п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

Дайыр Исмадияров:
"Мончодон көңүлүм калган"
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын коногу жаш ырчы Дайыр Исмадияров болуп, күйөрмандар менен жолугушту. Эки сааттан ашык убакытка созулган баарлашууда Дайыр баардык суроолорго тамаша-чын аралаштырып жооп берип окурмандардын боорун эзди. Аягында өз колу менен дарбыз кесип берип, атайын күйөрмандарга арнаган белектерин тапшырды.

1986-жылы 16-июлда Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. КГУСТАнын инженердик факультетинин психология бөлүмүн бүтүргөн.

Динара
- Дайыр, сени менен жакындан көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Жайкы эс алууну кантип өткөрүп жатасың?
- Жайдын алгачкы айларында эс алууга убакыт болгон жок. Жаңы клиптерди тарттырып, ыр жаздырып дегендей. Эми июлдун төртүнөн баштап Ысык-Көлгө барганы жатам. Жай мезгилин Ысык-Көлсүз өткөргөн адам арманда калат болуш керек.
- Сени корейлерге же кытайлыктарга окшоштурабыз. Кыргыздын эле баласы болосуңбу?
- (Күлүп) Чынында атама бир аз гана окшош жактарым болбосо, үй-бүлөбүздөн мен эч кимге окшошпойм. Көпчүлүгү мени кыргыз эмес деп ойлошот экен. Менин каным да, жаным да, тилим да, дилим да нукура кыргыз. Өзүм төрт бир тууганмын. Эки эжем, бир агам бар, мен болсо үйдүн эрке кенже баласымын.
Жаңыл мырза
- Шоу-бизнеске аралашып калганыңа өкүнбөйсүңбү?
- Мен Оштогу Кыргыз-Түрк лицейине өткөнүмдө ата-энем каршы болуп окутпай коюшкан. Анткени ал жактын тартиби катуу болчу. Менин көзүмдү карап, эркелетип өстүргөндүктөн, башкалардан тил угуп калбасын дештиби, ыйлаганыма карабай жиберишкен эмес. Ошондон кийин көгөрүп шоу-бизнеске кирип кеттим. Анда мага бут тосо алышкан жок, тоспойт да болушчу. Лицейде окубай калганыма өкүнөм, бирок, шоу-бизнеске аралашып калганыма эч убакта өкүнбөйм.
- Эне баарынан кымбат эмеспи. Апаңа берген өзгөчө белегиң эмне болгон?
- Жаңы студент болгондо биринчи жолу 210 сом стипендия алгам. Апамды сүйүнтөйүн деп акчамды коротпостон айылга салып жиберсем, апам "Муну мен эмне кылмак элем, аз акча үчүн убараланган балам, ай" деп менин ийгилигиме кубанып, эжелериме ыйлаптыр. Андан кийин кымбат белек алып барсам дагы, 210 сом бергенимди эстеп күлүп калат.
Гүлзина
- Жакын адамың сени таарынтса кантип жазыласың жана башкаларды таарынтып алуудан чочулайсыңбы?
- Мени таарынтса сүйлөбөй койгонго аракет кылам. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин унутуп калып кайра сүйлөп алам. Өзгөчө үйдөн карындашымды тамашалайм деп көп таарынтам. Анын таарынычын жаза албай диско клубка алып барам дей берип, жыйырма клуб карыз болдум. Убакыттын тардыгынан айтканымды аткара албай уят болуп жүрөм.
- Кандай учурда калп айтасың?
- Калп айткан учурлар болот. Көбүнчө апамды сарсанаа кылбаш үчүн калп айтам. Себеби, менин машина айдашыма апам каршы болуп корко берет. Майда-барат маселелер болуп калганда же бир жерим ооруп турса, менде баары жакшы деп калп айтам. А чындап адамга калп айтып, качып жүргөн жан эмесмин. "Калптын казаны кайнабайт" дегендей, казанымдын кайнап турушун каалайм.
- Продюсериң экөөңөрдү тууган деп угабыз, чынбы?
- Продюсерим Канат Кадыржан экөөбүз бөлө болобуз. Бирок ортобуздагы тууганчылык арткы орунда турат. "Соодада достук жок" дегенди туу тутуп, нааразы болбогондой так иштөөгө аракет кылабыз. Башында Канатты тоготпой баш ийчү эмесмин. Бара-бара өзүмдүн кемчиликтеримди сезип продюсеримдей олуттуу мамиле жасап калдым.
Айгүл
- Нарындан тушоо кесүү концертиңди берип, козу, эчкилерди чогулттук дедиңер эле. Аларды эмне кылдыңар?
- Ооба. Нарын шаарынын Драм театрында тушоом кесилип, жеке концертимди берип келдик. Эки күн тең эл жакшы келип аншлаг болгон. Экинчи күнү сегиз адам келип эки эчки, бир козуну билеттин ордуна алгылачы, мал базарга сатканга убакыт болбой калды деп калышты. Анан сегиз билеттин ордуна үч малдын башын алып концертке киргиздик. Азыр алар Нарындын бийик тоолорунда багылып жатат.
- Атактуулук, сулуулук, байлыктын кайсынысын тандайт элең?
- Мм... ойлоно турган суроо экен. Сулуулукту мен өзүмдөн эмес, кыздардан издейт элем.
Сулуулук табияттан боло турган нерсе, ал эми атактуулук менен байлыкка аракет кылсаң жетесиң. Эгерде ушул үчөөнүн бирөөсүн гана танда десе ойлонуп туруп атактуулукту тандамакмын. Анткени байлыкты ар бир адам тапса болот. Атактуулук миңдин бирине туш келет эмеспи, ошондуктан атактуулукту тандамакмын.
Мыскал
- Кыз менен жигиттин ортосундагы сүйүүдөн тарбия алса болот дегенге ишенесиңби?
- Ишенем. Мага балалык сүйүү төртүнчү классымда келген. Бир кызды катуу сүйүп калып кат жазгам. Ага жакшы көрүнүш үчүн сабактан калбай, тартиптүү бала болгонго аракет кылчумун. Оюмдун баары ал кыз болуп көпкө кыйналгам. Ошентип жүрүп мамилебиздин аягы эмне болуп бүткөнү белгисиз эле бойдон калган. Азыр классташтарыма жолукканда мектептеги "ха-халарды" эстеп "прикол" кылып күлүп калабыз. А чыныгы сүйүүнүн даамын тата элекмин. Жүрөгүмдүн ээсин таба албай издеп келем. Балким, болочоктогу келинчегиме жолукканда сүйүүнүн тарбиясын дааналап айтып берем.
- Кантип эле сүйгөнүң жок болсун?
- Мен чыныгы сүйүүгө кабылган болсом, аны эмнеге жашырмак элем. Мага таза, тыкан, жан дүйнөсү бай, өзүнө сыр катып, табышмактуу болуп жүргөн кыздар жагат. Тилекке каршы, кыялымдагы кызга жолуга элекмин. Кайсы күнү жолуксам, ошол күнү үйлөнөм.
- Сени Бегимай Бекбоева менен жүрөт деп укканбыз? Эгер жүрсөң эмнеге жашырасың?
- Бул жалган. Эмне себептен мындай ушактар чыгып кеткенине түшүнбөйм. Болгону ал экөөбүз 14-февралда дуэт ырдаганбыз. Ошондон кийин элдер экөө жүрөт экен деп ушак чыгарып жиберишкен окшойт. Мен Бегимай Бекбоеваны сахнадагы карындашым катары сыйлайм, кадимки ырчылардай эле саламдашып, коштошуп кетип калам. Эч кандай жакын мамилебиз жок.
Жылдыз
- Жер алып өзүң үй салайын деген оюң барбы?
- Буюрса, шаардын четиндеги дачалардан вагон алып, анын ордуна кичинекей "времянка" салдырып жатам. Жайында шишкебек бышырып жеп, шаардын ызы-чуусунан чарчаганда дачага барып турайын дедим. Анан дагы күзүндө жыйнаган картошка, кызылча жашылчаларды сактаганга жер төлөөсү абдан ыңгайлуу экен. Ошондуктан кичинекей болсо дагы жашоо үчүн күрөшүүдөмүн. Бардык ишти бир көрсөтүп койсо жасап кеткен шыгым бар. Бирок, сологой болгондуктан, чөп чапканды үйрөнө албай жүрөм.
- Ырчылардын көбү кичинекей эпизод болсо дагы киного тартылып жатышат. Сага мындай сунуштар түшө элекпи?
-Мен деле башкалардай эле киного тартылууну кыялданып Жеки Чан, Вандамдын жараткан образдарына суктанчумун. Мага терс каармандын образын аткарып бер деп сунуш түшкөн. Өзүмдү кинодон да сынап көрөйүн деп макул болгом. Кинону май айынан баштап тартышмак. Эмнегедир токтотулуп калды. Балким, демөөрчүлөр тараптан маселе болуп, күзгө жылдырып коюшкандыр. Бирок, мен терс каармандын ролунан баш тартсамбы деп ойлонуп жатам. Себеби, атын айтпай эле коёюн белгилүү эле актриса эже бир кинодо терс каармандын образын жаратып, азыркы күнгө чейин элдердин психологиясында жаман адам катары калып калган. Азырынча терс каармандан баш тартсамбы же тартыла берсемби деп ойлонуп жатам.
- Он жыл мурда кандай элең жана он жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
- Он жыл мурун он үч жаштагы арык бала болчумун. Сабакты биринчи орунга коюп өзүмдү ботаник деп элестетчүмүн. Ал эми он жылдан кийин 33 жашка чыгып, сүйүктүү жарымдын жолдошу болуп, чурулдаган балдарым менен паркта жүргөнүмдү элестетип кеттим. Азыр эле айтып коёюн анда курсагым чыкпайт, чачымдын жасалгасы модный болуп, кичине сакал өстүрөм. Кыскасы, үй бүлөмдө да, чыгармачылыгымда да өзүмдү бактылуу сезген Дайыр болом.
Назгүл
- Жайдын ысык аптабында мончого канчада бир түшөсүң?
- Менин таалуу жериме тийе турган суроо бердиң. Анткени мен мончого түшкөндөн жалкып, көңүлүм калган. Кичинекей кезимде ар ишемби күнү кечки саат тогузда кааласаң да, каалабасаң да мончого түшүрүшчү. Ошол учурда үйдөгүлөрдүн баары жактырган сериалды тынч отуруп көрүш үчүн мени бир саат мончого киргизип коюшчу. Мачалканын катуулугунан денем кызарып, кадимкидей жуунгандан заарканчумун. Ошондон кийин мончодон көңүлүм калып, бассейин, сауналарга барам.
Бир жолу Кытайдан эң кымбат саунага барып калдык. Бутубузду чечсек, бир мүнөттүн ичинде бут кийимдерибиздин тамандарына жапжаңы этикеткаларды чаптап коюшту. Жолдон абдан чарчагангабы массаж алып жатып уктап кетиптирмин. Бир маалда бетимди да ургулап массаж жасап кирди. Канча убакыт өткөнүн билбейм, ий ушинтип бетке да массаж жасайт турбайбы деп жата бериптирмин. Көрсө, массажды эчак бүтүп, мени ойгото албай жатыптыр. Уйку соонун ортосунда эмне болуп жатканын билбей массаж жасаган адамдан бетке жегем.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Кудай буюрса, күздөн баштап өзүм бүтүргөн окуу жайга жана политехке мугалим болуп иштегени жатам. Кесибим боюнча иштеп көрүүнү чечип психология, философия сабагынан студенттерге сабак берем. Иш-пландарымды алдым, азыр ошолор боюнча даярданып жатам. Менден кандай мугалим чыгарын деле азырынча элестете албайм. Убагы келгенде студенттер өздөрү баалап алышат.

Айнура Султанова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??