сырмаек

Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"
Акыркы эки жылдан бери Ненанын ысымы кыргыз элинин кулагына сиңип калгандай. Жыл жаңыртпай арты артынан чет жердеги кароо- сынактарга катышып, кыргыз элинин намысын коргоп келет. Албетте, бул да болсо шоу-бизнестин өнүгүүсүнөн кабар берет деген ойдобуз.

- Нена, артта калган таттуу мүнөз балачагыңа кайрылып келбейлиби?
- Жакшы болот. Бала кезимде бир орунда жөн тура албаган ушунчалык шок кыз элем. Анан да абдан шайыр болчумун. Мурда кандай ачык-айрым болсом, азыр деле ошол калыбымдамын. Болгону эркелигим он төрт жашка чыкканымда дароо токтоп, кара түйшүккө малынып, бир үйдүн баштоочусу болуп калдым. Атам аскер кызматкери болгондуктан, Россияга иштегенге туура келип калды. Анан апам эмчектеги кырк күндүк баласын мага таштап, өзү атам менен Россияга кете берген. Ата-энемдин баркын ошондо билгем. Кыскасы, он төрт жашымдан баштап байкеме, иниме, сиңдиме апамдын ордуна апа болуп бердим. Алардын тамагы, кири эле канча түйшүктү жаратчу. "Көп жашаган эмес, көптү көргөн акылдуу" деп коёт го. Анын сыңарындай, жыйырма жыл жашасам да элүү жыл жашап койгондой болуп кетем. Мени жакындан тааныгандар "жеке турмушка бышып бүткөн" деп калышат.
- Кызык, бир жарым айлык эмчектеги бала болсо кантип бактың, сен окууга кеткенде ким карап жатты?
- Сиңдим жай мезгилинде төрөлгөндүктөн, окууга чейин бир топ торолуп калган. Жаш балдардын атайын даярдалган сүтү менен бактым. Окуу учурунда түшкө чейин байкемдер караса, түштөн кийин өзүм карачумун. Сиңдим жоош болгондуктан, мен келгенче уктап жата берчү. "Убакыт учкан куш" деген чын экен, мына ошол ымыркай сиңдим быйыл 3-классты аяктады. Мага аябай жакын өстү. 1-класска да өзүм жетелеп баргам. Жашоо ушунусу менен кызык тура, ал күндөр бат эле унутулду. Апама: "Жүрөгүңүз жүрөк экен. Бир эмес, үч балаңызды мага таштап кеттиңиз" деп тамашалап калам. Анда апам : "Сага ишенбедимби, кыз киши баарына чыдайт" деп бир сөз менен сөзүн бүтүрөт. Азыр, Кудайга шүгүр, ар кимибиздин өз жумушубуз бар. Бардык иш баланын дээринен болот экен. Ошентип, кичинемден бери өз киндигимди өзүм кесип келатам. Ата-энем азыр деле Россияда. Мен бир туугандарыма дагы деле апа болуп келатам.
- Ата-энеңдин кимиси жакшы ырдайт?
- Атам жакта таланттуулар көп. Убагында чоң атам комузда кол ойноткон чоң комузчу болуптур. Кыяк дагы чертчү экен. Анан чоң атамдын таасири үч уулуна өтүп, үчөө тең абдан жакшы ырдашат. Үчөөнүн үч башка эң сонун үндөрү бар. Ал эми бий жагынан апамды тарткам десем жаңылышпайм. Апам аябай жакшы бийлейт. Негизи, менин кичинемде көксөгөн максатым бийчи болуу болчу. Ырчы болом деген оюмда жок эле. Бийге ушунчалык кызыкканым менен бий ийримдерине катышканга жогоруда айтып кеткендей мүмкүнчүлүктөр болбоду. Жарым жыл гана бий тобуна бардым. Ошентсе да акыркы күндөрү балет бийи жагынан такшалган дос балдарыма барып, бий үйрөнүп жүрөм. Бир тууган байкем да музыкалык жактан билимдүү, абдан таланттуу адам. "Чоңойгондо композитор болот" деп үйдөгүлөр байкемден чоң үмүт кылышчу. Мени ырдайт деп эч ким деле ойлобогондуктан, алгач апамдар ырдаганымды көрүп алышып: "Сен да ырдай аласыңбы?" деп таң калып жатышпайбы.
- Анда чоң сахнага кандайча келип калдың?
- 2005-жылы УКТР уюштурган "Поющий город" долбооруна катышып, ошондон тартып чыгармачылык менен биротоло ооруп калдым. Сахнанын даамын татып алгандан кийин башка жол тандоо кыйын болуп калат экен. Чыгармачылыкта кандай гана оор түйшүктөр бар экенин билип турсам да, өзүмдүн кесибим менеджерлик жагына кетип кала албадым. Ошентип, 2006-жылдан тарта чыгармачылыкка баш-отум менен киришип баштадым. Көп өтпөй продюсерим Назира Раимкулова менен дос балам аркылуу тааныштым. Эжеге дароо "келишимдин негизинде иштешели" деген оюмду билдирдим. Эмнегедир Назира эже экөөбүздүн жылдызыбыз төп келишип калды. Мүнөздөрүбүз да аябай окшош экен. Ачык-айрым, эркек мүнөздүү сапатыбыз бар. Продюсерим менен алдыдагы максаттарыбыз жөнүндө сүйлөшүп олтуруп алгач чет жактагы Эл аралык конкурстарга катышууну туура көрдүк. Ошентип, 2008-жылдын май айында алгачкы конкурска Башкырстанга бардым. Бирок, ал жакка жөн барбастан бутум сынып, балдак таянып ырдап баргам.
- Эмне болуп?
- Байкем каза болуп айылга барып келатып, автокырсыкка учурап машинабыз тоголонуп кеткен. Конкурска саналуу күндөр калганда бутума гипс салдырып араң-араң басып жүргөм. Бирок, кыйналганыма карабастан продюсериме конкурска барарымды айттым. Анткени, көптөн бери үмүт кылган тилегимди өчүрүп албайын деп бар күчүмдү жыйнадым. Сахнанын күчүн ошол жерден таяк таянып алып ырдаганымда сездим. Жанатан сыздап, жанымды жеп ооруган бутум сахнага чыкканда басылып калганына таң калдым. Анан да кийгеним кеминде он сантиметр бийиктиктеги такалуу бут кийим. Ошондогу бутумдун сыздап ооруганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ичимден тимеле сыздап турдум. Ошентсе да кандай кыйынчылыкты тартканымдын акыбети кайтып, 2-орунду алып келдим. Андан кийинки кандай эл аралык конкурстага барып, жемиштүү кайтып келип жаттым, аны көпчүлүк билсе керек. Баарына токтолбой эле коёюн. Жакында май айында Эстонияга эл аралык конкурска барып 18 катышуучунун арасынан 4-орунду алып келдим. Жалпысын алганда 12 өлкөнү кыдырыптырмын. Кудай буюрса, Кара деңиз боюндагы Новосибирск шаарына дагы бир конкурска кетип жатам. Бул конкурска катышууга жолдомону Эстониядан алгам.
- Сенин тез-тезден ар кандай кароо сынактарга чет жактарга барышың тууралуу эл арасынан ар кандай пикирлерди угуп келебиз?
- Мен тууралуу: "Бул миллионердин кызы го. Же болбосо, мындай конкурстарга ким эле катышып, жер кыдырып жүрө берсин" деген ушак сөздөрдү көп угам. Чынында мен жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан кызмын. Кудайыма тобоо, аска тирегим болгон ата-энем жөлөп-таяп турат. Алар менден эч жардамдарын аяшпайт. Бирок, мен ата-энемдин көзүн кароодон алысмын. Чынын айтсам, атамдарга зарыл учурларда гана кайрылам. Мактаныч эмес, негизи өзүм көп эмгектенем. "Иштеген тиштейт" демекчи, талыкпаган эмгегимдин, ата-энемдин, продюсеримдин жардамынын аркасында ушул ийгиликтерге жетиштим десем жаңылышпайм. Менин негизги максатым башка мамлекеттерге кыргыз эстрадасын даңазалоо. Аны менен катар өзүмдүн күчүмдү чоң сахналарда сыноо. Кыргызстан Европадан кем эмес деген ураанды далилдегим келет. Алдыдагы ушул максаттарыма жетсем деп Кудайдан ар убак тиленип келем. Эки жылдан бери эл аралык жети конкурска катышып келиптирмин. Албетте, мен үчүн булардын баары аздык кылат. Азыр жыйырма жашка келип калдым. Келечек али алдыда. Дагы беш жыл тынымсыз эмгек кылсам, мындан дагы жакшы жетишкендиктерге жетишем деген тилектемин.
- Нена, эми сөзүбүздү башка жагына бурсак. Жеке турмушуң кантип атат?
- Чындыгында ырчылык жол кыз кишиге оор болуп калат экен. Башында көп деле маани берчү эмесмин. Көрсө, кыздар ырчылык жолун же үй-бүлөнү биринчи максатка коюш керек экен. Ошон үчүн учурда карьерамды биринчи орунга койдум. Андыктан жеке жашоомдо өзгөрүүлөр жок. Жигиттер менен сүйлөшкүм деле келбей калган.
- Эмнеге?
- Мамиле түзгөн жигиттеримдин баары эле кызганчаак чыгышат. Ал менин чыгармачылыгыма тоскоолдугун жаратпай койбойт. Ошондуктан, азырынча жигит менен сүйлөшпөй эле турайын деген чечимге келгем.
- Өзүң сүйүп калсаң кантесиң?
- Туура таптыңыз окшойт. Учурда бир адамды жактырып жүрөм. Ага негедир батынып сырымды ача албай кыйналып келем. Мындай сезимге ушул жашка келип туш боло элек болчумун. Таң калганым, аны көргөнүмдө өзүмдү жоготуп коюп атам. Анын мага жасаган мамилесин жактырам. Болгону ал менин мүнөзүмдү түшүнбөй жүрөбү, билбейм. Менин ичимден сыздаганымды сезген дагы жок.
- Сенден улуу го?
- Ооба. Улуу экенин жашырбайм. Бирок, ким экени менин гана ичимде сакталып калсын.
- Чачыңды аябай кыска алып жүрөсүң, өстүрүп көрдүң беле?
- Оо, чачым мурда тиземден ашып турчу да. Калың, ушунчалык капкара чачым бар болчу. Жууганда аябай кыйналчумун. Апам: "Он сегизге чыкканча өстүр. Андан кийин эмне кылсаң өзүң бил" деп койгон. Узун чачымдан жүдөп, араң жүргөн жаным он жети жашымда кыркып салдым. Апамдан эч кандай тил укканым жок. Негизи эле чачымды ар кандай жасалгада алып жүргөндү жактырам.

Рахбар Алымкулова




Айнагүл Орозбек кызы:
"Жигитим экөөбүз көп урушабыз"
- Айнагүл, кандайча сахнага келип калдың?
- Негизи, кичинемден тартып ырчы болууну көксөп келгем. Бирок, апамдын берген кеңеши менен башка кесип тандоого туура келди. Анткен менен өзүм сүйгөн ырчылык кесипти таптакыр унутуп коё албадым. Ошондой күндөрдүн биринде композитор Бакыт Назаров деген байке менен жакындан таанышып калдым. Ал менин чыгармачылыгыма жардам көрсөтүп сахнаны таанытты. Биринчи жолу Топчубек Айтмаматовдун жеке концертинде "Армандуу сүйүү" деген ырым менен тушоом кесилген.
- "Армандуу сүйүү" деген ырың былтыр аз да болсо элге жетти эле. Анан эле ортодо тыныгуу болуп калды го?
- Туура, ырым эл арасына тарай баштаганда Россияга иштеп кеткем. Ал жакта бир жыл жөнөкөй жумуштарда иштеп жүрдүм. Ортодо тыныгуу болду. Ошондон улам ырым элге кеңири жетпей калды. Анын үстүнө ырдын клиби дагы начар тартылып калганын моюнума алам. Ал кезде чындыгында клип туурасында көп нерселерди түшүнө бербептирмин. Эми кудай буюрса, мурда кетирген катамды кайталабаганга аракет кылам. Чыгармачылыгымдын өнүп-өсүшүнө карап Оштон биротоло борборго келдим. Мындан ары болгон күчүмдү чыгармачылыгыма жумшайм деген тилектемин. Менин башкы максатым - ырчылыктын туу чокусуна жетүү.
- Кандай жол менен?
- Албетте, эмгек менен. Колумдан келишинче жаңы ыр, жаңы клип менен жаңыланып чыгып, элдин көңүлүн бурсам дейм. Кудай берген талантты таптап багуу - бул менин биринчи максатым. Андыктан, талпынып гана канат кагып турушум керек. Ошондо менде ийгиликтер болоруна ишенем.
- Ырчылыктан башка дагы кандай өнөрүң бар?
- Ырларымдын сөзүн, обонун бүт өзүм жазам. Жакында эле "Гүлгө оронгон тагдыр" деген кино-тасмага тартылдым. Тасмада башкы каарман китепканачы кыздын образын чагылдырам. Аны кандай деңгээлде аткара алдым, эл таразалайт. Кыскасы, мен үчүн дагы бир чөйрөнүн каалгасы ачылды. Андыктан, бул жагын да тереңдетип кетсем деген чоң үмүтүм бар.
- Эми сөзүбүздү ички сырыңа бербейлиби?
- Сүйлөшкөн жигитим Оштон болот. Жигитимдин шайыр мүнөзү купулума толот. Эки жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы эле түшүнүшүп калдык. Бирок, эмнегедир көп урушабыз.
- Эмне себеп менен?
- Кызганычтын эле айы да. Ойлоп көрсөм экөөбүз тең кызганчаак экенбиз. Эми, кудай буюрса, 2010-жылдын күзүндө баш кошобуз.