п»ї

  адабият айдыңы

Дил азык
Акыркы убакта кыргыз адабиятында бир топ жаңылануулар байкалып, жаш акындардын жасаган иштери жүрөк жылытат. Кыргыз жазма акындарынын ичинен алгачкылардан болуп DVD диск чыгарып, интернет булагынан өзүнүн сайтын ачкан жаш акын Алтынбек Исмаилов биз менен чакан маек курду.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Евразия жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучусу, Алтынбек ИСМАИЛОВ:

"Мындан кийин
адабиятка "жылаңач
баатырлар" гана келет"
- Алтынбек мырза, "Таш күзгү" деген аталышта DVD диск чыгарган экенсиз. Менимче, кыргыз жазма акындарынын ичинен биринчилерден болуп сиз чыгардыңыз окшойт?
- Туура айтасың. Былтыр "Таш күзгү" деген туңгуч ыр жыйнагымды чыгарып, ошол китептин бет ачар аземи менен бирге жеке чыгармачыл кечемди өткөргөн болчумун. УТРКнын концерттик залында өткөн ошол лира кече баштан аяк тасмага тартылып, көгүлтүр экран аркылуу жалпы журтка көрсөтүлгөн. Мына ошол тасманы өз алдымча дагы бир ирет электен өткөрүп, куйрук-жалын тарап, анан DVD дискке айландырдым. Жалпак тил менен айтканда, дисктин өзөгүн лира кече түздү. Ырларымдын айрымдарын өзүм окусам, айрымдарын замандаш, каламдаш акын агаларым менен досторум окушкан. Андан сырткары кызыктуу суроо-жооптор жана обондуу ырлар орун алган. Ойлоп көрсөм, буга чейин биздеги бир да жазма акын өзүнүн дискин чыгарбаптыр. Мен баштап койдум, калганын мезгил көрсөтөр...
- Азыркы кыргыз адабияты, анын ичинде кыргыз поэзиясы кандай абалда деп ойлойсуз? Деги, өсүш барбы?
- Учурда кыргыз элинин абалы кандай болсо, кыргыз адабиятынын, анын ичинде кыргыз поэзиясынын абалы дал ошондой деп айтаар элем. Сан жагынан өскөнсүгөнү менен сапат жагынан өсүш байкалбай турат. Биринчиден, акчалуулардын арааны жүрүп, халтуранын казаны боркулдап кайнап жаткансыйт. Экинчиден, азыр адабияттын атаандаштары, "күндөштөрү" ат чабым алдыга озуп кетпедиби. Башкача айтканда, азыр жаштарды адабиятка караганда интернет, кино жана ММКлар көбүрөөк кызыктырат. Үчүнчүдөн, азыр мурдагыдай адабияттын аркасы менен жан бакканга мүмкүн эмес. Ошол себептүү мындан ары адабиятка чыныгы фанаттар менен жылаңач баатырлар гана келет деп ойлойм.
- Демек, ушундай өткөөл мезгилде ыр жазып, китеп жана диск чыгарганыңызга караганда, сиз да "жылаңач баатырлардын" катарын толуктагансыз го?
- Ошондой десем болот. Негизи, адабият айдыңында аргымак таптагысы келген калемгерлердин маңдайына жазылган үч азап бар. Бул кайсыл азап? Биринчиси, сөз азабын, ой азабын тартып, ар бир сөздүн, ар бир саптын түбүнө түнөп, чыгарма жаратуу. Экинчиси, ошол ыйынып-ычкынып, боор этинен жаратып алган чыгармаларды китеп кылып чыгаруу. Үчүнчүсү, капчыгыңды кагып, ыйлап-сыктап чогулткан каражатыңа чыгарган китебиңди калың элдин катмарына, окурмандарга жеткирүү. Мына ушул үч азапка чыдагандар гана бүгүнкү күндө акын же жазуучу болушу мүмкүн.
- Ушул үч азапка кайыл болуп "Таш күзгү" аттуу китебиңизди экинчи ирет чыгаруу менен бирге интернеттен өзүңүздүн сайтыңызды ачкан турбайсызбы?
- Ооба. Чама-чаркыма жараша, 500 нуска менен "Бийиктик" басмасынан чыгарган элем. Кудайга шүгүр, бир айга жетип-жетпей, сыясы кургай электе күйөрмандар талап кетишти. Анан окурмандардын суроо-талабы боюнча экинчи жолу кайра бастырдым. Ага кошуп DVD диск чыгардым дегендей...
Мындан сырткары дагы бир орчундуу маселени айтпай кетсем туура болбос. Учурда кыргыз калемгерлери интернет деген нерсеге көңүл бөлбөй жатышат. Мына карап көрсөңүз азыр бизде бир да акын жазуучунун интернет сайты жок. Атүгүл бакыйган жазуучулар союзу интернет сайт ача элек эмдигиче. А чет өлкөнү мындай кой, өзүбүздүн эле коңшулаштарыбыз казактар менен өзбектер бул жагынан кыйла алдыга кетишти. Улууларынан тартып жаш жазмакерлерине чейин жеке интернет сайттары бар. Каалаган авторуңузду интернеттен таап аласыз. Чыгармаларын ошол жерден окуй бересиз. Ал эми биздечи? Эч кимиси бул тууралуу ойлоно элек. Өзүмдүн жеке сайтымды ачканыма бир ай болду. Сайтка китебимди, дискимди жайгаштырдым. Андан сырткары кыргыз акындарынын тандалма ырлары орун алды. Кызыккандар төмөнкү дарекке кирип, менин чыгармачылык дүйнөмө саякат жасаса болот. www.altynbek.ucoz.com
- Маегиңизге чоң рахмат. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.




Анатай Өмүрканов Эстейм, эстейм

Таңда эстесем тарамышым тырышып,
Татына элес тамырымды улутуп,
Тагдырымды ташка жанчам жашоого,
Келгендеги максатымды унутуп.

Түндө эстесем өмүрүмдү карытам,
Жылдыз менен жылаңайлак жарышам.
Сүйгөнүнө жетпей өтүп кетишкен,
Жарандардын баары менен табышам.

Түштө эстесем түштөрүмдү сапырам,
Көздөрүңдү көрөм көзүм жашынан.
Анан ырдайм дүңгүрөтүп дүйнөнү,
Дүйнөдөгү сүйгөндөрдүн атынан.

Эстейм, эстейм, эстегенде элжирейм,
Жерден көккө желек болуп желбирейм.
Ошо менен карыбасын сүйүүнүн,
Жана өзүмдүн тирүүлүгүм белгилейм.




Муратбек бегалиев

Бүтүн болуп
калчудаймын

Эстеп алып,
Элесиңди эзилемин.
Энтеңдеп мен,
Ээнбаштанып, эсиремин.
Күч кубатың,
Күн алдында нурун чачса,
Кызгалдагым,
Кызганчаактай сезилемин.

Каалгып учкан,
Каркыранын канатындай,
Кайып кезген,
Көпөлөктөй, адатым ай!
Жалын чачып,
Жаңыланган жылдыз сымал,
Жадыраган,
Ал көзүңдүн карасындай.

Бүгүн эңсеп,
Бүтүн болбой, жартыдаймын.
Бүйрүм кызып,
Бүгүн жетип барчудаймын.
Кирпигиңе,
Шоола кошуп, нурга айлантып,
Айга барып,
Олтургузуп алчудаймын!
Аймалашып,
Аздектесек бул жашоону,
Алтыным ай,
Бүтүн болуп калчудаймын!





Мирлан Самыйкожо
Сен белең?..

Жалбырттаган жалын көрдүм өзүмдөн,
Жанып турду жаным коркпой өлүмдөн.
Чагылгандай чарт-чурт этип чачтарым,
Чокмороктоп чоктор түшүп көзүмдөн.

Мейкиндикке батпай турдум чатырап,
Мендеги нур бүт ааламга чачырап.
Күндүн көзү кол чырактай бүлбүлдөп,
Куту кетип көлөкөмө жашынат.

Жүрөгүмдүн согушунан зоо кулап,
Аскаларды, аскаларга жоо кылат.
Айааламат кылып коюп дүйнөнү,
Көзүмдү ачсам, сен турасың жоодурап.

Көлөкөмдү кошуп жалын, өрт кылган,
Айды, күндү, аска-зоону мерт кылган.
Сезимимдин ханышасы сен белең?
Жанып күйүп, жалбырттасын деп турган.

Жалбырттаган жалын көрдүм өзүмдөн,
Жанып турду жаным коркпой өлүмдөн.
Чагылгандай чарт-чурт этип чачтарым,
Чокмороктоп чоктор түшүп көзүмдөн.





Калп аралаш
чындык
Калыгулдан
интервью

Мен баягы бала кезде,
Калыгул Бай уулу менен,
Жолукканым эсте.
Тээ тиги ак булутка минип алып,
Сырдашканбыз кечке.
Ошондо ал минтип айткан,
Айткандары мага аябай жаккан.

Кызаргандын баарысы,
Алма болот деп айткан.
Кыз, келиндин баарысы,
Талма болот деп айткан.
Кыргызстандын борбору,
Бишкек болот деп айткан,
Кошунанын иттери,
Тиштээк болот деп айткан.
"Беш сарынын" артында,
Бакшы болот деп айткан.
"Кафелерде" СБшник,
Сакчы болот деп айткан.
Дайым колго көтөргөн,
"Сотка" болот деп айткан.
Орусчалап сүйлөшүп,
"Чотка" болот деп айткан.
Канаты бар самолёт,
Учуп турат деп айткан.
"Кател" менен сүйлөшүп,
Угуп турат деп айткан.
Карта ойносо бирөөсү,
Утуп турат деп айткан.
Саясатты талашып,
Сайышышат деп айткан.
"Санепитке" барышып,
Айыгышат деп айткан.
Марттын жыйырма төртүндө,
Майдан болот деп айткан.
"Марадёрлор" көбөйүп,
Сайран болот деп айткан.
Оө-сол эли оолугуп,
Шашып келет деп айткан.
Алтын баштуу Ажобуз,
Качып кетет деп айткан.
Уятына чыдабый,
Ууру кылган немедей,
Оңбой калгыр кыргыз деп,
Осмонакун ойлонуп,
Басып кетет деп айткан.
Сессияда депутат,
Сөгүнүшөт деп айткан.
Бири-биринин көзүнө,
Көрүнүшөт деп айткан.
Ак сууларды башына,
Төгүнүшөт деп айткан.
Чай чемектин баарысы,
Сатык болот деп айткан.
Колоңсонун колтугу,
Сасык болот деп айткан.
Жарымы жок сегизге
эки таяк тиреген ($)
Доллар болот деп айткан.
Туалеттердин оозунда,
Дилер болот деп айткан.

И-ий баса, анан ушул Бишкекте,
Айтыш болот деп айткан.
Бул айтышта бирөөсү,
Кайтыш болот деп айткан.
Ошо кайтыш болгон адамга,
Барып койгун деп айткан,
Менин атымдан топурак,
Салып койгун деп айткан.

Мунун баарын ким айткан,
Калыгул Бай уулу айткан.
Аны менен сырдашып,
Кайран Мирлан мен жазгам.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??