п»ї

  күлкү - өмүрдүн мүлкү

Асанкулдун жоруктарынан
"Пиво менен
сийдиктин кандай айырмасы бар?"
Асанкул бир жолу эртең менен: "экинчи жолу ичсем сийдик ичип калайын" деп карганат. Түштөн кийин Асанкулдун буфетке кирип кеткенин байкап калган жолдошу артынан кирип барса, пиво ичип аткан болот.
- Эй, Асаш, сийдик ичейин дебедиң беле?-дейт жолдошу. Анда Асанкул:
- Пиво менен сийдиктин кандай айырмасы бар?-деп камаарабай басып кетиптир.

"Мурдуңду ыш басып калыптыр"
Асанкулдун бир жолдошу тамекини бурулдата тартып түтүнүн мурдунан үйлөсө, бир таноосунан түтүн чыгып, бир таноосунан чыкпайт имиш. Анда Асанкул:
- Эй, мурдуңдун бир таноосун тазалатып албайсыңбы? Ыш басып, түтүн чыга албай жатат,-дептир.

"Кудайым карып калса керек, ээ?"
Асанкулдун атасы Шаршен аксакал өмүр бою оорубай жүрүп, сексен эки жашында аттан түшөрү менен бир кол, бир буту жакшы иштебей калат. "Соо болбой калдым, керээзимди айтам, балдарды чакырт" дейт кемпирине. Ошентип, жыйылып келишип балдары улуулата отурушат. Анда Асанкул бир тууган агасы Эсенкулга шыбырап жатат дейт:
- Байке, байке... Кудай Таалам деле карып калса керек, ээ?
- Эмне болду?
- Атамды бир капталга чала чаап калыптыр...

"Кармабаган
жерим жок, кана
мага бергени?"
Эстебес 60 жылдык тоюн өткөргөндө Асанкул ден соолугуна байланыштуу катыша албай калат да, кийинчерээк байбичесин ээрчитип алып үйүнө барат. Дасторкон жайылып, даам ооз тийгенден кийин:
- Эстеке, убагында катыша албай калдым тоюңа, ийгиликтин кечи жок дейт. Ырчынын сенден кыйыны да, начары да өттү, бирок, сенин бактың баарынан артык экен...-деп дагы жакшы сөздөрдү айтат.
- Ыракмат, Асаш, өзүң айткандай, ушул бактыны Кудай кут кыл деп жакамды үч маал карманам.
- Аның туура, Эстеке, Кудай да бергенине берет тура. Менин деле кармабаган жерим жок, кана мага бергени?-дептир Асакең.


"Апамды чалдар
тегеректеп алышыптыр"
Ошентип, Асанкулдун атасы каза болот. Аны жаңы эле көөмп келип, апасына беш-алты чал көңүл айтып отурса, Асанкул иниси Бектенге:
- Ой, Бектен, алдагы чалдар апамды эмитен эле тегеректеп алышыптыр, ылдам куткарып, биякка алып чыкчы!-деп бакылдаптыр.

"Баранная
парикмахерская"
Асанкул филармонияда көп жылдар администратор болуп жүрөт. Кайсы жерде концерт болгонун толтуруп турчу "наряд" деген бланка болот. Таласта кой кырккан жерге концерт коюп, "Концерт коюлган жер" дегенине "Баранная парикмахерская" деп жазып коюптур.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??