п»ї
 Таанышуу жарыясы


  атактуулар ааламында

музыканын поп-королу Майкл Джексон көз жумду
25-июнь дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөр үчүн чоң трагедиялуу күн катары тарыхта калды. Анткени, дал ушул күнү бүткүл дүйнөлүк сахнаны багындырган, музыканын поп-королу Майкл Джексондун жүрөгү токтоду.

Майкл Джексон элүү жылдыгын майыптардын арабасында өткөрүп, оң көзү көрбөй калганын, дем алалбай араң сүйлөп жатканын жашырган эмес. Лос-Анжелестеги үйүнөн 25-июнда саат 14:26да тез жардамга ырчынын коңшулары телефон чалышкан. Медиктер келгенде Майкл комада жаткан. Калифорниянын медициналык борборуна тез арада жеткирилип, бирок, медиктер анын өмүрүн сактай албай калышты. Бейтапканага жеткиче ырчыны алып кеткен тез жардам унаасынын артынан күйөрмандары кошо чуркап: "Силер анын өмүрүн сактап калышыңар керек!" деп кыйкырып келишкен. таңкы саат 5:45те Майкл Джексондун сөөгү верталет менен моргго жеткирилген. Эмне себептен өлгөнүн дагы такташ үчүн анын сөөгү 27-июнда экспертизадан өткөрүлдү. Сөөктү сойгондо денесинде эч кандай так табылган эмес. Бирок, ырчынын жакын досу, экс-менеджери, продюсери Тарек Бен Амар аны дарылаган доктурларды кылмышкер деп жар салды. Анын айтымында, доктурлар Майклга болбогон кымбат дарыларды жазып берип, жок диагнозду коюп анын эсебинен жашап келишкен. "Джексон бир жери кичине эле ооруса дароо доктурларга кайрылчу. Доктурлар болбогон даарыларды жазып берип анын организимин өлтүрүштү. Өтө көп өлчөмдөгү медикаменттер ырчынын өлүмүнө себепкер. Мен доктурларды кылмышкер катары карап, алар менен соттошом" - дейт Амар. Ал эми Джексондордун үй бүлөсү Майклдын алдыга өтө көп концерттерди белгилеп койгондуктан, баарына жетише албай, сарсанаа болуп кан басымы көтөрүлүп кеткенин белгилешүүдө. Азыр Майклдын жанында дайыма дарылап жүргөн доктуру изделүүдө. Ырчынын үйү изделип өтө көп өлчөмдөгү демидрол, Беверли Хилздеги дарыканалардын бири сотко берген кагаз табылган. Себеби, Джексон ошол эле дарыканага карызга алган дарылары үчүн 100 миң доллар карыз экен. Майкл буга чейин бир нече жаракат алганын, доктурлар күчтүү дарыларды жазып бергенин буга чейин бир дагы жан билген эмес. Бул маалымат кечээ ырчы каза болгондон кийин гана ачыкка чыкты. Ал медиктердин кызматына, дарыларга эле бир айда 10 миң доллар короткону маалым болду. Агаларына дары колдонгондо уйку соонун арасында жүрөрөрүн айткан экен. Ал эми анын атасы жакынкы аралыкта аны дарыга көз каранды болгонун айыктырыш үчүн атайын клиникага жаткырам деп жүрчү.
29-августта Майкл Джексон 51 жашка чыкмак. Ал эми 2010-жылы Лас-Вегастан казино ачууну кыялданып жүргөн. Анын бир бөлмөсүнө жалаң сахнага чыкканда кийген кийимдерин, буюмдарын сактай турган музей ачмак экен. Жакынкы аралыкта Майкл Джексон балдарына арналып жазылган 100 ыры жарыкка чыгат. Бул ырларды ырчы буга чейин ачыкка чыгарбай сыр бойдон сактап келген. Укса да, балдары, эң жакын адамдары эле угушуптур.
Оорулары
Майклдын оорусу тукумунан бери келе жаткан ала оорусунан башталган. Бетине пластикалык операция жасатууну, мурдун кичирейтүүнү Майкл бала кезинен бери кыялданып келген. Болгон оорунун баары ушул жерден башталыптыр. Медиктердин айтымына караганда пластикалык операция учурунда Майклдын терисинин алдына инфекция кирип, ал микробдор ырчынын денесине, акыркы күндөрү бетине да чыга баштаган. Ал тургай инфекциянын киришине мед айымдардын кир колдору себеп болгон дейт Американын пластикалык хирургу Энтони Юн. Бара-бара теринин алды ириңдеп, тырмактары ириңге толуп кеткенине жакындары күбө болушкан. Ырчыдан массалык маалымат каражаттары, ден соолугу тууралуу сурашканда "дем алганым начарлап жаткандыктан мурдума бир эле жолу операция жасаткам, ал эми ала оорусу менен бала кезимден бери ооруп келгем" деген гана кыскача комментарий берген болчу. Кээ бир маалымат булактарында өпкөсү жарабай калганын жазышса, айрым гезиттерден теринин рагына чалдыкканын жарыялашкан.
Балалыгы
Музыканын поп-королу Майкл Джексон 1958-жылы 29- августта Индиана штатынын Гари шаарында төрөлгөн. Болочоктогу ырчынын апасы Майкл тууралуу: "Баламды гений дегенден алысмын, бирок, анда өзгөчө талант катылып жатат" дегени бар. Чынында, Джексондордун үй-бүлөсү кедей турмушта жашашчу. Бир күнү кечки тамакты ичип отурганда Майкл Ребби, Джеки, Джерман, Ла Тойя, Марлон аттуу агалары менен топ түзүп, ырдап чыгууну сунуш кылат. Ошентип, "Jackson 5" деген топ түзүшөт. Атасы Джо Джексон эмнегедир баарынан Майклды көп урушуп, сабачу экен. Майкл башкарганды жаман көрүп, үнүн катуу чыгарып сүйлөгөн адамдардан коркорун акыркы күнгө чейин айтып келген. Бала кезинде бетине чыккан безгектердин айынан өзүнүн кебетесин күзгүдөн көргүсү келбей, ваннага түшкөндө жарыкты өчүрүп комой адаты бар болчу. Байкелери менен гастролдоп жүрүп тапкан акчасын атасына берсе, ал болгон акчаны бешке бөлүп балдарына таратып бере турган. Майкл болсо өзүнө тийген энчисине момпосуй сатып алып, үстүнө акча кошуп мектепке алып барып сатып пайда көрө турган. Негизи эле кийин ырчы айрым интервьюларында ата-эненин мээримине канбай, зар болуп чоңойгонун жашырбай эле айтып келген.
Жеке жашоосу
"Jackson 5" тобу бир топ популярдуу болуп калганда 1976-жылы топ турнеге Лас-Вегаска аттанышат. Көшөгөнүн артына бир киши келип, залда Элвис Пресли кызы менен отурганын айтып кетет. Концерт бүткөндөн кийин Элвис кызы Луиза-Мария менен көшөгөнүн артына өтүп балдардын талантын мактап калат. Майкл менен Луиза-Мария бири-бирин бир көрүп жактырышыптыр. Ушундан көп өтпөй Майкл Нью-Йоркко концерт коюп жүрүп, гримдөөчү бөлмөгө кирсе аны Луиза күтүп отурган болот. Экөө жакындан таанышып, баш кошууну чечишет. Бирок, ал кезде Лиузанын Дэнни Кью деген музыкант күйөөсү бар болгон. Экөө баш кошконго үч жума калганда Мария биринчи күйөөсү менен ажырашып, Майклга турмушка чыгат. Башында баары жакшы болгону менен кийинчирээк Луиза үйгө анда-санда келип, каалаган жерлерде жүрүп Майклды теңине албасын ачык эле жар салган. Ал эми Джексон балалуу болбогонунун себебин өзүнүн бала кезинен берки ала оорусуна байланыштырып, дерматологго кайрылат. Ошол убактарда денесинин 80%ы агала болуп, күнгө такыр чыкпай калган. Бейтапканадан ал толук, көзү бакырайган медайым Дебби Роу менен таанышат. Дебби атактуу ырчыга канчаны кааласа ошончо бала төрөп бергиси келип жатканын билдирет. Майкл Луиза-Мария менен ажырашып, тогуз айдан соң Деббиге үйлөнөт. Ошентип, 1996-жылы 15-ноябрда Дебби тун уулу Принс Майклды, андан кийин Пэрис Майкл Кэтринди жарык дүйнөгө алып келген. Түзүлгөн келишим боюнча Дебби Роу берген убадасына туруп ажырашып, өзүнүн жумуш ордуна кайтып келген. Эки баланы жалгыз тарбиялаганга бел байлап, бир убактарда өзү кыялдангандай жашоодо жашап баштайт. Бирок, Дебби убактылуу унчукпаганы менен кийинчирээк Майклдан балдарын талаша баштаган. Себеби, Деббинин айтымында, балдар Майклдыкы эмес. Ал жасалма жол менен уругун башка донордон алган. Ал донордун ким экенин өзү дагы ушул күнгө чейин билбейт. Көрсө, бир тыйын албайм деген Деббиге Майкл балдарды төрөгөнү үчүн 6 миллион фунт, Беверли-Хиллстеги 1,6 миллион долларлык үйүн, акыркы үлгүдөгү кымбат машина берген экен. Андан сыркары ай сайын кетирген чыгымдарынын баарын Майкл төлөчү. Сот алардын ишин карап көрүп, Роунун арызын канаттандырган эмес. 1998-жылы Майкл дагы бир аялдан кыздуу болот, кызынын апасы ким экени ушул күнгө чейин белгисиз.
Балдарга көргөн камкордук
Жогоруда белгилеп кеткендей, өзү ата-эненин мээримин көрбөсө да, Майкл табиятынан балдарга жакын болгон. Атайын балдарга арнап салган "Neverland" зоопаркына кичинекей балдарды чакырып, бош күндөрү керелди кечке балдар менен ойногонду акыркы күндөрү адатка айландырган. Бирок, балдар менен бир төшөккө жатып, сексуалдык каалоосун канаттандырып жатат деген жалаа жабылган. Он үч жаштагы өспүрүм Гэвин Арвизону эркине каршы күндүз зоопаркта, түнкүсүн өз бөлмөсүнө камаган деген жалаа менен Майкл Джексон 2004-жылы үй түрмөсүнө алынган. Соттун расмий далилдери жок болгондуктан, мегажылдызды бошоткондон башка арга табышкан эмес. Эгерде Майклдын күнөөсү далилденсе, ал жыйырма жылга эркинен ажыратылмак. Өзүнүн уулдары менен кызы тууралуу гезит беттерине маалымат бергенди жаман көрөт, болгону Принс Майкл атасын тартып ырчы болорун айтат. Буга чейин тапкан мүлкүн үч баласына тең бөлүштүрүп, мурас жазып койгонун айта кетпесек болбос.
Жабылган жалаалар
Негизи ырчы үчүн 2007-жыл эң оор жыл болуптур. Анткени, ушул жылы ал сот процессинен "Neverland" зоопаркын алдырып ийсе, мурдакы бизнестеги өнөктөшү Марк Шэффел ырчынын убадага турбаганы үчүн моралдык доо алдым деп 559 миң 305 доллар акча өндүрүп алган. Муну менен эле тим болбостон Майклдын менеджери Майкл Дитер Визнер ырчыдан 64 миллион фунт акчаны соттун жардамы менен тартып алган. Анын ырчыга койгон күнөөсү - убагында айлык бербей, гостролдогон жерлерде жакшы көңүл бурган эмес. АКШнын белгилүү банкы Майкл убагында салык төлөбөгөнү үчүн 24 миллион доллар айыпка жыгышкан. Айтор, ушул сыяктуу түгөнбөгөн түйшүктөр ырчыны ушул эле жылы баскан.
2005-жылы анын ранчосун тинтишкенде үйүнөн кокаин табылып, туугандары Майклды баңгизаттан айыктыруу үчүн башка мамлекетке жибергени тууралуу да маалымат тараган эле.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??