п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  жылдыздар турмушунан

Жылдыздар деле сиздей жан
Чындыгында, ырчылардын жашоосун такыр башкача элестетишет. Башка планетадан келген адамдай кийген кийиминен тартып, ичкен тамагына чейин билгилери келгендер бар. Алар деле сиздей пенде... Биз бүгүн Асел Турдалиеванын күнүмдүк тиричилигине саресеп салдык.

- Кызыңыз сизге сынын, кеңешин айтканга жарап калдыбы?
- Ой, айтпа! Кийген кийимимден тартып, боёнгонума чейин көңүл буруп турат. Кийим тандаганды да жакшы билет. Ошон үчүн кызымдын берген кеңешин артка таштабайм. №61-мектептин 5-классты "5" деген баалар менен аяктады. Кызыма көз тийбесин, тү-тү...
- Сиздин турмуш курууңузга каршы эмеспи?
- Жок. Тескерисинче, ал: "Мамочка, сиз жакшы күйөөгө тийип, мага бөбөк төрөп бериңиз. Анан ал мага жакшы мамиле кылсын. Бирок, сиз аны "папа" деп айт дебеңиз. "Байке" деп гана айтам. Анткени, өзүмдүн папам бар да" деп оозумду ачырат.
- Кызыңыз уруксаат берип жаткан экен. Качан турмушка чыксам дейсиз?
- Туура, колумду сурагандар бар. Бирок, күйөө деп эле тийип кете бергим келбейт. Чынын айтсам, өмүр бою жан-шерик боло турган, мен үчүн күйө турган татыктуу адамга жолукпай келем.
- Бегайым аз да болсо ыр дүйнөсүнө аралашып калбадыбы. Анын дагы ырчы болгусу келсе керек?
- Чындыгында кызым музыкага шыктуу. Талантына тоскоол болгум келбейт. Бирок, кызымдын врач же котормочу болушун каалайм. Менин максатым кызыма татыктуу кесип тандап берүү. Бегайым да менин айтканымды эки кылбайт. Ошондуктан, бул жагынан экөөбүздүн пикирибиз бир келээрине ишенем.
- Кызыңыздын сизден алыс кеткен учурлары болобу?
- Жайкы каникулда ашып кетсе бир жумага Нарынга таенесине барып келет. Кызым жанымда жок болсо үйүмө батпай кетем. Бири-бирибизге абдан көнүшүп алдык. Буюрса, жакында атасына Кытайга эс алууга кетет.

- Стол үстүндөгү жумушуңуз кызуу жүрүп жаткан окшойт. Жайкы сессия башталып, абитуренттерди кабыл алып дегендей...
- Чындыгында, учурда беш мүнөт убактым мен үчүн баалуу болуп турат. Жакында эле 5-6-курстарды дипломдорун колуна карматып узаттык. Мамлекеттик экзамендер бүттү. Туура, сессия жүрүп жаткандыктан тынымы жок иштеп жатам. Анан да окуу жайга кабыл алуу боюнча институттун жооптуу секретарымын. Бир жагынан шайлоо башталып... Чуркап жүрүп баягы күнү окуу жайдын тепкичинен учуп түшпөдүмбү. Бутумдагы туфлим да бийик такалуу эле. Катуу жыгылганыман эки күн какайып баса албай жүрбөдүмбү. Анысы аз келгенсип, ошол күнү ит каап алып, андан качам деп дагы жыгылсам болобу. Деги шашкалактап чалынып-чулунуп эле жүрөм. Анда тааныштарым: "Сенин тушооңду кайра кесиш керек болуп калыптыр" деп тамашалашат. Анан дагы учурда уйкуга ушунчалык зар болуп турган убагым. Үч-төрт саат уктаганым менен мээмдин баары жумуш болуп атып кандай эс алганымды билбейм. Бош боло калсам эле эптеп уктап алганга аракет кылып турам. Ишенсеңер, кээде олтурган жеримде уктап калчу болдум.

- Убагы менен тамактанасызбы?
- Жок, убагы менен тамактанганга учурда мүмкүнчүлүгүм жок. Жумушум чачымдан көп. Бош боло калган кезде эле кафелерден тамактанууга туура келүүдө. Кызым менин өз колумдан жасаган пельмен, дымдама, куурулган картошкамды абдан жакшы көрөт. Ошону тандап жасап бере албай жатам. Кызым быйыл камыр жууруганды үйрөнүп, өз алдынча майда тамактарды жасап калды. Үй-жумуштарын да өзү жасайт. Өзүм үйгө деле көп көңүл бура элекмин. Буюрса, жумуштарым бүтүп калса кызым менен үйдө жатып эс алгым келүүдө.

- Президенттикке талапкерлердин кимисин колдоп жатасыз?
- Курманбек Салиевич башчылыкка татыктуу инсан. Анын келиши мен үчүн ак жолтой жылдардан болду. Бир эмес, эки жолу декан болдум. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алдым. Ошондой эле жеке турмушумда дагы жакшы жетишкендиктерге жетиштим.

- Коомчулукта боёнбой жүрө аласызбы?
- Жаратылыш берген өң-келбетимден жашырынып, эмнеге уялышым керек? Таптакыр боёк колдонбой деле жүрө берген учурларым болот. Негизи, көп боёнгонду жактыра бербейм. Анан косметикалык каражаттарымдын сапатына аябай карайм.

- Кайда эс алганды жактырасыз?
- Кыялымда кызымды эрчитип алып чет өлкөлөргө саякаттап барып келем. Ушунчалык кооз жерлерди кыдырып, кыялымдагынын баарына жашоомдо жетишсем дейм. Кудай буюрса, ал күндөр да алдыда күтүп тургандыр. Албетте, Кыргызстанда деле кандай сонун керемет, кооз жерлерибиз бар. Акыркы эки айдан бери тынымсыз иштеп жүрүп эс алганды экинчи дагы эмес, үчүнчү орунга калтырып коюптурмун. Ошон үчүн чарчап турган абалымды күчтөп, кечээ Ала-Арча эс алуу жайына жакын санаалаштарым, досторум менен эс алып келдим.


Рахбар АЛЫМКУЛОВА, Самара ЛАТИПОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Клараны сүйүп, Байэлге
ата болом деген ким?

2-бет
Кундуз Таштаналиева:
"Жалгыз жүрсөң, өзүмчүл болуп калат экенсиң"

3-бет
Саясат
4-бет
Коркунучтуу колунан уялган Нурлан
5-бет
Кызганчаактык - таза сезимдин душманыбы?
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
атактуулар ааламында
8-бет
Шоу-бизнестин белгилүүлөрү
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Клара Алибекова:
"Расулдун ички дүйнөсүн сыйлайм"

11-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
12-бет
Ууру болуп калышыма апам түрткү болгон
13-бет
Терчилсизби
Маселеңиз чечилди!

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Элге дем берген "Дем" театры










??.??