п»ї

  шайлоо - 2009

Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
Президентикке талапкерлердин айрымдарынын жана алардын өкүлдөрүнүн түштүк баш калаасынын шайлоочулары менен жолугушуусу кайым айтышуу мүнөзүндө жүрдү. Азыркы өлкө башчысынын тарапкерлери жетишилген ийгиликтерди көрбөй жаткандарды сокур деп атаса, оппозициялык маанайды тутунгандар жаңы лидер шайланмайынча, жашоо оңолбойт деген пикирлерин ачыкташты.
Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган жолугушууга талапкерлерден Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиева, ал эми атаандаштар Алмазбек Атамбаевдин, Курманбек Бакиевдин өкүлдөрү катышты. Жыйынды башкарган Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаевдин маалыматына караганда, талапкерлер Темир Сариев менен Жеңишбек Назаралиевге кабар жетсе да, кездешүүгө келген жок.

Нурлан Мотуев "Аалам"гезитин сотко берген доо арызын кайтарып алды
Президенттикке талапкер Нурлан Мотуев аталган гезиттеги "Мотуев кайдан түрмөдө "Авторитет" болуп жүрөт?" деген бир жактуу каралаган жана доогердин сөзү боюнча далилсиз фактылардын негизинде жазылган макаласы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна берген болчу. Анда Н.Мотуев ар намысына жана адамдык абийирине шек келтиргендиги үчүн аталган газетаны үч миллион сомго доого жыгуу боюнча арыз берген. "Бирок, өткөн жумадагы санында "Аалам" газетасы мен тууралуу обьективдүү жана чындыкка дал келген макалага орун берген. Ошондуктан, мен газетанын бул кадамын кетирилген катасын моюнга алды деп эсептеп, соттон доо арызды кайра кайтарып алдым",-деди.
Кошумчалай кетүүчү маалымат, талапкер Мотуев мындан тышкары "Пресс kg." газетасын да сотко берген болчу. Бирок, Нурлан мырза аталган газетага карата мамилесин билдирген жок.

Алмазбек Атамбаев Темир Сариев менен теледебатка чыгуудан баш тартты
Бул эки талапкердин УТРКнын түз эфиринде боло турган дебаты 15-июлга пландалган болчу. Атамбаевдин 6-июлдагы билдирүүсүнө караганда, теле жана радио дебаттар оппозицияны элге жаман көрсөтүүчү кезектеги спектакль.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев УТРКнын 3-июлдагы тегерек столуна да барган эмес.

Шайлоо бюллетендери басылып бүттү
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, 23-июлда боло турган Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо боюнча бюллетендер басмаканадан басылып бүттү. Жалпысынан 2,8 миллиондон ашуун бюллетень басылып, үч сутканын аралыгында даяр болгон. Учурда БШКнын өкүлдөрү бюллетендерди санап жатышат. Андан соң жер-жерлердеги жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларга жөнөтүлмөкчү.

Курманбек Бакиевди
талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз сотко даярдалууда
Мындай маалыматты БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өткөрүү боюнча Баткен облустук штабынын башчысы Ташболот Балтабаев билдирди. "Курманбек Бакиев бүгүнкү кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштеринде мамлекеттик каражатты колдонуп, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууда. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди иштетип жатат. Мындай аракеттери менен талапкер Шайлоо кодексинин 56-беренесинин 1-бөлүмүнүн бир нече бөлүмчөлөрүн бузуп жатат. Ошондуктан, биз жергиликтүү жана Жогорку Сотко Курманбек Бакиевди талапкерлердин катарынан чыгаруу арызын даярдадык, аны жакынкы күндөрү тапшырабыз", - дейт Ташболот Балтабаев.





  Маалымат коом

"Кыргызгаздын" кызматкери
газга ууланып каза тапты
4-июль күнү түшкү саат 1 менен 2нин ортосунда Кант шаарынын Толстой көчөсүндө "Кыргызгаз" АКсынын үч кызматкери жаратылыш газынын түтүктөрүн оңдоо иштери учурунда газга ууланышкан. Натыйжада, алардын бирөө каза таап, экөө ооруканага жеткирилген. Азыр алардын абалы орто. Ал эми алдын-ала божомолдоолорго караганда, ууланууга себеп - техникалык коопсуздукту сактабагандык.

Кыргызстанда 1994-жылкы
үлгүдөгү паспортторду керектөөнүн мөөнөтү
узартылды
Мындай токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Игорь Чудинов кол койду. Белгиленгендей, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун пайдалануу мөөнөтү 2010-жылдын 31-январына чейин узартылды.

Ат-Башылыктар Бишкек-Торугарт
жолун тосуп алышты
Нарын районунун Ат-Башы районунун тургундары 6-июль күнү Кыргызстан менен Кытайдын чегарасы болгон Бишкек - Торугарт жолун жарым күн бою тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, нааразычылык акциясы эртең мененки саат 8де башталган. Анда Кызыл-Туу жана Кара-Суу айылдарынын 50 чакты тургуну болгон. Жашоочуларды нааразы кылган нерсе - алар Аксай жана Арпа жайыттарын Кытайга көп жылдык ижарага берүү тууралуу кептерди угуп калышкан. Каркыра жайлоосун Казакстанга сатып салган сыяктуу бул жайыттарды да сатып жиберишет деп жергиликтүү эл тынчсызданышууда.

Президент медиктерди куттуктап,
алардын айлыгын көбөйтүүгө сөз берди
6-июль медиктердин кесиптик майрамына карата мамлекет башчысы Курманбек Бакиев медиктерди куттуктады. Аны менен катар алардын айлыгын көбөйтүү жөнүндө сөз берди. Салтанат учурунда дарыгер Немат Малаев "Даңк" медалы менен сыйланса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген Врачы наамы менен 16 кызматкер, Ардак граммоталары менен 28 кызматкер сыйланды.

ММК калыстыктан тайдыбы?
Президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгүнүн үчүнчү жумасы соңуна чыгууда. Өлкөдө үгүт маалында иш алып барууга 135 маалымдоо каражаттары мүмкүнчүлүк алган. Бүгүнкү күнгө алардын ичинен эки ММК Шайлоо кодексинин чегинде иш алып барбагандыгы үчүн БШК тарабынан эскертүү алышты.
Үгүт маалындагы ММК ишмердигин байкоого алган кээ бир уюмдар талапкерлерди чагылдырууда калыстык сакталып жатат дешсе, айрым медиа адистер учурда ММК эки жаатка бөлүнүп, шайлоочулар так, бейтарап маалыматтан кур калды деп тынчсызданышууда.





  дүйнө дүбүртү

Үрүмчүдөгү кагылышууда 140 адам
каза таап, 816 адам жарадар болду
5-июль күнү кечинде Кытайдын Синьцзянь - Уйгур автономдук районунун борбору Үрүмчү шаарында эл менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп өттү. Жыйынтыгында, 140 адам каза таап, 816 адам жаракат алды, ал эми жүздөгөн адамдар камакка алынышты .
Карама-каршылык алгач Кытайдын негизги этникалык тобу болгон хань элинин жана уйгур элинин өкүлдөрү ортосунда чыккан. Июнь айынын аягында Шаогуань шаарындагы оюнчук фабрикасында иштеген хань айым сексуалдык зомбулук көрсөттү деп эки уйгур жигитти күнөөлөп чыккан. Ушундан соң мекемеде башаламандык чыгып, уйгур элинин эки өкүлү каза таап, 118 киши жарадар болгон. Синьцзяндагы кагылышуу эки уйгурдун өлүмүнө каршы уюштурулган акция учурунда келип чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кытай менен Кыргызстандын чегарасындагы өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.
Эскерте кетсек, Синьцзянь - Уйгур автономдук району 1955-жылы биротоло Кытайдын бийлиги астына өткөн. Ислам динин тутунган уйгурлар көп убакытка чейин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келишкен. Көптөгөн уйгурлар ушул убакка чейин Кытайдан бөлүнүп, көз карандысыз ислам өлкөсүн түзүүнү көздөп жүрүшөт.

Барак Обама Москвага келди
АКШнын президенти Барак Обаманын учагы Москванын "Внуково-2" аэропортуна 6-июль күнү Москва убактысы боюнча 13:20да конду. Бул президент катары Обаманын Россияга болгон биринчи официалдуу иш сапары. Президентти жубайы Мишель Обама жана эки кызы коштоп келди. Иш программасы Обаманын Александровский багындагы Белгисиз аскердин мүрзөсүнө гүл коюу менен башталды. Андан кийин Россиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, бир канча документтерге кол коюшту да, кечирээк эки президент пресс-конференция өткөрүштү. 7-июль күнү Обама менен Медведевдин кайра сүйлөшүүлөрүнө Россиянын премьер-министри Владимир Путин кошулду. Барак Обаманын иш сапары Дмитрий Медведев экөөнүн дагы бир жолку жолугушуусу менен аяктады.

Берлин мектеби "чочко тумоосунун" айынан жабылды
Берлиндин Кепеник районунда жайгашкан Александр Гумбольдт атындагы гимназия 6-июлдан баштап бир жумага жабылды. Анткени, бул мектепте окуган 8 бала "чочко тумоосу" менен ооруп калган. Ооругандар тууралуу биринчи маалымат 2-июль күнү билинген. Алардын арасында Американын Техас штатынан тажрыйба алмашуу үчүн келген үч окуучу бар. Алар келе жаткан дем алыш күнү үйлөрүнө кайтышы керек эле.
Дүйнө боюнча бул оору менен ооруган 90 миң адам катталган. Ал эми Германияда "чочко тумоосун" жуктуруп алгандардын саны 400гө жетти.

Түркияда жарылуудан 4 адам набыт болду
Түркиянын түштүк-чыгышында мина жарылып, төрт адам каза болсо, тогуз адам оор жаракат алды. Жол жээгине коюлган жарылуучу зат машина менен жол кызматкерлери жанына өтүп бараткан маалда жарылып кеткен. Жарылуу болгон Ширнак провинциясыда террористтерди издөө боюнча атайын операция жүрүп жаткан. Доктурлардын айтымына караганда, жарадар болгон сегизи ооруканада өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат.

Интернет булактарынан алып даярдаган
Нуриса БАЯЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??