п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-72-001. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана дүйнөдө сүйүү таппай, кең ааламга батпай жүргөн ОП-71-089 абоненти Жылдызбекке арналат. Жылдызбек, сабырдын түбү сары алтын демекчимин. Сага окшоп сүйүү издеген Гука.

ОП-72-002. Гуля-88, Жанусь Роза, Кербен Куба, Айгөлөк, Жака, Жазгүл, Бактыгүл-92, Татина, Айзирек, Эркин КБШ, Бакай, Канжар, Эх Мамбо, Нурмухаммед, Билал козу, Абдаш-Али, мени дагы араңарга кошуп алгылачы. Мен жаңы смсчимин.

ОП-72-003. Сүйүктүү ырчым Жанышев Омар Шейшенбековичке чоң салам. Сага тунук сүйүү жана адамга эң керектүү ден соолук каалайм. Сени чексиз жакшы көргөн жана урматтаган Жанусь Роза.

ОП-72-004. Ак көпөлөк ак гүлгө конобу,/ Чоң жигит, сени менен таанышып алсам болобу?/Гүлдөй назик, гүлдөй өс,/ Бирок, гүлдөй соолуп калба. Ман сизни севаман. 345. 07781137ХХ.

ОП-72-005. Жүрөк боздойт, боздойт неге кайрадан,/ Ызгаар согуп түн түшкөнсүп айланам./ Кыял жетет, колум жетпейт, кантейин,/ Кусалыктын чынжырына байланам. Нурзат 90.

ОП-72-006. Кыздар, смс жазгыла, таанышабыз. Телефонум 0705898949.

ОП-72-007. Урматтуу Бактыгүл-92, сен кандай акылдуу жансың? Жароокер, жагымдуу, сулуу кыздардын катарын толуктап жүрө бер. Ушунуңдан жазба. Тентешка.

ОП-72-008. Назгүл Насиевага: Канатыңыз кенен жайып,/ Учуп жүрүң асманда./ Ак булутту аралап,/ Бакыттын нур шооласында./ Жүрүңүз сиз дайыма. Талантыңызга таазим. Мээрим.




ОП-72-009. Ой, обончулар, мени деле катарыңарга кошуп алгылачы?! Супер смсчилерге кучак жеткис зор салам. Өзгөчө 92лерге жана бактылуу кыз Бактыгүл-92ге. Тентешка.

ОП-72-010. Назгүл Насиева, мен сизди кумир тутуп баалаймын. Сизге ден соолук, чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалайм. Биз сиз менен сыймыктанабыз. Бакирова Мээрим.

ОП-72-011. "Манас FMдин" ди-джейи Айбек Акматовго салам. Мукам үнүңүз, шайыр күлкүңүз мени суктандырат. Жөнөкөйлүгүңүзгө баа бердим. Аселя.

ОП-72-012. Алматыдагы досум Айпери, Ошко келсең мага жолук. Эльвира.

ОП-72-013. Айзада, окууңду ийгиликтүү аякташың менен! Эльвира.

ОП-72-014. Алматыдагы туугандарым Руслан менен Нурик, дипломуңар кут болсун! Качан жууйбуз? Айзадага салам. Эльвира.

ОП-72-015. Баардык чыгармачыл адамдар, силерге кеңешим, Назгүл Насиевадан үлгү алгыла. Өзүңөр деле билсеңер керек, ал күчтүү, патриот адам. 07781079ХХ.

ОП-72-016. Алматыда иштегендерге ийгилик. Барахолка базарында 8-катарында иштеген Куттубек, Жоро, адам көргөнсүңөрбү? Адам арасында өскөнсүңөрбү? Адамды антип тиктебейт жана өткөндө оозуңарга келгенди оттобогула. Атыңарды араң таптым, билсеңер. Элде жок ат экен. Бар болгула. +77014727479.

ОП-72-017. Жылдыз, мен сени сүйөм. Арадан 7 жыл өтсө да сен эсимден чыкпадың. Мелис, Алматы.

ОП-72-018. Мен сени ушунчалык сагынам деп ойлобоптурмун. Бир кезде сен да сагынгандырсың. Аман бол, сүйүүм менин Жылдызкам. Мелис. Алматы.

ОП-72-019. Сенсиз өткөн минуталар кызыксыз,/ Сезимимди сүйүү кылган сулуу кыз./Сезбей аны отко салып кыйнаган,/ Сен өзүңсүң, сүйгөн кызым сен Жылдыз. Мелис.
ОП-72-020. Сүйүүнү бекеринен айтпайт экен,/ Сүйүүнү магазинде сатпайт экен./ Сүйүп жүрүп кызыгына жеткениңде,/ Сүйүү деген өлбөс-өчпөс дейт экен. +996777382107.
ОП-72-021. Саламатсызбы, Наргиза эжеке, кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы? Наргиза эжеке, биз менен кабарлашыңызчы?! Чимкентке концерт уюштуралычы?! Сиз бизге капа болуптурсуз. Бизден кетсе кечириңиз. Телефонду кошуңуз, биз сизге телефон чалабыз. Канат К.
ОП-72-022. "Обондун" жалпы жамаатына жана смсчилерге салам. Ишиңерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайм. Гүлзира.
ОП-72-023. Жараткан бизден жакшылыгын эч качан аябасын. Жараткан ырайымдуу, кечиримдүү, биз да кечиримдүү бололу. Жараткан Алла Таалага тобоо кылып жашайлы. Бизди Аллах жараткан, демек, жаман жолго барбай, жакшы жолго жүрүүгө, кечиримдүү болууга үйрөнөлү. Ата-энелерди аздектеп багып, батасын алалы. Бардыгыңарга Аллах ыраазы болсун! Айзирек.
ОП-72-024. Ильяз Абдыразаков, эмнеге мынча сулуусуң? "Азап" деген ырыңдын клиби супер болуптур. Азаматсың, Ильяз! Ийгилик сага. Нурзат.
ОП-72-025. Табышмак кыз Нур-Айжан,/ Жаралдыңбы сен Айдан./ Жүрөктөгү сырыңды./ Таап алсам не арман? Таир.
ОП-72-026. Обончик! Оболой бергин алыска,/ Окуймун сени дайыма./ Ой-кыялды дегдеткен,/ Обонум жаша даңктана. Гука.
ОП-72-027. Салам, кыргыздын чыныгы патриоттору! Ден соолук, маанайлар жакшыбы? Шайлоого даярдык кандай? Кимди башчы кылышты ойлонуп жатасыңарбы? Эл-жер үчүн күйүнгөн, экономиканы көтөргөн, кыргызды чын жүрөгүнөн сүйгөн, өз эне тилин-дилин, салтын-наркын, баркын билген инсанды тандаңыз. Арам акчага алданбаңыз. Ал эч нерсеге татыбайт. Баарыңарга Алла ыраазы болсун. 07781103ХХ.
ОП-72-028. 14-16 жаштардагы ыймандуу кыздар менен смс аркылуу байланышып, дос болгум келет. 0777758177.
ОП-72-029. Менин жүрөгүмдү ээлеп алган Мирлан, анын досу, Нурселя, Хан-Шай, Мээрим, Элмира, Нурба, Ули, Роха, Акыл, Ачуга салам. Силер бар, жашоо керемет. Силерге мыкты аяш болгум келет. А йдана Анту.
ОП-72-030. Урматтуу менин сүйүктүү досум Урмат, сени менен таанышканыма кубанычтамын. Бар бол, аман бол. Эч качан достугубуз үзүлбөсүн. Сени урматтаган досуң Айзирек.
ОП-72-031. Мен Шымкенттеги Мирлан-Аконга салам жолдойм. Обонтайга чоң рахмат. Супер смсчилерге салам. Амангүл.
ОП-72-032. Саламым Алматыдагы Болашак базарынын 7-8-катарларында иштеп жатышкан Кенже, Асель, Жазгүл, Ева, Диля, Куту, Зийнегүл, Мелис, Урмат, Света, Минура, Салта, Досбол, Нурикке жолдонот. Баарыңарга узун өмүр, ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Алматыдан казак досуңар Амангүл.
ОП-72-033. Кете албадым айла таппай чындап сүйдүм,/ Сени деп түн уйкумдан кечип жүрдүм./ Жаралган жалган дүйнөң мени жеңе албас. Саламат-93.
ОП-72-034. Салам Жылдызбек! Чыда баарына. Сүйүүдөн качып калба?! 18, 30, 60та сүйүү келет башыңа. Телефонуңду жазып койчу. +770298275666.
ОП-72-035. О-у, Назгүл Насиева, карагаттай көздөрүңүз, чийилген кашыңыз, кырдач мурдуңуз, кымча белиңиз, жаралады жүрөктү татынакай назик күлкүңүз. Көз тийбесин, тфу-тфу… 07781079ХХ.
ОП-72-036. Жылдыз, экөөбүз коштошкон күн эсиңдеби? Ыйлатканым үчүн кечир. Мелис. Алматы.
ОП-72-037. Кайран күндөр кечээги,/ Сайран күндөр кечээги./ Жалдырасам суранып,/ Бир кайрылып келеби? Мелис. Алматы.
ОП-72-038. Эх, Мекуля, Мекуля, кайдасың? Амансыңбы, кандайсың? Жүрөт агаң сени издеп. Геркулес Бактияр.
ОП-72-039. Бир Алладан башка ибадатка ылайык зат жок. Ал жалгыз, анын шериги жок. Бир гана Аллага Ибадат кылалы. Майрамбек.
ОП-72-040. "Обондун" смсчилерине салют. Мен супер смсчилер менен таанышкым келет. Смс жазгыла. +77016256321. Алматыдан Амангүл.
ОП-72-041. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Курманбек Бакиевге Алай районунун Жошолу айылынан 10 миң добуш болот. Жусупбек.
ОП-72-042. Ильяз, сүйүүмдү жоготуп сыздап жүргөнүмдө сени "Азап" деген ырың ансайын азапка салды. Уккан сайын көз жашымды төгүп, бугуму чыгарып алам. Клибиңдеги кыздарды мага окшотуп ыйлатып-сыздатып койсоң зор болмок. Азаматсың, ырыңа сөз жок. Гулиза.
ОП-72-043. Рахмат, Замана, сиз да бактылуу болуп, жездем менен ар убак бирге жүрүңүз. Сиз мени сыйласаңыз, Жараткан сизди колдосун. Дайыма ыймандуу, сулуу кыздардан болуп жүрө бериңиз. 05544567ХХ.
ОП-72-044. "Бекжан" базарындагы кыргызымдын сулуу кыздары Бермет, Нурзат, Айзирек, Айке, Айпериге салам. +77022811392.
ОП-72-045. Анара эже, батыраак бизди жезделүү кылыңыз. Ишиңизге ийгилик. Жыпара.
ОП-72-046. Бека, сени аябай жаман көрөм. Амангүл.
ОП-72-047. "Арал" базарында иштеген Венера эжеме, Элмира эже, Айнагүл, Элмирага салам жолдойм. Баарыңарды бакубат жашоо, тунук сүйүү коштоп жүрсүн. +77022503858.
ОП-72-048. Алтындай ардактуу апабыз Жаннатбү, алдыдагы эс алууңуз жакшы өтсүн. Ар дайым биздин маңдайыбызда күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болуп, бетиңизге бырыш түшпөсүн, ээ? Айдана Анту.
ОП-72-049. Жүрөктөн чыккан саламым смсчилер Айгөлөк, Айзирек, Мээрим, Бактыгүл-92, Нио Кундуз жана жандай көргөн бөлөлөрүм Асылкан, Алика, Санжар, Өмүш, Гуля, Жигит, Жолчу, Аман, Кубат, Жайна, Нургүл, Элмира эжелериме, байкелериме жана да таякелериме, таажеңелериме, Асел, Роза, Айнура, Гужу, Анара, Айгүл, Жази, Гупу, Катя, Иляз, Нурлан, Нуржигит, Манас, Бектемирлерге жолдонот. Алтындарым, бактылуу болгула. Жолуңар ачык болсун. Айдана Анту.
ОП-72-050. Саламым Алматыда иштеп жаткан досторум Жибека, Бурулка, Венера, Зуля, Гүлзирага жолдонот. Баарыңарга ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Бактылуу болгула. С…
ОП-72-051. Аман жаным, мен сени чексиз сүйөм. 07772062ХХ.
ОП-72-052 . Дайыр ака, кандайсыз? Сиз менин чоң апамдын баласы болосуз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Талантыңыз ташкындай берсин. Биз сиз менен сыймыктанабыз. Астанадан мырзакелик Фарида.
ОП-72-053. Телефон аркылуу таанышкан досум Перизатка жалындуу ысык салам жолдойм. Перизат, эгер окуп калсаң, сенден сураныч, тезирээк келчи?Сени күткөн Нур.
ОП-72-054. Алматынын "Болашак" базарынын 7-катарынын 53-контейнеринде иштеген Жанна эже, келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Балдарыңызга мээримдүү эне, Бакыш аканын сүйүктүү жары болуп жүрө бериңиз. Света, Айгерим.
ОП-72-055. Адеми, сени менен "Обон" аркылуу кабарлашканыма кубанычтамын. Азырынча өзүмдүн номерим жок, соткамды уурдатып жибердим. Урматым менен Жеңиш Кроша.
ОП-72-056. Байкуш Майл Джексондун тапканынын баары эле башкаларга буюруптур да. Аябай эле тоношкон экен. Ак көңүл, мээримдүү киши экен эле. Бейишке кетсин. Мээрим.
ОП-72-057. Бактыгүл Бадыева, сизди аябай жакшы көрөм. Жигитиңиз менен бактылуу болуңуз. Аскат Алдашев, сен да. Билерманка.
ОП-72-058. Назгүл эже, сиздин мага баскан-турганыңыз, кийингениңиз, сүйлөгөнүңүз, күлгөнүңүз, кыскасы, бардык сапаттарыңыз жагат. Мен сизди чыгармачыл адамдардын ичинен өзгөчө баалайм. Сиздин жүрөгүңүздө кандайдыр бир патриоттуулук сезим бар. Сиздей адамды тарбиялап-өстүргөн ата-энеңизге чоң рахмат! 07781079ХХ.
ОП-72-059. "Обондун" смсчилери менен достошкум келет. Даниэлди жактырган Алинага чоң салам. Билерманка.
ОП-72-060. Аскат Алдашев, үнүңүз керемет экенин билесизби, же билбейсизби? Билерманка.
ОП-72-061. Алина, мен сени сүйөм, жаным. Сени сагындым, алтышка. Качан келесиң? Эрназар.
ОП-72-062. Сагынычтуу саламым Хан-Шай, Барбиге жолдонот. Кыргызстандан четте жүрөсүңөр сагындырып. Силерге бекем ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Бизди унутпай смс жазып тургула. Айгөлөк.
ОП-72-063. Айылда зериктим. 16-17 жаштардагы кыздар менен смс аркылуу таанышам. Маяк бербегиле. 07777581ХХ.
ОП-72-064. Казанский вокзалда гезит саткан Мадина, мага телефон чалып койчу? Самара.
ОП-72-065. Принцесса Нури, мектепти ийгиликтүү аякташың менен куттуктайм. Санжар.
ОП-72-066. "Обондун" супер смсчилери, бар болгула, бактылуу болгула. Кудайым ар дайым силерди колдосун. Зуля.
ОП-72-067. Атам Турдубек, апам Мирага салам жолдойм. Ар дайым биздин бактыбызга бар болгула. Зуля.
ОП-72-068. Өзгөн районунун Красный Маяк айылында жашаган эжем Айжамалга, жездем Муратка жана каймагыбыз Мээримайга чоң салам. Мейкага Кудайым узун өмүр берсин. Айсулушка 92.
ОП-72-069. Узак дечүм биздин ошол жолдорду,/ Улуу сезим учту бизге конбоду./ Таттуу кечтер, жалбырактар, жылдыздар,/ Баары жансыз, шамал согот болгону. Иман.
ОП-72-070. Эң жакын чыныгы досторум Наргиза, Таттыгүл, Жылдыз, Бегайымга сагынычтуу ысык салам жолдойм. Эс алууңар ойдогудай өтсүн. Бегай, ЖОЖго ийгиликтүү тапшырышыңа ишенем. Акбермет 93.
ОП-72-071. Астанадагы Өмүргө салам жолдойм. Сиз менен таанышканыма кубанычтуумун. Өмүрүңүз узун болсун. Ишиңизге ийгилик. Алматыдан Амангүл.
ОП-72-072. Апашкам, туулган күнүң куттуу болсун,/ Ылайым өмүрүңүз узун болсун./ Жараткандан сурайбыз жакшылыкты,/ Ыйманды, ынтымакты, Айдай бакты./ Бактылуу болуп жашаса балдарыңыз,/ Ана сизге андан ашкан бакыт барбы? Балдарыңыз.
ОП-72-073. Өзгөндө жашап жаткан досум Арзуу 90, таарынбачы? Чынын айтканда, убакыт болгон жок менде. Сени сагындым. Алматыга качан келесиң? Амангүл.
ОП-72-074. Жубайым Тумар, кызым Аизаны абдан жакшы көрөм. Максат.
ОП-72-075. Алтын кызым Есфира, сени 4-июлда 1 жашка толушуң менен куттуктайм. Мени сүйүнтүп маңдайымда Аман бол! Сенден үмүтүм чоң . Сени жакшы көрөм, кызым! Апаң Айка.

ОП-72-076. Менин кумир туткан ырчым Ильяз Абдразаков тууралуу көбүрөөк маалымат бергилечи. 07775365ХХ.
ОП-72-077. Ай чырайлуу, сүйлөсө оозунан бал тамган, жүрөгү ыйманга, жүзү нурга толгон, кыргызымдын чыныгы мусулман кыздары менен туруктуу мамиле түзүүнү каалайм. 0556939380 номерине байланышкыла. Азамат.
ОП-72-078. Мен ыймандуу 16-17 жаштагы кыздар менен таанышам. 0773236546.
ОП-72-079. Назгүл Насиевага: Талыкпаңыз алга карай жылыңыз,/ ар дайым ден соолукта жүрүңүз./ Чыгарыңыз кыргыздын чыгаандарын,/ сиз менен сыймыктанат элиңиз. Мээрим.
ОП-72-080. Кыз-келиндер менен таанышам. 0700127212.
ОП-72-081. Саламым балам Айбекке, кызым Айбийкеге жолдонот. Ар дайым аман болгула, Кудайдан экөөңөрдүн ден соолугуңардын чың болушун күнү-түнү тилеймин. Эч качан оорубагыла. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Кудайдын сүйгөн пендеси болгула. Силерди сагынган апаңар Алматыдан Анара.
ОП-72-082. Мен кыздар менен таанышам. 0550426951
ОП-72-083. Наргиза эже, Гүлзада, Айдай, кыргызымдын ыймандуу кыздарынан болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Айка 92.
ОП-72-084. Саламым алтындан ардактуу, күмүштөн сымбаттуу, пейли кенен, бирдиги түгөнбөгөн байкелериме, эже-сиңдилериме жана досторума жолдонот. Эс алууңар ойдогудай өтсүн.07077702ХХ.
ОП-72-085. "Кулагерде" 1-катар, 106-контейнерде отурган жигит, неге мынча көзүң сулуу? 07702618ХХ.
ОП-72-086. Жашоо таттуу, бирок, сенчелик эмес,/ баары сүйөт, бирок, менчелик эмес. Бул саптар Аэродромдо турган Исламга арналат. Сени сүйгөн мен.
ОП-72-087. Салам "Обон"! Султан Садыралиевдин администратору Канат байке, биз сизди жана Султанды абдан сагындык. Качан келесиңер Астанага? Канат байке, Алматыда эле жүрө бербестен биз жакты да унутпаңызчы, сураныч! Биз силерди сүйөбүз, эч кимге теңегибиз да келбейт. Силер суперсиңер. Айка, Эля.
ОП-72-088. Балыкчыда жашаган таенеме, апама, Мира эжеме, Үсөн абама, Жамал жеңеме, Нуриге, Нурдинге салам жолдойм. Мен силерди эч качан унутпайм. Э…
ОП-72-089. Мен Өзгөн районунун Кароол айылындагы 1987-жылкы досторума чо-оң салам жолдойм. Алматыдан Медербек.
ОП-72-090. Урматтуу "Обондун" жалпы жамааты, сиздер менен достошууну каалайм, бирок, номеримди жоготуп алдым. Ошондуктан, жалпыңыздардан кечирим сурайм! Бактыгүл 92.
ОП-72-091. Менин саламым досторум Ангел Асем, Жанусь Роза, Макуся, Бакайга жолдонот 07734051ХХ.
ОП-72-092. А кын, журналист Нуржамал Шакирова, талантыңызга таазим. Алла ыраазы болсун. "Ачык саясат" гезитине берген катыңызды окудум, элибизде сиздей патриотка эжелерибиз көбөйсүн. Билал козу.
ОП-72-093. Саламым обон гезитинин жалпы жамаатына, окурмандарга жана смсчилерге жолдонот +777791016ХХ.
ОП-72-094. Кыздар менен таанышам. Номерим 0557747079. Даниэль.
ОП-72-095. Сага деген сүйүүм алоолоп оттой күйүп жанат. Бирок, мага капа болбо, сени жаман көрөм, ошол эле убакта чексиз сүйөм. Аман бол! Сен ооруба, сенин ордуңа мен ооруюн жаным. Мен сенсиз жашай албайм, жашасам да унута албайм! Бактылуу бол.05544567ХХ.
ОП-72-096. Жаркырап чыксаң сахнадан,/ кызганам сени башкадан./ Бар болду бекен менчелик,/ Султан деп жашаган./ Атагың чыксын Манастай,/ андан кем сенин кай жериң. Суктансын сага бүт аалам,/ кара көз сулуу Султан. Арзуу 90.
ОП-72-097. "Обон" аркылуу таанышкан досторум Алматыда иштеп жаткан Дилшатка жана Айзадага ысык салам. +796514627ХХ.
ОП-72-098. Менин "крутая" эжелерим Венера, Калбү жана бизнесмен эжем Нуржан, ишиңиздерге ийгилик , ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Калбү эже, кристаллды жакшы караң. Венера эже, Гүлнара банкы дагы да болсо өсүп-өнүгө берсин, бай болгула, бар болгула! Замана.
ОП-72-099. Бүгүнкү кыргыз бийлиги руханий-нравалык, саясий- моралдык жагынан айыкпас илдетке чалдыккан "оорукчан" бийлик. Демек, аны тезирээк алмаштырыш керек. Жаныбек, Кочкор.
ОП-72-100. Бардык смсчи досторума жалындуу чоктой ысык салам. Мен баарыңарды сүйөм. 07700307ХХ.
ОП-72-101. Алматынын Аэродромный кичирайонунун Зуберева көчөсүндө жашаган кара-балталык Айзирек, ушул номерге смс жазып койчу, суранам. +77024107390.
ОП-72-102. Өзгөн районундагы күрөш залынын катышуучулары, Арсланбапта болгон эс алууңар көңүлдүү өтүп жатабы? Тезирээк келгиле. Замана.
ОП-72-103. Саламатсыздарбы,ардактуу "Обон". Менин сүйүктүү, кымбаттуу кумир туткан ырчыларым Неля эже, Урмат байке, бактылуу болгула, бал шириндер! Неля эже, Урмат байке, эгер кыздуу болсоңор мен үчүн кызыңардын атын Ангел Асем деп коюңуздарчы, суранам. Сиздерди терең сүйүп, урматтаган күйөрманыңар Ангел Асем.
ОП-72-104. Мен кыргызымдын сулуу, ыймандуу жигиттери менен таанышам. Маякка жооп жок. 0772254086.
ОП-72-105. Каракол шаарындагы Д.Шопоков атындагы №4-орто мектебин бүтүргөн 1990-жылкы классташтарыма салам. Баарыңарды жакшы көрөм, сагындым! Классташыңар Өскөн кызы Сезим.
ОП-72-106. Жанусь Роза, чалсам "андай номер жок" дейт. Убагында чалалбай калдым, кечирим сурайм. Билал козу.
ОП-72-107. Мен чыныгы дос тапкым келет. 0773405124, 0550144195, Маяк бермей жок, смс жазсаңар болот. Нарциска.
ОП-72-108. Менин жандай жакын көргөн досум Мээримдин 5-июль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардык жакшылыктарды каалайм. Жаку.
ОП-72-109. Урматтуу "Обондун" жалпы эмгек жамааты, сиздерден сураныч, менин смс каттарымды гезит бетине жарыялап коюңуздарчы. Сиздердин эмгегиңиздерди баалап, терең урматтаган Гуля 88.
ОП-72-110. Казыбекова Эльнура Мамасалиевнага: Тилеген тилегиң, таттуу кыялдарың орундалсын, жүрөгүң ыйман менен нурдалсын, ар дайым шаңдуу каткырып, эч капаланбай, жигиттерди суктандырып коюп жүрө бер! Гуля 88.

ОП-72-111. Менин сагынычтуу саламым акылдуу сиңдилерим Ангел Асем, Меришка 92, Бибинур, Макусяга жолдонот. Жүрөгүңөр ыйман нуруна толсун, өмүрүңөр узун болсун, тилеген тилегиңер орундалсын, адам баласынын башына бир келген татыктуу, таттуу, түбөлүктүү сүйүүгө кабылып, анын баркына жеткиле демекчимин. Сый мамилебиз эч качан үзүлбөсүн. Терең урматым менен Гуля 88.
ОП-72-112. Менин саламым таланттуу ырчы жигит Ильяз Абдразаковго жолдонот. "Арманым" деп канча кызды ыйлаткан, ыйлаганды кайра "Эркем ай" деп соороткон, "Карындашым" деп созолонто үн созгон, бейишим таман астында деп энекесин кубанткан, "Лейли" десе баткан күн кайра аткан, "Азап" деп ырдаса кандай гана жан болбосун мукам үнү менен өзүнө тарткан! Сенин талантыңа таазим этем, чыгармачылыгыңа албан-албан ийгиликтерди каалайм!!! Гуля 88.
ОП-72-113. Айжан, кайда жоголуп кеттиң? Же мага таарынып жүрөсүңбү? Мени менен кабарлаш +77026138381.
ОП-72-114. Токтогулда жашаган апам Бурул, атам Алтынбекке жана ошондой эле Эгембердиевдерге жана жалпы токтогулдуктарга салам жолдойм. 07733514ХХ.

ОП-72-115. Кыргызымдын патриотторуна салам! Кыргызстан өзүбүздүн колубузда! Бийиктерди багынткан, кыргыз атына ылайыкташкан, бабаларыбызды ыраазы кылган, ыймандуу эл болобуз. Зарема 94.

ОП-72-116. Ассалому алейкум, урматтуу кыргыз элим! Менин сагынычтуу саламым, албетте, бул мен сүйүп окуган "Обон" гезитинин жалпы эмгек жамаатына. Нускаңыздар көбөйүп, окурмандарыңыздар эч үзүлбөсүн. Кажыбас кайрат, ак дилден жасаган эмгегиңиздердин акыбети кайтып, ар дайым окурмандардын алкыш сөзүнө татыктуу болуп жүрө бериңиздер! Сиздерди терең урматтап Гуля 88.

ОП-72-117. Сүйбө мейли, сүйбөдү деп таарынбайм, Муңга батып капалыкка багынбайм. Элесиңди сактап өтөм жүрөктө, Балким эми сендей жанга кабылбайм. Сен сыяктуу жигитти сүйдүргөн, Тагдырыма мен эч качан таарынбайм. Нурзат 90.

ОП-72-118. Салам достор. Сагындым го, эмне байланышбай, көрүнбөй баратасыңар?! Келгиле смсчилер чогулуп ынтымактуу бир команда бололу. Макуся, эмне жоголуп кеттиң? 0707770206га байланышып тургула. Нурзат 90.

ОП-72-119. Жалпы кыргыз элиме салам! Гүлшайыр.

ОП-72-120. Менин сүйүктүү досум, Ажыбекова Лунарага супер салам. Досуң.

ОП-72-121. Салам "Обон". Алихан, Даниел, Сокулука качан келесиңер? Рианна.

ОП-72-122. Менин саламым карындашым, Нурзатка. Ар дайым ден соолукта бол. Сени сагындык. Москвадан акең Адилет жеңең Гүлзада.

ОП-72-123. Кыздар менен таанышам. Номерим 0777712753. Нуртилек.

ОП-72-124. Чоң Алайлык досум, Жанаев Жыргалбектин 5-июль туулган күнү менен куттуктайм! Баха.

ОП-72-125. 23-июль президенттик шайлоодо, Атамбаевди колдосок, келечегибизден үмүт чоң. Жашообуз оңолот, мекенибиз гүлдөйт, өнүп-өсөт. Урматтуу кыргыз элим, келечегибиз өзүбүздүн колубузда. Жибек.

ОП-72-126. Жигити жок кыздар менен таанышам номерим 0777155381.

ОП-72-127. Кыйналдым, бир өзүм жалгыз жашап сенсиз,/ Оңбогон жаным азап тартат сенсиз./ Жолуңду караган бир Таир эмес,/ Томсоруп калды Жалал-Абад сенсиз. Таир.

ОП-72-128. Кыргызым! Камбар-Атаны орустарга, Көлүбүздү казактарга, базарларыбызды кытайларга берип салдык, өзүбүздү Кудай сактасын эми. Билал козу.

ОП-72-129. Баарыңардын үй-бүлөңөргө тынчтык, бейкутчулук каалаймын! Заманыбыз тынч болуп, жараткан дайым бизди колдосун!Жаштарга ыйман жана тунук сүйүү каалайм. Урматым менен Айзирек.

ОП-72-130. Кадырман калың элим, Баатырбек агайыбыздын касиеттүү даары суусунан ичиңиздер. Мен да ичип азыр жакшы болуп калдым. 0551 005239 номерине чалгыла баардык ооруга даба бар. 05510052ХХ

ОП-72-131. Жака Жазгүл, номериңди жоготуп алдым. Билал козу.

ОП-72-132. Менин саламым досторума жана Аскат байкеге жолдонот. Аскат Алдашев эмнеге телефонуңузду көтөрбөйсүз? Сизди терең урматтап Билерманка.

ОП-72-133. Түпсүз санаа, уйкусуз түндөр… Бүткүл жүрөгүмдү багындырган, Ат-Башы районунун Калинин айылындагы Сьезбеков Урматка арналат: "Сиз" деп соккон айыктыруучу бир дары бар, ал сизди көрүп, көңүлүмдөгү дартты бир аз тынчтандыруу. Балким, мен жоопсуз сүйүүгө кабылгандырмын, сизди жакшы көрөрүмдү унутпаңыз. Айка.

ОП-72-134. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты? Чачтын түшкөнүн кантип токтотсо болот? Ошол туурасында кенен маалымат жазгылачы сураныч. 07733964ХХ.

ОП-72-135. Жээнбек, сенин оюңа кошулабыз. "Обон" лампочкаларды "жылдыздар" деп жазбагылачы. Алматыдан окурмандарыңар.

ОП-72-136. Сүйүү болсо, ажырашуу болбосо,/ Сүйгөн жигит, түбөлүктүү ойлосо./ Сүйүп жүрүп аягына келгенде,/ Кош бол деп, колун шилтеп койбосо. Тилек, мен сени дагы да болсо жакшы көрөм. Сырдуу кыз.

ОП-72-137. Баарын билүүчү, көрүүчү бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да бизди сындаган Аллахым. Аллага сыйыналы, түз жолдо жүрөлү, эч убакта жалган сүйлөбөйлү, шек келтирбейли, достор, аны унутпайлы! Сырдуу кыз.

ОП-72-138. Менин сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Сага ийгилик. Сырдуу кыз.
ОП-72-139. "Обондун" окурмандарына супер, ысык салам жолдойм. Ар дайым бар болгула! Шайыр.

ОП-72-140. "Обон", Айдин Шер тууралуу көп-көп маалымат жазыңыздарчы, суранам. Шайыр.
ОП-72-141. Татина апчемдин кызы, менин ширин сиңдим, Эсфиранын 4-июль туулган күнү менен куттуктайм. Алтыным эч убакта ооруба, жашоодо эч жамандык көрбө. Ангел Асем.
ОП-72-142. Саламым сүйүктүү сиңдим Айзирекке, Алтынга. Алтынга алмаштыргыс, күмүшкө салыштыргыс менин асылым кай жерде жүрсөң да, кандай өмүр сүрсөң да эң башкысы аман болуп, бактылуу бол! Сени мага жолуктурган жаратканга чексиз ыраазымын. Сени сыйлаган эжең Бактыгүл 92.
ОП-72-143. Салам "Обон"! Салам эли-журтум жана Кыргызстаным! Менин саламым Талас областына караштуу, Кең арал айылында жашап жаткан сүйүктүү апам Гүсайрага, карындашым Гүлназга жолдонот. Ден соолугуңар бекем, өмүрүңөр узун болсун. Ар дайым биздин маңдайыбызда күлүп жайнап, жүрө бергиле. Эли-жериме тынчтык, токчулук, молчулук каалайм. Жаштарга ыйман каалайм. Акназар.
ОП-72-144. Өзгөн районунун Миң-Өрүк айылындагы Төрөгуловдордун баарына салам жолдойм. Ар дайым ден соолукта болуп, жашоодо эч жамандык көрбөй менин бактыма бар болуңуздар. Ызатым менен Махабат.
ОП-72-145. Баткендеги 92лерге салам. Дерзайте, братвы! 07772501ХХ.
ОП-72-146. Сүйүү дейсиң, чын сүйүү барбы?/ Кыздардын жүрөгү сүйүүгө зарбы?/ Бирин жандап, бирин дейсиңер,/ Эх, жигиттер, силерде ар-намыс барбы? Акпейил.
ОП-72-147. Каракулжа районунун борборундагы мечиттин айланасында жашаган 18-25 жаштагы улан-кыздар менен достошом. Сөзсүз звандагыла. Маякка жооп жок. Клара.
ОП-72-148. Жаш жүрөктү билинбеген ийне сайса, же бечара жүрөк тикенекке бөлөнүп тымызын кыйналып кордукта болсо, экинчинин көздөрү аянычтуу жаштарга толуп, анын да жаш жүрөгү оорур беле? Дүйнөнүн күлгүн жыргалын табууга эмнелер керек? Акпейил.
ОП-72-149. Мирбек Атабеков, талантыңыз ташкындай берсин. Кайда, качан, эмне болбосун жакшылыкка умтулуңуз. Ниетиңиз таза, жүзүңүз нурлуу, жүрөгүңүз сырдуу болсун. Аллахым сизге түбөлүк ыйман кутун чачыратсын. Талантыңызга ийилип таазим эткен фонатка кыз Акпейил.
ОП-72-150. Урмат&Неля, сиздерге көз тийбесин. Чексиз бактылуу болуңуздар. Талантыңыздарга там берип, терең таазим этем. Неля эже, жөнөкөйлүгүңүздөн эч качан жазбаңыз. Келишимдүү келин, үлгүлүү эне, Урмат байкеге жароокер жар болуңуз. Акпейил.
ОП-72-151. Саламым "Обондун" принцессасы Нуриге жолдонот. Сага айтарым: сен сүйүп кыйналып, жетпей жүргөндөн көрө сени сыйлаган, сени сагынган адам менен бактылуу бол. Сендей кыздар дүйнөдө аз кездешет. Сен сулуусуң, назиксиң, койчу, эмнесин айтайын, аялдык жакшы сапаттардын баары сенде. Урматым менен Акпейил.
ОП-72-152. Менин сүйүктүү жандарым Ангел Асем, Акпейил эжелериме салам. Мен сиздерди сыйлайм жана урматтайм. Сиздердин шириниңер Айзирешка.
ОП-72-153. Привет, Айгерим. Я смс, которому поручено передать тебе не ограниченное количество самых нежных поцелуев! Улан.
ОП-72-154. Арман болбой ардагым бол,/ Жүргөнүм болбой жүрөгүм бол./ Түбөлүк менин сүйгөнүм бол. Жаным Эмир, батыраак кел, сагындык. 07702919ХХ.
ОП-72-155. Ура! Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун баалуу эстеликтер тизмесинде! Таир.
ОП-72-156. Досум Айдана Анту, сага чо-оң салам. Келечекте өз теңиңди таап, бактылуу кыз бол. Досуң Мээрим92.
ОП-72-157. Принцесса Нури, принциң Бунет сенин гезитке жазган смсиңди окуйбу? Артур.
ОП-72-158. Урматтуу "Обондун" мыкты смсчилери Абдаш-Али, Билал козу, Бакай жана Э.Дима, сиздердин билдирүүңүздөр абдан маанилүү жана кызыктуу. Ушул калыбыңардан жазбагыла. Сиздерди терең урматтап Бактыгүл92.
ОП-72-159. Жашоодо жалгыздыктан тажадым. Мага жар таап берүүңүздөрдү өтүнөм. Улан.
ОП-72-160. Россияда иштеп жаткан апам Айгүл, эжелерим Калбү, Мира, Мейликанга салам жолдойм. 07772906ХХ.
ОП-72-161. Cүйүү, сүйүү деп коёт,/ Сүйүү ойду жеп коёт./ Өз оюмду жеп коём, себеби, мен аны кумир тутуп, сүйүп келем. Сырдуу кыз.
ОП-72-162. Саламым супер ырчы Даниэлге жолдонот. Даниель, сиз суперсиз. Мен сизди абдан жакшы көрөм. Сиздин күйөрманыңыз Алина.
ОП-72-163. Ислам, мен сени сүйөм. 07736679ХХ.
ОП-72-164. Менин сүйүктүү ырчым - бул албетте, супер ырчы Мирбек Иманбеков. Сизге ден соолук каалайм, бар болуңуз, аман болуңуз. 07736679ХХ.
ОП-72-165. 18-30 жаштагы демөөрчү кыз керек. Номерим 0555154794. Куту.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??