шоу дүйнө

Райхан ак
өргөӨлүү болду
Учурда ырчы Райхан Абдувалиева Асанбай кичирайонунан эки бөлмөлүү квартира сатып алып, жакшылыгын сахналаш достору, жакын туугандары менен бөлүшүп жаткан кези. "Акыркы эки жылдан бери жер үйдө жашачумун. Эми бардык шарттары менен көп кабаттуу үйлөрдөн квартира сатып алып, жыргап эле калдым" дейт Райхан эже.

Шаңдуулукту
каалаган
Ислам Акматов
Жаш ырчылардын бири Ислам Акматов күйөрмандарын жаңы идеялары менен сүйүнтөт. "Кечээ эле студент элем, бүгүн минтип Юридикалык Академияны аяктап, дипломдун ээси болдум" дейт ырчы кудуңдап. Ислам буга чейин жай, кайгылуу ырларды аткарып, келсе, окуудан биротоло колу бошоп, репертуарына шаңдуу жаңы ырларды кошту.

Кыргызстан обондору "шеф" издейт
"Кыргызстан обондору" радиосу ар бир айдын башында кайрымдуулук акцияларын жүргүзүп, балдар, карыялар үйлөрүнө моралдык жана материалдык жардамдарын көрсөтүп келет. Радионун жалпы жамааты июль айынын башында 240 адам жашаган карыялар интернатына барып, алардын жашоолору менен таанышып кайтышты. "Кыргыз айыл чарба азык түлүк корпорациясынын" демөөрчүлүгүнүн алдында аларга белек-бечкетерди тапшырышып, түз байланышка чыгып каалоо-тилектерин айтып көңүлдөрүн көтөрүштү. Ошондой эле учурда жүрүп жаткан "Кыргызстан обондорунун шефи" аттуу акцияга бардык угармандардын катышууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Акциянын жүрүшүндө эң көп смс жөнөткөн угарманга белектер ыйгарылат. Акцияда "шеф" деп тандалган угарман өзүнүн жаңы идеялары менен бөлүшүп , беш күн бою кадимкидей ди-джейлерди башкарып радиодо кызмат өтөгөнгө мүмкүнчүлүк алат.

Сыймык Токтогулга кафе ачты
Жаш-кары дебей баардыгы бирдей жактырган обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев туулган жерине "Каныкей" деген аталыштагы кафе ачты. Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт дегендей, 6-июлда кафенин ачылыш аземин жасап, аттуу-баштуу ак сакалдардан, айылдаштарынан жана сахналаштарынан бата алды. Токтогул жергесине мындай кафени ачуу ырчынын көптөн бери пландап жүргөн максаттарынын бири болсо, бир жагынан туулган жерине тартуулаган белеги болду. Эскерте кетсек, кафе ырчынын эрке кызы Каныкейдин атынан коюлган.

Тата Улан кыргыздын
жүзү болду
Акыркы убакта Тата Улан аттуу өзгөчө ысым көпчүлүктүн көңүл борборун бийлеп келет. Анын өнөрүнө бир гана кыргыз эли сыймыктанбастан, чет мамлекеттиктер да суктанып, эл аралык фестивалдарга чакыруулар келип түшүүдө. Жакында эле Түркиянын Деңиздүү шаарында өткөн "Түркчө көз караш" аттуу фестивалга Кыргыз-Түрк Манас университетинин атынан Тата Улан катышты. 18 мамлекет катышкан фестивалда кыргыздын чыныгы жүзү болуп, манас айтып, кыргыз жыттанган ырларды аткарып Кыргызстандын атын чыгарып келди.

"Күзгү нөшөр" Аваздын
аткаруусунда
"Айганыш", "Кошуна кыз" аттуу ырлары менен кыздардын көңүлүн алган Аваз Акимов Сыймык Бейшекеевдин "Күзгү нөшөр" аттуу ырын кайрадан жаңылап ырдап чыгат. Ырга клип тартууну да пландап, учурда клиптин сценарийине жараша Бишкек шаарынан кооз жерлерди тандап жатышат. Баласы үчүн эч нерсесин аябаган Сыймык Бейшекеев "Күзгү нөшөрдүн" клибин өз мойнуна алып, жаңы клип тарттырып бермекчи.