п»ї

  жаргылчак

"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?..
Шоу-бизнестин кулачы кең жайылып, ырчылардын саны көбөйгөндөн көбөйдү. А бирок, аткарган ырларынын баары эле жүрөктөн орун ала бербегендей. Замандын талабына ылайык жаш ырчылардын ырлары жаңы нукка бурулуп, маанисин жоготуп баратканын айтпасак да белгилүү. Бул жолу жаш ырчы Чолпонайдын аткаруусундагы "Эквалайзер" аттуу ырды "Жаргылчак" рубрикасына салып, профессионал адамдардын ойлорун билдик. Биздин максат бул ыр жакшы же жаман дегенден алыспыз. Болгону, "Жаргылчак" аркылуу аз да болсо ырчылардын ырга болгон табити жакшырабы деген ниеттебиз.


Чолпонай:
- Бул ыр менин мүнөзүмө жарашат. Сахнага чыгып ырдаганда өзүмдүн ырым деп сезип, маанайым көтөрүлүп турат. Ырчыларга дагы ушул ырым өзгөчө жагат.


"Эквалайзер"
Сөзү: Урмат Усеновдуку
Обону: Мирбек Атабековдуку

Талбай күтөмүн,
Күндүн батышын мен.
Таңдай түтөдү,
Аны билесиң сен.
Окшош күндөрдөн,
Чарчадым мен.
Окси деминен,
Оюнуңан мага бөлүшкүн сен.

Кайырма:
Эквалайзер жаны тынбай,
Ээрчий бергин демин тыңдай.
Бир өйдөдөн бир ылдыйдан,
Нота тандап ыр ырдайм,
Бир өйдөдөн бир ылдыйдан,
Нота кармап, тандап ырдап берем.

Темпти тебелеп,
Тегизинен бийлеп.
Тегерегинен тердегенин билбей,
Горизонт кенен
Кара мени менен.
Жаштык деми,
Жалындаган, жаңылбаган менен.

Роза Аманова, ырчы:
- Биз Советтер Союзу убагында тарбияланып, электен өтүп анан сахнага чыгып ырдаганбыз. Азыр бир короо ырчы бар экенин билем, анын кайсынысы Чолпонай экенин билбейт экенмин. "Эквалайзер" ыры эмес, андай ырчынын өзүн тааныбайм.


Зайырбек
Ажыматов, акын:
- Ырчылар элге ырдап жаткандан кийин жөнөкөй карапайым адамдан президентке чейин ырдын мааниси түшүнүктүү болуш керек. Чолпонайдын ыры чакан аудиторияга гана тиешелүүдөй. Себеби, "эквалайзер" деген сөздү ар бир адам түшүнө бербейт. А "оксиси" эмнеси экен? Мындай ырлар ыр эмес да. Ырчы болуп элдин көңүлүн көтөрүп, маанилүү ырларды ырдабайбы? Эквалайзер дей берип, адамдын башын айлантып жатса уккуң да келбейт.


Зейнеп
Шакеева, ырчы:
- Сөзүнүн мааниси да, обону да начар. Ырды тандаарда эң биринчи сөзүнө маани бериш керек. Өзгөчө кыз киши болгондон кийин "Таңдай түтөдү" деп ырдабай эле койсо болмок экен. Таңдайы эмес, жүрөгү жалындаса да кыздар сырдуу болуш керек. Ушундай ырларды жаңыртып жаткан радиолордо да күнөө бар. Алтымышка чыгып мындай ырды биринчи угушум. Жаштарга акыл кебиңди айтсаң, "пенсиядагы адам жөн отура бербейби" дешет. Эми ар ким өзү билгенин жасаган заман болуп калбадыбы.

Кыялбек
Урманбетов, акын:
- Биринчиден, "эквалайзер" деген сөз эмне деген сөз экени ырдын мазмунунда түшүндүрүлгөн эмес. Ал эмне экенин билбейм. Кээде обонду сөз көтөрсө, сөздү обону көтөрүп кетет. Балким, бул ырдын обону жакшыдыр. Жаштарга ушундай чаржайыт сөздөр менен жазылган ырлар жакса керек да. Менин ырларыма да обон чыгарып эстрадада ырдап жүрүшөт. Ал ырларым атама жакчу эмес. Себеби, ал кишилер комузду гана укканды сүйүшөт. Мүмкүн, жаш ырчылардын ырлары да бизге жакпагандай сезилгени менен өздөрүнө жагат. Бул ырды жакшы-жаман деп айтканым менен жыйынтык жок. Анткени, жаш ырчыларга баары бир болуп калган окшойт.

Шахрезада Аскарова, ырчы:
- Чолпонай "Ак шоола" балдар хорунан чыккан да. Башкалардан өзгөчө стили, назиктиги жана үнүнүн жагымдуулугу менен айырмаланат. Заманга жараша жаш ырчылар жаңылануу менен чыгып жатышпайбы. Мага анын репертуарындагы ырларынын баары жагат.

Сталбек Бактыгулов, композитор:
- Ар бир күн чыгармачыл адамга өзгөчө эргүү тартуулайт эмеспи. Мен ойлойм, бул ырдын сөзү да, обону да эргүү менен жазылып, бири-бирине эриш-аркак төп келген. "Эквалайзер" ыры башка ырлардан өзгөчөлөнүп турганы менен айырмаланат. Композитор катары Чолпонайга мындан ары ийгиликтерди каалайм.

Урмат Усенов:
- Ар бир жараткан ырым мен үчүн өзүмдүн баламдай. Бул ырдын обону жагып калып, обонго оригиналдуу текст жазгым келген. Менимче, обону менен сөзү бири-бирин толуктап турат. Жазып бүткөндөн кийин Чолпонайга бергем.

Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??