакай, тамашөкөй, келишимдүү экенин баса белгилеп туруу сиз үчүн көп деле кыйынчылык жаратпаса керек. Аял киши кулагы менен сүйөөрүн эсиңизден чыгарбаңыз.

5 Кайдыгерликтен. Сүйүктүүңүзгө убакыт бөлбөсөңүз, жумушуңуз менен алек болуп жүрө берсеңиз ал сизди көңүлүңүздү өзүнө буруунун амалын издеп кызгантышы мүмкүн. Ушундан да ортодогу мамиле ыдырап, муздайт.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??